Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Башталыш 38:15, 16-аяттарда айтылгандарга ылайык, кандайча Жүйүт өзү сойку деп эсептеген аял менен жыныстык катнашта болгон?

Жүйүт өзү сойку деп эсептеген аял менен жыныстык катнашта болсо да, ал аял чындыгында сойку эмес болчу. Башталыш китебинин 38-бабына ылайык, бул окуя төмөнкүдөй өрчүйт.

Жүйүттүн тун уулу «Теңирге жакпагандыктан» аялы Тамардан бала көрө элегинде эле өлтүрүлгөн болчу (Башталыш 38:7). Ал кездеги салт боюнча, эркек өзүнө мураскор калтырбай өлүп калса, жесир калган аялына анын биртууганы үйлөнүшү керек болчу. Ошондой жол менен ал адамдын тукуму уланмак. Бирок Жүйүттүн экинчи уулу Онан ал милдетин аткаруудан баш тартат. Ошондуктан Кудай аны да мерт кылат. Андан кийин Жүйүт, үчүнчү уулу Шейла бой жетип Тамарга үйлөнүүгө жараганга чейин, келинин атасынын үйүнө жиберет. Бирок ал убакыт келгенде, Жүйүт Тамарды Шейлага алып бербей коёт. Андыктан Жүйүттүн аялы өлгөндөн кийин, Тамар кайнатасы Жүйүттөн, ысрайылдыктан, кандайча тукум улап калуунун жолун ойлонуштурат. Ал ийбадаткана сойкусундай болуп кийинет да, Жүйүт өтө турган жолдун боюна отуруп алат.

Тамар экенин тааныбай калган Жүйүт аны менен жыныстык катнашта болот. Тамар болсо, кыраакылык көрсөтүп, акы катары Жүйүттүн бир нече буюмун алып калат да, андан боюна бүткөнүн кийин ошол буюмдар аркылуу далилдейт. Чындык ачылганда, Жүйүт Тамарды күнөөлөбөстөн, момундук менен: «Ал мага караганда, туура иш кылды, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин»,— деп мойнуна алат. Жүйүт, албетте, экинчи «ага жакындаган» эмес (Башталыш 38:26).

Жүйүт Тамарды уулу Шейлага алып берүүгө байланыштуу убадасын аткарбай коюп туура эмес иш кылган. Андан сырткары, ал ийбадаткана сойкусу деп эсептеген аял менен жыныстык катнашта болгон. Бул Кудайдын ниетине — адамдын никеде гана жыныстык катнашта болушу керек деген ниетине — кайчылаш келген (Башталыш 2:24). Бирок, чын-чынында, Жүйүт сойку аял менен байланышта болгон эмес. Ал өзү байкабай туруп, левираттык никенин шарты боюнча, уулу Шейланын ордуна мыйзамдуу мураскордун атасы болуп калган.

Ал эми Тамар жөнүндө айта турган болсок, анын Жүйүт менен болгон мамилеси адеп-ахлаксыздыкка жаткан эмес. Ал төрөгөн эгиз балдар бузуктуктан эмес болчу. Бейт-лехемдик Бууз левираттык никенин шарты боюнча мааптык Рутту аялдыкка алганда, бейт-лехемдик аксакалдар Буузга Тамардын баласы Перес тууралуу төмөндөгү жакшы сөздөрдү айтышкан: «Сенин үйүң Теңир сага ушул жаш аялдан бере турган тукум аркылуу Тамар Жүйүткө төрөп берген Перестин үйүндөй болсун» (Рут 4:12). Перес Ыйса Машайактын санжырасында да айтылып кетет (Матай 1:1—3; Лука 3:23—33).