Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бирибиз үчүн маанилүү азем

Ар бирибиз үчүн маанилүү азем

Ар бирибиз үчүн маанилүү азем

ЫЙСА МАШАЙАК жерде жүргөндө Кудайга даңк апкелерлик аземди негиздеген. Ал өзүнүн жолдоочуларына жалгыз гана ушул диний кааданы аткарууну буйрук кылган. Сөз Эскерүү кечеси, Эгенин кечки тамагы деп да белгилүү болгон расми жөнүндө жүрүп жатат.

Эскерүү кечеси негизделери алдында болуп жаткан окуяларга сырттан байкоо жүргүзүп турганыңарды элестетсеңер. Ыйса менен элчилери эврейлердин Пасах майрамын белгилөө үчүн Иерусалимдеги үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулду. Алар Пасахка арналган тамакты, козунун кактап бышырылган этинен, ачуу өсүмдүктөрдөн, ачытылбаган нан жана кызыл шараптан турган тамакты, ичип бүтүп калышты. Ыйса Жүйүт Искариотту, көп өтпөй өзүнө чыккынчылык кыла турган ишенимсиз элчини, коё берет (Матай 26:17—25; Жакан 13:21, 26—30). Ошентип, өзүнүн ишенимдүү 11 элчиси менен калат. Алардын арасында Матай да бар.

Ыйсанын Эскерүү кечесин кандайча негиздегенине күбө болгон Матай ошол түнү эмнелер болгонун мындайча баяндайт: «Ыйса [ачытылбаган] нан алып, Кудайга ыраазычылык келтирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: „Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем“,— деди. Анан чөйчөктү алып Кудайга ыраазычылык келтирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: „Баарыңар мындан ичкиле. Анткени бул — көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным“» (Матай 26:26—28).

Ыйса Эскерүү кечесин эмне максатта негиздеген? Эмне себептен ал ачытылбаган нан менен кызыл шарапты колдонгон? Ал символдордон Ыйсанын жолдоочуларынын бардыгы ооз тийиши керекпи? Эскерүүнү жылына канча жолу белгилөө керек? Силер үчүн бул аземдин мааниси барбы?