Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Мисирден чыгуу китебиндеги урунтуу ойлор

БУЛ китепте «ырайымсыздык менен зордоп жумушка салынгандардын» куткарылуусу тууралуу чыныгы билдирүү камтылат (Чыгуу 1:13). Анда жаңы улуттун жаралышы тууралуу жүрөк толкутарлык аңгеме, таң калыштуу кереметтер, мыкты мыйзамдар жана жыйын чатырынын курулушу менен байланышкан кызыктуу окуялар баяндалат. Сөз Ыйык Жазманын Мисирден чыгуу (же Чыгуу) китеби тууралуу жүрүп жатат.

Байыркы эврей пайгамбары Муса тарабынан жазылган Чыгуу китебинде ысрайылдыктардын тарыхында 145 жыл ичинде, тактап айтканда, б.з.ч. 1657-жылы Жусуп өлгөндөн тартып б.з.ч. 1512-жылы жыйын чатыры салынып бүткөнгө чейин болгон окуялар сүрөттөлөт. Бирок ал тарыхый эле китеп эмес. Анда Кудайдын адамзатка айткан сөзү, же кабары, камтылат. Кудайдын сөзү болсо «тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12). Ошондуктан Чыгуу китеби биз үчүн чоң мааниге ээ.

«КУДАЙ АЛАРДЫН ЫЙЫН УККАН»

(Чыгуу 1:1—4:31)

Мисирде Жакыптын урпактары ушунчалык тез көбөйүп жаткандыктан, мисирликтер падышанын буйругу менен аларды кулчулукка салып эзишет. Фараон атүгүл ысрайылдыктардын жаңы төрөлгөн бардык эркек ымыркайларын өлтүрүүнү буйруган. Үч айлык Муса куткарылып, фараондун кызы аны асырап алат. Падышанын үй-бүлөсүндө тарбияланганына карабай Муса 40 жашында өз элинин тарабын ээлеп, бир мисирлик адамды өлтүрүп коёт (Элчилер 7:23, 24). Натыйжада качууга аргасыз болуп, ал Мидиан жерине келет. Ошол жерден үйлөнүп, койчу болуп жашайт. Керемет жолу менен күйгөн бадалдын жанынан Жахаба Мусага Мисирге кайтып барып ысрайылдыктарды кулчулуктан алып чыгууну буйруйт. Анын өкүлү болуп биртууганы Арун дайындалат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

3:1 — Итро кандай мааниде дин кызматчы болгон? Патриархтардын убагында үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөсүнө дин кызматчы болгон. Сыягы, Итро мидиандыктардын уруу башчысы болгон. Мидиандыктар Ыбрайымдын Кетурадан тараган урпактары болгондуктан, мүмкүн, алар Жахабага сыйынуу жөнүндө бир нерсе билишкен (Башталыш 25:1, 2).

4:11 — Кандай мааниде Жахаба адамды «дудук же дүлөй... же сокур кылат»? Жахаба кээде айрым адамдарды сокур же дудук кылган болсо да, мындай денелик кемтиктердин баары үчүн ал жооптуу эмес (Башталыш 19:11; Лука 1:20—22, 62—64). Алар — тукум кууп өткөн күнөөнүн натыйжасы (Аюб 14:4; Римдиктерге 5:12). Бирок Кудай буга жол бергендиктен, өзү жөнүндө адамды дудук, дүлөй жана сокур «кыларын» айткан.

4:16 — Кандайча Муса Арун үчүн «Кудай ордуна» болууга тийиш эле? Муса Кудайдын өкүлү болгон. Ошондуктан ал өзүнүн өкүлү катары сүйлөгөн Арун үчүн «Кудай ордуна» болгон.

Биз алчу сабактар:

1:7, 14. Жахаба Мисирде кыйналган элине колдоо көрсөткөн. Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү Күбөлөрүн катуу куугунтук учурунда да колдойт.

1:17—21. Жахаба кылган жакшылыгыбызды унутпайт (Некемия 13:31).

3:7—10. Жахаба кызматчыларынын «боздогон үнүн» жоопсуз калтырбайт.

3:14. Жахаба өзүнүн ой-ниеттерин сөзсүз аткарат. Ошондуктан анын Ыйык Китепке негизделген үмүт-тилектерибизди ишке ашырарына шектенбесек болот.

4:10, 13. Муса өзүнүн сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ушунчалык ишенбегендиктен, Кудайдын колдойм деген ынандыруусуна карабай, фараонго башка бирөөнү жөнөтүүсүн жалынып-жалбарып суранган. Буга карабастан, Жахаба Мусаны колдонуп, ага тапшырманы аткарууга акылмандык жана күч берген. Кайсы бир жөндөмдүүлүктөргө ээ эместигибизге өтө эле маани бере бергенден көрө, келгиле, Жахабага таяналы да, кабар айтуу жана окутуу тапшырмабызды ишенимдүүлүк менен аткаралы (Матай 24:14; 28:19, 20).

ТАҢ КАЛАРЛЫК КЕРЕМЕТТЕР КУТКАРУУГА АЛЫП БАРАТ

(Чыгуу 5:1—15:21)

Муса менен Арун фараондун алдына келип, ысрайылдыктардын Жахабага арнап чөлдө майрам өткөрүшүнө уруксат сурашат. Мисирдин башкаруучусу буга кескин каршы болот. Жахаба Муса аркылуу Мисирге көз ачырбай катуу сокку урат. Онунчу жазадан кийин гана фараон ысрайылдыктарды коё берет. Бирок көп өтпөй ал аскерлери менен ысрайылдыктарды жаалдана кууп жөнөйт. Ошондо Жахаба Кызыл деңиздин ортосунан жол ачып, өз элин куткарып калат. Деңиз калыбына келгенде, кууп келаткан мисирликтер чөгүп өлүшөт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

6:3 — Кудайдын ысмы Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка ачылбаганын кандай түшүнсө болот? Бул патриархтар (аксакалдар) Кудайдын ысмын колдонушкан жана Жахабадан ар кандай убадаларды алышкан. Бирок алар Жахабаны ошол убадалардын аткаруучусу катары билишкен эмес (Башталыш 12:1, 2; 15:7, 13—16; 26:24; 28:10—15).

7:1 — Кандайча Муса «фараонго Кудай» кылып коюлган? Кудай Мусаны фараондун үстүнөн бийликке жана күчкө ээ кылган. Ошондуктан ал башкаруучудан коркуунун кажети жок болчу.

7:22 — Мисирдин сыйкырчылары канга айланбаган сууну кайдан алышкан? Алар бул жаза жөнөтүлгөнгө чейин Нил дарыясынан алынган сууну колдонушу мүмкүн эле. Ошондой эле таза сууну Нил дарыясынын тегерегиндеги нымдуу жерлерден кудук казып таба алышмак (Чыгуу 7:24).

8:26, 27 — Эмне үчүн Муса Ысрайылдын курмандыктары «мисирликтер үчүн жийиркеничтүү» деген? Мисирликтер көптөгөн жаныбарларга табынышкан. Ошондуктан Мусанын курмандыктар тууралуу кеп кылганы анын ысрайылдыктарды Жахабага курмандык чалууга коё берүү жөнүндөгү талабынын маанилүү да, ынандырарлык да экенин көрсөткөн.

12:29 — Тун балдар деп кимдер эсептелген? Аларга эркектер гана кирчү (Сандар 3:40—51). Өзү да тунгуч болгонуна карабай фараон өлтүрүлгөн эмес. Анын өз үй-бүлөсү болгон. Онунчу жазанын учурунда үй-бүлө башчысы эмес, үй-бүлөнүн тун баласы өлгөн.

12:40 — Ысрайылдыктар Мисирде канча убакыт жашаган? Бул аятта айтылган 430 жылга Ысрайыл уулдарынын «Мисирде жана Канаан жеринде» жашаган мезгили кирет * («Шилтемелүү Ыйык Китеп», англ.). Жетимиш бешке чыккан Ыбрайым Канаанды көздөй жол тартып баратып б.з.ч. 1943-жылы Ефрат дарыясын кечип өткөн (Башталыш 12:4). Ошондон тартып Жакып 130 жашында Мисирге келген убакка чейин 215 жыл өткөн (Башталыш 21:5; 25:26; 47:9). Демек, ысрайылдыктар андан кийин Мисирде 215 жыл жашаган.

15:8 — Кызыл деңиздеги иримдердин «уюганы» («Мукаддас») алардын тоңгонун билдиреби? «Уюу» деп которулган байыркы эврей тилиндеги этиш кысылуу же коюлануу деген маанини туюнтат. Ушул эле сөз Аюб 10:10до сүттү уютууга карата колдонулат. Демек, иримдердин уюганы сөзсүз эле алардын тоңгонун, музга айланганын билдирбейт. Эгерде Чыгуу 14:21де айтылган «чыгыштан [соккон] катуу шамал» сууну тоңдуруп жибергичелик муздак болсо, ошол учурда абдан суук болгону тууралуу бир аз болсо да айтылып өтмөк. Сууну көзгө көрүнгүдөй бир нерсе кармап турбагандыктан, ал уюп, катып же коюланып калгандай көрүнгөн.

Биз алчу сабактар:

7:14–12:30. Он жаза кокустан боло калган эмес. Алар тууралуу күн мурун эскертилген жана алдын ала эмне айтылган болсо, так ошондой болгон. Он жаза суунун, жарыктын, курт-кумурскалардын, жаныбарлардын жана адамдардын Жараткандын бийлигинде экенин кандай айкын көрсөтүп турат! Ошондой эле ал жазалар Кудайдын өз кызматчыларын коргоп, душмандарын өзү ылайык көргөн каргашага дуушар кыла аларын бышыктап турат.

11:2; 12:36. Жахаба өзүнүн элин алкайт. Болжолу, ал Мисирде ысрайылдыктардын кылган эмгеги үчүн акы төлөнүшүн караштырган. Анткени алар Мисирге согуш туткундары катары эмес, өздөрүнүн эрки менен келишкен болчу.

14:30. Жакындап келаткан «улуу кайгынын» учурунда Жахаба өзүнүн кызматчыларын куткарарына бекем ишенсек болот (Матай 24:20—22; Аян 7:9, 14).

ЖАХАБА ӨЗҮ БАШКАРА ТУРГАН ЭЛ ТҮЗӨТ

(Чыгуу 15:22—40:38)

Мисирден бошотулганынын үчүнчү айында ысрайылдыктар Синай тоосунун этегине жайгашышат. Ал жерден алар Он осуятты жана башка мыйзамдарды алышат, ошондой эле Жахаба менен келишим түзүп, Кудайдын башкаруусу алдындагы эл болуп калышат. Муса 40 күн тоодо болуп, чыныгы сыйынууга жана Жахабанын жыйын чатырынын (көчмө ийбадаткананын) курулушуна байланыштуу көрсөтмөлөрдү алат. Ал ортодо ысрайылдыктар өздөрүнө алтын музоо жасап, ага табына башташат. Тоодон түшүп келген Муса муну көрүп ушунчалык каардангандыктан Кудайдан алган эки таш лоокту талкалап салат. Күнөөкөрлөр тийиштүү түрдө жазаланган соң, ал кайрадан тоого чыгып, башка таш лоокторду алат. Муса кайтып келгенден кийин, жыйын чатыры курула баштайт. Ысрайылдын боштондукка чыкканынын биринчи жылынын аягында бул таң каларлык чатыр жана анын бардык керек-жарактары жасалып бүтүп, орнотулат. Анан Жахаба чатырды өзүнүн даңкына толтурат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

20:5 — Кандайча Жахаба «ата-бабаларынын күнөөсү үчүн» болочок тукумдарды жазалайт? Чоңойгондо ар бир адам жеке өзүнүн жүрүм-турумуна жана жүрөгүнүн абалына жараша соттолот. Бирок ысрайыл эли буркандарга табынып кеткенде, мунун кесепети кийинки тукумдарга да тийген. Бул атүгүл ишенимдүү ысрайылдыктарга да залакасын тийгизген, анткени элдин диний күнөөлөрүнүн айынан ишенимдүү бойдон калуу алар үчүн оңойго турчу эмес.

23:19; 34:26 — Улакты энесинин сүтүнө бышырбоо жөнүндөгү буйрук кандай мааниге ээ болгон? Айрым билдирүүлөр боюнча, улакты (же башка жаныбардын баласын) энесинин сүтүнө бышыруу бутпарастардын үрп-адаты болгон жана алар мындай жөрөлгө жамгыр жаадырат деп ишенишкен. Андан тышкары, энесинин сүтү азык болгондуктан, ага баласын бышыруу мыкаачылыкка жатмак. Бул мыйзам Кудайдын элин боор ооруй билүүгө үйрөткөн.

23:20—23 — Бул жерде кеп кылынган периште ким болгон жана кандайча Жахабанын ысмы «Анда» болгон? Сыягы, бул периште адам болуп жерге келгенге чейинки Ыйса болгон. Кудай аны ысрайылдыктарды Убадаланган жерге жетектеп алып баруу үчүн колдонгон (1 Корунттуктарга 10:1—4). Жахабанын ысмынын «Анда» болгону Атасынын ысмын коргоодо жана ыйыктоодо Ыйса негизги ролду ойноорун көрсөтүп турат.

32:1—8, 25—35 — Эмне үчүн Арун алтын музоо жасаганы үчүн жазаланган эмес? Арун жасалма кудайга сыйынгандарга жүрөгү менен кошулган эмес. Чамасы, кийинчерээк ал башка лебилер менен бирге Кудайдын тарабын ээлеп, Мусага каршылык көрсөткөндөргө каршы чыккан. Күнөөкөрлөр жок кылынгандан кийин, Муса элге өтө чоң күнөө кылышканын айткан. Демек, Жахаба Арундан башка адамдарга да ырайым кылган.

33:11, 20 — Кандайча Кудай Муса менен «бетме-бет» сүйлөшкөн? Бул сөз айкашы эки тараптын жакын сүйлөшүүсүн билдирет. Муса Кудайдын өкүлү менен сүйлөшүп, ал аркылуу Жахабадан оозеки көрсөтмөлөрдү алган. Бирок Муса Жахабаны көргөн эмес, анткени Анын «жүзүн көргөн адам тирүү калбайт». Демек, Жахаба Мусанын өзү менен жекече сүйлөшкөн эмес. Галаттыктарга 3:19да «Мыйзамдын периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилгени» айтылат.

Биз алчу сабактар:

15:25; 16:12. Жахаба өзүнүн элине кам көрөт.

18:21. Жыйналышта жоопкерчиликтүү абалга дайындалган эркектер да жөндөмдүү, Кудайдан корккон, адилет жана өзүмчүл эмес болушу керек.

20:1—23:33. Жахаба — эң жогорку Мыйзам Чыгаруучу. Анын мыйзамдарына баш ийген учурда ысрайылдыктар ага кубаныч менен уюшкандыкта сыйынышкан. Жахабанын бүгүн теократиялык уюму бар. Аны менен кызматташканыбыз бактылуу жана коопсуз болушубузга өбөлгө түзөт.

Биз үчүн зор мааниге ээ

Чыгуу китебинде Жахаба жөнүндө эмнелер айтылат? Анда Ал мээримдүү Багуучу, теңдеши жок Куткаруучу жана өз ой-ниеттеринин Аткаруучусу катары көрсөтүлөт. Ал — теократиялык уюмдун Кудайы.

Теократиялык кызмат мектеби боюнча Ыйык Китепти жума сайын окууга даярданууда Чыгуу китебинен үйрөнгөндөрүң сага зор таасир берери шексиз. «Ыйык китептик суроолорго жооптор» деген бөлүктөрдө берилген ойлорду карап чыгуу Ыйык Жазманын кээ бир аяттарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Ал эми «Биз алчу сабактар» деген бөлүктөр белгилүү бир жумага караштырылган Ыйык Китепти окуудан кандай пайда алсаң болорун көрсөтөт.

[Шилтеме]

^ 27-абз. Самариялыктардын Тооратына, Септуагинтага жана Иосиф Флавийдин билдирүүсүнө ылайык, 430 жыл Ыбрайым Канаан жерине кирген убактан тартып ысрайылдыктар Мисирден чыккан убакка чейин эсептелет.

[28-беттеги сүрөт]

Жахаба момун адам Мусага ысрайылдыктарды кулчулуктан алып чыгууну буйруган.

[29-беттеги сүрөт]

Он жаза суунун, жарыктын, жан-жаныбарлардын жана адамдардын Жараткандын бийлигинде экенин көрсөткөн.

[30-беттеги сүрөт]

Муса аркылуу Жахаба ысрайылдыктарды өзү башкарган эл кылган.