Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашооңдо өзгөрүүлөр болгондо, Кудайдын рухуна таян

Жашооңдо өзгөрүүлөр болгондо, Кудайдын рухуна таян

Жашооңдо өзгөрүүлөр болгондо, Кудайдын рухуна таян

«Кудайга өзүңдү татыктуу кылып... көрсөт» (2 ТИМЕТЕЙГЕ 2:15, «Мукаддас»).

1. Кандай өзгөрүүлөр рухий жыргалчылыгыбызга коркунуч туудурушу мүмкүн?

БИЗДИ курчап турган дүйнө дайыма өзгөрүп турат. Биз илим менен техниканын укмуштай өнүгүп жатканын, ошол эле учурда адеп-ахлактык баалуулуктардын кескин төмөндөп баратканын көрүп жатабыз. Мурунку макалада айтылгандай, Ыйсанын жолдоочулары дүйнөнүн Кудайга каршылык көрсөтүү рухуна каршы турушу керек. Бирок дүйнө эле эмес, биздин жашообуз да өзгөрүлүп турат. Биз өсүп-жетилип, чоң киши болобуз. Мал-мүлкүбүз көбөйүшү же азайышы, денсоолугубуз жакшырышы же начарлашы, жакындарыбыздын катары өсүшү же суюлушу мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөрдүн көбү биздин эркибизден тышкары болот, ошондуктан рухий жыргалчылыгыбызга коркунуч туудурган жаңы сыноолорго дуушар болушубуз ыктымал.

2. Дөөттүн жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болгон?

2 Жышайдын уулу Дөөткө окшоп, жашоосунда аябагандай кескин өзгөрүүлөргө туш болгон адамдар сейрек учураса керек. Эч кимге таанылуу болбогон койчу Дөөт заматта элдик баатырга айланып атагы чыккан. Кийинчерээк болсо аң уулагандай артынан сая түшкөн көрө албас падышадан качып жүрүүгө туура келген. Андан кийин Дөөт падыша болуп, көп жеңиштерге жетишкен. Ал оор күнөөсүнүн азабын тарткан. Үй-бүлөсү каргашага, бүлүнүүгө дуушар болгон. Дөөт байыган, улгайган, карылыктын кыйынчылыктарын сезген. Бирок жашоосундагы көптөгөн өзгөрүүлөргө карабай ал Жахабага жана Анын рухуна өмүр бою бекем таянган. Ал «Кудайга өзүн татыктуу кылып» көрсөтүүгө бүт аракетин жумшаган жана Кудай ага батасын берген (2 Тиметейге 2:15). Жагдайыбыз Дөөттүкүнө окшош болбосо да, биз андан жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөнө алабыз. Анын үлгүсү бизге кантип жашоодогу өзгөрүүлөргө карабай ар дайым Кудайдын рухуна таяна аларыбызды түшүнүүгө жардам берет.

Дөөттүн момундугу — бизге сонун үлгү

3, 4. Эч кимге таанылуу болбогон койчу Дөөттүн атагы кантип чыккан?

3 Жаш кезинде Дөөттү үй-бүлөсүндөгүлөр да баркташкан эмес. Шемуел пайгамбар Бейт-Лехемге келгенде, Дөөттүн атасы ага сегиз уулунун жетөөн эле алып келип көрсөткөн. Эң кичүү уулу Дөөт болсо кой кайтарып жүргөн. Бирок Жахаба Ысрайылдын болочок падышасы кылып Дөөттү тандаган. Аны талаадан чакырып келишкен. Андан ары Ыйык Китепте: «Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен ага май куюп майлады. Ошол күндөн тартып Дөөттүн үстүнө Теңирдин Руху түштү»,— деп айтылат (1 Шемуел 16:12, 13). Дөөт ал рухка өмүрүнүн аягына чейин таянган.

4 Бул койчу улан, атагы таш жарып, элине таанылганы турган. Дөөт Шабул падышага кызмат кылып, анын алдында арфада ойноого чакырылган. Ал Голийат деген алп жоокерди өлтүргөн (Голийат ушунчалык жаалдуу болгондуктан, аны менен беттешүүдөн Ысрайылдын мен-мен деген жоокерлери да коркушкан). Аскер башчысы болуп дайындалгандан кийин Дөөт пелиштиликтер менен согушуп, көп жолу жеңишке жетишкен. Эл аны жакшы көргөн. Алар аны даңазалап ыр чыгарышкан. Мурунураак Шабулдун кеңешчилеринин бири жаш Дөөттү «күү аспаптарда ойной билген» жигит катары эле эмес, «эр жүрөк, жоокер, сөзү акылдуу, келишимдүү» деп да сүрөттөгөн болчу (1 Шемуел 16:18; 17:23, 24, 45—51; 18:5—7).

5. Дөөт эмнеден улам бой көтөрүп кетиши мүмкүн эле жана анын антпегенин кайдан билебиз?

5 Атак-даңк, келишимдүүлүк, жаштык, сөзгө чечендик, музыкалык шык, аскердик каармандык, Кудайдын ырайымы — Дөөт булардын баарына ээ болгон. Ал ушулардын бирөөнө эле чиренип бой көтөрүп кетиши мүмкүн эле, бирок анткен эмес. Шабул падыша ага кызына үйлөнүүнү сунуш кылганда Дөөттүн эмне деп жооп бергенине көңүл бурсаң. Ал момундук менен чын дилинен: «Падышага күйөө бала болгудай мен киммин, менин өмүрүм эмне болуп калыптыр, Ысрайылда атамдын уруусу ким болуп калыптыр?» — деген (1 Шемуел 18:18). Бул аятка түшүндүрмө берип, бир окумуштуу мындай деп жазган: «Муну менен Дөөт өзүнүн сапаттарына да, коомдогу абалына да же ата-тегине да таяна албай турганын жана падышанын күйөө баласы болуу сыймыгына өзүн татыктуу деп эсептебесин билдирген».

6. Эмне үчүн момундук өрчүтүшүбүз керек?

6 Дөөт Жахабанын жеткилеңсиз адамдардан бардык жагынан чексиз жогору турарын түшүнгөндүктөн, момун болгон. Дөөттү Кудайдын адам баласына көңүл бурганынын өзү эле таң калтырган (Забур 143:3). Ошондой эле ал кандай улуулукка ээ болбосун, бул Жахабанын момундук көрсөтүп аны колдоп-коргоп жана ага кам көрүп жатканынан улам экенин билген (Забур 18:35, «ЖД» [17:36]). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! Жөндөмдөрүбүз, жетишкендиктерибиз жана теократиялык дайындоолорубуз бой көтөрүүгө эч качан себеп болбошу керек. Элчи Пабыл: «Бардыгын Кудайдан алган жок белең? Эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?» — деп жазган (1 Корунттуктарга 4:7). Кудайдын рухуна жана жактыруусуна ээ болуу үчүн, биз момундук өрчүтүп, аны сакташыбыз керек (Жакып 4:6).

«Өзүң үчүн өч алба»

7. Шабул падышаны мерт кылууга Дөөт үчүн кандай мүмкүнчүлүк пайда болгон?

7 Дөөттүн атак-даңкы анын жүрөгүн текеберленткен эмес, бирок Кудайдын рухунан айрылып калган Шабул падышанын айыгышкан көрө албастыгын туудурган. Дөөт эч бир жаман иш кылбаса да, жанын сактоо үчүн чөлдө жашоого аргасыз болгон. Анын артынан сая түшүп жүргөн Шабул падыша күндөрдүн биринде билбей Дөөт кишилери менен жашынып отурган үңкүргө кирген. Дөөттүн кишилери аны Кудай караштыргандай көрүнгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Шабулду мерт кылууга үндөшкөн. Капкараңгы үңкүрдүн ичинде алардын Дөөткө: «Теңирдин сага: „Мен сенин душманыңды өз колуңа салып берем, аны каалаганыңдай кыл“,— деген сөзү эми келди»,— деп шыбырап жатканын элестетсек болот (1 Шемуел 24:3—7).

8. Эмне үчүн Дөөт өч алуудан карманган?

8 Дөөт Шабулга зыян келтирүүдөн баш тарткан. Ишеним жана чыдамкайлык көрсөтүп, ал баарын Жахабанын колуна тапшырган. Падыша үңкүрдөн чыгып кеткенден кийин, Дөөт ага кайрылып: «Теңир ортобузда калыс болсун, мен үчүн сенден Теңир өч алсын, бирок сага менин колум көтөрүлбөйт»,— деп айткан (1 Шемуел 24:13). Ал Шабулдун ага адилетсиз мамиле кылып жатканын билсе да, өзү үчүн өч алган эмес. Дөөт Шабулду кордогон да, жамандаган да эмес. Ал башка учурларда да өч алуудан карманган. Ал Жахабага таянып, анын адилеттик орноторуна ишенген (1 Шемуел 25:32—34; 26:10, 11).

9. Каршылык көргөндө же куугунтукталганда эмне үчүн өч алууга умтулбашыбыз керек?

9 Дөөткө окшоп, сен да оор жагдайларга туш болуп жатышың мүмкүн. Балким, классташтарың, чогуу иштеген адамдарың, үйдөгүлөрүң же ишенимиңди бөлүшпөгөн башка адамдар тарабынан каршылык көрүп же куугунтукталып жаткандырсың. Кандай болбосун, алардан өч алууга умтулба. Жахабаны күтүп, ыйык руху менен жардам беришин сурап тилен. Алар сенин жакшы жүрүм-турумуңа таасирленип, чындыкты таанып кетиши мүмкүн (1 Петир 3:1). Эмнеси болсо да, Жахабанын сенин жагдайыңды көрүп турганына жана өз убагында кандайдыр бир чара көрөрүнө бекем ишен. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган» (Римдиктерге 12:19).

«Акыл-насааттарды ук»

10. Дөөт кантип күнөөгө баткан жана анысын жашыруу үчүн кандай аракеттерди жасаган?

10 Арадан жылдар өтүп, Дөөт эл сүйгөн падыша болуп, атагы алыска тараган. Ал жашоосунда эбегейсиз зор ишенимдүүлүк көрсөтүп, Жахабаны мактап көркөм забурларды жазгандыктан, мындай адам эч качан оор күнөө жасабайт деген ой туулушу ыктымал эле. Бирок ал олуттуу күнөө жасаган. Бир күнү падыша үйүнүн үстүндө жүрүп жуунуп жаткан сулуу аялды көргөн. Сураштырып, ал аялдын Бат-Шеба экенин жана күйөөсү Урийдин согушта жүргөнүн билип, Дөөт Бат-Шебаны өзүнө чакыртып, аны менен жыныстык катнашта болгон. Кийинчерээк ага аялдын боюна бүтүп калганы угузулган. Бул иш билинип калса, эмне деген чатак чыкмак! Мусанын мыйзамы боюнча ойноштук кылгандар өлүм жазасына тартылчу. Падыша күнөөнү жашырып койсо болот деп ойлогон көрүнөт. Андыктан ал майданга киши жиберип, Урийдин Иерусалимге келишин буйруган. Дөөт Урийдин келип Бат-Шеба менен түнөөрүнө үмүттөнгөн, бирок ойлогону ишке ашкан эмес. Айласы куруган Дөөт Урийди кайра согушка жөнөтүп, аны менен кошо аскербашы Жойапка кат берип жиберген. Катта Урий майдандын өлүмгө дуушар болгудай жерине коюлсун деген көрсөтмө берилген эле. Жойап буйрукка баш ийген да, Урий курман болгон. Бат-Шеба салт боюнча күйөөсүн жоктоп аза күткөн соң, Дөөт аны аялдыкка алган (2 Шемуел 11:1—27).

11. Натан Дөөткө кандай окуя айтып берген жана Дөөт кандай жооп кайтарган?

11 Дөөт Жахабанын алдында баары ачык-айкын экенин билген, ошентсе да ага планы ишке ашкандай көрүнгөн (Эврейлерге 4:13). Айлар айланып, бала төрөлгөн. Ошондо Кудай Дөөткө Натан пайгамбарды жиберген. Пайгамбар падышага көп жандыгы бар бир бай адамдын кедейдин жакшы көргөн жалгыз козусун сойдурганы жөнүндө окуя айтып берген. Окуя Дөөттүн адилеттик сезимин катуу козгогон, бирок анын жашырын мааниси бар экенинен ал шекшиген да эмес. Дөөт бай адамга ошо замат өкүм чыгарган. Абдан кыжырланып, Натанга: «Муну кылган адам өлүмгө татыктуу»,— деген (2 Шемуел 12:1—6).

12. Жахаба Дөөткө кандай өкүм чыгарган?

12 «Ошол киши — сенсиң»,— деп айткан пайгамбар. Дөөт өзүнө өзү өкүм чыгарган. Мына ошондо ачуусу заматта басылып, анын катуу уялып, терең кайгыга чөккөнү шексиз. Таштай катып, ал Натандын оозунан Жахабанын аткарылбай койбой турган өкүмүн угуп отурган. Соороторлук бир да сөз айтылмак эмес. Дөөт жамандык кылып, Жахабанын сөзүн барк албай койгон. Ал Урийди душмандын кылычы менен өлтүргөн эмес беле? Дөөттүн тукумунан кылыч кетпейт. Ал Урийдин аялын жашыруун алган эмес беле? Ушу сыяктуу жамандык анын башына түшөт, бирок жашыруун эмес, ачык жасалат (2 Шемуел 12:7—12).

13. Дөөт Жахабанын жазасын кандай кабыл алган?

13 Белгилей кетчү дурус жери, Дөөт күнөөсүн мойнуна алган. Ал Натан пайгамбарга атырылган эмес. Ошондой эле өзүнүн кылмышы үчүн башкаларды айыптап же актанып кирген эмес. Күнөөлөрү алаканга салгандай болгондо, Дөөт алар үчүн жооптуу экенин танбай: «Теңирдин алдында мен күнөө кылдым»,— деген (2 Шемуел 12:13). 50-забурда анын күнөөсүн сезип кыйналганы жана катуу өкүнгөнү көрсөтүлөт. Дөөт Жахабага: «Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба»,— деп жалынып-жалбарган. Ал ырайымдуу Жахабанын күнөөнүн айынан «кайгырган жана моюн сунган жүрөктү» жек көрбөй турганына ишенген (Забур 50:13, 19). Дөөт Кудайдын рухуна андан ары да таяна берген. Жахаба Дөөттү күнөөсүнүн кайгылуу натыйжаларынан коргобосо да, кечирген.

14. Биз Жахабанын акыл-насааттарын кандай кабыл алышыбыз керек?

14 Баарыбыз жеткилеңсиз болгондуктан, ар бирибиз күнөө кетиребиз (Римдиктерге 3:23). Дөөткө окшоп, кээде олуттуу күнөөгө батышыбыз мүмкүн. Балдарын жакшы көргөн ата аларды жазасыз калтырбагандай эле, Жахаба ага кызмат кылууга аракеттенгендерди оңдоп турат. Жаза бизге пайда алып келсе да, аны кабыл алуу оңойго турбайт. Кээде ал «кайгыга» салат (Эврейлерге 12:6, 11). Бирок «акыл-насааттарды уксак», Жахаба менен элдеше алабыз (Накыл сөздөр 8:33). Жахабанын рухуна жана баталарына мындан ары да ээ болуу үчүн, оңдоп-түзөө чараларын кабыл алып, Кудайдын жактыруусуна умтула беришибиз керек.

Өзгөрмө байлыкка таянба

15. а) Кээ бир адамдар өздөрүнүн байлыгын кантип колдонушат? б) Дөөт байлыгын кандай максатта колдонгусу келген?

15 Дөөттүн ата-теги ак сөөк же үй-бүлөсү бай болгон деп эч жерде айтылбайт. Бирок өзүнүн падышалык доорунда Дөөт аябай байыган. Белгилүү болгондой, көптөр байлык топтоого, аны ачкөздүк менен көбөйтүүгө умтулушат же өзүмчүлдүк максатта коротушат. Башкалар өздөрүнүн акчасын атакка жетүү үчүн колдонушат (Матай 6:2). Дөөт байлыгын башкача пайдаланган. Ал Жахабага даңк алып келүүнү самаган. Дөөт Натанга Иерусалимдеги «чатырда турган» келишим сандыгын жайгаштыруу үчүн Жахабага ийбадаткана курууну каалаарын айткан. Анын ниети Жахабага жаккан, бирок ал Натан аркылуу Дөөткө ийбадаткананы анын уулу Сулайман курарын билдирген (2 Шемуел 7:1, 2, 12, 13).

16. Ийбадаткананын курулушуна Дөөт кандай даярдык көргөн?

16 Дөөт ал эбегейсиз зор курулушка деп көп материал чогулткан. Сулайманга ал: «Теңирдин үйү үчүн жүз миң талант алтын, бир миллион талант күмүш даярдап койдум, ал эми темир менен жездерге сан жетпейт, анткени алар эсепсиз көп. Ошондой эле жыгач менен таштарды да даярдап койдум. Сен булардын үстүнө дагы кош»,— деп айткан. Өзүнүн жеке казынасынан ал 3000 талант алтын жана 7000 талант күмүш тартуу кылган * (1 Жылнаама 22:14; 29:3, 4). Дөөттүн берешендик көрсөтүүсү жасалма болгон эмес, ал муну менен Жахаба Кудайга болгон ишенимин жана берилгендигин билдирген. Колундагы байлыктын Булагы ким экенин түшүнгөндүктөн, ал Жахабага: «Бардыгы бир Өзүңдөн болбодубу, Сенин колуңдан алгандарды кайрадан Өзүңө бердик»,— деген (1 Жылнаама 29:14). Дөөттүн март жүрөгү ага таза сыйынуу үчүн колдон келгенинин баарын кылууга түрткү берген.

17. Кандайча 1 Тиметейге 6:17—19-аяттардагы кеңеш байларга да, кедейлерге да тиешелүү?

17 Келгиле, биз да акча-каражатыбызды жакшылык кылуу максатында пайдаланалы. Материалисттик жашоо өткөркөндөн көрө, Кудайдын жактыруусуна умтулганыбыз жакшы. Бул чыныгы акылмандыкка жана бакытка жеткирет. «Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын. Алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге бай болушсун, берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин. Ошондо алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат»,— деп жазган Пабыл (1 Тиметейге 6:17—19). Экономикалык абалыбыз кандай болбосун, келгиле, Кудайдын рухуна таянып, «Кудай алдында байыгыдай» жашайлы (Лука 12:21, «ЖД»). Асмандагы мээримдүү Атабыздын жактыруусуна ээ болуудан өткөн баалуу эч нерсе жок.

Кудайга өзүңдү татыктуу кылып көрсөт

18. Дөөт Ыйсанын жолдоочуларына кандай сонун үлгү көрсөткөн?

18 Дөөт өмүрүнүн аягына чейин Жахабанын жактыруусуна ээ болууга умтулган. Ал: «Ырайым кыл мага, Кудайым, ырайым кыл мага, анткени менин жаным Сага ишенет»,— деп ырдаган (Забур 56:2). Ал Жахабага куру бекер таянган эмес. «Дөөт картайып, өмүргө тойгон» (1 Жылнаама 23:1). Олуттуу каталарына карабай Дөөт Кудайдын зор ишеним көрсөткөн көп күбөлөрүнүн бири катары эскерилет (Эврейлерге 11:32).

19. Канткенде Кудайга өзүбүздү татыктуу кылып көрсөтө алабыз?

19 Жашооңдо кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгондо, Жахаба Дөөттү колдоп, кубаттап, оңдоп алып жүргөндөй эле, сага да ошондой жардам көрсөтө аларын эсиңде сакта. Элчи Пабыл, Дөөткө окшоп, жашоосунда көп өзгөрүүлөргө кабылган. Бирок ал да Кудайдын рухуна таянып, ишенимдүү болгон. Ал: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:12, 13, «ЖД»). Эгерде Жахабага таянсак, ал бизге ишенимдүү болууга жардам берет. Ал биздин ийгиликке жетишибизди каалайт. Жахабанын тилин алып, ага жакындасак, ал бизге өзүнүн эркин аткарууга күч берет. Ошондой эле мындан ары да Кудайдын рухуна таянсак, биз азыр жана түбөлүктөн-түбөлүккө «Кудайга өзүбүздү татыктуу кылып» көрсөтө алабыз (2 Тиметейге 2:15).

[Шилтеме]

^ 16-абз. Дөөттүн тартуусунун наркы бүгүнкү эсеп менен 1 200 000 000 АКШ долларына барабар.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Бой көтөрүүчүлүктөн кантип сак боло алабыз?

• Эмне себептен өзүбүз үчүн өч алууга умтулбашыбыз керек?

• Акыл-насааттарга кандай карашыбыз керек?

• Эмне үчүн байлыкка эмес, Кудайга таянышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Дөөт Кудайдын рухуна таянып, анын жактыруусуна умтулган. Сенчи?