Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кабар таратуучулук милдетиңди аткар»

«Кабар таратуучулук милдетиңди аткар»

«Кабар таратуучулук милдетиңди аткар»

«Сен бардык нерседе кыраакы бол... Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар» (2 ТИМЕТЕЙГЕ 4:5).

1. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына кандай тапшырма берген?

ЖАХАБАНЫН ысмы жана ой-ниеттери жер жүзү боюнча жарыяланып жатат. Себеп дегенде Кудайга арналган адамдар Ыйса Машайактын: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп өз жолдоочуларына берген тапшырмасына олуттуу карашат (Матай 28:19, 20).

2. Аксакал Тиметейге кандай көрсөтмө берилген жана Ыйсаны жолдогон аксакалдар үчүн өздөрүнүн кызматын аткаруунун бир жолу кайсы?

2 Ыйсанын I кылымдагы шакирттери ал тапшырмага олуттуу карашкан. Мисалы, элчи Пабыл аксакал Тиметейди: «Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар»,— деп үндөгөн (2 Тиметейге 4:5). Бүгүнкү күндө аксакалдар үчүн өздөрүнүн кызматын аткаруунун бир жолу — Падышалыктын ынталуу жарчысы катары кабар айтуу ишине дайым катышуу. Алсак, жыйналыштын китеп изилдөөсүнүн көзөмөлчүсү кабар айтуу ишинде демилгени колго алууга жана башкаларды үйрөтүүгө байланышкан ардактуу милдетти аркалайт. Пабыл жакшы кабарды жарыялоого байланышкан жеке жоопкерчилигин аткарган жана башкаларды кызматка даярдап үйрөтүүгө жардамдашкан (Элчилер 20:20; 1 Корунттуктарга 9:16, 17).

Мурда жакшы кабарды ынталуу тараткандар

3, 4. Жакшы кабар таратуу менен Филип кандай кызмат кылган?

3 Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жакшы кабарды таратууда ынталуу болушкан. Филипти мисалга алалы. Ал Иерусалимде жыйналыштагы грекче сүйлөгөн жана эврейче сүйлөгөн жесирлерге күнүмдүк тамак-ашты калыс бөлүштүрүүгө тандалган, «Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамдын» бири болгон (Элчилер 6:1—6). Бул өзгөчө кызмат аяктап, куугунтуктун айынан элчилерден башкасынын баары туш-тушка чачырап кеткенде, Филип Самарияга барган. Ал жерде жакшы кабар таратып, ыйык рухтун күчү менен жиндерди кууп чыгарган жана аксактарды, шал оорулууларды айыктырган. Көптөгөн самариялыктар Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алып, чөмүлтүлгөн. Муну уккан Иерусалимдеги элчилер, жаңы эле чөмүлтүлгөн ал ишенимдештери ыйык рух алсын үчүн, Петир менен Жаканды Самарияга жиберишкен (Элчилер 8:4—17).

4 Андан кийин Кудайдын руху Филипти Азаны карай кеткен жолдон эфиопиялык эбнухка жолуктурган. Филип Ышайанын пайгамбарлыгын айкын түшүндүрүп берген соң, «эфиопиялыктардын аял падышасы кандакиянын жогорку даражалуу төрөсү» болгон ал адам Ыйса Машайакка ишенип, чөмүлдүрүлгөн (Элчилер 8:26—38). Андан соң Филип Азотту, анан Кейсареяны көздөй бет алып, «бардык шаарларды аралап, Жакшы Кабар тараткан» (Элчилер 8:39, 40). Жакшы кабар таратууда анын сонун үлгү көрсөткөнү анык!

5. Филиптин төрт кызы, айрыкча, эмнеси менен белгилүү болушкан?

5 Жыйырма жылдай өткөндөн кийин деле Филип Кейсареяда кызматка жигердүү катышып жүргөн. Пабыл менен Лука анын үйүнө токтогон кезде, Филиптин «пайгамбарчылык кылган, турмушка чыкпаган төрт кызы бар эле» (Элчилер 21:8—10). Арийне, алар рухий жактан жакшы тарбияланып, кызматка ынталуу катышышкан, пайгамбарчылык кылуу артыкчылыгына да ээ болушкан. Бүгүн да ата-эненин кызматтагы ынталуулугу балдарына сонун таасир тийгизип, жакшы кабар таратуу ишине өмүр бою жигердүү катышууга түрткү бере алат.

Бүгүнкү күндө жакшы кабарды ынталуу тараткандар

6. I кылымда жакшы кабарды тараткандар кандай ийгиликке жетишишкен?

6 Ыйса Машайак биздин күндөргө, акыркы мезгилге карата айткан улуу пайгамбарлыгында: «Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек»,— деп айткан (Марк 13:10). Жакшы кабар жер жүзүнө таратылгандан кийин дүйнөнүн акыры келет (Матай 24:14). Пабылдын жана I кылымдагы башка шакирттердин жакшы кабарды жарыялашканынан улам көптөр чындык жолун таанып, бүт Рим империясы боюнча жыйналыштардын саны көбөйө берген. Бул жыйналыштарда кызмат кылууга дайындалган аксакалдар рухий биртуугандары менен бирге жакшы кабарды бардык жерлерде таратышкан. Биздин күндөрдөгүдөй эле, ал убакта Жахабанын сөзү кеңири тарап, күч ала берген (Элчилер 19:20). Бүгүн жакшы кабар таратуу ишин Жахабанын миллиондогон Күбөлөрү аткарып жатышат. Жахабаны кубаныч менен даңктап жаткандардын катарына сен да кошулдуңбу?

7. Бүгүн Падышалыктын жарчылары эмне кылышууда?

7 Бүгүн Падышалыктын көптөгөн жарчылары жакшы кабар таратуу ишине көбүрөөк катышууга умтулушат. Миңдегендер миссионер болуп кызмат кылышууда, жүз миңдегендер жалпы жана көмөкчү пионер катары жакшы кабар айтуу ишине толук убакыт катышып жатышат. Падышалыктын ынталуу жарчылары катары кызмат кылган эркектер, аялдар жана балдар да кандай сонун иш аткарышууда! Ооба, Жахабанын бүт эли жакшы кабар таратуучулар катары ага бир кишидей кызмат кылып, мол бата алууда (Сепания 3:9).

8. Учурда белги коюу менен байланышкан кандай иш аткарылып жатат жана кимдер тарабынан?

8 Кудай Ыйсанын майланган жолдоочуларына жакшы кабарды жер жүзүнө жарыялоо жоопкерчилигин арткан. Бул ишти аткарууда аларга саны улам өсүп жаткан «башка койлор» жардамдашууда (Жакан 10:16). Ыйык китептик пайгамбарлыкка ылайык, куткарууга алып бара турган бул иш аркылуу учурдагы жийиркеничтүү иштерди көрүп кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги коюлуп жатат. Жакында мыйзамсыздар жок кылынат. Ага чейин жер тургундарына өмүр берерлик чындыктарды жеткирүү кандай сыймык! (Жезекиел 9:4—6, 11).

9. Жаңыларга кызматка байланыштуу кантип жардам берсек болот?

9 Жакшы кабар таратуу ишине бир канча убактан бери катышып жүрсөк, жыйналыштагы жаңы жарчыларга кандайдыр бир жардам көрсөтө алышыбыз мүмкүн. Мисалы, кээде аларды чогуу кабар айтууга чакырсак болот. Аксакалдар ишенимдештерин рухий жактан бекемдөө үчүн колдон келгендин баарын кылууга аракеттенишет. Момун көзөмөлчүлөрдүн күжүрмөн аракеттери башкалардын ынталуу жана жемиштүү кабарчы болушуна чоң өбөлгө түзө алат (2 Петир 1:5—8).

Үйдөн үйгө кабар айтуу

10. Ыйса жана анын алгачкы жолдоочулары кызматка байланыштуу кандай үлгү көрсөтүшкөн?

10 Ыйса Машайак жолдоочуларына жакшы кабар таратуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Анын жана элчилеринин кызматы жөнүндө Кудайдын Сөзүндө: «Ыйса шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүрдү. Аны он эки шакирти... [ээрчип жүрдү]»,— деп айтылат (Лука 8:1). Элчилердин өздөрү жөнүндө эмне айтууга болот? Б.з. 33-жылындагы Элүүнчү күн майрамында ыйык рух алышкандан кийин «алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө Ыйса Машайак жөнүндө окутууну, Жакшы Кабар таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:42).

11. Элчилер 20:20, 21-аяттарга ылайык, элчи Пабыл кандай кызмат аткарган?

11 Жакшы кабар таратууга ынталуу катышкандыктан элчи Пабыл Эфестеги аксакалдарга: «Силерге пайдалуу боло турган нерселердин бардыгын айттым, силерди бүт эл алдында да, үймө-үй кыдырып да окуттум»,— деп айта алган. «Үймө-үй кыдырып окутканда» Пабыл Жахабага сыйынган ишенимдештеринин үйлөрүн кыдырып, кайтаруучулук барыштарды жасаганбы? Жок, анткени андан ары ал: «Жүйүттөргө да, гректерге да тобо кылуу жөнүндө жана Теңирибиз [«Эгебиз», «ЖД»] Ыйса Машайакка ишенүү жөнүндө жарыяладым»,— деп түшүндүрөт (Элчилер 20:20, 21). Жахабага арналган кызматчыларга «тобо кылуу жана Эгебиз Ыйса Машайакка ишенүү жөнүндө» үйрөтүүнүн зарылдыгы жок болчу. Пабыл чындыкты тааный элек адамдарга тобо кылуу жана ишеним жөнүндө үйдөн үйгө кыдырып жарыялоо менен Эфестеги аксакалдарды окуткан. Муну менен Пабыл Ыйсаны туурап, анын ыкмасын колдонгон.

12, 13. Филипиликтерге 1:7ге ылайык, Жахабанын эли өзүнүн кабар айтуу укугуна байланыштуу кандай иш-аракеттерди жасаган?

12 Үйдөн үйгө кабар айтуу оңойго турбашы мүмкүн. Маселен, ыйык китептик кабар айтып келгенибизде, кээ бирөөлөрдүн кыжыры келет. Биз адамдарды кыжырланткыбыз келбейт. Ошентсе да үйдөн үйгө кабар айтуу кызматыбыз Ыйык Жазмага негизделет, ошону менен бирге Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүү бизге ошондой жол менен кабар таратууга түрткү берет (Марк 12:28—31). Үйдөн үйгө кабар айтуу укугубузду коргоп, мыйзам менен бекитүү үчүн, биз нечен жолу сотторго, алардын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын Жогорку сотуна кайрылганбыз (Филипиликтерге 1:7). Дээрлик бардык учурларда ал сот биздин пайдабызга чечим чыгарган. Андай чечимдердин бири төмөнкүдөй:

13 «Диний китепчелерди колмо-кол таратуу жакшы кабар айтуунун миссионердик байыркы түрү болуп саналат. Бул ыкма китеп басылып чыга баштаган убактан бери эле колдонулуп келет жана ага ар кандай диний кыймылдар көп жылдар бою өзгөчө маани берип келишкен. Бул ыкманы бүгүн көптөгөн диний топтор кеңири колдонушат жана алардын өкүлдөрү жакшы кабарды миң-миңдеген үйлөргө жеткирип, адамдар менен жекече жолугушуу аркылуу өздөрүнө жаңы жолдоочуларды издешет... [АКШнын Конституциясына киргизилген] биринчи түзөтүүгө ылайык, диний иштерди жүргүзүүнүн бул түрү чиркөөлөрдөгү сыйынуу жана кафедрадан окулган насаат сыяктуу эле жогорку даражага ээ» («Мердок Пенсильванияга каршы» аттуу сот иши, 1943-жыл).

Кабар айтууну эмне үчүн уланта беришибиз керек?

14. Кабар айтуубуздун натыйжасы акырында кандай болушу мүмкүн?

14 Үймө-үй кабар таратууга көп себептер бар. Кабар айтып барган сайын биз ыйык китептик чындыктын уругун себүүгө аракеттенебиз. Себилген урукту сугаруу максатында адамдарга кайра барабыз. Пабыл: «Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү»,— деп жазгандай, биргеликте аткарган ишибиз акырында сонун натыйжа бериши мүмкүн (1 Корунттуктарга 3:6). Андыктан Жахабанын «өстүрөрүнө» бекем ишенип, «урук себүүнү» жана «сугарууну» уланта берели.

15, 16. Эмне үчүн биз адамдардын үйлөрүнө кайра-кайра барабыз?

15 Кабар таратуу ишин биз адамдардын өмүрү коркунуч астында тургандыктан аткарып жатабыз. Кабар айтуу менен өзүбүздү да, бизди уккандарды да куткара алабыз (1 Тиметейге 4:16). Бирөөнүн өмүрүнө коркунуч туулганын билсек, ага жардам берүү үчүн, бир эле жолу чала-була аракет кылып тим болобузбу? Албетте, жок. Кеп адамдардын куткарылуусу жөнүндө болуп жаткандыктан, биз алардын үйлөрүнө кайра-кайра барабыз. Жагдай-шарттар дайыма өзгөрүлүп турат. Бир барганыбызда такыр убактысы жок болгондуктан Ыйык Китептеги кабарды укпай койгон адам кийинки жолу барганыбызда угушу мүмкүн. Ошондой эле эшикти үй-бүлөнүн башка мүчөсү ачса, Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүзүүгө шарт түзүлүшү ыктымал.

16 Адамдардын жагдай-шарты эле эмес, көзкарашы да өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, жакынынан айрылган адам Падышалык жөнүндөгү кабарды угууга түрткү алышы ыктымал. Биз аны сооротууга аракеттенебиз, ага рухий муктаждыктарын сезүүгө жардам беребиз жана аларды кантип канааттандырууга болорун көрсөтөбүз (Матай 5:3, 4, «ЖД»).

17. Кабар айтуу ишибиздин башкы себеби эмнеде?

17 Үйдөн үйгө кабар айтууга же кызматтын башка түрлөрүнө биз, эң биринчиден, Жахабанын ысмын белгилүү кылууну каалагандыктан катышабыз (Чыгуу 9:16; Забур 82:19). Жакшы кабар таратуу ишибиздин аркасында чындыкты, адилдикти сүйгөн адамдардын Жахабаны даңктоочулардын катарына кошулуп жатканын көрүү кандай кубанычтуу! Забурчу: «Жигиттер жана кыздар, карылар жана жаштар Теңирдин ысымын макташсын, анткени жалгыз Анын ысымы бийик көтөрүлгөн, Анын даңкы жерде жана асманда»,— деп ырдаган (Забур 148:12, 13).

Кабар айтуу өзүбүзгө да пайда алып келет

18. Кабар айтуу иши өзүбүзгө кандай пайда алып келет?

18 Кабар таратуу иши өзүбүзгө да көп жактан пайда алып келет. Жакшы кабар менен үйдөн үйгө баруу (айрыкча, адамдар жакшы кабыл албаганда) бизге момундук өрчүтүүгө жардам берет. Жакшы кабар таратууда натыйжалуу болуу үчүн, биз, Пабылга окшоп, «кээ бирөөлөрдү куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болушубуз» зарыл (1 Корунттуктарга 9:19—23). Кызматта топтогон тажрыйбабыз бизге сылык болууга жардам берет. Ал эми Жахабага таянып, ылайыктуу сөздөрдү тандап сүйлөө менен биз Пабылдын: «Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле»,— деген кеңеши боюнча иш кыла алабыз (Колостуктарга 4:6).

19. Жакшы кабар таратуучуларга ыйык рух кандай жардам берет?

19 Жакшы кабар таратуу иши бизге Кудайдын ыйык рухуна таянууга да түрткү берет (Захария 4:6). Натыйжада кызматыбызда рухтун жемиши: «сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү» айкын чагылдырыла баштайт (Галаттыктарга 5:22, 23). Ыйык рух башкаларга жасаган мамилебизге оң таасирин тийгизет, анткени анын жетекчилигине моюн сунуу бизге жакшы кабарды жарыялоодо сүйүү көрсөтүүгө, кубанычка жана тынчтыкка ээ болууга, чыдамдуу жана аккөңүл болууга, боорукердик жана ишенимдүүлүк көрсөтүүгө, момундук жана өзүн өзү токтото билүү сапатын чагылдырууга жардам берет.

20, 21. Жакшы кабар таратуу менен алек болгонубуз кайсы жактардан пайдалуу?

20 Жакшы кабар таратуунун дагы бир пайдасы — бул ишке катышуу менен биз адамдарга дагы көбүрөөк боор ооруй билүүгө үйрөнөбүз. Алар турмуштагы кыйынчылыктар, мисалы, оору, жумушсуздук, үй-бүлөдөгү түйшүктөр жөнүндө сөз кылганда, биз аларга түз эле кеңеш берип кирбей, бекемдээрлик жана соороторлук аяттарды окуп беребиз. Биз рухий жактан акылы караңгыланган, бирок адилдикти сүйгөн адамдар үчүн тынчсызданабыз (2 Корунттуктарга 4:4). «Түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондорго» рухий жардам көрсөтүү кандай кубанычтуу! (Элчилер 13:48, «ЖД»).

21 Жакшы кабар таратуу ишине үзгүлтүксүз катышуу акылыбызды дайыма рухий нерселерге бурууга жардам берет (Лука 11:34). Мунун бизге пайда алып келери шексиз, анткени жашообузда рухий нерселер биринчи орунда турбаса, бүгүнкү дүйнөдө үстөмдүк кылган дүнүйөкорлуктун торуна түшүп калышыбыз мүмкүн эле. Элчи Жакан Ыйсанын жолдоочуларын мындай деп үндөгөн: «Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү. Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:15—17). Жакшы кабарды таратуу менен алек болуп, Теңирдин ишинде ар дайым көп эмгектенүү бизге дүйнөнү сүйбөөгө жардам берет (1 Корунттуктарга 15:58).

Байлыкты асманга жыйна

22, 23. а) Жакшы кабар таратуучулар өздөрүнө кандай байлык жыйнайт? б) Эмки макаладан кандай жардам алабыз?

22 Падышалык жөнүндө кабар айтууга ынталуу катышуу түбөлүк пайдаларды алып келет. Ыйса муну төмөнкү сөздөр менен көрсөткөн: «Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурдап кетишпейт. Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот» (Матай 6:19—21).

23 Келгиле анда, Эгедер Теңир Жахабанын өкүлү болуп, анын Күбөлөрү катары кызмат кылуудан өткөн сыймык жок экенин унутпай, мындан ары да асманга байлык жыйнайлы (Ышайа 43:10—12). Кудайдын кызматчылары катары кабар айтуу ишибизди уланта берсек, 90 жаштагы рухий эжебиздин сөздөрүнө ортоктош болушубуз мүмкүн. Ал узак убактан бери кылып келген кызматы жөнүндө: «Мен Жахабанын көп жылдар бою мага чыдамдуулук менен мамиле кылып келгенине ыраазымын жана анын мага түбөлүккө мээримдүү Ата болушун абдан суранып тиленем»,— деп айткан. Кудай менен болгон мамилебизди бааласак, жакшы кабар таратуу ишин толук аткарууга дилгир болорубуз шексиз. Эмки макала кызматыбызды кантип жакшылап аткара аларыбызды көрүүгө жардам берет.

Эмне деп жооп берет элең?

• Жакшы кабар таратуу ишине эмне үчүн катышышыбыз керек?

• Мурдагы жана азыркы жакшы кабар таратуучулардын иши жөнүндө эмне айта аласың?

• Эмне үчүн үйдөн үйгө кабар айтабыз?

• Жакшы кабар таратуу ишине катышуу ар бирибизге кандай пайда алып келет?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Бүгүн да Филипке жана анын кыздарына окшогон кубанычтуу кабарчылар бар.

[12-беттеги сүрөт]

Жакшы кабарды башкаларга айтуудан кандай пайда аласың?