Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматыңды жакшылап аткар

Кызматыңды жакшылап аткар

Кызматыңды жакшылап аткар

«Өзүңдүн милдетиңди жакшылап аткаргын» (2 ТИМЕТЕЙГЕ 4:5, «Инжил»).

1, 2. Жакшы кабарды Кудайдын кызматчыларынын баары таратса да, Ыйык Китепке ылайык, аксакалдардан эмне талап кылынат?

ЭГЕР сен Падышалыктын жарчысы болсоң, бул баа жеткис сыймык үчүн Жахаба Кудайга ыраазычылык билдирсең болот. Жыйналышта аксакал болсоң, анда Жахаба сага зор жоопкерчилик берген. Бирок кызмат кылууга же жыйналышта көзөмөлчүлүк милдетти аткарууга бизди дүйнөдө алган билимибиз же сөзгө чечендигибиз жөндөмдүү кылбай турганын эч качан унутпашыбыз керек. Кызматка бизди Жахаба жөндөмдүү кылат жана арабыздан кээ бир эркектер ыйык китептик өзгөчө талаптарга жооп бергендиктен көзөмөлчүлүк кызматка дайындалышат (2 Корунттуктарга 3:5, 6; 1 Тиметейге 3:1—7).

2 Жакшы кабар таратуу ишине Кудайга арналган кызматчылардын баары катышса да, айрыкча, көзөмөлчүлөр, башкача айтканда, аксакалдар кызматта үлгү көрсөтүшү керек. «Насаат айтып, окутуп кызмат кылган» аксакалдарды Кудай, Ыйса, ошондой эле ишенимдештери карап турушат (1 Тиметейге 5:17; Эфестиктерге 5:23; Эврейлерге 6:10—12). Элчи Пабылдын сөздөрүнө ылайык, аксакалдардын окутуусу дайыма туура болууга тийиш. Ал көзөмөлчү Тиметейге мындай деген: «Адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет. Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат. Бирок сен бардык нерседе кыраакы бол, кыйынчылыктарга чыда, Жакшы Кабар таратуучулук милдетиңди аткар, өз кызматыңды аягына чыгар [«жакшылап аткаргын», «Инжил»]» (2 Тиметейге 4:3—5).

3. Жалган окуулар жыйналыштын рухийлигине коркунуч туудурбашы үчүн, эмне кылуу керек?

3 Жалган окуулар жыйналыштын рухийлигине коркунуч туудурбашы үчүн, аксакал элчи Пабылдын: «Бардык нерседе кыраакы бол... өз кызматыңды аягына чыгар [«жакшылап аткаргын», «Инжил»]»,— деп айткан кеңешине ылайык иш кылууга тийиш (2 Тиметейге 4:5). Ооба, аксакал өзүнүн кызматын «жакшылап аткарышы» керек. Ал аны жакшылап, толук орундатышы керек. Кызматын жакшылап аткарган аксакал жоопкерчиликтеринин эч бирине салкын мамиле кылбайт же аларды чала-була аткарбайт, тескерисинче, ар бирине тийиштүү түрдө көңүл бурат. Андай киши майда иштерде да ишенимдүү (Лука 12:48; 16:10).

4. Кызматыбызды жакшылап аткарууга эмне жардам берет?

4 Кызматты жакшылап аткаруу дайыма эле көп убакытты талап кыла бербейт, болгону убакытты натыйжалуу пайдалануу зарыл. Туруктуулук жана тең салмактуулук Ыйсанын бардык жолдоочуларына өздөрүнүн кызматын ийгиликтүү аткарууга жардам берет. Кабар айтууга көбүрөөк убакыт арноо үчүн, аксакал иштерин тең салмактуулук менен пландаштырып, башкаларга кайсы милдеттерин жана кантип тапшырса болорун байкаштыра билиши керек (Эврейлерге 13:17). Албетте, жыйналышта кадыр-баркка ээ аксакал, Иерусалимдин дубалдарын тургузууга катышкан Некемияга окшоп, кызматка өз салымын кошот (Некемия 5:16). Негизи эле, Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине Жахабанын бардык кызматчылары үзгүлтүксүз катышууга тийиш (1 Корунттуктарга 9:16—18).

5. Кызматыбызга кандай карашыбыз керек?

5 Элестетсең, асманда орнотулган Падышалыктын жарчылары катары биз зор кубаныч тартуулаган тапшырманы аткарып жатабыз! Дүйнөнүн акыры келгенге чейин жер жүзүнө жакшы кабар таратуу ишине катышуу мүмкүнчүлүгүн жогору баалаарыбыз күмөнсүз (Матай 24:14). Жеткилеңсиз болгонубузга карабай биз Пабылдын: «Кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти [кызмат кенчин] биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз»,— деген сөздөрүнөн күч-кубат алсак болот (2 Корунттуктарга 4:7). Ооба, Жахабадан келген күчтүн, акылмандыктын жардамы менен биз Кудайга жагарлык түрдө кызмат кыла алабыз (1 Корунттуктарга 1:26—31).

Кудайдын даңкын чагылдыруу

6. Ысрайыл эли менен рухий Ысрайылдын ортосунда кандай айырма бар?

6 Ыйсанын майланган жолдоочулары жөнүндө сөз кылып, Пабыл: «[Кудай] бизге Жаңы Келишимдин кызматчылары болууга жөндөмдүүлүк берди»,— дейт. Ал Ыйса Машайак аркылуу рухий Ысрайыл менен түзүлгөн жаңы келишимди Муса аркылуу ысрайыл эли менен түзүлгөн эски келишимге (Мыйзам келишимине) салыштырат. Пабыл андан ары Муса Синай тоосунан Он осуят жазылган таш лооктор менен түшүп келгенде, жүзү ушунчалык жаркырап тургандыктан, ысрайылдыктар анын бетин карай алышпаганын айткан. Тилекке каршы, кийинчерээк алда канча олуттуу нерсе болгон: алардын «акылдары караңгыланып», жүрөктөрүн жабуу каптап калган. Бирок Жахабага чын жүрөктөн жана ишеним менен кайрылгандардан жабуу алынат. Андан соң Пабыл жаңы келишимге киргендерге берилген кызмат жөнүндө: «Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын күзгүдөн чагылдыргандай чагылдырып турабыз»,— дейт (2 Корунттуктарга 3:6—8, 14—18; Чыгуу 34:29—35). Ыйсанын «башка койлору» да бүгүн Жахабанын даңкын чагылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ (Жакан 10:16).

7. Кандайча адамдар Кудайдын даңкын чагылдыра алышат?

7 Кудайдын жүзүн көргөн бир да адам тирүү калбаса, анда кандайча күнөөкөр адамдар Кудайдын даңкын чагылдыра алышат (Чыгуу 33:20). Эске ала турган нерсе, Жахабанын өзүнүн даңкынан тышкары, анын өз эгедерлигин Падышалыгы аркылуу актоого байланышкан даңктуу ой-ниети бар. Падышалыкка байланышкан чындыктар б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ыйык рух алгандар тарабынан жарыялана баштаган «Кудайдын улуу иштерине» кирет (Элчилер 2:11). Рухтун жетекчилиги менен ал шакирттер өздөрүнө тапшырылган кызматты жакшы аткара алышкан (Элчилер 1:8).

8. Кызматка байланыштуу Пабыл кандай чечкиндүүлүк көрсөткөн?

8 Пабыл кызматын жакшылап аткарууга бир да нерсенин тоскоол болушуна жол бербөөгө чечкиндүү болгон. Ал мындай деп жазган: «Бул кызмат бизге Теңирдин ырайымы менен берилгендиктен, көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сөзүн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү ар бир адамдын абийирине коёбуз» (2 Корунттуктарга 4:1, 2). «Бул кызмат» аркылуу чындык жарыяланып, рухий жарык кеңири тарайт.

9, 10. Жахабанын даңкын кантип чагылдыра алабыз?

9 Кадимки жана рухий жарыктын Булагы жөнүндө Пабыл: «Караңгылыкта жарык жаркырасын деп буйруган Кудай Өзүнүн даңкын Ыйса Машайак аркылуу бизге көрсөтүш үчүн, жүрөгүбүздү жарык кылды»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 4:6; Башталыш 1:2—5). Бизге Кудайдын кызматчылары болууга баа жеткис мүмкүнчүлүк берилгендиктен, Жахабанын даңкын күзгүдөй чагылдыра алыш үчүн, өзүбүздү таза сактайлы.

10 Рухий караңгылыкта жүргөндөр Жахабанын даңкын же ал даңктын Ыйса Машайак, Улуу Муса, аркылуу чагылуусун көрө алышпайт. Биз болсо Жахабанын кызматчылары катары Ыйык Жазманын даңктуу жарыгын кабыл алып, аны башкаларга чагылдырабыз. Азыр рухий караңгылыкта жүргөндөр, кыйроого дуушар болбош үчүн, Кудайдын жарыгына муктаж. Ошондуктан биз Жахабага даңк алып келип, анын караңгылыкта жарык жаркырасын деген буйругуна чоң кубаныч жана ынта менен баш иебиз.

Жарыгыңды ыйык китептик изилдөөлөрдө жаркырат

11. Жарыгыбызды жаркыратууга карата Ыйса эмне деген жана кызматыбызда жарыгыбызды жаркыратуунун бир жолу кайсы?

11 Ыйса өзүнүн жолдоочуларына төмөнкүдөй деген: «Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт. Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт. Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын» (Матай 5:14—16). Биздин жакшы жүрүм-турумубуз башкаларга Кудайды даңктоого түрткү бере алат (1 Петир 2:12). Ошондой эле жакшы кабар таратуу ишибиздин ар кайсы түрлөрү жарыгыбызды жаркыратууга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биздин негизги максаттарыбыздын бири — Кудай Сөзүндөгү рухий жарыкты ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүү менен чагылдыруу. Бул кызматыбызды жакшылап аткаруунун абдан маанилүү жолу болуп эсептелет. Ыйык китептик изилдөөнү чындыкты издеген адамдын жүрөгүн козгогудай кылып өткөрүүгө эмнелер жардам берет?

12. Ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүүнүн тиленүү менен кандай байланышы бар?

12 Бул тууралуу Жахабага тиленүү менен ыйык китептик изилдөө өткөрүүнү абдан каалай турганыбызды көрсөтөбүз. Ошондой эле бул башкаларга Кудай жөнүндө билим алууга жардам берүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөрүбүздү айкындайт (Жезекиел 33:7—9). Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп берип, кызматта чын ниеттен жасаган аракеттерибизге батасын берери күмөнсүз (1 Жакан 5:14, 15). Бирок биз Ыйык Китепти изилдөөнү каалаган адамды табуу жөнүндө эле тиленбейбиз. Изилдөө өткөрүлө баштагандан кийин, Ыйык Китепти изилдеп жаткан кызыгуучунун белгилүү бир муктаждыктары тууралуу тиленүү жана ой жүгүртүү ар бир изилдөөнү натыйжалуу өткөрүүгө жардам берет (Римдиктерге 12:12).

13. Ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүүгө эмне жардам берет?

13 Ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүү үчүн, ар бир изилдөөгө жакшы даярданып барышыбыз керек. Эгер изилдөө өткөрүү колубуздан келбечүдөй сезилсе, жыйналыштын китеп изилдөөсүн алып барган көзөмөлчүнүн жума сайынкы китеп изилдөөнү кантип өткөрөрүн байкап көргөнүбүз кыйла жардам болушу мүмкүн. Кээде ыйык китептик изилдөө өткөрүү жагынан жакшы ийгиликтерге жетишкен жарчы менен кызматташсак болот. Албетте, Ыйса Машайактын маанайы жана окутуу ыкмалары өзгөчө көңүл бурууга татыйт.

14. Кызыгуучунун жүрөгүн кантип козгосок болот?ч

14 Ыйса асмандагы Атасынын эркин аткаруудан жана башкалар менен Кудай жөнүндө сүйлөшүүдөн кубаныч алган (Забур 39:9). Ал момун болгон жана угуучуларынын жүрөгүн козгой билген (Матай 11:28—30). Андыктан, келгиле, биз да кызыгуучуларыбыздын жүрөгүн козгоого аракеттенели. Ан үчүн ар бир изилдөөгө кызыгуучунун өзгөчө бир жагдай-абалын эске алып даярданышыбыз зарыл. Мисалы, Ыйык Китеп анын маданиятына жат болсо, анда аны Ыйык Китепте чындык камтылганына ынандырышыбыз абзел. Мындай учурда ага көп аяттарды окуп, түшүндүрүп берүү керек болушу ыктымал.

Көрсөтмөлүү мисалдарды түшүнүүгө жардам бер

15, 16. а) Ыйык Китептеги кайсы бир көрсөтмөлүү мисалды түшүнбөгөн кызыгуучуга кантип жардам берсек болот? б) Адабияттарыбызда кызыгуучуга түшүнүү кыйын болгон көрсөтмөлүү мисал келтирилсе, эмне кылууга болот?

15 Ыйык Жазмада келтирилген кайсы бир көрсөтмөлүү мисал кызыгуучу адамга тааныш эмес болушу ыктымал. Маселен, ал Ыйсанын чыракты чыракпаяга коюу жөнүндөгү сөздөрү менен эмне айткысы келгенин түшүнбөшү мүмкүн (Марк 4:21, 22). Ыйса билиги бар байыркы май чыракты мисалга алган. Мындай чырак үйдүн ичин жарык кылып турушу үчүн атайын бир нерсенин (чыракпаянын) үстүнө коюла турган. Ыйсанын мисалын жакшылап түшүндүрүп берүү үчүн, биздин адабияттардан «чырак» жана «чыракпая» деген темаларды изилдеп чыгуу талап кылынышы ыктымал. Бирок ыйык китептик изилдөөгө кызыгуучу түшүнөрлүк жана жогору баа берерлик түшүндүрмө менен келгенибиз кандай сонун!

16 Ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө арналган адабиятта кызыгуучу үчүн түшүнүү кыйын болгон көрсөтмөлүү мисал келтирилиши мүмкүн. Аны жакшылап түшүндүрүп берүүгө убакыт бөл, же болбосо ошол эле ойду камтыган башка мисалды колдон. Мисалы, адабиятта өмүрлүк шериктин ылайыктуу болушу жана эриш-аркак күч-аракет жумшоо канчалык маанилүү экени баса белгиленип жатса, анда бир акробаттын трапециядан күүлөнүп секирген экинчи акробатты тосуп алышы жөнүндө көрсөтмөлүү мисал келтирилиши мүмкүн. Балким, бул мисалдын ордуна, ылайыктуу шериктин жана эриш-аркак күч-аракеттин зарылдыгын көрсөтүү үчүн, кемеден жүк түшүрүүдө жашиктерди бири-бирине узатып иштеп жаткан жумушчулардын кызматташуусун мисалга алууга болоттур.

17. Көрсөтмөлүү мисалдарга байланыштуу Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?

17 Башка көрсөтмөлүү мисал келтирүү үчүн, алдын ала даярдануу зарыл болушу мүмкүн. Бирок муну менен биз Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамга жекече кызыгарыбызды көрсөтөбүз. Ыйса татаал нерселерди түшүндүрүп берүү үчүн жөнөкөй мисалдарды колдонгон. Буга анын Тоодогу насаатындагы мисалдар далил жана Ыйык Китепте Ыйсанын окутуусу угуучуларына жакшы таасир тийгизгени көрсөтүлөт (Матай 5:1—7:29). Ал башкаларга абдан кызыккандыктан бардыгын чыдамкайлык менен түшүндүргөн (Матай 16:5—12).

18. Биздин адабияттарда аяттарга шилтеме берилгенде, эмне кылганыбыз абзел?

18 Башкаларга кызыкканыбыз бизге алар менен «Ыйык Жазуунун негизинде» талкуу жүргүзүүгө түрткү берет (Элчилер 17:2, 3). Ан үчүн тиленүү менен изилдөө жүргүзүү жана «ишенимдүү... башчы» аркылуу берилип жаткан адабияттарды акылдуулук менен колдонуу талап кылынат (Лука 12:42—44). Мисалы, «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» китебинде көп аяттар келтирилет *. Орундун чектелүү болгонуна байланыштуу кээ бир аяттарга тек гана шилтеме берилген. Ыйык китептик изилдөөнүн жүрүшүндө ал аяттардын, жок дегенде, кээ бирлерин окуп, түшүндүрүп берүү маанилүү. Анткени биздин окутуубуз зор күчкө ээ болгон Кудай Сөзүнө негизделет эмеспи (Эврейлерге 4:12). Ар бир изилдөөнүн учурунда Ыйык Китепке кайрылып, абзацтардагы аяттарды кеңири колдон. Кызыгуучуга Ыйык Китепте кайсы бир тема же жүрүм-турум жөнүндө эмне айтыларын көрүүгө жардам бер. Ошондой эле ага Кудайга тил алуудан кандай пайда аларын көрсөтүүгө аракеттен (Ышайа 48:17, 18).

Ойлондурарлык суроолорду бер

19, 20. а) Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө эмне үчүн кызыгуучуга көзкарашын билүүгө багытталган суроолорду беришибиз керек? б) Кайсы бир теманы кененирээк талкуулоо талап кылынса, эмне кылууга болот?

19 Ыйсанын чебердик менен берген суроолору адамдарга ой жүгүртүүгө жардам берген (Матай 17:24—27). Эгер кызыгуучуга көзкарашын билүүгө багытталган, ошол эле учурда аны оңтойсуз абалда калтырбай турган суроолорду берсек, анын тигил же бул маселеге карата кандай ойдо экенин биле алабыз. Мунун натыйжасында анын Ыйык Китепке карама-каршы көзкараштарга дагы деле карманып жүргөнүн баамдашыбыз этимал. Мисалы, ал Троицага ишениши мүмкүн. «Билим» китебинин 3-бөлүмүндө «Троица» деген сөздүн Ыйык Китепте кездешпей турганы айтылат. Мындан сырткары, анда Жахабанын Ыйсадан бөлөк экенин жана ыйык рух тирүү жан эмес, Кудайдын иш-аракеттүү күчү экенин көрсөткөн аяттар келтирилет жана аларга шилтеме берилет. Ал аяттарды окуп талкуулоо жетиштүү болушу мүмкүн. А эгерде бул суроону дагы кененирээк талкуулоо зарыл болсочу? Анда эмки изилдөөдөн кийин убакыт бөлүп, ал теманы башка адабияттын, мисалы, «Троицага ишенүү керекпи?» деген китепченин (ор.) жардамы менен талкуулап чыгууга болот. Андан кийин изилдөөнү кайрадан «Билим» китеби боюнча улантсак болот.

20 Көзкарашын билүү үчүн берген сурообузга кызыгуучу таң калыштуу же көңүл калтырарлык жооп бериши мүмкүн. Эгерде бул тамеки тартууга же дагы башка ушу сыяктуу маселеге байланыштуу болсо, ага изилдөөнү уланта берүүнү жана бул теманы кийинчерээк талдоону сунуш кылсак болот. Кызыгуучунун дагы деле тамеки чегип жүргөнүн билгендиктен, биз ага рухий жактан ийгилик кылууга жардам берерлик маалыматтарды издеп табууга аракеттенебиз. Андан тышкары, анын жүрөгүн козгоого умтулуу менен бирге, Жахабанын ага рухий жактан өсүүгө жардам беришин суранып тиленсек болот.

21. Окутуу ыкмаларыбызды кызыгуучунун өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтыруунун натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

21 Жакшы даярдануунун жана Жахабанын жардамы менен окутуу ыкмаларыбызды кызыгуучунун өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтыра аларыбыз шексиз. Убакыттын өтүшү менен ага Кудайга карата терең сүйүү өрчүтүүгө жардам бере алышыбыз мүмкүн. Ошондой эле анын Жахабанын уюмун урматтап, ыраазы болушуна өбөлгө түзүшүбүз ыктымал. Ал эми кызыгуучулар «Кудай чын эле биз менен экенин» түшүнгөндө, баарыбыз үчүн бул кандай кубаныч! (1 Корунттуктарга 14:24, 25). Андыктан ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүүгө аракеттенип, башкаларга Ыйсанын шакирттеринен болууга жардам берүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылалы.

Жогору бааланууга тийиш кенч

22, 23. Кызматыбызды жакшылап аткаруу үчүн, бизге эмне зарыл?

22 Кызматыбызды жакшылап аткаруу үчүн, биз Кудайдын күчүнө таянышыбыз керек. Кызмат жөнүндө Пабыл майланган ишенимдештерине: «Кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 4:7).

23 Майлангандар болобу, «башка койлор» болобу, баарыбыз тең морт чопо идиштердейбиз (Жакан 10:16). Бирок, бизге кандай кысым көрсөтүлбөсүн, Жахаба кызматыбызды уланта берүүгө күч бере алат (Жакан 16:13; Филипиликтерге 4:13). Андыктан, келгиле, бүт бойдон Жахабага таянып, кызматыбызды жогору баалап, аны жакшылап аткара берели.

[Шилтеме]

^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмне деп жооп берет элең?

• Аксакалдар өздөрүнүн кызматын жакшылап аткаруу үчүн эмне кыла алышат?

• Ыйык китептик изилдөөлөрдү кантип натыйжалуураак өткөрсөк болот?

• Кызыгуучуга кайсы бир көрсөтмөлүү мисал түшүнүксүз болсо же ага белгилүү бир тема жөнүндө көбүрөөк маалымат берүү зарыл болсо, эмне кылуу керек?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон аксакалдар жыйналыштагыларды окутуп, аларга кызматта жардам беришет.

[16-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик изилдөөлөрдү натыйжалуу өткөрүү — жарыгыбызды жаркыратуунун бир жолу.