Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эскерүү кечеси кантип өткөрүлөт?

Эскерүү кечеси кантип өткөрүлөт?

Эскерүү кечеси кантип өткөрүлөт?

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНИН кантип өткөрүлүшү керектигин көрсөтүп элчи Пабыл: «Силерге үйрөткөндөрүмдү мен Теңирден алгам. Адамдардын колуна салынып берилер түнү Ыйса... нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген: „Алгыла, жегиле. Бул Менин силер үчүн сындырылган Денем. Бул нанды Мени эскериш үчүн жегиле“. Тамактан кийин чөйчөктү да алып, мындай деген: „Бул чөйчөк — Менин Каным менен бекитиле турган жаңы келишим. Бул шараптан ичкен сайын, Мени эскергиле“. Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 11:23—26).

Пабыл айткандай, Ыйса Эскерүү кечесин «адамдардын колуна салынып берилер түнү» негиздеген. Мамыга кадап өлтүрүүгө римдиктерди мажбур кыла турган жүйүт диний жетекчилерине Ыйсаны Жүйүт Искариот сатмак. Ыйса Эскерүү кечесин б.з. 33-жылы 31-мартта, бейшембиде, кечинде негиздеген. Жума күнү, 1-апрелде, түш оогондон кийин болсо, ал кыйноо мамысында өлгөн. Эврейлердин календары боюнча күн кечинде башталып, кийинки күнү кечинде аяктагандыктан, эки окуя тең — Эскерүү кечеси менен Ыйса Машайактын өлүмү — бир күндүн ичинде, б.з. 33-жылы 14-нисанда, болуп өткөн.

Нан жана шараптан ооз тийгендер аны Ыйсаны «эскериш үчүн» кылышмак. Дагы бир котормого ылайык, Ыйса: «Муну мени эске түшүрүш үчүн кылгыла»,— деген (1 Корунттуктарга 11:24, «Мукаддас»). Ошондуктан Эскерүү кечесин Машайактын өлүмүн Эскерүү кечеси деп да аташат.

Ыйсанын өлүмүн эмне үчүн белгилөө керек?

Бул суроого Ыйсанын өлүмү эмне менен байланышта экенин түшүнүү менен жооп алууга болот. Ыйса Жахабанын эгедерлигин эң мыкты жактаган адам катары өлгөн. Муну менен ал Шайтандын адамдар Кудайга өз кызыкчылыктары үчүн эле кызмат кылат деген ырастоосу жалган экенин далилдеген (Аюб 2:1—5; Накыл сөздөр 27:11). Жеткилең адам болгондуктан Ыйса өмүрүн «көптөрдү куткаруу үчүн» да берген (Матай 20:28). Адам ата Кудайга каршы күнөө кылганда жеткилең өмүрдөн жана ал тартуулай турган нерселердин баарынан айрылган. Бирок «Кудай бул дүйнөнү [адамзатты] ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берген. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген» (Жакан 3:16). Чындыгында эле, «күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктерге 6:23).

Ыйса Машайактын өлүмү аркылуу эки зор сүйүү көрсөтүлгөн. Жахаба Уулун адамдар үчүн курмандыкка берүү менен зор сүйүү көрсөтсө, Ыйса адамдык өмүрүн даярдуулук менен берип адамдарга карата жанаябастык сүйүү көрсөткөн. Ыйсанын өлгөн күнүн эскерүү кечесинде сүйүүнүн ушул эки көрсөтүлүшү даңазаланат. Ушундай сүйүү бизге көрсөтүлгөндүктөн, ал үчүн ыраазы болушубуз керек эмеспи? Ыраазылыгыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — Эскерүү кечесине катышуу.

Нан менен шараптын мааниси

Эскерүү кечесин негиздегенде Ыйса нан менен чөйчөккө куюлган кызыл шарапты символ катары колдонгон. Ал нанды алып, «Кудайга ыраазычылык билдирип сыйынгандан кийин, нанды сындырып, мындай деген: „Бул Менин силер үчүн сындырылган Денем“» (1 Корунттуктарга 11:24). Нанды жеш үчүн сындырып таратуу керек эле, ал сууга жуурулган ачыткысыз камырдан жасалып, жумшак болгон. Ыйык Китепте ачыткы күнөөнү символдоштурат (Матай 16:11, 12; 1 Корунттуктарга 5:6, 7). Ыйса күнөөсүз эле. Ошондуктан анын адамдык жеткилең денеси адамзат үчүн төлөөгө ылайыктуу кун болгон (1 Жакан 2:1, 2). Ыйсанын күнөөсүз денесин символдоштурган нандын ачыткы кошулбай жасалганы кандай гана жөндүү!

Чөйчөктөгү кызыл таза шарапты да алып, ыраазылык билдиргенден кийин Ыйса: «Бул чөйчөк — Менин Каным менен бекитиле турган жаңы келишим»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 11:25). Чөйчөктөгү кызыл шарап Ыйсанын канын символдоштурган. Б.з.ч. 1513-жылы курмандыкка чалынган торпоктор менен кочкорлордун каны Кудай менен ысрайыл элинин ортосундагы Мыйзам келишимин бекиткендей эле, Ыйсанын төгүлгөн каны да жаңы келишимди бекиткен.

Символдордон кимдер ооз тийиши керек?

Эскерүү кечесинде символдордон кимдер ооз тийүүгө укуктуу экенин аныктоо үчүн, жаңы келишим деген эмне экенин жана ал келишимге кимдер кирерин түшүнүү зарыл. Ыйык Китепте: «Мына, күндөр келе жатат,— дейт Теңир,— ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм... Аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот... Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм»,— деп айтылат (Жеремия 31:31—34).

Жаңы келишим Жахаба Кудай менен өзгөчө мамиледе болууга мүмкүндүк берет. Бул келишимдин аркасында адамдардын белгилүү тобу Жахабанын эли болуп, Жахаба болсо алардын Кудайы болот. Жахабанын Мыйзамы алардын ичинде — жүрөгүндө — жазылган. Сүннөткө отургузулган жүйүт элинен болбогондор да жаңы келишимге кирип, Жахаба менен тыгыз мамиледе боло алышат (Римдиктерге 2:29). Ыйык Китепти жазууга катышкан Лука Кудайдын «бутпарастарга назарын салып», «алардан Өзүнүн ысмы үчүн эл жаратууга» ниети бар экенин жазган (Элчилер 15:14). 1 Петир 2:10го ылайык, алар бир кезде «эл эмес эле, азыр болсо Кудайдын эли». Ыйык Китепте алар тууралуу «Кудайдын Ысрайылы», башкача айтканда, рухий Ысрайыл деп айтылат (Галаттыктарга 6:16; 2 Корунттуктарга 1:21). Демек, жаңы келишим — Жахаба Кудай менен рухий Ысрайылдын ортосундагы келишим.

Шакирттери менен болгон акыркы кечте Ыйса да алар менен келишим түзгөн. Ал: «Атам мени менен келишим түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөм»,— деп айткан (Лука 22:29, «ЖД»). Ал келишим Падышалык тууралуу келишим болчу. Ага кире турган жеткилеңсиз адамдардын саны 144 000. Асмандагы жашоого тирилтилгенден кийин алар Машайак менен бирге падыша жана дин кызматчылар катары бийлик кылышат (Аян 5:9, 10; 14:1—4). Ошентип, Жахаба Кудай менен жаңы келишимге киргендер Ыйса Машайак менен түзүлгөн Падышалык келишимине да киришет. Эскерүү кечесинде символдордон ошолор гана ооз тийүүгө укуктуу.

Эскерүү кечесиндеги символдордон ооз тийүүгө укугу барлар өздөрүнүн Кудай менен өзгөчө мамиледе экенин жана Машайак менен мурасташ экенин кантип билишет? Пабыл: «[Ыйык] Рухтун Өзү биздин рухубузга [«рухубуз [ой маанайыбыз] менен кошо», «ЖД»] Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат. Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз»,—деп түшүндүрөт (Римдиктерге 8:16, 17).

Өзүнүн ыйык руху же иш-аракеттүү күчү менен Кудай Машайак менен мурасташ болгондорду майлайт. Бул аларды Падышалыктын мурасколорлору экенине ынандырып турат. Ыйсанын майланган жолдоочуларында асманда жашоо үмүт пайда болот. Алар Ыйык Китепте асмандагы жашоо тууралуу жазылгандардын баарын өздөрүнө тийиштүү кылып кабыл алышат. Мындан сырткары, алар жердеги жашоого байланышкан бардык нерселерден, анын ичинде жердеги жашоодон жана адамдык байланыштардын баарынан баш тартууга даяр. Ыйсанын майланган жолдоочулары жер бетиндеги Бейиште жашоо укмуштуудай сонун болорун түшүнүшсө да, бул үмүт алар үчүн эмес (Лука 23:43). Алар жалган диний көзкараштарга негизделген эмес, а Кудайдын рухунун иш-аракетинин натыйжасы болгон асман үмүтүнө ээ, ошондуктан алар Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийүүгө укуктуу.

Кимдир бирөө жаңы келишимде же Падышалык келишиминде турарына толук ынанбасачы? Машайак менен мурасташ экенин Кудайдын руху жетишсиз күбөлөндүрсөчү? Анда андай адамдын Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийиши туура эмес болмок. Асманда падыша жана ыйык кызмат кылуучу болууга чакырылбаганын билип туруп өзүн ошого чакырылгандай көрсөткөн адамды Кудай жактырбайт (Римдиктерге 9:16; Аян 22:5).

Эскерүү кечесин канчалык тез-тез өткөрүү керек?

Ыйсанын өлүмүн жума сайын же балким, күнүгө белгилөө керекпи? Машайак Эскерүү кечесин Пасах болгон күнү негиздеп, ошол күнү өлгөн. Бир жылда бир эле жолу, нисан айынын 14-күнүндө белгиленген Пасах ысрайылдыктардын Мисир кулчулугунан бошотулганына байланыштуу майрамдалчу (Чыгуу 12:6, 14; Лебилер 23:5). Ошондуктан Машайактын өлүмүн, башкача айтканда, биздин «Пасахты» жума сайын же күнүгө эмес, жылына бир эле жолу белгилөө керек (1 Корунттуктарга 5:7). Эскерүү кечесин өткөрүүдө Кудайдын кызматчылары Ыйса бекиткен тартипке карманышат.

Анда Пабылдын: «Бул нандан жеп, бул чөйчөктөгү шараптан ичкен сайын, Теңир келгенге чейин, силер Анын өлүмү жөнүндө жарыялайсыңар»,— деген сөзүн кандай түшүнүүгө болот? (1 Корунттуктарга 11:26). Пабыл бул аятта «ар дайым» же «качан да болсо» деген маанини туюнткан сөздү колдонгон. Муну менен ал Ыйсанын майланган жолдоочулары символдордон ооз тийген сайын Ыйсанын куткаруу курмандыгына болгон ишенимин жарыялашарын айткан.

Ыйсанын майланган жолдоочулары анын өлүмүн ал «келгенге чейин», башкача айтканда, Ыйса өзүнүн «катышуусунун» («ЖД») учурунда аларды тирилтүү аркылуу рухий жашоого кабыл алганча белгилешет (1 Тесалоникалыктарга 4:14—17). Бул Машайактын 11 ишенимдүү элчисине: «Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем»,— деген сөзүнө дал келет (Жакан 14:3).

Эскерүүнүн силер үчүн кандай мааниси бар?

Ыйсанын курмандыгынан пайда алуу үчүн жана жерде түбөлүк жашоо үчүн, Эскерүү кечесиндеги символдордон сөзсүз ооз тийүү керекпи? Жок. Ыйык Китепте Нух, Ыбрайым, Саара, Ыскак, Ребека, Жусуп, Муса жана Дөөт сыяктуу Кудайдан корккон адамдар жердеги жашоого тирилтилгенден кийин символдордон ооз тийишет деген ой айтылбайт. Бирок алар жана жерде түбөлүк жашагысы келгендердин баары Кудай менен Машайакка, ошондой эле Жахаба караштырган Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишениши керек (Жакан 3:36; 14:1). Түбөлүк өмүр сүрүү үчүн силер да ушундай ишеним көрсөтүшүңөр зарыл. Машайактын өлүмүн эскерүүгө арналган жана жыл сайын өткөрүлүүчү ушул жолугушууга барсаңар, ошол укмуштуудай курмандык тууралуу эсиңерге салынып, ага болгон ыраазылыгыңар артат.

Элчи Жакан Ыйсанын курмандыгынын маанилүүлүгүн: «Муну силерге [Ыйсанын майланган жолдоочуларына] күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз Ыйса Машайак бар. Ал — биздин күнөөлөрүбүздүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөсүнүн кунун төлөгөн курмандык»,— деген сөздөр менен баса белгилеген (1 Жакан 2:1, 2). Ыйсанын майланган жолдоочулары Ыйсанын курмандыгы алар үчүн берилген деп айта алышат. Бирок ал курмандык бүткүл дүйнөнүн күнөөсү үчүн да берилип, тил алчаак адамзат үчүн түбөлүк өмүргө жол ачкан!

2004-жылы 4-апрелде өткөрүлө турган Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечесине катышасыңарбы? Жахабанын Күбөлөрү бул аземди дүйнө жүзү боюнча жолугушуулары өткөрүлгөн жерлерде өткөрүшөт. Эгер Эскерүүгө барсаңар, ыйык китептик абдан маанилүү баяндамадан пайдалуу көп нерселерди биле аласыңар. Ал баяндамада Жахаба Кудай менен Ыйса Машайак биз үчүн канчалык көп нерсе кылганы айтылат. Ошондой эле Кудайга жана Машайакка терең ыраазы, Ыйсанын куткаруу курмандыгын абдан баалаган адамдар менен пикирлешүүдөн рухий жактан пайда аласыңар. Бул аземге катышуу менен түбөлүк өмүргө алып бара турган Кудайдын ырайымына жетүүгө болгон каалооңор артышы ыктымал. Анда эмесе, Асмандагы атабыз Жахаба Кудайды даңктаган жана кубандырган, жүрөк толкуткан Эскерүү кечесине катышууңарга эч нерсе тоскоолдук кылбасын.

[5-беттеги сүрөт]

Ыйсанын өлүмү аркылуу эки зор сүйүү көрсөтүлгөн.

[6-беттеги сүрөт]

Ачытылбаган нан жана шарап — Ыйсанын жеткилең денеси менен төгүлгөн канынын ылайыктуу символдору.