Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзгөрүлмө дүйнөнүн рухуна каршы тур

Өзгөрүлмө дүйнөнүн рухуна каршы тур

Өзгөрүлмө дүйнөнүн рухуна каршы тур

«Бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын Рухун кабыл алдык» (1 КОРУНТТУКТАРГА 2:12).

1. Обо кандайча алданган?

«МЕНИ жылан азгырды» (Башталыш 3:13). Бул сөздөр менен эң биринчи аял Обо эмне үчүн Жахаба Кудайга каршы чыкканын түшүндүрүүгө аракеттенген. Анын айтканы чын болсо да, күнөөсүн актай алган эмес. Кийинчерээк элчи Пабыл Кудайдын шыктандыруусу менен: «[Обо] азгырылып, күнөөгө баткан»,— деп жазган (1 Тиметейге 2:14). Обо тыюу салынган жемиштен жеп тил албастык көрсөтүү ага пайда алып келерине жана Кудайдай болуп каларына ишенип алданган. Ошондой эле ал аны адаштырган ким экенин билбей да алданган. Обо жылан аркылуу Шайтан Ибилис сүйлөгөнүн ойлогон да эмес (Башталыш 3:1—6).

2. а) Шайтан бүгүн адамдарды кантип алдайт? б) «Бул дүйнөнүн руху» деген эмне жана азыр кайсы суроолорду талкуулайбыз?

2 Шайтан адамдарды Адам менен Обонун убагынан тартып алдап келатат. Чындыгында, ал «бүткүл ааламды алдап азгырууда» (Аян 12:9, «Инжил»). Анын арам амалдары өзгөргөн жок. Азыр куралы катары кадимки жыланды колдонбосо да, ал дагы деле атын жашырып иш-аракет жүргүзөт. Көңүл ачуунун түрлөрү, массалык маалымат каражаттары аркылуу Шайтан адамдарды алар Кудайдын мээримдүү жетекчилигине муктаж да эмес, анын эч кандай пайдасы да жок экенине ишендирип алдайт. Ибилистин ушундай аракеттеринин натыйжасында дүйнө жүзү боюнча адамдарда ыйык китептик мыйзамдар менен принциптерге каршылык көрсөтүү руху пайда болгон. Ыйык Китепте ал «бул дүйнөнүн руху» деп аталат (1 Корунттуктарга 2:12). Мындай рух Кудайды тааныбаган адамдардын көзкараштарына, маанайына жана жүрүм-турумуна күчтүү таасир тийгизет. Ал кандайча чагылдырылат жана анын залакалуу таасирине кантип каршы тура алабыз? Ушул суроолорду карап көрөлү.

Адеп-ахлактык баалуулуктардын төмөндөшү

3. Эмне үчүн «бул дүйнөнүн руху» биздин убакта даана байкалууда?

3 Биздин убакта «бул дүйнөнүн руху» даана байкалууда (2 Тиметейге 3:1—5). Сен адеп-ахлактык баалуулуктардын аябай төмөндөп баратканын байкап жаткандырсың. Ыйык Жазмада мунун себеби түшүндүрүлөт. 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы орнотулгандан кийин, асманда согуш чыккан да, Шайтан менен анын жин-перилери жеңилип, жердин айланасына куулуп түшүрүлгөн. Каарданган Шайтан дүйнө жүзүн ого бетер алдап азгыра баштаган (Аян 12:1—9, 12, 17). Ал ар кандай амалдарды колдонуп, «мүмкүн болсо тандалгандарды да адаштырууга» умтулат (Матай 24:24). Кудайдын эли катары биз анын негизги бутасыбыз. Бизди Жахабанын жактыруусунан жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнөн ажыратуу үчүн, Шайтан рухийлигибизди кыйратууга аракеттенет.

4. Жахабанын кызматчылары Ыйык Китеп жөнүндө кандай ойдо, ал эми дүйнө кандай ойдо?

4 Шайтан Ыйык Жазманын, мээримдүү Жаратканыбыз жөнүндө билим берген баалуу китептин, беделине шек туудурууга аракет кылат. Жахабанын кызматчылары Ыйык Китепти сүйүшөт, жогору баалашат. Биз анын адамдын эмес, Кудайдын Сөзү экенин билебиз (1 Тесалоникалыктарга 2:13; 2 Тиметейге 3:16). Бирок Шайтандын дүйнөсү биздин тескери көзкарашта болушубузду каалайт. Мисалы, Ыйык Китепти сынга алган бир китептин баш сөзүндө: «Ыйык Китептин „ыйык“ же „Кудай сөзү“ деп эсептелгидей эчтемеси жок. Аны Кудайдан шыктандырылган ыйыктар эмей эле, бийликке умтулган диний кызматчылар жазган»,— деп айтылат. Мындай ырастоолорго ишенүүгө жакын болгондор оңой эле алданып, адамдар Кудайга өздөрүнө жаккандай сыйынууга же такыр эле сыйынбай коюуга эрктүү деген жаңылыш түшүнүккө жем болушат (Накыл сөздөр 14:12).

5. а) Ыйык Китеп менен байланыштырылган диндер жөнүндө бир жазуучу эмне деген? б) Дүйнөдө кеңири тараган кээ бир көзкараштар Ыйык Китепте айтылгандардан кандайча айырмаланат? (Кийинки беттеги кутучадагы ойлорду камты.)

5 Ыйык Китепке каршы ачык же тымызын айтылган ойлордон, ошондой эле аны жактагансыган динчил адамдардын экижүздүүлүгүнөн улам дин, анын ичинде Ыйык Китеп менен байланыштырылган диндер барган сайын жерилип баратат. Массалык маалымат каражаттарында жана илимий чөйрөлөрдө дин сынга алынууда. Бир жазуучу мындай дейт: «Коомчулук иудаизм менен христианчылыкка карата, жалпысынан, терс көзкарашта. Эң эле жогору баа бергенде, аларды көөнөргөн нерседей көрүшөт; эң эле төмөн баа бергенде, интеллектуалдык жана илимий өнүгүүгө тоскоол болгон эски көзкараштардай көрүшөт. Акыркы жылдары баркка албоочулук шылдыңга жана ачык кастыкка айланып баратат». Мындай кастыкты көп учурда Кудайдын бар экенин танган жана «курулай ой жүгүрткөн» адамдар туудурат (Римдиктерге 1:20—22, «Мукаддас»).

6. Кудай айыптаган жыныстык мамилеге дүйнө кандай карайт?

6 Ошондуктан адамдардын эмне себептен Кудайдын жүрүм-турум нормаларынан четтегенден четтеп баратканы таң калыштуу деле эмес. Маселен, Ыйык Китепте гомосексуализм «ыпылас иш» деп белгиленет (Римдиктерге 1:26, 27). Ошондой эле анда бузукулук жана ойноштук кылуучулардын Кудай Падышачылыгын мурастабай турганы айтылат (1 Корунттуктарга 6:9). Бирок көптөгөн өлкөлөрдө жыныстык мамиленин мындай түрү натуура эсептелмек турсун, китеп-журналдарда, ырларда, фильмдерде жана телекөрсөтүүлөрдө жагымдуу нерседей көрсөтүлөт. Буга каршы сөз айткандар чыдамсыз, сынчыл жана артта калгандар деп эсептелет. Кудайдын нормаларын анын мээримдүү камкордугу катары көргөндүн ордуна, дүйнө аларды жеке эркиндикке ээ болууга жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга тоскоолдук деп эсептейт (Накыл сөздөр 17:15; Жүйүт 4).

7. Өзүбүзгө кандай суроолорду беришибиз керек?

7 Кудайга барган сайын катуу каршылык көрсөтүлүп жаткан дүйнөдө жашагандыктан өзүбүздүн маанайыбызга жана кандай баалуулуктарга карманып жатканыбызга көңүл бурганыбыз акылмандыкка жатат. Жахабанын ой жүгүртүүсүнөн жана нормаларынан акырындап отуруп четтеп кетпеш үчүн, мезгил-мезгили менен өзүбүздү чынчылдык жана тиленүү менен текшерип турушубуз керек. Мисалы, өзүбүздөн: «Бир нече жыл мурун көңүлүмө жолотпогон темаларга кызыга баштаган жокмунбу? Кудай айыптаган иштерге сабырдуураак карап калган жокмунбу? Рухий маселелерге мурдагыдай эле олуттуу мамиле кыламбы? Жашоом Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп жатканымды көрсөтүп турабы?» — деп сурасак болот (Матай 6:33). Мындай ой жүгүртүү бизге дүйнөнүн рухуна каршы турууга жардам берет.

«Четтеп кетпе»

8. Адам Жахабадан кантип четтеп кетиши мүмкүн?

8 Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ишенимден тайбаш [«четтеп кетпешибиз», «ЖД»] үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек»,— деп жазган (Эврейлерге 2:1). Толкундуу деңизде ары-бери чайпалып жүргөн кеме көздөгөн жерине жетпейт. Эгерде капитан шамал менен деңиздин агымын көңүлгө албаса, кеме коопсуз портту оңой эле кыя өтүп, аскалуу жээкке кабылышы мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, эгерде Кудайдын Сөзүндөгү баалуу чындыктарды көңүлгө албасак, биз Жахабадан оңой эле четтеп, рухий кыйроого учурашыбыз ыктымал. Буга сөзсүз эле чындыкты четке кагуунун натыйжасында дуушар болбойбуз. Негизи, Жахабадан капыстан жана билип туруп баш тарткандар саналуу гана. Көп учурда, адам Кудай Сөзүнөн алаксыткан иштерге акырындык менен байлана баштайт. Ал билинбей эле четтеп кетип, күнөөгө батышы мүмкүн. Уктап кеткен капитан сыяктуу, мындай адам өтө кеч болгондо ойгонот.

9. Жахаба Сулайманга кандай баталарды берген?

9 Мисалга Сулайманды алалы. Жахаба аны Ысрайылга падыша кылып дайындап, ийбадаткана курууга жол берип, Ыйык Жазманын айрым китептерин жазууга жетекчилик берген. Жахаба аны менен эки жолу сүйлөшүп, байлыкка, атак-даңкка марыткан жана бейпилчиликте падышалык кылышына шарт түзгөн. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Сулайманга эбегейсиз зор акылмандык берип алкаган. «Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акыл, эстүүлүк, даанышмандык берди. Сулаймандын акылмандуулугу мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жана чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жогору турду»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Падышалар 4:21, 29, 30; 11:9). Кудайга ишенимдүү бойдон калса Сулайман калышы керек эле деп ойлошу мүмкүн кимдир бирөө. Бирок Сулайман чыныгы сыйынуудан четтеп кеткен. Кандайча?

10. Сулайман кайсы көрсөтмөгө баш ийбей койгон жана мунун кесепети кандай болгон?

10 Сулайман Кудайдын Мыйзамын беш колдой билип, аны жакшы түшүнгөн. Ысрайылдын падышасы боло тургандарга берилген көрсөтмөлөргө ал айрыкча кызыккан болуш керек. Алардын ичинде: «Падыша көп аял алып жүрөгү бузулбасын»,— деген көрсөтмө бар болчу (Мыйзам 17:14, 17). Сулайман ачык берилген бул буйрукка ылайык жашабай, жети жүз аял жана үч жүз күң аял алган. Алардын көбү башка кудайларга сыйынышкан. Сулаймандын эмнеге мынча көп аял алганын жана өзүн актоого кандай себеп тапканын билбейбиз. Бизге белгилүү болгон нерсе, ал Кудайдын айдан ачык көрсөтмөсүнө баш ийбей койгон. Натыйжада Жахаба алдын ала эскерткендей болгон: «[Сулаймандын] жүрөгүн аялдары башка кудайларга азгырышкан» (1 Падышалар 11:3, 4). Анын Кудайдан алган акылмандыгы акырындык менен күчүн жогото берген. Ал Жахабадан четтеп кеткен. Бара-бара бутпарас аялдарына жагууга болгон каалоосу Кудайга тил алууга жана жагууга болгон каалоосун сүрүп чыккан. Кандай гана өкүнүчтүү, анткени: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деген сөздөрдү мурунураак Сулайман өзү жазбады беле! (Накыл сөздөр 27:11).

Дүйнөнүн руху күчтүү

11. Акылыбызга киргендин баары ой жүгүртүүбүзгө кандай таасир этет?

11 Сулайман менен болгон окуядан төмөнкүдөй сабак алсак болот: биз чындыкты билебиз, андыктан дүйнө ой жүгүртүүбүзгө анча деле таасир эте албайт деп ойлоо кооптуу. Жеген тамагыбыз денебизге таасир тийгизгендей, акыл азыгы ой жүгүртүүбүзгө таасир этет. Акылыбызды эмне менен азыктандырсак, ой жүгүртүүбүз менен көзкарашыбызды ошол калыптандырат. Муну билгендиктен компаниялар өз товарларын жарнамалоого жыл сайын миллиардаган долларларды сарпташат. Ийгиликтүү жасалган жарнамаларда белгилүү бир нерселерди көксөгөн, каалаган сатып алуучулардын сезимдерине таасир этүү үчүн чебер тандалган сөздөр жана сүрөттөр колдонулат. Ошондой эле жарнаманы бир-эки жолу көргөнү адамдарды көп учурда товарды дароо сатып алууга ынандырып жибербесин жарнамачылар жакшы билишет. Адатта, сатып алуучулар жарнаманы кайра-кайра көргөндө товарга кызыга башташат. Жарнаманын таасири күчтүү, болбосо эч ким ага анчалык көп каражат жумшамак эмес. Ал адамдардын ой жүгүртүүсүнө жана көзкараштарына зор таасир тийгизет.

12. а) Шайтан адамдардын ой жүгүртүүсүнө кантип таасир этет? б) Бул Ыйсанын жолдоочуларына да таасир этиши мүмкүн экенин эмне көрсөтүп турат?

12 Жарнамачы сыяктуу, Шайтан адамдарды өзүнүн ой жүгүртүүсүнө акырындык менен көндүрө аларын билгендиктен ойлорун жагымдуу кылып көрсөтүүгө умтулат. Ал адамдарды көңүл ачуу тармагы аркылуу жана башка жолдор менен алдап, жакшыны жаман, жаманды жакшы кылып көрсөтөт (Ышайа 5:20). Ал түгүл, Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын арасында да Шайтандын калпына ишенип калгандар бар. Ыйык Китепте мындай эскертүү берилет: «Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда кээ бирөөлөр ишеним жолунан четтешет, адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салышат. Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат» (1 Тиметейге 4:1, 2; Жеремия 6:15).

13. Жаман чөйрө деген эмне жана чөйрөнүн бизге кандай таасири бар?

13 Дүйнөнүн руху ар бирибизге таасир эте алат. Шайтандын түзүлүшүнүн «шамалдары» менен «агымдары» күчтүү. Ыйык Китепте бизге: «Алданбагыла, жаман чөйрөлөр жакшы адаттарды бузат»,— деген даанышман үндөө берилет (1 Корунттуктарга 15:33, СК). Жаман чөйрөгө дүйнөнүн рухун чагылдырган кайсы бир нерселер же кимдир бирөөлөр кирет жана андай таасир жыйналыштын ичинде да болушу ыктымал. Жаман чөйрө бизге зыян келтире албайт деп ойлоо жакшы чөйрө бизге пайда алып келбейт деп жыйынтык чыгарганга тете болуп калбайбы? Минтип ойлоо кандай гана туура эмес болор эле! Ыйык Китепте: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп ачык айтылат (Накыл сөздөр 13:20).

14. Дүйнөнүн рухуна кантип каршы тура алабыз?

14 Дүйнөнүн рухуна каршы туруу үчүн, биз акылдуу адамдар — Жахабага кызмат кылгандар — менен достошушубуз керек. Ошондой эле акылыбызды ишенимибизди бекемдээрлик нерселер менен сугарышыбыз абзел. Элчи Пабыл: «Эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне сыпайгерчиликке жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:8). Эрк боштондугуна ээ болгондуктан, эмне жөнүндө ойлонууну биз өзүбүз тандайбыз. Андыктан дайыма Жахабага ого бетер жакындата турган нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө аракеттенели.

Кудайдын руху күчтүүрөөк

15. Ыйсанын байыркы Корунттагы жолдоочулары ал шаардын башка тургундарынан эмнеси менен айырмаланышкан?

15 Дүйнөнүн рухуна алданып жүргөндөрдөн айырмаланып, Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын ыйык рухуна жетектелишет. Пабыл Корунттагы жыйналышка: «Кудайдын бизге эмне бергенин билишибиз үчүн, бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын Рухун кабыл алдык»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 2:12). Байыркы Корунтта дүйнөнүн руху өкүм сүргөн. Анын тургундарынын көбү ушунчалык бузуку адамдар болгондуктан, «корунттуктарча жашоо» деген сөз айкашы «адеп-ахлаксыз иш кылуу» деген маанини билдирип калган. Шайтан алардын акылын караңгылатып койгондуктан, алар чыныгы Кудай жөнүндө абдан аз билишкен же такыр билишкен эмес (2 Корунттуктарга 4:4). Бирок Жахаба ыйык руху аркылуу айрым корунттуктардын жүрөгүн ачып, алардын чындыкты таанышына шарт түзгөн. Кудайдын руху аларга өздөрүнүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү берип, Анын жактыруусуна жана батасына ээ болууга жетекчилик кылган (1 Корунттуктарга 6:9—11). Дүйнөнүн рухунан Жахабанын руху кыйла күчтүү болгон.

16. Кантип Кудайдын рухуна ээ болуп, аны өзүбүздө сактай алабыз?

16 Бүгүн да ошондой. Жахабанын ыйык руху — ааламдагы эң кубаттуу күч жана ал аны ишеним менен сурагандардын баарына мол берет (Лука 11:13). Бирок Кудайдын рухуна ээ болуш үчүн, дүйнөнүн рухуна каршы турганыбыз эле жетиштүү эмес. Биз Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз изилдеп, жашообузда колдонуп, өзүбүздүн рухубузду — акылыбыздын маанайын — Кудайдын рухуна шайкеш келтиришибиз керек. Ошондо Жахаба бизге Шайтандын рухийлигибизди кыйратуу үчүн колдонушу мүмкүн болгон бардык кол салууларына туруштук берүүгө күч берет.

17. Кандайча Лоттун үлгүсү бизди кубаттандыра алат?

17 Ыйсанын жолдоочулары бул дүйнөдөн болбосо да, дүйнөдө жашашат (Жакан 17:11, 16). Дүйнөнүн рухунан эч бирибиз толугу менен кача албайбыз, анткени биз Кудайды жана анын жолдорун сүйбөгөн адамдар менен иштешибиз же жашашыбыз да мүмкүн. Содомдогу адамдардын арасында жашап, алардын мыйзамсыз иштеринен улам «жаны кыйналган» Лотко окшоп, биз да кыйналып жатабызбы? (2 Петир 2:7, 8). Анда кубаттансак болот. Жахаба Лотту куткаргандай эле, бизди да куткара алат. Мээримдүү Атабыз жагдайыбызды көрүп-билип турат жана рухийлигибизди сактай алышыбыз үчүн бизге жардам, күч-кубат берүүгө кудуреттүү (Забур 32:18, 19). Эгерде ага таянсак, ишенсек жана кайрылсак, жагдайыбыз канчалык оор болбосун, ал бизге дүйнөнүн рухуна каршы турууга жардам берет (Ышайа 41:10).

18. Эмне үчүн Жахаба менен болгон мамилебизди жогору баалашыбыз керек?

18 Кудайдан алыстап кеткен жана Шайтанга алданган дүйнөдө Жахабанын батасы менен биз анын эли катары чындыкты билебиз. Ошондуктан арабызда дүйнөдө жок кубаныч жана тынчтык өкүм сүрүүдө (Ышайа 57:20, 21; Галаттыктарга 5:22). Биз кыйрап бараткан азыркы дүйнөнүн руху болбой турган Бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө байланыштуу кереметтүү үмүткө ээбиз. Андыктан Кудай менен болгон баа жеткис мамилебизди жогору баалап, рухий жактан четтеп кетүүдөн сак бололу. Ошондой эле Жахабага дагы көбүрөөк жакындайлы — ал бизге дүйнөнүн рухуна каршы турууга жардам берет (Жакып 4:7, 8).

Түшүндүрө аласыңбы?

• Шайтан адамдарды кандайча алдап азгырат?

• Жахабадан четтеп кетүүдөн кантип сак боло алабыз?

• Дүйнөнүн рухунун күчтүү экенин эмне көрсөтүп турат?

• Кантип Кудайдын рухуна ээ болуп, аны өзүбүздө сактай алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[21—беттеги кутуча]

ДҮЙНӨНҮН АКЫЛМАНДЫГЫ ЖАНА КУДАЙДЫН АКЫЛМАНДЫГЫ

Чындык салыштырмалуу: чындык эмне экенин ар ким өзү чечет.

«[Кудайдын] сөзү — чындык» (Жакан 17:17).

Эмне жакшы, эмне жаман экенин аныктоодо сезимдериңе таян.

«Адамдын жүрөгү баарынан анткор, ал өтө бузулган» (Жеремия 17:9).

Каалаганыңды жаса.

«Өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес» (Жеремия 10:23).

Бакыт байлыкта.

«Бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук» (1 Тиметейге 6:10).