Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, келечегиңерге негиз салып жатасыңарбы?

Жаштар, келечегиңерге негиз салып жатасыңарбы?

Жаштар, келечегиңерге негиз салып жатасыңарбы?

«Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем... ал ой силерге келечек, үмүт бериш үчүн, жаман ой эмес, жакшы ой» (ЖЕРЕМИЯ 29:11).

1, 2. Жаштык кезге кандай эки башка көзкараш менен кароого болот?

ЖАШАП калган кишилердин көбү жаштыкты өмүрдүн эң сонун учуру деп эсептешет. Алар өздөрүнүн күч-кубатка, дем-шыкка толгон, жоопкерчиликтери жокко эсе болуп, ойноп-күлүп жүргөн жана баары алдыда болгон убакты кубаныч менен эскеришет.

2 Бирок силер, жаштар, өзүңөрдүн курагыңарга башкача карайт чыгарсыңар. Ички сезимдериңер өйдө-ылдый болуп, дене-боюңардын өсүп-жетилип жатканына байланыштуу кыйынчылыктарга кабылышыңар, окуган жериңерде болсо теңтуштарыңар тараптан катуу кысымга алынышыңар мүмкүн. Ошондой эле баңгиликке, ичкиликке, адеп-ахлаксыздыкка азгырылбоо үчүн чечкиндүү түрдө күрөшүүгө туура келиши ыктымал. Андан тышкары, көптөгөн жаштар бейтараптуулук маселесине же өздөрүнүн ишенимине байланышкан көйгөйлөргө кабылышат. Ооба, жаштык мезгил оңой убак болбошу мүмкүн. Ошентсе да жаштык кезде, чындыгында, көп мүмкүнчүлүктөр болот. Кептин жөнү аларды кандай пайдаланарыңарда.

Жаштыгыңардын ырахатын көргүлө

3. Сулайман жаштарга кандай кеңеш жана эскертүү берген?

3 Жаштыктын тез өтүп кетери жөнүндө улуу адамдардан угуп эле жүрсөңөр керек. Алар туура айтышат: жаштык курак бир нече жылдан кийин эле артта калат. Ошондуктан жаш кезиңерде жаштыгыңардын ырахатын көргүлө! Сулайман падыша: «Жаш чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын, жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр»,— деп кеңеш берген. Бирок ал жаштарды: «Жүрөгүңдөн кайгыны жок кыл, денеңди жамандыктан алыс кыл»,— деп эскерткен. Андан кийин: «Балалык да, жаштык да курулай убаракерчилик»,— деп кошумчалаган (Насаатчы 11:9, 10).

4, 5. Жаштардын өз келечегинин камын ойлогону эмне үчүн акылмандыкка жатат? Мисал менен бышыктагыла.

4 Сулаймандын эмне айткысы келгенин баамдадыңарбы? Мисалы, бир жаш уландын энчисине кымбат белек же мурас тийди дейли. Ал аны кандай пайдаланат? Ыйсанын үлгү-насаат аңгемесиндеги ысырапкор уулдай болуп, ал улан бүт каражатын ырахаттанууга сарпташы мүмкүн (Лука 15:11—23). Бирок акчасы түгөнгөндө эмне болот? Албетте, өзүнүн ушунчалык жеңил ойлуу болгону үчүн бармагын тиштейт! Же ал, тескерисинче, келечегин ойлоп колундагы каражатын акылмандуулук менен пайдаланат, балким, көбүн салым катары бир жакка салат. Кийинчерээк салымынан киреше ала баштаганда, ал жаш кезинде акчасын чардап жүрүп коротпогонуна өкүнөт деп ойлойсуңарбы? Албетте, өкүнбөйт!

5 Жаш кезиңерди Кудайдын белеги катары көргүлө; ал чындыгында эле ошондой. Жаштыгыңарды силер кандай колдоносуңар? Албетте, келечегиңерди ойлобой көңүл ачып, шапар тээп, бүт күч-кубатыңарды, дем-шыгыңарды керт башыңардын кызыкчылыгына коротушуңар мүмкүн. Бирок анда «балалыгыңар да, жаштыгыңар да курулай убаракерчиликке» айланат. Ошондуктан жаштыгыңарды келечегиңердин камын ойлоп өткөргөнүңөр алда канча жакшы эмеспи!

6. а) Сулаймандын кайсы кеңеши жаштарга жетекчилик берет? б) Жахаба жаштарга эмне кылууну каалайт жана алар бул мүмкүнчүлүктү кантип пайдалана алышат?

6 Сулайман силерге жаштыгыңарды эң сонун өткөрүүгө жардам бере турган принципти айткан. Ал: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген (Насаатчы 12:1). Бул кеңешке ылайык иш кылып, Жахабанын тилин алуу жана эркин аткаруу ийгиликке жеткирет. Жахаба байыркы ысрайылдыктарга: «Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем... ал ой силерге келечек, үмүт бериш үчүн, жаман ой эмес, жакшы ой»,— деп айтып, аларга эмне кылгысы келерин билдирген (Жеремия 29:11). Жахаба силерге да «келечек, үмүт» берүүнү каалайт. Эгер Аны кылган иштериңерде, ойлогон ойлоруңарда жана чыгарган чечимдериңерде эсиңерден чыгарбасаңар, келечегиңер бактылуу болуп, үмүтүңөр ишке ашат (Аян 7:16, 17; 21:3, 4).

«Кудайга жакындагыла»

7, 8. Жаштар Кудайга кантип жакындай алышат?

7 Жакып: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деген сөздөр менен бизди Жахабаны эсибизден чыгарбоого чакырган (Жакып 4:8). Жахаба — Жаратканыбыз, асмандагы Эгедер; ал биздин сыйынуубузга жана даңктообузга татыктуу (Аян 4:11). Буга карабастан, эгерде биз ага жакындасак, ал да бизге жакындайт. Анын сүйүү менен көрсөткөн мындай кызыгуусу жүрөгүңөрдү козгобойбу? (Матай 22:37).

8 Биз Жахабага ар кандай жол менен жакындайбыз. Мисалы, элчи Пабыл мындай дейт: «Туруктуулук менен сыйынгыла, сергектик менен, ыраазычылык келтирүү менен сыйынгыла» (Колостуктарга 4:2). Мындайча айтканда, тиленүүнү адатка айландыргыла. Атаңар же жыйналыштан ишенимдештериңер тиленгенден кийин «оомийин» деп койгонуңарга эле каниет кылбагыла. Жахабага жүрөк түпкүрүндөгү ой-сезимдериңерди, эмне жөнүндө ойлонуп, эмнеден коркуп, кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканыңарды айтып көрдүңөр беле? Аны менен башка бирөөгө айта албай турган сырларыңарды бөлүшүп көрдүңөр беле? Чын жүрөктөн ачык тиленгениңер жүрөгүңөргө тынчтык берет (Филипиликтерге 4:6, 7). Андай тиленүүлөр Жахабага жакындашыбызга жана анын бизге жакындаганын сезүүгө жардам берет.

9. Жаштар Жахабаны кантип уга алышат?

9 Ыйык Китептеги: «Келечекте акылдуу болом десең, кеңешти ук жана айыбыңды ашкерелегенди кабыл ал»,— деген сөздөрдө Жахабага жакындоонун дагы бир жолу көрсөтүлөт (Накыл сөздөр 19:20). Ооба, Жахабаны угуп, ага баш ийүү менен келечегиңерге жакшы негиз саласыңар. Жахабаны угарыңарды кантип көрсөтө аласыңар? Албетте, силер жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз барып, программаны кунт коюп угасыңар. Ошондой эле үй-бүлөлүк изилдөөгө катышуу менен «ата-энеңерди сыйлайсыңар» (Эфестиктерге 6:1, 2; Эврейлерге 10:24, 25). Бул мактоого татырлык. Бирок, андан тышкары, жолугушууларга даярданууга, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз окууга, изилдөө жүргүзүүгө убакыт бөлөсүңөрбү? «Акылдуулардай жашаш» үчүн окуганыңарды иш жүзүндө колдонууга аракеттенесиңерби? (Эфестиктерге 5:15—17; Забур 1:1—3). Эгер ушулардын баарын кылып жүрсөңөр, анда Жахабага жакындап жатасыңар.

10, 11. Жаштардын Жахабаны угушу канчалык пайдалуу?

10 Накыл сөздөр китебинин алгачкы аяттарында Кудайдан шыктандырылган жазуучу ал китептин эмне максатта жазылганын мындайча түшүндүрөт: «Бул сөздөр акылмандыкка жетиш үчүн, акыл-насаатты угуш үчүн, накыл кептерди түшүнүш үчүн, эстүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, соттун, чындыктын эрежелерин өздөштүрүш үчүн, жөнөкөйлөргө зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк бериш үчүн жазылган» (Накыл сөздөр 1:1—4). Ошондуктан Накыл сөздөр китебин жана Ыйык Жазманын калган китептерин окуп, үйрөнгөндөрүңөрдү иш жүзүндө колдонуу менен адилеттүүлүк, чынчылдык сапаттарын өрчүтөсүңөр жана Жахабага жакындап, аны кубандырасыңар (Забур 14:1—5). Канчалык зээндүү, билимдүү жана эстүү болсоңор, чыгарган чечимдериңер ошончолук мыкты болот.

11 Жаштардын ушинтип акылмандык менен иш кыларына үмүттөнүүгө болобу? Ооба, анткени Ыйсаны жолдогон көп жаштар ошентишүүдө. Натыйжада башкалар «жашсынтышпай», аларга урмат-сый менен мамиле кылышат (1 Тиметейге 4:12). Ошондой эле андай жаштар ата-энелеринин сыймыгы болуп, Жахабанын жүрөгүн кубантышат (Накыл сөздөр 27:11). Алар жаш болушса да, Кудайдан шыктандырылган забурчунун: «Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги тынчтык»,— деген сөздөрүнүн аларга да тиешелүү экенине бекем ишенишсе болот (Забур 36:37).

Туура тандоо жасагыла

12. Жаштар жасачу маанилүү тандоолордун бири кайсы жана эмне үчүн ал олуттуу болуп саналат?

12 Жаштык кезде көп тандоо жасоого туура келет; айрымдары аябай олуттуу. Алардын кээ бирлери жашооңорго көп жылдар бою таасир этет. Акылдуулук менен жасалган тандоолор бактылуу, ийгиликтүү өмүр сүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал эми акылсыз тандоолор бактыңарга балта чабышы мүмкүн. Мунун калетсиздигин эки нерсенин негизинде карап көрөлү. Биринчиси — дос тандоо. Кимдер менен достошорубуз канчалык маанилүү? Буга Кудайдан шыктандырылган накыл сөздө: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген жооп бар (Накыл сөздөр 13:20). Башкача айтканда, кимдер менен достошсок, бара-бара биз да ошолордой (же акылдуу, же акылсыз) болобуз. Силер кандай адам болууну каалайт элеңер?

13, 14. а) Достошууга адамдар менен болгон байланыштан тышкары дагы эмнелер кирет? б) Жаштар кандай катадан качышы керек?

13 Достошуу деп силер адамдардын ортосундагы карым-катнашты түшүнүшүңөр мүмкүн. Бул туура, бирок анын ичине башка нерселер да кирет. Сыналгы көрүү, музыка угуу, китеп окуу, киного баруу же Интернетти колдонуу да бирөөлөр менен мамилелешкендикке жатат. Эгер мындай мамилелешүү зордук-зомбулуктуу жана адеп-ахлаксыз каалоолорду канааттандырууга багытталса же баңгизат колдонууга, аракечтикке же ыйык китептик принциптерге карама-каршы келген башка иштерге үндөсө, анда силер өзүн Кудай жоктой алып жүргөн «акылсыз адам» менен достошуп жаткан болосуңар (Забур 13:1).

14 Жолугушууларга катышып, жыйналышта активдүү болгонуңардан улам өзүңөрдү рухий жактан күчтүү деп эсептеп, мыкаачылыктарга толгон фильмдер же обону жакшы, бирок сөздөрү шектүү ырлар силерге таасир этпейт деп ойлошуңар мүмкүн. Балким, Интернеттен порнографиялык Web-сайтты көз жүгүртө карап көрүү эч кандай деле терс натыйжага алып келбейт деп ойлойттурсуңар. Элчи Пабыл мындай ой жүгүртүүңөрдүн туура эмес экенин билдирет! «Алданбагыла, жаман чөйрөлөр жакшы адаттарды бузат»,— дейт ал (1 Корунттуктарга 15:33, СК). Тилекке каршы, Ыйсаны жолдогон көп азамат жаштар жаман чөйрөлөрдүн айынан өздөрүнүн жакшы адаттарын бузуп алышкан. Ошондуктан андай чөйрөлөрдөн качууга чечкиндүү болгула. Ошондо Пабылдын: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө»,— деген кеңешине ылайык иш кылган болосуңар (Римдиктерге 12:2).

15. Жаштарга дагы кандай тандоо жасоого туура келет жана буга байланыштуу алар кандай кысымга кабылышы мүмкүн?

15 Турмуш дагы бир тандоо жасашыңарды талап кылат. Мектепти бүткөндөн кийин эмне кылуу керектигин чечүүгө убакыт келет. Эгер жумуш табуу кыйынга турган өлкөдө жашасаңар, эптеп бир жакшы ишке орношууга умтулушуңар мүмкүн. А эгер өнүккөн өлкөдө жашасаңар, тескерисинче, жумуш табууга мүмкүнчүлүктөр көп болуп, айрымдары азгырып кызыктырышы ыктымал. Келечегиңерге чын жүрөктөн кызыкдар болуп, мугалимдериңер же ата-энеңер силерди финансылык коопсуздукка, атүгүл байлыкка ээ кылчу кесипке умтулууга үндөшү мүмкүн. Бирок андай кесипке ээ болуу үчүн, көп окуп, Жахабага кызмат кылууга аз убакыт бөлүп калышыңар ыктымал.

16, 17. Ыйык Китептин жаштарга кесип тандоодо теңсалмактуу болууга кандай жардам бере аларын түшүндүргүлө.

16 Чечим чыгарардын алдында Ыйык Китептен кеңеш издөөнү унутпагыла. Ыйык Китепте өзүбүздү камсыз кылууга жооптуу экенибиз көрсөтүлүп, жашоого каражат табуу үчүн эмгектенүүгө кеңеш берилет (2 Тесалоникалыктарга 3:10—12). Бирок кесип тандоодо башка нерселерди да эске алуу керек. Биз силерди төмөнкү аяттарды окуп чыгууга жана алардын жаштарга чечим чыгарууда теңсалмактуу болууга кандай жардам бере алары тууралуу ойлонуп көрүүгө үндөйбүз: Накыл сөздөр 30:8, 9; Насаатчы 7:11, 12; Матай 6:33; 1 Корунттуктарга 7:31; 1 Тиметейге 6:9, 10. Бул аяттардан Жахабанын аталган маселеге кандай карай турганын байкадыңарбы?

17 Жумуш маселеси эч качан Жахабага кылган кызматыбызды аксаткыдай өтө маанилүү нерсеге айланбашы керек. Эгер орто билимиңер менен эле ылайыктуу жумуш таба алсаңар жакшы. А эгер орто билим алгандан кийин да кошумча окуш керек болсо, ата-энеңер менен акылдашканыңар абзел. Бирок «маанилүүрөөк нерселерди» — рухий иштерди — эч убакта көңүлүңөрдөн чыгарбагыла (Филипиликтерге 1:9, 10). Жеремиянын катчысы Барухтун катасын кайталабагыла. Ал ардактуу кызматын баалабай, «өзүнө улуу нерсени сурай» баштаган (Жеремия 45:5). Барух бул дүйнөдөгү эч бир «улуу нерсенин» аны Жахабага жакындатпай турганын же Иерусалим кыйраганда аман калууга жардам бербесин бир аз убакытка унутуп койгон. Андай абалга биз да кабылышыбыз мүмкүн.

Рухий нерселерди баалагыла

18, 19. а) Коңшулаш турган адамдардын көбү эмнеден азап тартып жатышат жана аларга карата кандай сезимде болушубуз керек? б) Эмне үчүн көптөр рухий ачкалыкты сезишпейт?

18 Сыналгыдан же журналдардан ачарчылык өкүм сүргөн өлкөлөрдөгү балдарды көрдүңөр беле? Көрсөңөр, аларга бооруңар оорубай койбогондур. Ал эми коңшулаш турган адамдарга бооруңар ооруйбу? Эмне үчүн оорушу керек? Анткени алардын да басымдуу бөлүгү ачка жүрөт. Алар Амос пайгамбар алдын ала айткан ачарчылыктан азап тартып жатышат. Ал мындай деген: «Мына, күндөр келе жатат,— дейт Теңир,— ошол күндөрү Мен жер жүзүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем» (Амос 8:11).

19 Ооба, рухий ачарчылыктан азап тарткандардын көбү өздөрүнүн «рухий муктаждыктарын сезишпейт» (Матай 5:3, «ЖД»). Көптөр рухий ачкалыкты туюшпайт. Ал түгүл, кээ бирөөлөр өздөрүн ток деп эсептеши да мүмкүн. Анткени алар өз ичине дүнүйөкорлукту, илимий божомолдоону, адеп-ахлактыкка карата ар кыл ой-пикирлерди жана башка ушу сыяктуу нерселерди камтыган «дүйнөнүн [куру бекер] акылмандуулугу» менен азыктанышат. Айрымдар ыйык китептик окууларды азыркы замандагы «акылмандуулукка» салыштырмалуу эскирип калган деп эсептешет. Бирок дүйнө Кудайды өзүнүн акылмандуулугу менен таанып-билген жок. Дүйнөнүн акылмандуулугу бизге Кудайга жакындоого жардам бербейт. Ал акылмандык «Кудайдын алдында акылсыздык» гана (1 Корунттуктарга 1:20, 21; 3:19).

20. Жахабага сыйынбаган адамдардай болууну каалоо эмне үчүн акылдуулукка жатпайт?

20 Курсагы ачка балдарды көргөндө, алардын ордунда болууну каалайсыңарбы? Албетте, жок! Бирок Ыйсаны жолдогон үй-бүлөлөрдө рухий жактан ачка жүргөн адамдардай болгусу келген жаштар жок эмес. Кыязы, мындай улан-кыздарга дүйнөдөгү жаштар эч нерседен капарсыз ойноп-күлүп жүргөндөй көрүнөт. Адатта, алар андай жаштардын Жахабадан алыс турарын эске албай калышат (Эфестиктерге 4:17, 18). Алар рухий ачкачылыктын кандай кесепеттери бар экенин да унутуп коюшат. Андай кесепеттердин кээ бирлери — жашы жете электердин арасындагы күтүлбөгөн кошбойлуулук, ошондой эле адеп-ахлаксыздыктын, тамеки тартуунун, ичкиликке берилүүнүн жана баңгизат колдонуунун денелик жана эмоциялык жактан зыяндуу таасирлери. Рухий ачкалык козголоңчулдукка, ичте катылган үмүтсүздүккө жана маанисиз жашоого алып келет.

21. Өзүбүздү Жахабага кызмат кылбагандардын терс көзкарашынан кантип коргой алабыз?

21 Андыктан мектепте Жахабага кызмат кылбагандардын арасында болгонуңарда алардын көзкарашынын өзүңөргө терс таасир этишине жол бербегиле (2 Корунттуктарга 4:18). Кээ бирөөлөрү рухий нерселер жөнүндө жийиркенич менен сүйлөйт. Андан тышкары, массалык маалымат каражаттарында бузукулук кылуу, мас болуу же сөгүнүү эч жаман жери жок нерседей көрсөтүлөт. Мындай таасирге алдырбагыла. Дайыма «ишенимин жана абийирин таза сактаган» адамдар менен пикирлешкиле. «Ар дайым Теңирдин ишинде көп эмгектенгиле» (1 Тиметейге 1:19; 1 Корунттуктарга 15:58, «ЖД»). Жыйналышта жана кабар айтууда активдүү болгула. Мектепте окуп жүргөндө мезгил-мезгили менен көмөкчү пионер болуп кызмат кылгыла. Ошентип, рухийлигиңерди курчутуп, теңсалмактуулугуңарды сактай аласыңар (2 Тиметейге 4:5).

22, 23. а) Эмне үчүн Ыйсанын жаш жолдоочуларынын чечимдери көп учурда башкаларга түшүнүксүз болот? б) Жаштар эмне кылууга чакырылат?

22 Бардык нерсеге рухий көзкараш менен карап чыгарган чечимдериңер башкаларга түшүнүксүз болушу мүмкүн. Мисалы, Ыйсаны жолдогон бир жаш жигит таланттуу музыкант жана бардык сабактарын мыкты билген окуучу болгон. Мектепти бүткөндөн кийин ал алдына койгон максатын ишке ашыруу үчүн, тактап айтканда, пионер — толук убакыт кабар тараткан кызматчы — болуу үчүн, атасына кошулуп терезе жууп иштей баштаган. Анын эмне себептен мындай чечим чыгарганын мугалимдери такыр түшүнүшкөн эмес, бирок, Жахабага жакындаган болсоңор, силердин түшүнөрүңөр шексиз.

23 Эмесе, жаштыгыңардын баа жеткис мүмкүнчүлүктөрүн кантип колдоно аларыңарды ойлоп, «түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өзүңөргө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнагыла» (1 Тиметейге 6:19). Жаш кезиңерде жана өмүр бою «Жаратканыңарды эсиңерден чыгарбоого» чечкиндүү болгула. Бул — бактылуу келечекке, эч качан аягы болбой турган келечекке, негиз салуунун жалгыз жолу.

Кандай корутунду чыгарасыңар?

• Жаштарга келечегин ойлонуштурууга Кудайдан шыктандырылган кайсы кеңеш жардам берет?

• Жаштар кандай жолдор менен «Кудайга жакындай» алышат?

• Жаштардын келечегине таасир эте турган чечимдердин айрымдары кайсылар?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Жеке иштериңер бүт күч-кубатыңарды, дем-шыгыңарды алып жаткан жокпу?

[27-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон акылдуу жаштар рухий көзкарашын таза сакташат.