Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жеремиядай кайраттуу болгула

Жеремиядай кайраттуу болгула

Жеремиядай кайраттуу болгула

«Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн» (ЗАБУР 26:14).

1. Жахабанын Күбөлөрү кандай мол батага ээ?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ рухий бейиште жашайт (Ышайа 11:6—9). Азыркы тынчы жок дүйнөдө алар эң бир сонун рухий чөйрөдө — Жахаба Кудай менен жана бири-бири менен тынчтыкта болгон биртуугандарынын арасында — кызмат кылышат (Забур 28:11; Ышайа 54:13). Алардын рухий бейиши улам кеңейүүдө. Буга «Кудайдын эркин чын жүрөктөн аткаргандардын» баары салым кошуп жатышат (Эфестиктерге 6:6). Кантип? Алар Ыйык Китептин принциптерине ылайык жашап жана башкаларды да ошого үйрөтүп, рухий бейиштин мол баталарын алууга чакырышат (Матай 28:19, 20; Жакан 15:8).

2, 3. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары эмнелерге дуушар болушууда?

2 Бирок рухий бейиште жашаганыбыз сыноолорго дуушар болбой турганыбызды билдирбейт. Дагы деле жеткилеңсиз болгондуктан биз оорунун, карылыктын жана өлүмдүн айынан азап тартып жатабыз. Ошону менен бирге, биз «акыркы убакка» карата айтылган пайгамбарлыктардын аткарылып жатканына күбө болуудабыз (2 Тиметейге 3:1). Согуштар, кылмышкерлик, оору, ачарчылык жана башка оор кыйынчылыктар бүт адамзатты, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүн да жапа тарттырууда (Марк 13:3—10; Лука 21:10, 11).

3 Булардан тышкары, биз рухий бейиштин жылуу чөйрөсүнүн сыртында каршылыктын суук шамалдары согуп турарын жакшы билебиз. Ыйса өзүнүн жолдоочуларын: «Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт. „Кул өз кожоюнунан өйдө эмес“ деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат»,— деп эскерткен (Жакан 15:18—21). Бүгүн да жагдай ошондой. Адамдардын көбү диний ишенимдерибизди дагы деле түшүнүшпөйт же баалашпайт. Кээ бирөөлөрү бизди сынга алышат, шылдыңдашат, ал түгүл, Ыйса эскерткендей, жек көрүшөт (Матай 10:22). Массалык маалымат каражаттарында биз жөнүндө жалган маалыматтар жана заар ушактар таратылган учурлар аз эмес (Забур 108:1—3). Ооба, баарыбыз сыноого дуушар болуп жатабыз. Мунун кесепетинен айрымдарыбыздын ындыныбыз өчө башташы мүмкүн. Анда кантип бекем боло алабыз?

4. Кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн жардамды кимден издейбиз?

4 Жахаба бизди жардамсыз калтырбайт. Рухтун жетеги менен забурчу: «Адил адамдын кайгысы көп, бирок аны бардык кайгысынан Теңир куткарат»,— деп жазган (Забур 33:20; 1 Корунттуктарга 10:13). Жахабага толугу менен таянсак, ал бизге бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүгө күч берерин арабыздан көптөр тастыктай алат. Кудайга болгон сүйүүбүз жана алдыбызда күтүп турган кубаныч чөкпөөгө жана коркпоого жардам берет (Эврейлерге 12:2). Ошентип, кыйынчылыктарга карабай бекем бойдон кала алабыз.

Кудайдын Сөзү Жеремияны бекемдеген

5, 6. а) Кыйынчылыктарга туруштук берген чыныгы кызматчыларга байланыштуу кандай мисалдар бар? б) Пайгамбар болууга чакырылганда Жеремия кантип жооп кайтарган?

5 Тээ илгертен бери эле Жахабанын ишенимдүү кызматчылары оор жагдайларга карабай кызматтан кубаныч таап келишкен. Кээ бирөөлөрү Жахаба ишенимсиздерге каарын төккөн учурларда жашаган. Мындай ишенимдүү кызматчылардын арасында Жеремия жана анын айрым замандаштары, ошондой эле Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары болгон. Ошол тарыхый мисалдар биздин күч-кубат алышыбыз үчүн Ыйык Китепке жазылган жана аларды изилдөөдөн көп нерселерге үйрөнө алабыз (Римдиктерге 15:4). Мисалга Жеремияны алалы.

6 Жеремия жаш кезинде Жүйүт жеринде пайгамбар болуп кызмат кылууга чакырылган. Бул оңой иш эмес эле. Анткени көптөр жалган кудайларга табынып кетишкен. Жеремия кызматын баштаган убакта падышалык кылган Жошия Кудайдын алдында ишенимдүүлүгүн сактаганы менен, андан кийинки падышалардын баары ишенимсиз болушкан. Ошондой эле элди окутууга жооптуулардын көбү: пайгамбарлар, ыйык кызмат кылуучулар чындык жолу менен жүрүшкөн эмес (Жеремия 1:1, 2; 6:13; 23:11). Ошондуктан, Жахаба Жеремияны пайгамбар болууга чакырганда, аны кандай сезим чулгаган? Коркунуч! (Жеремия 1:8, 17). Алгач кантип жооп кайтарганын Жеремия: «Мен: „Оо, Кудай-Теңир! Мен сүйлөгөндү билбейм, анткени мен али жашмын“,— дедим»,— деп эскерген (Жеремия 1:6).

7. Жеремияны адамдар кандай кабыл алышкан жана бул ага кандай таасир эткен?

7 Жеремия кабар айткан аймактагы адамдардын көбү ага кулак какпай, көп жолу катуу каршылык көрсөтүшкөн. Бир жолу ыйык кызмат кылуучу Пашкур аны уруп, көзөнөк жыгачка отургузуп койгон. Жеремия ошол учурда кандай сезимде болгонун минтип билдирген: «Мен: „Мындан ары Теңир жөнүндө адамдардын эсине салбайм, мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм“,— деп ойлодум». Кээде силерге да ушундай ой келип, багынууну каалаган учурларыңар болот чыгар. Анда туруктуу бойдон калууга Жеремияга эмне жардам бергенин байкасаңар. Ал: «Жүрөгүмдөгү Теңирдин сөзү сөөктөрүмө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен кармап жүрүп кыйналып бүттүм, андан ары кармай албай калдым»,— деген (Жеремия 20:9). Кудайдын сөздөрү силерге да ошондой таасир этеби?

Жеремиянын шериктери

8, 9. а) Урий пайгамбар кантип коркоктук кылган жана бул эмнеге алып келген? б) Барухтун ындыны эмнеден улам өчкөн жана ага кандай жардам көрсөтүлгөн?

8 Жеремия пайгамбарлык ишин аткарууда жалгыз болгон эмес. Анын шериктери болгон жана бул ага дем-кубат берип турган болуш керек. Бирок ал шериктери кээде акылсыз иш кылышкан. Мисалы, Урий аттуу пайгамбар Иерусалимде жана Жүйүт жеринде «так эле Жеремия айткан сөздөр» менен Кудайдын эскертүүлөрүн айтып жүргөн. Бирок Жайаким падыша аны өлтүрүүгө буйрук бергенде, ал пайгамбар коркконунан Мисирге качып кеткен. Бирок жанын сактап кала алган эмес. Падышанын кишилери артынан кууп барып, аны кайра Иерусалимге алып келишкен да, ошол жерден өлтүрүшкөн. Жеремия үчүн бул кандай үрөй учурарлык кабар болгон! (Жеремия 26:20—23).

9 Жеремиянын дагы бир шериги — өзүнүн катчысы Барух. Жеремияга жакшы жөлөк-таяк болсо да, бир жолу ал да рухий жактан аксап калган. Ал нааразыланып: «Мага кайгы! Анткени Теңир менин дартымдын үстүнө кайгы кошту. Мен онтогондон чарчадым, бирок жаным жай таппай жатат»,— деп айткан. Ындыны өчкөн Барух рухийликти баалабай баштаган. Бирок Жахаба жушмактык менен акылдуу кеңеш берген соң, ал көзкарашын оңдогон. Анан Иерусалимдин кыйроосунан аман өтөрү жөнүндө ынандыруу алган (Жеремия 45:1—5). Барухтун рухий жактан кайрадан өзүнө келгени Жеремияны абдан эле кубаттандырса керек!

Жахаба пайгамбарын колдогон

10. Жахаба Жеремияга колдоо көрсөтөрү жөнүндө кандай убадаларды берген?

10 Эң маанилүүсү, Жахаба Жеремияны калтырган эмес. Ал пайгамбарынын сезимин түшүнгөн жана ага зарыл күч-кубат берип, колдоо көрсөткөн. Мисалы, Жеремия башында өзүнүн пайгамбар болууга жарактуулугуна шектенерин билдиргенде, Жахаба аны: «Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин»,— деп ынандырган. Анан кандай тапшырма аткарарын айтып, Жахаба ага: «Алар сага каршы күрөшөт, бирок сени жеңе алышпайт, анткени сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин»,— деген (Жеремия 1:8, 19). Жеремияны бул кандай жубаткан! Жахаба ага берген убадасын аткарган.

11. Жахабанын Жеремияны колдой турганы жөнүндөгү убадасын аткарганын кайдан билебиз?

11 Ошондуктан көзөнөк жыгачка отургузулуп, шылдыңга алынгандан кийин Жеремия: «Күчтүү күрөшүүчүдөй болгон Теңир мени менен. Ошондуктан мени куугунтуктагандар өздөрү мүдүрүлүшөт, мени жеңе алышпайт. Катуу уятка калышат»,— деп ишенимдүүлүк менен айткан (Жеремия 20:11). Бир канча жылдан кийин Жеремияны өлтүрүүгө аракет жасалганда, Жахаба аны таштаган эмес. Иерусалим кыйратылганда Жеремия, Барухка окшоп, куткарылып, эркиндикте калган, ал эми аны куугунтуктагандар жана анын эскертүүлөрүн четке каккандар же кылычтан өлүшкөн, же Бабылга туткундалып кетишкен.

12. Ындыныбыз өчкөндө эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

12 Жеремияга окшоп, бүгүн Жахабанын көптөгөн Күбөлөрү сыноолорго дуушар болушууда. Жогоруда айтылып өткөндөй, ал сыноолордун айрымдары — өзүбүздүн жеткилеңсиздигибизден, башкалары — дүйнөдө өкүм сүргөн башаламандыктан, дагы башкалары кабар айтуу ишибизге көрсөтүлгөн каршылыктан улам пайда болот. Мындай сыноолор ындыныбызды өчүрүшү мүмкүн. Жеремияга окшоп, кызматыбызды уланта аларыбызга шектене башташыбыз ыктымал. Бирок мезгил-мезгили менен көңүлүбүздүн чөгүп турушу табигый нерсе. Ындыныбыз өчкөндө, Жахабага болгон сүйүүбүз сыналып, анын канчалык терең экени айкындалат. Ошондуктан, Урийдей болбой, көңүл чөгөттүктүн айынан Жахабага кылган кызматыбызды таштап койбоого чечкиндүү бололу. Ошондой эле Жеремияны туурап, Жахабанын колдооруна бекем ишенели.

Көңүл чөгөттүк менен күрөшүү

13. Жеремия менен Дөөттөн кандай үлгү алсак болот?

13 Жеремия Жахаба Кудайга өзүнүн сезимдерин айтып, күч-кубат сурап тиленип, аны менен дайыма тыгыз байланышта болгон. Бул — биз үчүн эң сонун үлгү. Байыркы убакта күч-кубаттын ошол эле Булагына таянган Дөөт: «Теңир, сөздөрүмдү ук, ойлорумду түшүн. Муң-зарыма кулак сал, Падышам менин, Кудайым менин! Анткени мен Сага сыйынып жатам»,— деп жазган (Забур 5:2, 3). Дөөттүн жашоосу тууралуу билдирүү көрсөтүп тургандай, Жахаба анын жардам сураган тиленүүлөрүн эч качан жоопсуз калтырган эмес (Забур 17:2, 3; 20:2—6). Ошо сыяктуу эле, кысым катуу болгондо же кыйынчылыктарыбыз чечилгистей болуп көрүнгөндө, Жахабага тиленүү менен кайрылып, ага жүрөгүбүздөгү ой-санааларыбызды айтсак, зор жубатуу алабыз (Филипиликтерге 4:6, 7; 1 Тесалоникалыктарга 5:16—18). Жахаба бизди угуудан баш тартпайт. Тескерисинче, ал бизди өзүнүн «кам көрөрүнө» ынандырат (1 Петир 5:6, 7). Бирок Жахабага тиленип, анан кайра анын сөзүн укпай койгонубуз акылдуулукка жатат беле?

14. Жахабанын сөздөрү Жеремияга кандай таасир берген?

14 Жахаба бизге кантип кайрылат? Кайрадан Жеремияны мисалга алалы. Ал пайгамбар болгондуктан, Жахаба аны менен түзмө-түз байланышкан. Кудайдын сөздөрү жүрөгүнө кандай таасир эткенин Жеремия: «Мен Сенин сөздөрүңө кулак салып, аларды жутуп алдым. Сенин сөзүң мен үчүн кубаныч, менин жүрөгүмө шаттык болуп калды, анткени Себайот Кудай-Теңир, мен Сенин ысымың менен аталам»,— деп көрсөткөн (Жеремия 15:16). Ооба, Жеремия Кудайдын ысымы менен аталганына кубанган жана Анын сөздөрүн баалаган. Ошондуктан, элчи Пабылга окшоп, ал өзүнө тапшырылган кабарды жарыялоого ынтызар болгон (Римдиктерге 1:15, 16).

15. Жахабанын сөздөрүн жүрөгүбүзгө кантип сиңире алабыз жана унчукпай койбоого чечкиндүү болушубузга эмне түрткү берет?

15 Бүгүн Жахаба эч ким менен түзмө-түз сүйлөшпөйт. Бирок биз Анын сөздөрүн Ыйык Китептен окуй алабыз. Ошондуктан Ыйык Китепти изилдөөгө олуттуу мамиле кылсак жана андан окугандарыбыз тууралуу терең ой жүгүртсөк, Кудайдын сөздөрү биздин да жүрөгүбүзгө кубаныч жана шаттык тартуулайт. Ошондой эле ал сөздөрдү башкаларга айтып берүүгө чыкканда Жахабанын ысмын алып жүргөнүбүзгө сыймыктансак болот. Бүгүн дүйнөдө Жахабанын ысмын жарыялаган башка бир да эл жок экенин эч качан унутпайлы. Жахабанын Күбөлөрү гана Кудайдын асманда орнотулган Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, момун адамдарды Ыйса Машайактын шакирттеринен болууга үйрөтүп жатышат (Матай 28:19, 20). Биз үчүн бул кандай зор сыймык! Жахаба бизге сүйүүсүнөн ушундай ардактуу тапшырма берип жатса, кантип унчукпай коё алабыз?

Пикирлешүү чөйрөбүзгө көңүл буралы

16, 17. Пикирлешүү чөйрөсүнө Жеремия канчалык олуттуу караган жана биз аны кантип туурай алабыз?

16 Жеремия кайраттуу болууга өзүнө дагы эмне жардам бергенин төмөнкүчө билдирген: «Мен күлгөндөрдүн арасында отурган жокмун, кубанган жокмун. Мен Сенин колуңдун астында жалгыз отурдум, анткени Сен мени кыжырданууга толтурдуң» (Жеремия 15:17). Ал жаман адамдардын терс таасирине кабылгандан көрө жалгыз болууну артык көргөн. Бүгүн биз да ошондой көзкараштабыз. Көп жылдан бери жакшы адаттарга ээ болуп келсек да, элчи Пабылдын: «Жаман чөйрөлөр жакшы адаттарды бузат»,— деген эскертүүсүн эч качан унутпайбыз (1 Корунттуктарга 15:33, СК).

17 Жаман чөйрөлөр ой жүгүртүүбүздү дүйнөнүн руху менен булгашы мүмкүн (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2; Жакып 4:4). Ошондуктан, келгиле, ой-сезимибизди жаман чөйрөлөрдү ажырата билүүгө үйрөтүп, алардан чечкиндүү түрдө алыс бололу (Эврейлерге 5:14). Кандай деп ойлойсуңар, эгер Пабыл бүгүн арабызда жашаса, ал адеп-ахлаксыздыкты же зордук-зомбулукту камтыган фильмдерди же спорт оюндарынын ырайымсыз түрлөрүн көргөн Ыйсанын жолдоочусуна эмне дээр эле? Интернет аркылуу бейтааныш адамдар менен достошууга аракеттенген биртууганга кандай кеңеш берет эле? Көп саат бою видеооюндарды ойногон же сыналгы көргөн, бирок жекече изилдөө өткөрбөгөн ишенимдеши жөнүндө ал кандай ойдо болмок? (2 Корунттуктарга 6:14б; Эфестиктерге 5:3—5, 15, 16).

Мындан ары да рухий бейиште болгула

18. Рухий жактан күчтүү бойдон калууга эмнелер жардам берет?

18 Биз рухий бейишибизди жогору баалайбыз. Бүгүн дүйнөдө ага анча-мынча болсо да окшош эч нерсе жок. Ыйсанын жолдоочуларынын бири-бирине сүйүү, урмат-сый жана боорукердик көрсөтүүсүнө Күбө эмес адамдар да баа беришет (Эфестиктерге 4:31, 32). Ошондой болсо да, көңүл чөгөттүк менен азыр мурункудан көбүрөөк күрөшүшүбүз керек. Туура тандалган чөйрө, тиленүү жана үзгүлтүксүз изилдөө жүргүзүү рухий жактан күчтүү бойдон калууга жардам берет. Булар бизди бекемдеп, бардык сыноолорду толугу менен Жахабага таянып жеңүүгө даярдайт (2 Корунттуктарга 4:7, 8).

19, 20. а) Туруктуу болууга бизге эмне жардам берет? б) Эмки макала кимдерге арналат жана ал кимдер үчүн да кызыктуу болот?

19 Ыйык китептик кабарыбызды жек көргөндөрдүн бизди жүрөкзаада кылышына жана ишенимибизди алсыратышына эч качан жол бербешибиз керек. Жеремияны куугунтуктаган душмандарга окшоп, бизге каршылык көрсөткөндөр, чынында, Кудайга каршылык көрсөтүп жатышат. Алар жеңишке жетишпейт. Душмандарыбыздан алда канча күчтүү болгон Жахаба бизге: «Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн»,— дейт (Забур 26:14). Эмесе, Жахабага болгон үмүттүн жүрөгүбүздөн терең орун алышына өбөлгө түзүп, мындан ары да жакшылык кыла берүүгө чечкиндүү бололу. Алсырап калбасак, Жеремия менен Барухка окшоп, өз учурунда жыйнап аларыбызга бекем ишенели (Галаттыктарга 6:9).

20 Ыйсанын көп жолдоочуларына көңүл чөгөттүк менен ар дайым күрөшүүгө туура келүүдө. Айрыкча, жаштар өзгөчө сыноолорго кабылып жатышат. Ошол эле учурда алар эң сонун мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эмки макала арабыздагы жаштарга арналат. Макала жыйналыштагы жаштарга өздөрүнүн сөзү, үлгүсү жана тикеден-тике колдоосу менен жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер жана Кудайга арналган бардык чоңдор үчүн да кызыктуу болот.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Көңүл чөктүргөн жагдайларга туш болорубузду эмне үчүн күтсөк болот жана кимден жардам издешибиз керек?

• Тапшырмасы оор болгонуна карабай, Жеремия көңүл чөгөттүктү кантип жеңе алган?

• Кыйынчылыктарга карабай жүрөгүбүздү кубанычка жана шаттыкка эмне бөлөйт?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Жеремия өзүн пайгамбар болууга өтө жаш, тажрыйбасыз деп эсептеген.

[20-беттеги сүрөт]

Куугунтук учурунда да Жеремия «күчтүү күрөшүүчүдөй» болгон Жахабанын өзү тарапта экенин билген.