Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Катаал дүйнөдө боорукер болууга умтулгула

Катаал дүйнөдө боорукер болууга умтулгула

Катаал дүйнөдө боорукер болууга умтулгула

«Адамдагы баалуу нерсе — анын мээримдүү боорукердиги» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 19:22, «ЖД»).

1. Боорукердик көрсөтүү эмне үчүн кыйынга турушу мүмкүн?

СЕН өзүңдү боорукермин деп эсептейсиңби? Боорукер адамдар үчүн азыркы дүйнөдө жашоо жеңил болбошу мүмкүн. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, боорукердик рухтун жемишине кирет. Анда эмне үчүн христиандык деп аталган өлкөлөрдө да боорукердик көрсөтүү абдан кыйынга турат? (Галаттыктарга 5:22). Мурунку макалада айтылып өткөндөй, мунун бир себеби элчи Жакандын сөздөрүндө көрсөтүлгөн: бүт дүйнө ташбоор рухий жаратуунун, Шайтан Ибилистин, башкаруусу астында (1 Жакан 5:19). Ыйса Машайак Шайтанды «бул дүйнөнүн төрөсү» деп атаган (Жакан 14:30). Ошондуктан бул дүйнө өзүнүн козголоңчул жана каардуу төрөсүнүн сапаттарын чагылдырууда (Эфестиктерге 2:2).

2. Боорукер болууга эмнелер тоскоол болушу мүмкүн?

2 Башкалардын жаман мамилеси бизге терс таасирин тийгизет. Андай мамилени ачуулуу коңшуларыбыздан, мамилеси салкын адамдардан, ал түгүл, кээде ойлонбой иш кылган жоро-жолдошторубуздан же жакындарыбыздан көрүшүбүз ыктымал. Кыйкырган, сөгүнүп-сагынган орой адамдар менен мамилелешүү көп учурда көңүлүбүздү оорутат. Ошондуктан башкалардын боорукерсиздиги бизди да катаалдандырып, жамандыкка жамандык менен жооп берүүгө түрткү бериши мүмкүн. Мындай сезимдер рухий же денелик саламаттыгыбызга да кедергисин тийгизиши этимал (Римдиктерге 12:17).

3. Кандай олуттуу кыйынчылыктардан улам адамдарга боорукердик көрсөтүү оңой эмес?

3 Дүйнөдөгү абал оор болгондуктан да башкаларга боорукердик көрсөтүү оңой эмес. Маселен, азыр жалпы адамзат террорчулардын опузаларынан, теракттардан, ошондой эле ар кайсы улуттук топтордун биологиялык же ядролук куралдарды колдонуп жиберишинен коркуп жашап жатат. Андан тышкары, миллиондогон адамдар тамак-аштан, турак-жайдан, кийим-кечеден жана медициналык камкордуктан өксүп, жакырчылыкта эптеп күн көрүшүүдө. Жагдайдын жакшырарына үмүт аз болгондо, башкаларга боорукердик көрсөтүү оңой эмес (Насаатчы 7:7, «ЖД»).

4. Башкаларга боорукердик көрсөтүүгө байланыштуу адам кандай туура эмес жыйынтыкка келиши мүмкүн?

4 Адам боорукердик көрсөтүү өтө деле зарыл эмес, атүгүл ал алсыздыктын белгиси деген жыйынтыкка оңой эле келиши ыктымал. Айрыкча, башкалар сезимдерин тебелеп-тепсегенде, алар анын боорукердигинен пайдаланып жаткандай сезилиши мүмкүн (Забур 72:2—9). Бирок Ыйык Китептеги: «Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт»,— деген сөздөр бизге туура багыт берет (Накыл сөздөр 15:1). Момундук менен боорукердик — рухтун жемишине кирген бул эки сапат — бири-бири менен тыгыз байланышта жана оор жагдайларды чечүүдө зор жардам боло алат.

5. Жашоонун кайсы тармактарында боорукердик көрсөтүү зарыл?

5 Кудайдын ыйык рухунун жемишин чагылдыруу Ыйсанын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү болгондуктан, анын курамына кирген сапаттардын бири болгон боорукердикти кантип көрсөтө аларыбызды карап чыкканыбыз абзел. Катаал дүйнөдө боорукер болуу мүмкүнбү? Мүмкүн болсо, Шайтандын таасирине боорукердигибизди өчүрүүгө жол бербей турганыбызды (айрыкча, татаал кырдаалдарда) жашоонун кайсы тармактарында көрсөтсөк болот? Эмесе, үй-бүлөбүздө, иштеген жерибизде, коңшуларыбызга карата, кабар айтууда жана ишенимдештерибиздин арасында кантип боорукердик көрсөтө аларыбызды карап чыгалы.

Үй-бүлөбүздө

6. Үй-бүлөдө боорукердик көрсөтүү эмне үчүн абдан маанилүү жана ал сапатты кантип чагылдырууга болот?

6 Жахабанын батасына жана жетекчилигине ээ болуу үчүн, рухтун жемишин бүтүндөй өрчүтүп, аны жашообузда чагылдырганыбыз маанилүү (Эфестиктерге 4:32). Ушуга байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине боорукердик менен мамиле кылышы канчалык зарыл экенин карап көрөлү. Жубайлар дайыма бири-бирине жана балдарына боорукердик жана камкордук менен мамиле жасашы керек (Эфестиктерге 5:28—33; 6:1, 2). Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн пикирлешүүсүнөн, балдардын ата-энесин урматтап-сыйлаганынан жана ата-эненин балдарына тийиштүү мамиле жасаганынан айкын көрүнүп турушу зарыл. Бири-бириңерди айыптаганга ашыкпай, мактаганга аракеттенгиле.

7, 8. а) Үй-бүлөдө чыныгы боорукердик көрсөтүү үчүн, эмнелерден качууга тийишпиз? б) Жакшы пикирлешүү үй-бүлөнүн бекем болушуна кандайча өбөлгө түзөт? в) Өзүңөрдүн үй-бүлөңөрдө кантип боорукердик көрсөтсөңөр болот?

7 Үй-бүлөдөгүлөрүбүзгө боорукердик менен мамиле кылуу элчи Пабылдын: «Ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла»,— деген үндөөсүнө ылайык иш кылууну да билдирет. Ыйсанын жолдоочусу үй-бүлөсүндөгүлөрү менен күнүгө сылык маанайда пикирлешиши керек. Эмнеге? Анткени жакшы пикирлешүү үй-бүлөнүн бекем, бактылуу болушуна өбөлгө түзөт. Келишпестиктер пайда болгондо, чатакташуудан качуу үчүн, талаш-тартышта жеңүүгө эмес, көйгөйдү чечүүгө аракеттенгиле. Бактылуу үй-бүлөнүн мүчөлөрү бири-бирине боорукердик жана урмат-сый көрсөтүүгө бүт күчүн жумшашат (Колостуктарга 3:8, 12—14).

8 Боорукердик оң сапат болгондуктан, ал бизге башкаларга жакшылык кылууга түрткү берет. Ошондуктан үй-бүлөдөгүлөрүбүзгө жагымдуу мамиле кылып, алардын пайдасын издөөгө, сезимтал жана элпек болууга умтулабыз. Үй-бүлө жакшылык көрсөтүүсү менен белгилүү болушу үчүн, буга анын мүчөлөрү чогуу да, ар бири өз-өзүнчө да умтулушу керек. Натыйжада андай үй-бүлө Кудайдын батасына эле ээ болбостон, боорукердиктин Кудайы Жахабаны жыйналышта да, башка жерлерде да даңктайт (1 Петир 2:12).

Иштеген жерибизде

9, 10. Иштеген жерибизде кандай кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн экенин жана аларды кантип боорукердик менен чечүүгө болорун айтып бергиле.

9 Ыйсанын жолдоочусу үчүн чогуу иштегендерине боорукердик көрсөтүү татаал болушу мүмкүн. Көрө албастыктан кимдир бирөө жалган айтып же куулукту колдонуп, чогуу иштеген жолдошун башчысына жамандаса, жолдошу жумушунан айрылып калышы мүмкүн (Насаатчы 4:4). Мындай учурларда боорукердик көрсөтүү оңой эмес. Буга карабастан, Жахабанын кызматчысы жакшылык көрсөтүү көп учурда баарынан жакшы экенин унутпай, тил табышуу кыйын болгон адамдарга мүмкүн болушунча оң таасир калтырууга умтула бериши керек. Бул жагынан бизге алардын камын ойлоо жардам берет. Эгерде чогуу иштеген адам же анын жакындарынан бирөө ооруп калса, аларга камкордук көрсөтсөк болот. Ооруп жаткан адамдын ал-жайын сурап коюу эле жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Ооба, Ыйсанын жолдоочулары башкалар менен мүмкүн болушунча ынтымакта болууга аракеттениши керек. Кээде көңүл буруунун же камкордуктун белгиси болгон жылуу сөз татаал жагдайдын чечилишин шарттайт.

10 Айрым учурларда башчы кол астындагыларга өзүнүн көзкарашын таңуулап, алардын баарынан кайсы бир улутчул-патриотизмдик иш-чараларга же Ыйык Китепке дал келбеген майрамга катышууну талап кылышы мүмкүн. Ыйсанын жолдоочусунун абийири андай талапка баш ийүүгө жол бербесе, бул кагылышууга алып келиши ыктымал. Болжолу, андай кырдаалда анын талабын аткаруу эмне үчүн туура эмес болмоктугун ийне-жибине чейин түшүндүрүп отуруу акылмандыкка жатпайттыр. Анткени Ыйсанын жолдоочусунун ишенимин бөлүшпөгөн адамдарга андай иш-чарага же майрамга катышуу туурадай көрүнүшү мүмкүн да (1 Петир 2:21—23). Ошондуктан жеке өзүңдүн эмне себептен катыша албай турганыңды жылуу-жумшак түшүндүрүүгө аракеттенсең болот. Какшыкка какшык менен жооп кайтарба. Мындай учурда Римдиктерге 12:18деги: «Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деген сонун кеңешке ылайык иш кылуу зарыл.

Мектепте

11. Эмнеден улам мектепте боорукердик көрсөтүү оңой эмес?

11 Ыйсаны жолдогон жаштар үчүн мектептеги курдаштарына боорукердик көрсөтүү чоң сыноо болушу мүмкүн. Адатта, мектеп жашындагы балдар классташтарына жагууга умтулушат. Кээ бирлери башка окуучулардын арасында кадыр-баркка ээ болуу үчүн, «чоң муштум» болуп, алсызыраактарды кордоп-коркутушат (Матай 20:25). Башкалары окуудан, спорттон жана башка жактан жетишкен ийгиликтери менен мактанууну жакшы көрүшөт. Жетишкендиктерине көйрөңдөнүп, алар шык-жөндөмдөрүнөн улам өздөрүн башкалардан жогору коюшат, ал эми мындай жаңылыштык аларды классташтарына же башка окуучуларга жаман мамиле кылууга түртөт. Ыйсаны жолдогон жаштар андай балдарды туурабашы керек (Матай 20:26, 27). Элчи Пабыл: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер... мактанбайт, текеберденбейт»,— деген. Ошондуктан Ыйсанын жолдоочусу боорукердик көрсөтпөгөндөрдү туурабай, башка окуучуларга Ыйык Жазмадагы насааттарга ылайык мамиле кылууга тийиш (1 Корунттуктарга 13:4).

12. а) Эмне себептен Ыйсанын жаш жолдоочулары үчүн мугалимдерине боорукердик менен мамиле кылуу кыйынга турушу ыктымал? б) Боорукер бойдон калуу кыйын болгондо, алар кимден жардам күтө алышат?

12 Окуучулар мугалимдерине да боорукердик менен мамиле кылышы керек. Көп окуучулар мугалимдеринин кыжырына тийүүдөн ыракат алышат. Алар мектептин эрежелерин бузуу менен мугалимдерине сыйлабастык көрсөтө алышса, өздөрүн акылдуу деп эсептешет. Опузалоо менен алар башкаларды өздөрүнө кошулууга мажбурлашы мүмкүн. Ыйсанын жаш жолдоочусу андай иштерден баш тартса, шылдыңга алынышы же кордолушу ыктымал. Жыл бою жасалган мындай мамиле боорукердик көрсөтүүгө умтулган Ыйсанын жолдоочусунун чечкиндүүлүгүн сынашы мүмкүн. Бирок Жахабанын ишенимдүү кызматчысы бойдон калуу абдан маанилүү экенин унутпа. Андай оор учурларда Кудайдын сени руху аркылуу колдооруна бекем ишенсең болот (Забур 36:28).

Коңшуларыбызга мамиле кылууда

13—15. Коңшуларыбызга боорукердик көрсөтүүгө эмнелер тоскоол болушу мүмкүн жана андай кыйынчылыктарды кантип жоюуга болот?

13 Каерде жашабайлы: жер үйдөбү, кабаттуу үйдөбү же башка жердеби, коңшу-колоңдорубузга кам көрүп, аларга боорукердик көрсөтүүнүн жолдорун издесек болот. Бул да дайыма эле оңой боло бербейт.

14 Жакын коңшуларыбыз расабыздан, улутубуздан же туткан динибизден улам биз жөнүндө бейкалыс көзкарашта болсо, эмне кылсак болот? Же кээде орой мамиле жасашса же бизди такыр эле капарына алышпаса, кантүү керек? Мындай учурларда да Жахабанын кызматчысы катары колдон келишинче боорукердик көрсөтө бергенибиз жакшы. Ошондо башкалардан айырмаланып, Жахабага даңк алып келебиз да, боорукердигибиз менен үлгү көрсөтөбүз. Боорукердигибиз коңшубузга көзкарашын өзгөртүүгө качан түрткү берерин билбейбиз. Ал Жахабаны даңктаган кызматчылардан болуп калышы да ыктымал (1 Петир 2:12).

15 Анда коңшуларыбызга кантип боорукердик көрсөтсөк болот? Баарынан мурда, үй-бүлөдөгүлөрүбүздүн баары рухтун жемишин чагылдырып, өздөрүн үлгүлүү алып жүрүшү зарыл. Коңшуларыбыз муну байкашы этимал. Кээде аларга жакшылык кылууга мүмкүнчүлүк пайда болушу мүмкүн. Боорукердик деген башкалардын камын ойлоо экенин унутпайлы (1 Петир 3:8—12).

Кабар айтууда

16, 17. а) Кабар айтууда боорукердик көрсөтүү эмне үчүн маанилүү? б) Кабар айтууда кантип боорукердик көрсөтө алабыз?

16 Адамдар менен үйлөрүнөн, иштеген жеринен жана коомдук жайлардан сүйлөшүүгө аракет жасаганда, кызматыбыз боорукердик менен өзгөчөлөнүп турушу керек. Биз дайыма боорукер болгон Жахабанын өкүлдөрү экенибизди унутпоого тийишпиз (Чыгуу 34:6).

17 Кызматыбызда боорукердик көрсөтүүгө кантип аракет кылсак болот? Мисалы, көчөдө кабар айтканда кыска сүйлөп, кыраакы болушубуз зарыл. Эл баскан жолдо, адатта, адам көп болот, ошондуктан кабар айтууда жолду тороп албашыбыз керек. Ошондой эле ишкер аймакта кабар айтканда, сатуучулардын кардарларды тейлеши керектигин унутпай, кыска-нуска сүйлөп боорукердик көрсөтөбүз.

18. Кызматыбызда боорукердик көрсөтүүгө кыраакылык кандай жардам берет?

18 Үйдөн үйгө кабар айтууда да эстүүлүк көрсөтүү зарыл. Айрыкча, аба ырайы начар болгондо, үй ээсин эшигинин алдында көпкө кармабашыбыз керек. Адамдын чыдамы кетип баратканын же кыжыры келе баштаганын сезебизби? Аймагыңардагыларга Жахабанын Күбөлөрү тез-тез кабар айтып жолугуп турушу ыктымал. Анда өзгөчө кыраакылык көрсөтүп, дайыма адамдарга сезимталдык жана кичипейилдик менен мамиле кылгыла (Накыл сөздөр 17:14). Үй ээсинин ал күнү эмне үчүн укпай койгонуна негиздүү себеп табууга аракеттенгиле. Жакын арада кайра ал үйгө ишенимдештерибиздин бири келери толук ыктымал экенин унутпайлы. Эгерде орой бирөөгө жолуксаңар, боорукер жана жумшак болууга бөтөнчө аракет кылгыла. Андай учурда үнүңөрдү катуу чыгарбай, нааразылык көрсөтпөй, токтоо сүйлөгүлө. Ыйсанын боорукер жолдоочусу үй ээсин талашка тартууну каалабайт (Матай 10:11—14). Балким, башка бир күнү ал адам жакшы кабарды угууга көңүлдөнүп калат.

Ишенимдештерибизге мамиле кылууда

19, 20. Ишенимдештерибизге боорукердик көрсөтүү эмне үчүн зарыл жана аны кантип көрсөтүүгө болот?

19 Ишенимдештерибизге да боорукердик көрсөтүү маанилүү (Эврейлерге 13:1). Биз бүткүл дүйнөлүк биртуугандыктын мүчөлөрү болгондуктан, бири-бирибизге боорукердик менен мамиле кылышыбыз зарыл.

20 Эгерде бир эле Падышалык залын бир нече жыйналыш колдонсо, башка жыйналыштардын мүчөлөрүнө боорукердик менен мамиле кылып, алардын кадыр-баркын сыйлаганыбыз маанилүү. Жолугушуулардын убактысын туура бөлүштүрүүгө, залды тазалоого же оңдоого байланышкан маселелерди чечүүдө атаандаштык руху кызматташтыкка өбөлгө түзбөйт. Пикирлер келишпеген күндө да боорукер жана сыпайы болгонубуз зарыл. Ошентип, боорукердик жеңет да, Жахаба башкалардын камын ойлогонубуз үчүн бизге сөзсүз батасын берет.

Мындан ары да боорукердик көрсөтөлү

21, 22. Колостуктарга 3:12ге ылайык, эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

21 Боорукердик — жашообуздун бардык тармактарына таасир эткен ар тараптуу сапат. Ошондуктан аны Ыйсанын жолдоочулары катары инсандыгыбыздын ажырагыс бөлүгүнө айлантып, башкаларга боорукердик көрсөтүүнү адат кылып алышыбыз талап.

22 Келгиле эмесе, баарыбыз тең башкаларга күн сайын боорукердик көрсөтүп, элчи Пабылдын: «Кудайдын тандалгандары, ыйыктары жана сүйүктүүлөрү катары боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле»,— деген кеңешин ар бирибиз иш жүзүндө колдонолу (Колостуктарга 3:12).

Эсиңердеби?

• Боорукердик көрсөтүү Ыйсанын жолдоочусу үчүн эмнелерден улам кыйынга турушу мүмкүн?

• Үй-бүлөбүздө боорукердик көрсөтүү эмне үчүн маанилүү?

• Мектепте, иштеген жерибизде, коңшуларыбызга жана ишенимдештерибизге боорукердик көрсөтүүгө эмнелер тоскоолдук кылышы ыктымал?

• Ыйсанын жолдоочуларынын кабар айтууда кантип боорукердик көрсөтө алышарын айтып бергиле.

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн боорукердик көрсөтүүгө умтулуусу биримдикке жана кызматташтыкка алып келет.

[15-беттеги сүрөт]

Эмгектешибиз же анын үй-бүлөсүнөн бирөө ооруп калса, боорукердик көрсөтсөк болот.

[16-беттеги сүрөт]

Шылдыңга карабай боорукердик көрсөткөндөрдү Жахаба колдойт.