Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын эли боорукердикти сүйүшү керек

Кудайдын эли боорукердикти сүйүшү керек

Кудайдын эли боорукердикти сүйүшү керек

«Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо» (МИХЕЙ 6:8).

1, 2. а) Жахабанын өз элинен боорукер болууну талап кылары эмне үчүн бизди таң калтырбашы керек? б) Боорукердикке байланыштуу кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖАХАБА — боорукердиктин Кудайы (Римдиктерге 2:4; 11:22). Анын канчалык айкөл, боорукер экенин биринчи өмүрлүк жарлар, Адам менен Обо, болжолу, эң сонун билишкен. Эйден багында аларды көзгө көрүнгөн жаратуулар курчап турган жана Кудайдын боорукердигинин бул далилдери аларга ырахат алып келген. Кудай азыр деле баарына, анын ичинде ыраазы болгонду билбеген каардуу адамдарга да боорукердик көрсөтөт.

2 Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан адамдар анын сапаттарын чагылдырууга жөндөмдүү (Башталыш 1:26). Андыктан Жахабанын бизден боорукердик көрсөтүүнү талап кылары таң калыштуу эмес. Михей 6:8де айтылгандай, Кудайдын эли «кайрымдуулук иштерин», башкача айтканда, боорукердикти сүйүшү керек. Бирок боорукердик деген эмне? Кудайдын башка сапаттары менен анын кандай байланышы бар? Адамдар боорукердик көрсөтүүгө жөндөмдүү болсо, эмне үчүн дүйнө ушунчалык каардуу жана катаал? Эмнеге биз Ыйсанын жолдоочулары катары башкаларга жасаган мамилебизде боорукердик көрсөтүүгө умтулушубуз керек?

Боорукердик деген эмне?

3. Боорукердикке кандай аныктама берет элеңер?

3 Боорукердикти биз башкалардын камын ойлогонубуз менен көрсөтөбүз. Аны жакшы иштерибиз жана жылуу-жумшак сөздөрүбүз менен чагылдыра алабыз. Боорукер болуу деген жамандык эмес, жакшылык кылууну билдирет. Боорукер адам жароокер, жумшак, кайрымдуу, мээрман келет. Ал башкаларга марттык көрсөтөт жана сезимталдык менен мамиле кылат. Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле»,— деп үндөгөн (Колостуктарга 3:12). Демек, боорукердик Ыйсанын ар бир чыныгы жолдоочусунун каймана кийиминин бир бөлүгүн түзөт.

4. Кандайча Жахаба адамзатка биринчи болуп боорукердик көрсөтөт?

4 Жахаба Кудай биринчи болуп боорукердик көрсөтөт. Пабыл айткандай, «Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы», башкача айтканда, боорукердиги жана «адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо, Ал бизди... кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алган» (Титке 3:4, 5). Кудай Ыйсанын майланган жолдоочуларын анын каны менен «жуунтуп», башкача айтканда, тазалап, Машайактын куткаруу курмандыгынын баалуулугун алардын пайдасына колдонот. Ошондой эле алар ыйык рух аркылуу жаңыланып, Кудайдын рухтан төрөлгөн уулдары катары «жаңы жаратууга» айланышат (2 Корунттуктарга 5:17, СК). Андан тышкары, Кудайдын боорукердиги жана сүйүүсү «өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан» «эбегейсиз көп адамдарга» да көрсөтүлөт (Аян 7:9, 14; 1 Жакан 2:1, 2).

5. Эмне үчүн Кудайдын рухуна жетектелгендер башкаларга боорукердик көрсөтүшү керек?

5 Боорукердик Кудайдын ыйык рухунун, иш-аракеттүү күчүнүн, жемишине да кирет. «Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок»,— деген Пабыл (Галаттыктарга 5:22, 23). Андай болсо, Кудайдын рухуна жетектелгендер башкаларга боорукердик көрсөтүшү керек эмеспи?

Чыныгы боорукердик алсыздык эмес

6. Боорукердик качан алсыздык болуп саналат жана эмне үчүн?

6 Кээ бир адамдар боорукердикти алсыздык катары көрүшөт. Алар адамдын катуу, а кээде корс болгону эле жакшы, ошондо башкалар анын мүнөзүнүн күчтүүлүгүн көрүшөт деп эсептешет. Бирок, чынында, боорукер болуу жана орунсуз боорукердик көрсөтүүдөн качуу үчүн күч талап кылынат. Чыныгы боорукердик Кудайдын рухунун жемишине киргендиктен, ал алсыздыкты билдирбейт же жаман жүрүм-турумга көз жумуп койбойт. Ал эми орунсуз боорукердик күнөөгө кайдыгер кароого түрткү берген алсыздык болуп саналат.

7. а) Кандайча Эйли уулдарын тарбиялоого олуттуу мамиле кылган эмес? б) Эмне үчүн аксакалдар орунсуз боорукердик көрсөтүүдөн сак болушу керек?

7 Мисалга Ысрайылдын башкы ыйык кызмат кылуучусу Эйлини алалы. Ал уулдары Копни менен Пинехасты — жыйын чатырындагы ыйык кызмат кылуучуларды — тарбиялоого олуттуу мамиле кылган эмес. Кудайдын Мыйзамы боюнча курмандыктан өздөрүнө караштырылган үлүшкө топук кылбай, алар курмандыктын майы өрттөлгөнгө чейин эле курмандык алып келген адамдан чийки эт талап кылдырышчу. Андан тышкары, Эйлинин уулдары жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдар менен бузукулук кылышкан. Эйли болсо, Копни менен Пенахасты кызматтан түшүргөндүн ордуна, аларды жумшак гана жемелеп койчу (1 Шемуел 2:12—29). Ошондуктан да «ал күндөрү Теңирдин сөзү сейрек болгону» таң калыштуу эмес! (1 Шемуел 3:1). Ыйсаны жолдогон аксакалдар жыйналыштын рухийлигине коркунуч туудурушу мүмкүн болгон күнөөкөрлөргө орунсуз боорукердик көрсөтүүдөн сак болушу керек. Чыныгы боорукердик Кудайдын нормаларын тебелеп-тепсеген ыпылас иштерге жана сөздөргө көз жумуп койбойт.

8. Ыйса кантип чыныгы боорукердик көрсөткөн?

8 Бизге үлгү болгон Ыйса Машайак эч качан орунсуз боорукердик көрсөткөн эмес. Ал чыныгы боорукердик көрсөтүү жагынан эң сонун үлгү калтырган. Мисалы, «элди көрүп, Ыйсанын боору ооруган. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле». Чын пейил адамдар Ыйсага коркпой кайрыла алышкан, атүгүл ага балдарын алып келишкен. «Балдарды кучактап... батасын бергенде», анын кандай боорукердик жана мээрмандык көрсөткөнүн элестетсеңер (Матай 9:36; Марк 10:13—16). Боорукер болсо да, Ыйса асмандагы Атасынын көз алдында туура деп эсептелген нерселерге келгенде бек болгон. Ал эч качан жамандыкка кошкөңүл караган эмес жана экижүздүү диний жетекчилерди Кудай берген күч-кайрат менен ашкерелеген. Матай 23:13—26-аяттардан көрүнүп тургандай, «мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы!» деген өкүмдү ал бир канча жолу кайталаган.

Боорукердик жана Кудайдын руху өстүрүүчү башка сапаттар

9. Кандайча боорукердик чыдамдуулук жана ак көңүлдүк менен байланышта?

9 Боорукердик Кудайдын руху өстүрүүчү «чыдамдуулук» жана «ак көңүлдүк» сыяктуу башка сапаттар менен байланышта. Ооба, адам боорукер экенин чыдамдуу болуу менен көрсөтөт. Ал боорукер эместерге да сабырдуулук менен мамиле кылат. Боорукердик көп учурда башкалардын пайдасы үчүн жасалган жакшы иштер аркылуу чагылдырылгандыктан, анын ак көңүлдүк менен да байланышы бар. Кээде Ыйык Китепте «боорукердик» деп берилген грек сөзү «ак көңүлдүк» деп да которулушу мүмкүн. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын боорукердиги бутпарастарды ушунчалык таң калтыргандыктан, Тертуллиандын сөздөрүнө ылайык, алар Ыйсанын жолдоочуларын «боорукердиктен бүткөн адамдар» деп аташкан.

10. Боорукердик менен сүйүүнүн ортосунда кандай байланыш бар?

10 Боорукердик менен сүйүүнүн ортосунда да байланыш бар. Ыйса өзүнүн жолдоочулары тууралуу: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35). Ал эми Пабыл бул сүйүү жөнүндө: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 13:4). Боорукердик Ыйык Жазманын «Жаңы дүйнө котормосунда» көп колдонулган «мээримдүү боорукердик» деген сөз айкашында да сүйүү менен байланыштырылат. Мындай боорукердик берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүдөн келип чыгат. Байыркы эврей тилинде «мээримдүү боорукердик» деп которулган зат атооч назик ынактыктан да кененирээк маанини камтыйт. Ал — максатына жетмейин кимдир бирөөгө мээримдүүлүк менен туруктуу көрсөтүлө берилчү боорукердик. Жахабанын мээримдүү боорукердиги, же берилгендик менен көрсөтүлүүчү сүйүүсү, ар кандай жолдор менен чагылдырылат. Мисалы, аны Кудайдын куткарууга жана коргоосуна байланыштуу иштеринен көрүүгө болот (Забур 6:5; 39:12; 142:12).

11. Кудайдын мээримдүү боорукердиги бизди эмнеге ынандырат?

11 Жахабанын мээримдүү боорукердиги адамдарды Ага тартып турат (Жеремия 31:3). Кудайдын ишенимдүү кызматчылары куткарылууга же жардамга муктаж болгондо анын мээримдүү боорукердиги сөзсүз түрдө берилгендик жана сүйүү менен көрсөтүлөрүн билишет. Алар оор учурларда ошондой боорукердиктен күч алышат. Ошондуктан алар, забурчуга окшоп: «Мен болсо Өзүңдүн ырайымыңан [«мээримдүү боорукердигиңен», «ЖД»] үмүт кылам. Жүрөгүм Сенин куткарууңа кубанат»,— деп ишеним менен тилене алышат (Забур 12:6). Кудайдын сүйүүсү берилгендик менен көрсөтүлгөндүктөн, анын кызматчылары ага толугу менен таяна алышат. Аларга: «Теңир Өзүнүн элинен баш тартпайт, Өзүнүн мурасын таштабайт»,— деген ынандыруу берилет (Забур 93:14).

Эмне үчүн дүйнө ушунчалык каардуу?

12. Ырайымсыз башкаруучунун доору качан жана кантип башталган?

12 Бул суроонун жообу Эйден багында болгон окуяга байланыштуу. Адамзат тарыхынын башталышында өзүмчүл жана менменсинген бир рухий жаратуу дүйнөнүн башкаруучусу болууну ойлой баштаган. Акыр-түбү ал «дүйнөнүн төрөсү», эң эле ырайымсыз башкаруучу болуп калган (Жакан 12:31). Ал Шайтан Ибилис деген атка конуп, Кудайдын жана адамзаттын башкы душманына айланган (Жакан 8:44; Аян 12:9). Анын Жахабанын адилеттүү башкаруусуна атаандаш болорлук бийлик орнотуу жөнүндөгү өзүмчүл ою Обо жаралгандан көп өтпөй билинген. Ошентип, Адам Кудайдын боорукердигин бүт бойдон четке кагып, Анын башкаруусунан көзкарандысыз болууну тандаганда, каардуу башкаруунун доору башталган (Башталыш 3:1—6). Көзкарандысыздыкка жетмек турсун, кайра Адам менен Обо өзүмчүл жана текебер Ибилистин таасирине алдырып, анын башкаруусуна баш ийип калышкан.

13—15. а) Жахабанын адил башкаруусун четке кагуу эмнелерге алып келген? б) Эмне үчүн дүйнө катаал?

13 Мунун эмнелерге алып келгенин карап көрөлү. Адам менен Обо Жердеги бейиш бактан чыгарылган. Алар денсоолукка пайдалуу өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштери бар гүлдөгөн жерден айрылып, Эйден багынын сыртындагы оор шарттарда жашап калышкан. Кудай Адамга мындай деген: «Аялыңды угуп, „андан жебе“ деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн, сен үчүн жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың. Жер сен үчүн тикенек, отоо чөп өстүрүп чыгарат». Жерге мындай каргыш айтылганы аны иштетүү эми абдан кыйын болорун билдирген. Жердин каргышка калып, тикенек менен отоо чөпкө толгону Адамдын тукумдарына абдан сезилгендиктен, Нухтун атасы Лемек «Жахаба каргаган жерди иштетүүдө колдорунун жабыркаганы» (МАК) жөнүндө айтып өткөн (Башталыш 3:17—19; 5:29).

14 Ошондой эле Адам менен Обо бейпилдикти азап-кайгыга алмаштырышкан. Кудай Обого: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат»,— деген. Кийинчерээк Кабыл, Адам менен Обонун тун уулу, мыкаачылык кылып, биртууганы Абылды өлтүргөн (Башталыш 3:16; 4:8).

15 «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында»,— деп айткан элчи Жакан (1 Жакан 5:19). Өзүнүн башкаруучусу сыяктуу эле, дүйнө өзүмчүлдүк жана менменсинүүчүлүк сыяктуу терс сапаттарды чагылдырууда. Андыктан анын катаалдыкка жана ырайымсыздыкка толгону таң калыштуу эмес! Бирок дайыма эле мындай болбойт. Жахаба Падышалыгынын тушунда катаалдык менен ырайымсыздыктын эмес, боорукердиктин жана мээрмандыктын өкүм сүрүшүнө кам көрөт.

Кудайдын Падышалыгынын тушунда боорукердик өкүм сүрөт

16. Эмне үчүн Кудайдын Ыйса Машайак аркылуу жүргүзгөн башкаруусу боорукердик менен өзгөчөлөнөт жана бул бизди эмне кылууга милдеттендирет?

16 Жахаба жана анын Падышалыгына Падыша болуп дайындалган Ыйса Машайак бийлиги астындагылардан өздөрүнүн боорукердиги менен белгилүү болууну талап кылышат (Михей 6:8). Ыйса Машайак Атасы ишенип тапшырган башкаруусунун боорукердик менен өзгөчөлөнөрүн көрсөткөн (Эврейлерге 1:3). Муну анын элди оор түйшүктөр менен кыйнаган жалган диний жетекчилерди ашкерелегендеги сөздөрүнөн байкоого болот. Ошондой эле Ыйса: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Мен берген моюнтурук жакшы, жүгүм жеңил»,— деп айткан (Матай 11:28—30). Көптөгөн диний же башка жетекчилер адамдарды сансыз эрежелер жана акыбети кайтпаган иштер менен түйшөлтүшөт. Ал эми Ыйсанын өзүнүн жолдоочуларынан талап кылгандары алардын муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келет. Чынында эле, анын моюнтуругу жакшы жана жеңил! Бул бизге Ыйсадай болуп башкаларга боорукердик көрсөтүүгө түрткү бербейби? (Жакан 13:15).

17, 18. Машайак менен асманда бийлик жүргүзө тургандар да, жердеги өкүлдөрү да боорукердик көрсөтөрүнө эмне үчүн бекем ишенсек болот?

17 Ыйсанын өз элчилерине айткан сөздөрүнөн Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу адамдардын башкаруусунан канчалык айырмаланарын көрүүгө болот. Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Шакирттер өз ара: „Кимибиз чоңбуз?“ — деп да, талаша кетишти. Ошондо Ыйса аларга мындай деди: „Элдерге падышалар үстөмдүк кылышат, элдердин үстүнөн бийлик жүргүзүүчүлөр «Жакшылык кылуучулар» деп аталышат. Силер болсо андай болбогула. Тескерисинче, араңарда ким улуу болсо, ал кичүүдөй болсун; ким башчы болсо, ал кызматчыдай болсун. Анткени кимиси чоң: дасторкондо отурган адамбы же кызмат кылган адамбы? Албетте, дасторкондо отурган адам чоң. Мен болсо силердин араңарда кызмат кылган адам сыяктуумун“» (Лука 22:24—27).

18 Адамзат башкаруучулары өздөрүнө даңк издеп, элдерге үстөмдүк кылышат жана жогорку наам алышса бийлик астындагыларынан жакшыраак болуп калчудай ар кандай наамдарга умтулушат. Бирок, Ыйса айткандай, чыныгы улуулук башкаларга кызмат кылууда тырышчаактык жана туруктуулук көрсөтүүнү билдирет. Машайак менен асманда бийлик жүргүзө тургандар да, жерде өкүлдөрү болуп кызмат кылчулар да, ага окшоп, момундук менен боорукердикти чагылдырууга аракеттениши керек.

19, 20. а) Ыйса Жахабанын канчалык боорукер экенин кантип көрсөткөн? б) Боорукердик көрсөтүү жагынан Жахабаны кантип туурай алабыз?

19 Ыйсанын сүйүү менен берген дагы бир кеңешине кайрылып көрөлү. Жахабанын канчалык боорукер экенин көрсөтүп, Ыйса мындай деген: «Эгерде өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, кайдагы сыйлык силерге? Эгерде өзүңөргө жакшылык кылгандарга гана жакшылык кылсаңар, кайдагы сыйлык силерге? Эгерде кайтарып бере ала турган адамга гана карызга берсеңер, кайдагы сыйлык силерге? Анткени бергенин кайтарып алуу үчүн, күнөөкөрлөр да күнөөкөрлөргө карызга беришет. Ал эми силер душмандарыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, эч нерсе күтпөстөн, карызга бергиле, ошондо чоң сыйлык аласыңар жана Бардыгынан Жогоркунун уулдары болосуңар! Анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да ырайым кылат. Ошондуктан Атаңар кандай боорукер болсо, силер да ошондой боорукер болгула!» (Лука 6:32—36).

20 Кудайдын боорукердигине өзүмчүлдүк жат нерсе. Ал акысына эч нерсе талап кылбайт. Боорукердигинен Жахаба «Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат» (Матай 5:43—45; Элчилер 14:16, 17). Асмандагы Атабызды туурап, биз жакшылыкты билбегендерге жамандык кылуудан эле качпастан, аларга, кала берсе, кастык көрсөткөндөргө да жакшылык кылабыз. Боорукер болуу менен биз Жахабага жана Ыйсага Кудайдын Падышалыгы астында бардык адамдардын бири-бирине жасаган мамилесинен боорукердикти жана башка сонун сапаттарды көрүүгө боло турган заманда жашоону каалаарыбызды көрсөтөбүз.

Эмне үчүн боорукер болушубуз керек?

21, 22. Эмне үчүн боорукер болушубуз керек?

21 Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын боорукер болушу өзгөчө маанилүү. Бул Кудайдын рухунун бизге таасир этип жатканына далил болуп саналат. Андан тышкары, чыныгы боорукердик көрсөтүү менен биз Жахаба Кудайды жана Машайак Ыйсаны туурайбыз. Кудайдын Падышалыгы астында жашоо үчүн да боорукер болуу талап кылынат. Ошондуктан биз бул сапатты сүйүп, аны дайыма чагылдырууга үйрөнүшүбүз керек.

22 Күндөлүк турмушубузда кандай жолдор менен боорукердик көрсөтө алабыз? Бул суроо эмки макалада каралат.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Боорукердик деген эмне?

• Эмне үчүн дүйнө ырайымсыз жана катаал?

• Кудайдын башкаруусунун тушунда боорукердик өкүм сүрөрүн кайдан билебиз?

• Кудайдын Падышалыгы астында жашагысы келгендердин боорукер болушу эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Аксакалдар ишенимдештерине боорукердик көрсөтүүгө умтулушат.

[10-беттеги сүрөт]

Жахабанын кызматчылары оор учурларда анын мээримдүү боорукердигинен күч алышат.