Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын эрки жерде аткарылганда

Кудайдын эрки жерде аткарылганда

Кудайдын эрки жерде аткарылганда

ШАКИРТТЕРИН: «Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деп тиленүүгө үйрөткөндө Ыйсанын ага чейин Атасы менен асманда жашап келгени көрүнгөн (Матай 6:10; Жакан 1:18; 3:13; 8:42). Адам болуп төрөлгөнгө чейин ал асман менен жердеги нерселердин бардыгы Кудайдын эркине толук ылайык келген убакты көргөн. Ал мезгил көп нерселер жасалып, канагаттануу тартуулаган сонун убак эле (Накыл сөздөр 8:27—31).

Кудай алгач рухий жаратууларды, «Анын сөзүн аткарган... күчтүү периштелерди», жараткан. Алар азыр да Кудайдын «эркин аткарып», ага кызмат кылышууда (Забур 102:20, 21). Периштелердин ар бири эрк боштондугуна ээ беле? Ооба. Жердин негизи салынганда, Кудайдын бул «уулдары кубанышкан» (Аюб 38:7). Муну менен алар Кудайдын иш жүзүнө ашкан ой-ниетине суктанышканын билдиришкен. Ошондой эле периштелер өздөрүнүн эркин Кудайдын эркине багындырышкан.

Жер бетин адамдар жашагыдай кылып даярдагандан кийин Кудай биринчи эркек менен аялды жараткан (Башталыш 1-бап). Бул да суктанууну туудурарлык иш беле? Ыйык Китепте: «Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгын карап, абдан жакшы экенин көрдү»,— деп айтылат. Ооба, бардыгы эч кемтиксиз, жеткилең жаратылган болчу (Башталыш 1:31).

Кудайдын түпкү ата-энебиз менен алардын укум-тукумуна карата эрки кандай эле? Башталыш 1:28ден көрүнүп тургандай, ал эрки да абдан жакшы болчу, ал аятта: «Кудай аларга мындай деп батасын берди: „Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарларга бийлик кылгыла“»,— деп айтылат. Бул эң сонун тапшырманы аткаруу үчүн алгачкы эркек менен аял жана алардын укум-тукумдары түбөлүк өмүр сүрүшү керек эле. Кайгы, адилетсиздик, азап-тозок жана өлүм дегендин жышааны да жок болчу.

Ал убакта Кудайдын эрки жерде да, асманда да аткарылчу. Анын эркин аткаруудан баары ыракат ала беришмек. Бирок эмне үчүн бүгүн андай эмес?

Капысынан Кудайдын эркине карата шек туудурулган. Албетте, жагдай үмүтсүз эмес болчу. Ошентсе да мунун айынан адамдарды Кудайдын адамзатка байланыштуу эркин таанып билүүдөн адаштырган жана азап менен кайгыга толгон узак мезгил башталган. Мындан бардыгыбыз жабыр тартуудабыз. Кандай окуя болду эле?

Кудайдын козголоң учурундагы эрки

Кудайдын рухий «уулдарынын» бири өз пайдасын көздөп анын адамзатка байланыштуу эркине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн көргөн. Өзүнүн планы тууралуу канчалык көп ойлонгон сайын, ал ошончолук ишке ашарлык жана кызыктуу көрүнө берген (Жакып 1:14, 15). Балким, ал: «Биринчи түгөйлөр Кудайды эмес, мени укса, Кудай альтернативалуу бийликке макул болууга аргасыз болот»,— деп ойлогондур. Ошондой эле ал Кудай алардын баарын жок кылып салбаарына үмүттөнгөн көрүнөт, анткени антүү Кудайдын ой-ниеттерин бузмак. Ошондуктан Жахаба Кудайга жараткан адамдары баш ийип кала турган ошол рухий уулунун бийлик кылышына жол берип, өзүнүн ой-ниетин өзгөртүүгө туура келмек. Ал козголоңчунун кийин эмне үчүн Шайтан, «душман» деп аталганы түшүнүктүү (Аюб 1:6).

Өзүнүн каалоосуна жетеленген Шайтан аялга келип: «Жок, өлбөйсүңөр... жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болосуңар» — деп, ага Кудайдын эркин четке кагууга жана адеп-ахлактык жактан көзкарандысыз болууга түрткү берген (Башталыш 3:1—5). Аял ушундай жол менен эркиндикке ээ болууну чечип, Шайтандын тилине кирет да, өзүнө туура көрүнгөн жолду тандайт. Кийинчерээк күйөөсүн да өзүнө кошулууга ынандырат (Башталыш 3:6).

Кудайдын биринчи түгөйлөргө байланыштуу эрки таптакыр мындай эмес эле. Бул ал экөөнүн эрки болчу. Алардын чечими абдан кесепеттүү натыйжаларга алып келген. Кудай аларга тил албастык өлүмгө алып барарын алдын ала эскерткен болчу (Башталыш 3:3). Анткени ал адамдарды андан көзкарандысыз жашап ийгиликке жеткидей кылып жараткан эмес (Жеремия 10:23). Мындан сырткары, тил албастыктын айынан алар жеткилеңсиз болуп калышкан, ал эми жеткилеңсиздик менен өлүм алардын урпактарына тукум кууп өткөн (Римдиктерге 5:12). Шайтан бул кесепеттерди жок кыла алган эмес.

Окуялардын ушундай нук менен өрчүшү Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниетин аткарылгыс кылып өзгөрткөнбү? Жок (Ышайа 55:9—11). Бирок жоопту талап кылган төмөнкүдөй суроолор пайда болгон: адамдар, Шайтан айткандай, «жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай боло» алышабы? Башкача айтканда, жетиштүү убакыт берилсе, жашоонун бардык тармагында эмне жакшы, эмне жаман экенин, эмне пайдалуу, эмне зыяндуу экенин өзүбүз аныктай алабызбы? Кудайдын башкаруусу баарынан мыкты болгондуктан, ал биздин толук тил алуубузга татыктуубу? Бардык жагынан анын эркине баш ийишибиз керекпи? Бул суроолорго силер эмне деп жооп берет элеңер?

Бул суроолорду аң-сезимдүү жаратуулардын алдында бир гана жол менен чечүүгө болмок: ал жол — көзкарандысыздыкты каалагандарга максатына жетүүгө мүмкүндүк берүү. Аларды жок кылып салуу эч нерсени чечмек эмес. Пайда болгон маселени чечүү үчүн адамдарга өздөрүнүн ой-ниеттерин ишке ашырып көрүүгө жетиштүү убакыт берүү керек болчу. Ошондо Кудайдан көзкарандысыз жашоо эмнеге алып барары белгилүү болмок. Кудай аялга балдарың болот деп айтканда маселени ушундай жол менен чечерин көрсөткөн. Ошондон тартып адамзат тукуму башталган. Бактыбызга, бардыгыбыз ушундан улам жарык дүйнөгө келгенбиз! (Башталыш 3:16, 20).

Бирок бул Кудайдын адамдарга жана козголоңчу уулуна бардыгын өздөрү каалагандай кыла беришине жол берерин билдирген эмес. Кудай өзүнүн эгедерлигинен жана ой-ниетинен баш тарткан эмес (Забур 82:19). Ал муну козголоңчуну жана тил албастыктын бардык кесепеттерин түп-тамыры менен жок кыларын алдын ала билдирүү менен көрсөткөн (Башталыш 3:15). Ошентип, адамзатка башында эле бошотулуу убадаланган.

Түпкү ата-энебиз Кудайдын башкаруусунан баш тартып, келечектеги урпактарын да өздөрүнүн жолуна түшүүгө аргасыз кылышкан. Адамдарды натуура чечимдеринин натыйжасынан коргоо үчүн Кудайга ар дайым аларга өзүнүн эркин таңуулоого туура келмек. Бирок бул адамдарга көзкарандысыз болууга мүмкүндүк бербегендикке жатмак.

Албетте, айрым адамдар Кудайдын башкаруусун тандашат. Алар Кудайдын адамзатка байланыштуу эркин билип, мүмкүн болушунча ага тагыраак кармана алышат (Забур 142:10). Ошентсе да адамдардын толук көзкарандысыздыгына байланыштуу суроо аягына чейин чечиле элек болгондуктан, алар да көйгөйлөргө кабылып келүүдө.

Адамдын өз алдынча чыгарган чечимдери кандай натыйжаларга алып барары адамзат тарыхынын башында эле айкын боло баштаган. Адам атанын тун баласы Кабыл өзүнүн «иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болгондуктан», иниси Абылды өлтүрүп салат (1 Жакан 3:12). Кабылдын иштери Кудайдын эркин чагылдырган эмес. Бул Кудайдын ага эскертүү берип, кийинчерээк жазалаганынан көрүнүп турат (Башталыш 4:3—12). Кабыл «амалкөйдөн болгондуктан» Шайтан сунуштаган адеп-ахлактык жактан көзкарандысыздыкты тандаган. Башкалар да анын жолуна түшүшкөн.

Арадан 1500 жылдай өткөндөн кийин «жер бети Кудайдын көз алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кеткен» (Башталыш 6:11). Жерди жамандыктан чечкиндүү иш-аракеттер аркылуу гана тазалоо мүмкүн болчу. Ошондуктан Кудай жерге Топон суу каптатып, ошол убакта жашаган жалгыз адил үй-бүлөнү — Нухту, анын аялын, балдарын жана келиндерин — сактап калган (Башталыш 7:1). Биз бардыгыбыз ошолордун урпактарыбыз.

Кудай анын ой-ниетин чындап билгиси келген адамдарга кылымдар бою жетектөө берип келет. Андан жетекчилик издегендердин баары үчүн ал ишенимдүү эркектерге өз сөздөрүн жаздырткан. Ал сөздөрдү Ыйык Китептен табууга болот (2 Тиметейге 3:16). Сүйүүсүнөн улам Кудай ишенимдүү адамдарга өзү менен мамиле түзүүгө, атүгүл достошууга жол ачкан (Ышайа 41:8). Ал адамдарга кылымдар бою өкүм сүрүп келаткан көзкарандысыздыктын айынан болгон көйгөйлөрдү жеңүүгө күч берип келет (Забур 45:2; Филипиликтерге 4:13). Бул үчүн Кудайга кандай гана ыраазыбыз!

Бардыгында «Сенин эркиң болсун»

Ушул убакка чейин Кудай кылган нерселердин баары анын эркин көрсөтүп турган жокпу? Ыйсаны жолдогон элчи Петир: «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асманды жана жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деп жазган (2 Петир 3:13). Бул аятта жаңы адамзат коому жана аны башкара турган жаңы өкмөт тууралуу каймана тил менен айтылган.

Даниел пайгамбар жөнөкөй тилди колдонуп мындай деп жазган: «Ошол падышалыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышалыкты орнотот... Ал бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44). Бул пайгамбарлык азыркы туруксуз түзүлүш жок кылынып, анын ордуна Падышалык, Кудайдын бийлиги, орнотуларын көрсөтүп турат. Кандай гана жакшы кабар! Азыркы дүйнөнү зордук-зомбулукка толтурган кагылышуулар менен өзүмчүлдүк, ошондой эле жердин кайрадан бузуларына байланыштуу коркунуч өткөндүн ишине айланат.

Булардын баары качан ишке ашат? Ыйсадан шакирттери: «Бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» — деп сурашкан. Ыйса жооп иретинде мунун белгилеринин бирин айтуу менен мындай деген: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет» (Матай 24:3, 14).

Ушундай кабар дүйнө жүзү боюнча таратылып жатканы кеңири маалым. Муну өзүңөр жашаган жерден да байкасаңар керек. «Алар да ишенишет» деген китепте профессор Чарлз Браден: «Жахабанын Күбөлөрү күбөлөндүрүү ишин дээрлик бүтүндөй жер жүзү боюнча жүргүзүшөт... Дүйнөдө Падышалык тууралуу кабар таратууда Жахабанын Күбөлөрүндөй ынталуулукту жана тырышчаактыкты көрсөткөн бир да диний топ жок»,— деп жазган («These Also Believe»). Жахабанын Күбөлөрү жакшы кабарды 230дан ашуун өлкөдө жана аймактарда 400гө жакын тилде жигердүү таратышууда. Кабар айтуу иши буга чейин эч качан мынчалык кулач жайган эмес. Бул — адамдык өкмөттөрдүн Кудайдын Падышалыгы менен алмашыларына аз калганын көрсөткөн далилдердин бири.

Ыйса Падышалык тууралуу кабар таратыларын айткан. Шакирттерин: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деп тиленүүгө үйрөткөндө ал дал ошол Падышалык жөнүндө кеп кылган (Матай 6:10). Ооба, ошол Падышалык аркылуу Кудай адамзатка жана жерге байланыштуу ой-ниеттерин, эркин ишке ашырат.

Бул эмнени билдирет? Мунун жообун Аян 21:3, 4төгү төмөнкү сөздөрдөн көрө алабыз: «Мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: „Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге, Ал алар менен жашайт. Алар Анын эли болушат, Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен“». Ошондо Кудайдын эрки жерде да, асманда да аткарылат *. Ушунун бардыгын көрүүнү каалайсыңарбы?

[Шилтеме]

^ 26-абз. Кудайдын Падышалыгы тууралуу көбүрөөк билүүнү кааласаңар, өзүңөр жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылгыла же 2-беттеги даректердин туура келгени боюнча жазгыла.

[5-беттеги сүрөт]

Кудайдын эркинен көзкарандысыздык азап-кайгы алып келди.