Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын эрки ушундайбы?

Кудайдын эрки ушундайбы?

Кудайдын эрки ушундайбы?

«Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун» (Матай 6:10).

ХУЛИО менен Кристинанын төрт баласы алардын көз алдында өрттөн каза тапкан. Мас киши машинеси менен алардын токтоп турган машинесин келип сүзгөндө, тигилердики өрттөнө баштайт. Жубайлардын бешинчи баласын, 9 жаштагы Маркосту, сактап калышкан, бирок денеси аябай күйгөндүктөн, ал өмүр бою майып болуп калган. Орду толгус кайгыга чөккөн Хулио өзүн жана туугандарын: «Кудайдын эрки ушундай экен. Аны, кандай болсо, ошондой кабыл алышыбыз керек»,— деп сооротот.

Төбө чачты тик тургузган ушундай кырсыктар болгондо, көптөр: «Кудай кудурети күчтүү болгондуктан жана бизге кам көргөндүктөн, болгон кырсык, биз үчүн түшүнүү кыйын болсо да, кандайдыр бир пайда алып келет»,— деп ойлошот. Силерчи?

Эмне болбосун: жакшы нерсеби же жаманбы, бардыгы Кудайдын эрки менен болот. Мындай пикир көпчүлүк учурда Ыйса Машайактын макаланын башында келтирилген сөздөрүнө негизделет. Ыйса аларды көпчүлүккө белгилүү «Асмандагы Атабыз» деген тиленүүсүндө айткан. Кудайдын эрки асманда аткарылып жатат, туурабы? Анда «жерде да Сенин эркиң аткарылсын» деп тиленүү менен жерде болуп жаткан нерселердин бардыгы Кудайдын эрки менен болубатат дегенге кошулган жокпузбу?

Көптөр мындай ой жүгүртүүнүн тууралыгына шектенишет. Анткени бул Кудайдын жаратууларына, адамдарга боору оорубайт дегенге тете. «Жазыксыз адамдарды азапка салган нерселерге мээримдүү Кудай кантип эле жол берсин? — деп сурашат алар.— Эгер Кудай биздин бир нерсеге үйрөнүшүбүздү кааласа, мындай жол менен эмнеге үйрөнсө болору түшүнүксүз». Балким, силер да ушинтип ойлойттурсуңар.

Бул тууралуу Ыйсанын уялаш биртууганы шакирт Жакып: «Азгырылып жатканда, эч ким: „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт»,—деп жазган (Жакып 1:13). Жамандыктын булагы Кудай эмес. Ошондуктан жерде болубаткан нерселердин бардыгы эле анын эрки менен болуп жаткан жок. Ыйык Жазмада адамдын, элдердин, ал эмес, Шайтандын каалоосу, эрки тууралуу да айтылат (Жакан 1:13; 2 Тиметейге 2:26; 1 Петир 4:3, «Мукаддас»). Хулио менен Кристинанын үй-бүлөсүндө болгон кырсык асмандагы мээримдүү Атабыздын эрки менен болбогонуна кошулсаңар керек?

Анда Ыйса өзүнүн жолдоочуларына: «Сенин эркиң болсун»,— деп тиленүүнү үйрөткөндө эмнени айткысы келген? Бул Кудайдын өзгөчө учурларда гана кийлигишүүсү тууралуу өтүнүч болгон беле же Ыйса адамдардын бардыгы күтсө боло турган зор өзгөрүү жөнүндө тиленүүнү үйрөттү беле? Келгиле, Ыйык Китепте бул тууралуу эмне айтыларын карап көрөлү.

[3-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Car: Dominique Faget-STF/AFP/Getty Images; child: FAO photo/B. Imevbore