Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратуу Кудайдын даңкын жар салат!

Жаратуу Кудайдын даңкын жар салат!

Жаратуу Кудайдын даңкын жар салат!

«Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат» (ЗАБУР 18:2).

1, 2. а) Эмне үчүн адамдар Кудайдын даңкын түздөн-түз көрө алышпайт? б) 24 аксакал Кудайды кантип даңкташууда?

«САГА Менин жүзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт» (Чыгуу 33:20). Жахаба Мусага ушундай эскертүү берген. Адамдар рухий жаратуу болбогондуктан Кудайдын даңкын түздөн-түз көрүүгө кудуретсиз. Анткен менен, элчи Жаканга укмуштай аян аркылуу даңктуу тактысында отурган Жахабаны көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген (Аян 4:1—3).

2 Адамдардан айырмаланып, ишенимдүү рухий жаратуулар Жахабанын жүзүн көрө алышат. Алардын ичине Жакан алган асман көрүнүшүндө сүрөттөлүп, 144 000ди билдирген «жыйырма төрт аксакал» кирет (Аян 4:4; 14:1—3). Кудайдын даңкын көрүшкөнү аларга кандай таасир этет? Аян 4:11ге ылайык, алар: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп жар салышууда.

Эмне үчүн «актана алышпайт»?

3, 4. а) Эмне себептен Кудайга ишенүүнү илимий эмес деп жокко чыгарууга болбойт? б) Айрым учурларда адамдардын эмне себептен Кудайдын бар экенине ишенгиси келбейт?

3 Силер Кудайды даңктоону каалайсыңарбы? Адамзаттын басымдуу көпчүлүгү каалабайт, атүгүл кээ бирлери Кудайдын бар экенин танат. Мисалы, бир астроном: «Өзү кийлигишип, космосту биздин жыргалчылыгыбызга ушунчалык кереметтүү кылып жараткан Кудай эмеспи? [...] Суктанарлык үмүт. Тилекке каршы, мен аны куру кыял деп билем. [...] Ааламдын пайда болушун Кудай менен түшүндүрүүгө болбойт»,— деп жазган.

4 Илимий иликтөөлөр адамдардын колунан келген чектелүү изилдөөлөрдүн же байкоо жүргүзүүлөрдүн алкагында гана жүргүзүлөт. Ашып кетти дегенде, тек гана теориялар же божомолдоолор айтылат. «Кудай — Рух» болгондуктан, аны илимий изилдөөлөр аркылуу таанып-билүү мүмкүн эмес (Жакан 4:24). Ошондуктан Кудайга ишенүүнү илимий эмес деп жокко чыгаруу — менменсинүүчүлүк. Кембриж университетинин илимпозу Винсент Уиглсворт илимий ыкманын өзү «диний» болуп саналарын белгилеген. Эмне үчүн? «Илимий ыкма жаратылыш кубулуштары „табият мыйзамдарына“ баш иет деген сокур ишенимге негизделет». Анда Кудайга ишенүүдөн баш тарткан адам бир ишенимди экинчиси менен эле алмаштырып койгон болбойбу? Айрым учурларда Кудайдын бар экенине ишенбөөгө чындыкты кабыл алууну каалабагандык себеп болот көрүнөт. Забурчу: «Ыймансыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат. „Ал жазалабайт“,— деп ойлойт. Ал дайыма: „Кудай жок!“ — деп ойлойт»,— деп жазган (Забур 9:25).

5. Кудайга ишенбегендер эмне үчүн актана алышпайт?

5 Кудайдын бар экенине ишенүү негизсиз эмес, анткени буга толгон-токой далилдер бар (Эврейлерге 11:1). Астроном Аллан Сандаж: «Мен [Ааламдагы] мындай тартиптин башаламандыктын натыйжасында пайда болгонун такыр мүмкүн эмес деп ойлойм. Андай тартиптин жана уюшкандыктын баштапкы булагы болушу керек. Кудай — мен үчүн купуя сыр болсо да, бар болуунун кереметине, жок болгон нерселердин эмне себептен бар болуп калганына түшүндүрмө болуп саналат»,— деп айткан. Элчи Пабыл Ыйсанын Римдеги жолдоочуларына мындай деген: «Дүйнө жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан [Кудайга ишенбеген] бул адамдар актана алышпайт» (Римдиктерге 1:20). «Дүйнө жаратылгандан», айрыкча, Кудайдын бар экенин баамдай алган аң-сезимдүү адам баласы жаратылгандан тартып эбегейсиз зор күчкө ээ Жараткандын, берилгендикке татыктуу Кудайдын, бар экени айкын болгон. Ошондуктан Кудайдын даңкын тангандар актана алышпайт. Бирок жаратылган нерселер назарыбызга кандай далилдерди сунуш кылат?

Аалам Кудайдын даңкын жар салууда

6, 7. а) Асман Кудайдын даңкын кандайча жар салып жатат? б) Асман «өлчөөчү жибин» эмне максат менен тартат?

6 Жогорудагы суроого Забур 18:2де: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат»,— деген жооп берилет. Дөөт ааламдагы жылдыздар менен планеталардын даңктуу Кудайдын бар экенине талашсыз далил болуп саналарын билген. Андан ары ал: «Алар күн сайын сүйлөшөт, түн сайын билим ачышат»,— деп айткан (Забур 18:3). Асман күндөн-күнгө, түндөн-түнгө Кудайдын акылмандыгын жана жаратуучулук кудуретин көрсөтүп турат. Ал Кудайды даңктап «сүйлөп» жаткандай.

7 Бирок ал даңктоону угуу үчүн баамчылдык керек. «Эч бир сөз, эч бир кеп, эч бир үн угулбайт» («БМК»). Ошого карабастан, асмандын үнсүз күбөлүгү эбегейсиз күчтүү. «Алардын үнү [«өлчөөчү жиби», «ЖД»] бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет» (Забур 18:4, 5). Асман өзүнүн үнсүз күбөлүгүнүн бүт дүйнө жүзүнө жеткенине ынануу үчүн «өлчөөчү жибин» тартып жаткандай.

8, 9. Күнгө байланыштуу кандай таң калыштуу фактылар бар?

8 Андан кийин Дөөт Жахабанын жаратуусунун дагы бир кереметин сүрөттөйт: «Кудай алардын [асмандагы нерселердин] арасында күнгө турак-жай тургузуп берди. Ал өзүнүн нике үйүнөн чыккан күйөөдөй болуп чыгып, өз жолун чуркап өтүш үчүн, балбанга окшоп кубанат. Асмандын бир четинен чыгып, экинчи четине барат, анын жылуулугунан эч нерсе жашырынып кала албайт» (Забур 18:5—7).

9 Башка жылдызгарга салыштырмалуу Күндүн өлчөмү орточо эле. Ошентсе да ал — укмуш жылдыз. Күндүн тегерегинде айланган планеталар ага салыштырмалуу кымындай эле болуп калат. Бир булактын билдирүүсүнө ылайык, Күндүн массасы Жердикинен болжол менен 330 000 эсе оор! Бул Күн системасынын массасынын 99,9 пайызын түзүп турат. Анын гравитациялык талаасынын аркасында Жер Күндөн алыстап кетпей же ага кулап түшпөй, радиусу 150 миллион километр болгон орбитада айланып жүрөт. Биздин планетага Күндүн энергиясынын болжол менен 2 миллиарддан бир бөлүгү эле жетет, бирок турмуш-тиричиликтин болушуна ошол жетиштүү.

10. а) Күн «турак-жайына» кандайча кирип, кайра чыгып турат? б) Кандай мааниде ал «балбан» сыяктуу чуркайт?

10 Забурчу каймана тилди колдонуп, Күндү күндүз асмандын бир четинен экинчи четине чуркап, кечкисин «турак-жайына» кирген «балбан» катары сүрөттөйт. Күндүн батышы жердеги байкоочуга ал эс алыш үчүн «турак-жайына» киргендей болуп көрүнөт. Эртең менен ал «өзүнүн нике үйүнөн чыккан күйөөдөй» жаркырап, нурун чачып кайрадан чыга калат. Дөөт койчу болгондуктан түнкүсүн бир топ эле суук болорун билген (Башталыш 31:40). Ал Күндүн нурларына денеси жана айлана-тегеректегинин баары тез эле жылый түшө турганын эстеген. Ооба, Күн чыгыштан батышты карай күн сайын жасаган «саякатынан» чарчабайт, тескерисинче, ал «балбан», же күчтүү адам, сыяктуу саякатын кайталоого даяр.

Укмуш зор жылдыздар жана галактикалар

11, 12. а) Ыйык Китепте жылдыздардын кумга салыштырылганы эмнеси менен кызык? б) Аалам канчалык чоң болушу мүмкүн?

11 Байыркы убакта телескоп жок болгондуктан, Дөөт бир нече эле миң жылдызды көрө алган. Бирок, жакында жүргүзүлгөн бир изилдөө боюнча, заманбап телескоптордун жардамы менен көрүүгө боло турган ааламдагы жылдыздардын саны — 70 секстиллион (7ден кийин 22 нөл турат). Ушул эбегейсиз чоң сандын негизинде Жахаба жылдыздардын санын «деңиз жээгиндеги кумдун» санына салыштырган (Башталыш 22:17).

12 Бир канча убакыт бою астрономдор кандайдыр бир «көрүнүшү ачык эмес, тумандуу болгон кичинекей жаркыраган аймактарга» байкоо жүргүзүп келишкен. Окумуштуулар бул «спиралдуу тумандуулуктар» Саманчынын жолу галактикасынын ичине кирет деп божомолдошчу. Бирок 1924-жылы ал тумандуулуктардын эң жакыны, Андромеда, чындыгында өзү галактика экени жана бизден эки миллион жарык жылындай алыстыкта турары аныкталган! Азыр илимпоздордун эсеби боюнча ааламда ар бири миңдеген, айрымдары миллиардаган жылдыздарды камтыган миллиарддаган галактикалар бар. Ошентсе да Жахаба «жылдыздардын санын эсептейт, алардын ар бирине ат берет» (Забур 146:4).

13. а) Топ жылдыздар жөнүндө эмнелер белгилүү? б) Илимпоздор «асмандын мыйзамдарын» билбейт деп эмне себептен айтууга болот?

13 Жахаба Аюбдан: «Сен Ким топ жылдызынын түйүнүн байлай аласыңбы, Кесил топ жылдызынын түйүнүн чече аласыңбы?» — деп сураган (Аюб 38:31). Топ жылдыз — бул мүнөздүү фигураны түзүп турган жылдыздардын тобу. Жылдыздар бири-биринен абдан алыс турса да, жерден караганда алардын салыштырмалуу орду өзгөрүлбөйт. Жылдыздардын орду ушунчалык так болгондуктан, алар «навигацияда пайдалуу ориентир болуп, астронавтарга космос кемелерине багыт берүүгө жана жылдыздарды аныктап билүүгө жардам берет» («Америка энциклопедиясы»). Бирок топ жылдыздарды кандай «түйүн» бириктирип турарын толугу менен эч ким түшүнбөйт. Ооба, илимпоздор Аюб 38:33төгү: «Асмандын мыйзамдарын билесиңби?» — деген суроого алиге чейин жооп бере алышпайт.

14. Жарыктын жайылышы кандай мааниде купуя сыр?

14 Илимпоздор Аюбга берилген: «Жарык кайсы жол менен жайылат?» — деген суроого да жооп бере алышпайт (Аюб 38:24). Бир жазуучу жарык жөнүндөгү бул суроону «азыркы кездеги илимий терең суроо» деп атаган. Ал эми айрым грек философтору жарык адамдын көзүнөн чыгат деп эсептешкен. Биздин мезгилдерде болсо илимпоздор жарык кичинекей бөлүкчөлөрдөн турат деп ойлошкон. Башкалары жарык толкун түрүндө тарайт деген көзкарашта болушкан. Бүгүнкү окумуштуулардын ою боюнча, жарык өзүн толкун катары да, бөлүкчө катары да алып жүрөт. Бирок жарыктын табиятын жана анын кантип «жайыларын» толук түшүнүүгө дагы көп бар.

15. Асман жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө, Дөөткө окшоп, кандай сезимде болобуз?

15 Мунун баары жөнүндө ой жүгүртүп, забурчу Дөөттүн төмөнкү сөздөрүнө кошулбай коё албайбыз: «Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам деген ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы деген ким?“ — деп ойлойм» (Забур 8:4, 5).

Жер жана андагы жандыктар Жахабаны даңктайт

16, 17. «Деңиз туңгуюктарындагы» жандыктар Жахабаны кандайча мактап жатышат?

16 Забур 148-бапта жаратуунун Кудайдын даңкын дагы кантип жар салып жатканы көрсөтүлөт. 7-аятта: «Жердегилер, зор балыктар, деңиз туңгуюктары, Теңирди мактагыла»,— деп айтылат. Ооба, «деңиз туңгуюктары» Кудайдын акылмандыгын жана күчүн чагылдырган кереметтерге бай. Мисалы, көк киттин орточо салмагы 120 тонна, бул 30 пилдин салмагына барабар! Анын жүрөгү эле 450 килограммды түзөт жана денесинин кан тамырлары аркылуу 6,4 тоннадай канды айдап турууга жөндөмдүү! Бул килейген алптар жай жана олдоксон сүзөбү? Жок. Бир уюмдун (European Cetacean Bycatch Campaign) билдирүүсүнө ылайык, алар океандарда укмуштай тез ылдамдык менен «сүзүп жүрүшөт». Спутниктен жүргүзүлгөн байкоо «бир көк киттин 10 айдын ичинде 16 000 километрден ашык аралыкты сүзүп өтөрүн» көрсөткөн.

17 Афалина деп аталган дельфин чумкуганда, адатта, 45 метрдей тереңдикке кирет, бирок эң терең дегенде 547 метрге чейин чумкуй алат! Бул сүт эмүүчү жандык мындай тереңдикте кантип тирүү калат? Тереңдеген сайын анын жүрөгү жай согуп, каны жүрөгүнө, өпкөсүнө жана мээсине оойт. Ошондой эле анын булчуңдарында кычкылтекти сактай ала турган химиялык зат бар. Деңиз пилдери жана кашалоттор андан да терең чумкуй алышат. «Алар басым менен күрөшпөстөн, ага өпкөлөрүнүн бүт бойдон кысууга жол беришет»,— деп айтылат «Дискавер» журналында. Өздөрүнө зарыл кычкылтектин көбүн алар булчуңдарында сактайт. Бул жаныбарлар кудурети күчтүү Кудайдын акылмандыгын күбөлөндүрүп турганында шек жок!

18. Кандайча деңиз суулары Жахабанын акылмандыгын көрсөтүп турат?

18 Кала берсе, деңиз суулары да Жахабанын акылмандыгын чагылдырып турат. «Сайентифик америкэн» журналында: «Океан сууларынын үстүңкү 100 метр катмарындагы ар бир тамчысында агым менен жай жылып жүрүүчү фитопланктон деп аталган миңдеген микроскоптук өсүмдүктөрдүн жыйындысы камтылат»,— деп билдирилет. Бул «көзгө көрүнбөгөн токой» миллиарддаган тонна көмүр кычкыл газды өзүнө сиңирип, абаны тазартып турат. Биз дем алган кычкылтектин жарымынан көбүн фитопланктон иштеп чыгарат.

19. Кандайча от менен кар Жахабанын эркин аткарат?

19 Забур 148:8де «чагылгандар [«оттор», «Мукаддас»] жана мөндүрлөр, карлар жана тумандар, Анын сөзүн аткарган бороондор» жөнүндө айтылат. Бул Жахабанын өзүнүн эркин ишке ашыруу үчүн табияттын жансыз күчтөрүн да колдонорун көрсөтүп турат. Отту мисалга алалы. Ондогон жылдар мурун токойдогу өрттөр зыян гана алып келет деп эсептелчү. Азыр болсо изилдөөчүлөр оттун маанилүү экологиялык роль аткарарын, картайып же чирип калган бак-дарактарды жок кылып, көптөгөн уруктардын өнүп чыгышына, азык болчу заттардын кайра колдонулушуна шарт түзөрүн жана чоң өрттүн пайда болуу ыктымалдыгын азайтарын билишет. Кардын да пайдасы чоң: ал жер кыртышын сугарат, семиртет, дарыяларга суу берет, өсүмдүктөр менен жаныбарларды үшүктөн сактайт.

20. Тоолор жана дарактар адамзатка кандай пайда алып келет?

20 Андан кийин Забур 148:9да «тоолор жана адырлар, мөмөлүү дарактар жана бардык кедрлер» саналып өтөт. Асман тиреген тоолор Жахабанын күчү канчалык эбегейсиз зор экенин күбөлөндүрүп турат (Забур 64:7). Ошол эле учурда алар пайдалуу кызмат аткарат. Берндеги (Швейцария) География институтунун билдирүүсү боюнча, «дүйнө жүзүндөгү бардык ири дарыялардын башаты тоолордо. Адамзаттын жарымынан көбүнүн жашоо-тиричилиги тоолордон аккан тузсуз суудан көзкаранды. [...] Бул „суу мунаралары“ адам баласынын өмүрү үчүн абдан зарыл». Ал турсун, кадимки дарак да өзүнүн Жаратканына даңк алып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасында билдирилгендей, дарактар «бардык өлкөлөрдөгү адамдардын жыргалчылыгы үчүн маанилүү... Дарактардын көп сандаган түрлөрү жыгач материал, мөмө-жемиш, жаңгак, чайыр жана клей сыяктуу продукциялардын булагы катары экономикалык жактан өтө маанилүү роль ойнойт. Дүйнө жүзү боюнча 2 миллиард адам жыгачты тамак бышырууга жана отун катары колдонот».

21. Жөнөкөй эле жалбырактын түзүлүшү анын жаратылганын кандайча далилдеп турарын түшүндүргүлө.

21 Акылман Жараткандын бар экенин дарактын түзүлүшүнөн да көрүүгө болот. Мисалга жөнөкөй эле жалбыракты алалы. Сыртындагы мом катмары жалбыракты тез куурап калуудан сактайт. Анын алдында, жалбырактын үстүңкү катмарында хлоропласттарды камтыган клеткалар бар. Алардын курамындагы хлорофилл жарык энергиясын сиңирет. Фотосинтез процессинин натыйжасында жалбырактар «азык фабрикаларына» айланат. Дарак сууну тамырлары аркылуу сиңирип, аны жалбырактарга татаал «суу түтүктөрү» аркылуу жеткирет. Жалбырактын астыңкы бетиндеги үттөр деп аталган миңдеген майда «клапандар» ачылып жабылып, көмүр кычкыл газын өздөштүрөт. Жарык энергиясынын таасири аркылуу суу менен көмүр кычкыл газынын кошулуусунан углеводдор пайда болот. Эми өсүмдүк өзү иштеп чыгарган ошол эле азык менен өзү азыктана алат. Бул «фабрика» үнсүз иштейт жана кооз. Ал айлана-чөйрөнү булгамак турсун, кошумча продукт катары кычкылтек бөлүп чыгарат!

22, 23. а) Кээ бир канаттуулар жана жер бетиндеги жаныбарлар кандай укмуштай жөндөмдүүлүктөргө ээ? б) Дагы кайсы суроону карап чыгышыбыз зарыл?

22 «Жырткычтар жана ар кыл малдар, сойлоочулар жана канаттуу куштар»,— делет Забур 148:10до. Жер бетиндеги жаныбарлар жана асмандагы канаттуулар укмуштай жөндөмдүүлүктөргө ээ. Каражон альбатрос эбегейсиз зор алыстыкка уча алат (бир жолу мындай канаттуунун бири 90 эле күндүн ичинде 40 000 километрди басып өткөн). Алакөкүрөк токой сайроочусу Түндүк Америкадан Түштүк Америкага 80ден ашык саат тынбай учуп барат. Төө сууну, көптөр ойлогондой, өркөчүндө эмес, тамак сиңирүүчү системасында сактайт, ошондуктан денесиндеги суу узак убакытка чейин түгөнбөйт. Анда инженерлердин машиналарды жана жаңы материалдарды ойлоп табуу үчүн эмне себептен жаныбарлар дүйнөсүнө кылдат байкоо жүргүзөрү түшүнүктүү. «Жакшы иштей турган... жана айлана-чөйрөгө зыян алып келбей турган бир нерсе чыгарууну кааласаң,— дейт жазуучу Гейл Клир,— жакшы үлгүнү табияттан тапсаң болот».

23 Чынында эле, жаратуу Жахабанын даңкын жар салып турат! Жылдыздуу асмандан тартып өсүмдүктөр менен жаныбарларга чейин ар бири Жаратканын өзүнчө даңктап жатат. Адамдарчы? Табият менен бирге биз Кудайды даңктай алабыз?

Эсиңердеби?

• Кудайдын бар экенин тангандар эмне үчүн актана алышпайт?

• Жылдыздар менен планеталар Кудайды кантип даңкташууда?

• Деңиздеги жана жердеги жаныбарлар мээримдүү Жаратканыбыздын бар экенин кандайча күбөлөндүрүп турушат?

• Кандайча табияттын жансыз күчтөрү Жахабанын эркин аткарууда?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Афалина.

[21-беттеги сүрөт]

Кар бүртүгү.

Жаш каражон альбатрос.