Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Лебилер китебиндеги урунттуу ойлор

ЫСРАЙЫЛДЫКТАРДЫН Мисир кулчулугунан бошотулганына бир жыл боло элек. Эми жаңы эл катары уюштурулуп, алар Канаан жерин көздөй сапар чегип баратышат. Жахабанын ой-ниети боюнча, ал жерде ыйык эл жашашы керек. Бирок канаандыктардын жашоо мүнөзү жана диний үрп-адаттары алардын абдан бузулган эл экенин күбөлөндүрүп турат. Ошондуктан чыныгы Кудай ысрайылдыктарга аларды ага ыйык кызмат кылуу үчүн бөлүп тура турган көрсөтмөлөрдү берет. Алар Ыйык Жазманын Лебилер китебинде жазылган. Синай чөлүндө, болжолу, б.з.ч. 1512-жылы Муса пайгамбар тарабынан жазылган бул китеп бир Ай айынын ичинде болуп өткөн окуяларды камтыйт (Чыгуу 40:17; Сандар 1:1—3). Жахаба элине ыйык болуу жөнүндө бир канча жолу эскертет (Лебилер 11:44; 19:2; 20:7, 26).

Бүгүн Жахабанын Күбөлөрү Кудай тарабынан Мусага берилген Мыйзамга баш ийүүгө тийиш эмес. Ыйса Машайактын өлүмү менен ал Мыйзам жоюлган (Римдиктерге 6:14; Эфестиктерге 2:11—16). Ошентсе да Лебилер китебиндеги көрсөтмөлөр пайдалуу жана алардан Кудайыбыз Жахабага болгон сыйынуу жөнүндө көп нерселерди биле алабыз.

ЫКТЫЯРДУУ ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ АЛЫП КЕЛИНЧҮ ЫЙЫК КУРМАНДЫКТАР

(Лебилер 1:1—7:38)

Мыйзам боюнча талап кылынган курмандыктар менен тартуулардын кээ бирлери ыктыярдуу түрдө, ал эми айрымдары милдеттүү түрдө алып келинчү. Мисалы, бүтүндөй өрттөлчү курмандык ыктыярдуу түрдө чалына турган. Анын сыңарындай, Ыйса Машайак өзүнүн өмүрүн куткаруу курмандыгы катары өз ыктыяры менен бүт бойдон берген. Ыктыярдуу тынчтык курмандыгы болсо ортодо бөлүнчү: бир бөлүгү курмандык чалынуучу жайда Кудайга тартууланчу, калганын ыйык кызмат кылуучу менен курмандык алып келген адам жей турган. Бул Ыйсанын майланган жолдоочуларынын анын өлүмүн Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгенин эске салат (1 Корунттуктарга 10:16—22).

Күнөө жана айып үчүн чалынуучу курмандыктар милдеттүү түрдө алып келинчү. Күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар жаңылыштык менен же билбестиктен жасалган күнөөлөр үчүн чалынчу. Айып үчүн чалынуучу курмандыктарды адам кимдир бирөөнүн укугун бузгандыгы үчүн алып келчү, ошондой эле ал курмандык өкүнгөн күнөөкөрдүн белгилүү бир укуктарын калыбына келтирчү же ошол эки максатты бирдей аткарчу. Андан тышкары, Жахабанын берешендигине ыраазычылык билдирүү максатында нан курмандыктары тартууланчу. Булардын баары биз үчүн кызыктуу, анткени Мыйзам келишими талап кылган курмандыктар Ыйса Машайак менен анын курмандыгына жана ошол курмандыктын аркасында тие турган баталарга көңүлүбүздү бурат (Эврейлерге 8:3—6; 9:9—14; 10:5—10).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2:11, 12 — Эмне үчүн балды Теңирге курмандык катары өрттөгөнгө болбойт эле? Кыязы, бул жерде сөз аарынын балы жөнүндө жүргөн жок. Жогорудагы аяттарда кеп кылынган балды «Теңирге арнап өрттөгөнгө болбосо» да, ал «талаа өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн алгачкыларынын» ичине кирген (2 Жылнаама 31:5). Андай бал, болжолу, мөмө-жемиштердин ширеси же сиробу болсо керек. Ачышы мүмкүн болгондуктан, аны курмандык чалынуучу жайда курмандык катары өрттөөгө болбойт эле.

2:13 — Эмне себептен «ар бир курмандык» менен кошо туз ала келүү керек болгон? Муну курмандыктардын даамын жакшыртуу үчүн кылышкан эмес. Дүйнө жүзү боюнча туз консервант катары колдонулат. Сыягы, анын курмандыктар менен бирге алынып келингенин себеби — ал бузулуудан жана чирүүдөн сактоону символдоштурат.

Биз алчу сабактар:

3:17. Малдын майы эң мыкты жана эң баалуу бөлүгү болгондуктан, ысрайылдыктарга аны жегенге тыюу салынган. Болжолу, бул аларга эң мыкты нерселердин баары Жахабага таандык экенин түшүнүүгө жардам берген (Башталыш 45:18). Бул бизге эң жакшы нерселерибиздин баарын Жахабага беришибиз керектигин эскертип турат (Накыл сөздөр 3:9, 10; Колостуктарга 3:23, 24).

7:26, 27. Ысрайылдыктар кан жебеши керек болчу. Кудайдын көзкарашы боюнча, кан өмүрдү символдоштурат. «Дененин жаны [өмүрү] — каны»,— деп айтылат Лебилер 17:11де. Кудай кандан сактанууну бүгүнкү кызматчыларынан да талап кылат (Элчилер 15:28, 29).

ЫЙЫК КЫЗМАТ КЫЛУУЧУЛУКТУН НЕГИЗДЕЛИШИ

(Лебилер 8:1—10:20)

Курмандыктар менен тартууларга байланышкан иштерди кимдер аткарышкан? Алар ыйык кызмат кылуучуларга тапшырылган. Кудайдын көрсөтмөсүнө ылайык, Муса кызматка дайындоо аземин өткөрүп, Арунду — башкы ыйык кызмат кылуучулукка, ал эми анын төрт уулун ыйык кызмат кылуучулукка дайындаган. Сыягы, азем жети күнгө созулган, кийинки күнү болсо ыйык кызмат кылуучулук күчүнө кирген.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

9:9 — Канды курмандык чалынуучу жайдын түбүнө төгүүнүн жана анын мүйүздөрүнө сыйпоонун кандай мааниси бар эле? Бул Жахабанын күнөөлөрдү кан аркылуу жууй турганын көрсөткөн. Күнөөлөрдү жуу чарасы бүт бойдон канга негизделген болчу. «Мыйзам боюнча дээрлик бардыгы кан менен тазартылат,— деп жазган элчи Пабыл.— Кан төгүлмөйүнчө, кечирим болбойт» (Эврейлерге 9:22).

10:1, 2 — Арундун уулдары Надап менен Абыйут кандай күнөө кылышкан? Надап менен Абыйут ыйык кызмат кылуучулук милдеттерин аткарууда өздөрүнө тиешеси жок нерсени кылышкандан кийин, Жахаба ыйык кызмат кылуучуларга жыйын чатырында кызмат кылууда шарап же күчтүү ичимдик ичүүгө тыюу салган (Лебилер 10:9). Мындан Арундун эки уулу жогоруда айтылган учурда соо эмес болушса керек деген тыянак чыгарууга болот. Бирок алардын өлтүрүлгөнүнүн негизги себеби «Теңирдин алдында Ал буйрубаган чоочун от алып келишкенинде» болчу.

Биз алчу сабактар:

10:1, 2. Жахабанын бүгүнкү кызматчыларынын арасында жооптуу милдеттерди аткарган биртуугандар Кудайдын талаптарына баш ийиши керек. Андан тышкары, милдеттерин аткарууда алар менменсинүүдөн качууга тийиш.

10:9. Кудай тапшырган милдеттерди ичимдик ичип алып аткарбашыбыз керек.

ЫЙЫК СЫЙЫНУУ ТАЗАЛЫКТЫ ТАЛАП КЫЛАТ

(Лебилер 11:1—15:33)

Тамак-ашка колдонулчу жаныбарларды адал же арам деп эсептөөгө байланыштуу көрсөтмөлөр ысрайылдыктарга эки жактан пайдалуу болгон. Бир жагынан, бул көрсөтмөлөр зыяндуу организмдерден оору жуктуруудан сактаса, экинчи жагынан, ысрайылдыктардын тегеректеги элдерден айырмаланарын көрсөтүп турган. Калган көрсөтмөлөр тарптан булганып калууга, аялдын төрөгөндөн кийин тазаланышына, пес оорулууга байланыштуу иш-аракеттерге, эркектин же аялдын жыныстык мүчөсүнөн суюктук бөлүнүп чыккандагы таза эместикке байланышкан. Таза эмес болуп калгандарга ыйык кызмат кылуучулар кам көрүүгө тийиш болушкан.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

12:2, 5 — Эмне үчүн аял төрөгөндөн кийин «таза эмес» болуп калчу? Көбөйүү органдары жеткилең адамдардын жарык дүйнөгө келиши үчүн берилген. Бирок тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепеттеринен улам төрөлгөн балдар жеткилеңсиз жана күнөөгө толгон жашоону мурастап калышкан. Бала төрөөгө, ошондой эле айыз жана эрендиктин агышы сыяктуу нерселерге байланышкан убактылуу «таза эместик» ысрайылдыктарга күнөөнүн тукум кууп өтөрүн эскертип турган (Лебилер 15:16—24; Забур 50:7; Римдиктерге 5:12). Тазаланууга карата коюлган талаптар ысрайылдыктарга күнөөдөн арылта турган жана адамзаттын кайрадан жеткилеңдикке жетишин шарттай турган куткаруу курмандыгынын зарыл экенин түшүнүүгө жардам берген. Ошентип, Мыйзам алар үчүн «Машайакка жетелеп келүүчү» болгон (Галаттыктарга 3:24).

15:16—18 — Ушул аяттарда айтылып өткөн эрендиктин агышы деген эмне? Болжолу, бул түнкүсүн болуучу поллюцияга жана никедеги жыныстык катнаштарга тиешелүү.

Биз алчу сабактар:

11:45. Жахаба Кудай өзү ыйык жана ага ыйык кызмат кылгандардан да ыйык болууну талап кылат. Алар ыйыктыкка умтулуп, денелик жана рухий жактан дайыма таза болушу керек (2 Корунттуктарга 7:1; 1 Петир 1:15, 16).

12:8. Жахаба жакырларга кымбатыраак турган козунун ордуна курмандыкка канаттууларды алып келүүгө уруксат берген. Ал жакырларга түшүнүү менен мамиле кылат.

ЫЙЫКТЫКТЫ САКТОО ТАЛАБЫ

(Лебилер 16:1—27:34)

Күнөө үчүн чалынуучу эң маанилүү курмандыктар жыл сайын Күнөөдөн арылуу күнүндө алып келинчү. Ыйык кызмат кылуучулар жана Леби уруусу үчүн курмандыкка букачар чалынчу. Ысрайылдын ыйык кызмат аткарбаган уруулары үчүн теке чалына турган. Дагы бир текени ыйык кызмат кылуучу элдин күнөөлөрүн айтып ага «жүктөгөндөн» кийин чөлгө коё беришчү. Бул эки теке күнөө үчүн чалынган бир курмандык деп эсептелген. Бул чаралардын баары Ыйса Машайактын курмандыкка берилерин жана күнөөлөрдү «алып кетерин» көрсөткөн.

Эт жегенге жана башка маселелерге байланыштуу көрсөтмөлөр Жахабага кызмат кылууда ыйыктыкты сактоо керектигин баса белгилеп турат. Ыйык кызмат кылуучулар өзүлөрүн ыйык сакташы керек болчу. Жыл сайын белгиленген үч майрам чоң кубанычтын жана Жаратканга ыраазычылык билдирүүнүн учуру болгон. Жахаба элине Анын ыйык ысымына тил тийгизген адамды жазалоого, ишембини жана юбилейди сактоого, жакырларга жана кулдарга мамиле кылууга байланышкан көрсөтмөлөрдү да берген. Кудайга баш ийүүдөн келүүчү баталар баш ийбестиктин кесепетинде тийүүчү каргыштарга карама-каршы коюлат. Ошондой эле убада берүүгө жана баа коюуга байланыштуу тартуулар, малдын төл башы жана «Теңирдин ыйыгы» катары ондук төлөө жөнүндө көрсөтмөлөр берилген.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

16:29 — Кандай мааниде ысрайылдыктар «өздөрүн жоошутууга» тийиш болушкан? Күнөөдөн арылуу күнүнөн кийин жасалчу бул иш-аракет күнөөлөрдүн кечирилиши тууралуу өтүнүчкө байланыштуу болчу. Болжолу, ошол убактагы орозо тутуу элдин өз күнөөлөрүн мойнуна алып жатканын көргөзгөн. Ошондуктан бул аятта сөз орозо тутуу жөнүндө жүрүп жатат шекилдүү.

19:27 — «Чачыңарды тегерете алдырбагыла, сакалыңардын учун кыркпагыла» деген буйрукту кандай түшүнүүгө болот? Болжолу, бул мыйзам жүйүттөргө сакалдарын же чачтарын бутпарастардыкындай кылып алышпасын үчүн берилген (Жеремия 9:25, 26; 25:23; 49:32). Бирок бул Кудайдын аларга сакалдарын же бетиндеги чачтарын кыркууга деги эле тыюу салганын билдирбейт (2 Шемуел 19:24).

25:35—37 — Ысрайылдыктардын пайызга акча бергени дайыма эле туура эмес болгонбу? Эгерде акча коммерциялык максат менен алынса, карыз берген адам акчасын пайызга бере алган. Бирок Мыйзамда жакырланган абалынан чыгуу үчүн карыз алган адамдан үстөк алууга тыюу салынган болчу. Жакынынын экономикалык оор абалынан пайда издөө туура эмес болгон (Чыгуу 22:25).

26:19 — Кандай мааниде асман темирдей, жер жездей болуп калышы мүмкүн эле? Жаан-чачындын жоктугунан улам Канаан жеринин үстүндөгү асман катуу, туюк темирге окшоп калчу. Кургакчылыктан жер жездикиндей ачык түскө кубулчу.

26:26 — «Он аялдын биригип, бир очокко нан бышырары» эмнени билдирет? Адатта, ар бир аял бышырчу нерселерин өзүнчө очокто бышырар эле. Аяттагы сөздөр тамак-аштын жоктугунан он аялга бир эле очок жетиштүү болорун көрсөтүп турат. Ошентип ыйыктыкты сактабагандыктын бир кесепети алдын ала айтылган.

Биз алчу сабактар:

20:9. Жахабанын көз алдында жек көрүүчүлүк жана караниеттик киши өлтүрүүчүлүккө барабар болгон. Ошондуктан кимдир бирөө ата-энесин кордосо, аларды өлтүргөндөгүдөй жаза алчу. Бул бизге ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүүгө түрткү бериши керек эмеспи? (1 Жакан 3:14, 15).

22:32; 24:10—16, 23. Жахабанын ысмына тил тийбеши керек. Тескерисинче, биз анын ысмын даңктап, ыйык тутулушу жөнүндө тиленүүгө тийишпиз (Забур 7:18; Матай 6:9).

Лебилер китебиндеги маалымат сыйынуубузга кандай таасир тийгизет?

Бүгүн Жахабанын Күбөлөрү Мусанын мыйзамына карманышпайт (Галаттыктарга 3:23—25). Ошентсе да Лебилер китебинде айтылгандар бизге Жахабанын ар кайсы маселелерге карата болгон көзкарашын тереңирээк билүүгө жардам берип, сыйынуубузга таасир эте алат.

Теократиялык кызмат мектебине даярданууда Ыйык Китепти окуганыңарда, силерди Кудайыбыздын өз кызматчыларынан ыйыктыкты талап кылары таасирлентпей койбойт. Ошондой эле Ыйык Жазманын бул китеби силерге Эң Жогорку Кудайга эң жакшы нерселериңерди берүүгө жана ыйыктыкты сактоо менен ага даңк алып келүүгө түрткү берет.

[29-беттеги сүрөт]

Мыйзам боюнча чалынган курмандыктар көңүлдү Ыйса Машайакка жана анын курмандыгына бурган.

[30-беттеги сүрөт]

Ачыткысыз нан майрамы чоң кубанычтын учуру болгон.

[31-беттеги сүрөт]

Алачыктар майрамы сыяктуу жыл сайын белгиленүүчү майрамдар Жахабага ыраазычылык билдирүүнүн убагы болгон.