Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыларга кам көрүү — баарыбыздын милдетибиз

Карыларга кам көрүү — баарыбыздын милдетибиз

Карыларга кам көрүү — баарыбыздын милдетибиз

«Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин силерди Мен көтөрүп жүрөм» (ЫШАЙА 46:4).

1, 2. Асмандагы Атабыздын камкордугу адамдардын камкордугунан эмнеси менен айырмаланат?

МЭЭРИМДҮҮ ата-эне балдарын ымыркайынан бой тарткан кезине чейин бапестеп багат. Уул-кыздары баралына жетип, өзүнчө үйлүү-жайлуу болушканда да ата-энелери алардан мээримдүү камкордугун, жардамын аяшпайт.

2 Ошентсе да адамдар балдары үчүн чектелүү нерселерди кыла алышат. Ал эми асмандагы Атабыз ишенимдүү кызматчыларына мээримдүү камкордугун, жардамын дайыма көрсөтө алат. Байыркы убактагы тандалган элине кайрылып, Жахаба: «Силер карыганга чейин, Мен ошол эле Теңирмин, чачыңар агарганга чейин силерди Мен көтөрүп жүрөм»,— деп айткан (Ышайа 46:4). Бул сөздөр Ыйсанын улгайган жолдоочуларын кандай бекемдейт! Жахаба ага берилгендигин сактагандарды таштабайт. Тескерисинче, аларды өмүр бою, карыганда да кубаттап, колдоп, жетектеп жүрөрүн убадалайт (Забур 47:15).

3. Бул макалада эмне каралат?

3 Канткенде карыларга мээримдүүлүк менен кам көрүү жагынан Жахабаны туурай алабыз? (Эфестиктерге 5:1, 2). Эмесе, балдардын, жыйналыш аксакалдарынын жана Ыйсанын ар бир жолдоочусунун бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздагы улууларга кандай жолдор менен камкордук көрсөтө алышарын карап чыгалы.

Балдардын парзы

4. Ата-энелеринин алдында Ыйсаны жолдогон балдардын кандай парзы бар?

4 «Ата-энеңди сыйла» (Эфестиктерге 6:2; Чыгуу 20:12). Эврей Жазмаларынан ушул жөнөкөй, бирок мааниси терең үзүндүнү келтирип, элчи Пабыл балдардын ата-энелеринин алдында кандай парзы бар экенин көрсөткөн. Бирок кандайча бул сөздөрдү карыларга кам көрүүгө карата да колдонууга болот? Бул суроого жооп алууга бизге жүрөк козгогон байыркы бир мисал жардам берет.

5. а) Жусуп атасынын алдындагы милдетин унутпаганын эмне көрсөтүп турат? б) Ата-энени сыйлоо деген эмнени билдирет жана бул жагынан Жусуп кандай сонун үлгү көрсөткөн?

5 Жусуп карып калган атасы Жакып менен 20 жылдан ашык убакыт көрүшкөн эмес. Буга карабастан, анын атасы Жакыпка болгон сүйүүсү өчкөн эмес. Ошондуктан биртуугандарына өзүнүн чынында ким экенин ачып берген соң: «Деги атам тирүүбү?» — деп сураган (Башталыш 43:7, 27; 45:3). А кезде Канаан жеринде ачарчылык өкүм сүрүп тургандыктан, Жусуп атасына: «Мага тез кел. Сен Гошен деген жерде жашайсың... Менин жанымда болосуң. Ошол жерде менин багуумда болосуң»,— деп айттырган (Башталыш 45:9—11; 47:12). Ооба, ата-энени сыйлоого аларды өздөрүнө кам көрө албай калганда коргоо жана материалдык жактан камсыз кылуу кирет (1 Шемуел 22:1—4; Жакан 19:25—27). Жусуп бул парзын кубаныч менен аткарган.

6. Жусуп кантип атасына чын ыкласынан сүйүү көрсөткөн жана мындан биз эмнеге үйрөнсөк болот?

6 Жахабанын жардамы менен Жусуп Мисирдеги эң бай жана эң таасирдүү адамдардын бири болуп калган (Башталыш 41:40). Бирок ал 130 жаштагы атасын сыйлабай калгыдай манчыркап же бошобой калган эмес. Жакыптын (Ысрайылдын) келатканын угуп, «Жусуп арабасын кошуп, атасы Ысрайылды тосуп алганы Гошенге жөнөп кеткен. Ал атасын көргөндө, аны мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлаган» (Башталыш 46:28, 29). Бул жөн эле формалдуу учурашуу болгон эмес. Жусуп улгайган атасын абдан жакшы көргөн жана ага сүйүүсүн көрсөтүүдөн уялган эмес. Биз да карып калган ата-энебизге сүйүүбүздү билдирүүдөн аянбайбыз.

7. Эмне үчүн Жакып сөөгүнүн Канаанга коюлушун каалаган?

7 Жакып Жахабага болгон берилгендигин өмүрүнүн аягына чейин бекем сактаган (Эврейлерге 11:21). Кудайдын убадаларына ишенгендиктен ал Жусуптан сөөгүн Канаанга алып барып көмүүнү суранган. Канча чыгым болбосун жана канча күч-аракет жумшабасын, Жусуп ал өтүнүчтү орундатуу менен атасын сыйлаганын көрсөткөн (Башталыш 47:29—31; 50:7—14).

8. а) Карыган ата-энебизге кам көрүүгө бизге биринчи кезекте эмне түрткү бериши керек? б) Улгайган ата-энесине кам көрүү үчүн, бир толук убакыттуу кызматчы эмне кылган? (Жогорудагы кутуну карагыла.)

8 Атасына кам көрүүгө Жусупка эмне түрткү берген? Өзүн жарык дүйнөгө алып келип, багып чоңойткондун алдындагы парзын сезгенинен жана ага сүйүү көрсөткүсү келгенинен тышкары, Жусуптун Жахабага жагууга дилгир болгону шексиз. Бизде да ошондой каалоо болушу керек. Пабыл: «Эгерде бир жесир аялдын балдары же неберелери болсо, анда алар, адегенде, өздөрүнүн үй-бүлөсүнө Кудайдан коркуу менен мамиле кылууну жана ата-энелери үчүн кам көрүүнү үйрөнүшсүн, анткени бул Кудайга жагат»,— деп жазган (1 Тиметейге 5:4). Ооба, канчалык оор болбосун, карыган ата-энебизге кам көрүүгө бизге Жахабага болгон сүйүү жана андан коркуу сезими түрткү берет *.

Аксакалдар кантип камкордук көрсөтүшөт?

9. Жахаба оторду, анын ичинде Ыйсанын улгайган жолдоочуларын кайтарууга кимдерди дайындайт?

9 Узак өмүрүнүн акырында Жакып Жахабаны «мени жаралганымдан бери бүгүнкүгө чейин сактап [«кайтарып», «СК»] келген Кудай» деп сыпаттаган (Башталыш 48:15). Бүгүнкү күндө Жахаба жердеги кызматчыларын Уулу Ыйса Машайактын, «кайтаруучулардын Башчысынын», жетекчилиги астында аны жолдогон көзөмөлчүлөр, атап айтканда, аксакалдар аркылуу кайтарат (1 Петир 5:2—4, «Инжил»). Аксакалдар отордун улгайган мүчөлөрүнө кам көрүүдө Жахабаны кантип туурай алышат?

10. Ыйсанын улгайган жолдоочуларына материалдык жактан жардам берүү үчүн кандай чаралар караштырылган? (17-беттеги кутуну карагыла.)

10 Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулгандан көп өтпөй элчилер жыйналыштагы жесирлерге «күнүмдүк тамак-аш» бөлүштүрүүгө «элдин ишенимине ээ болгон, Ыйык Рухка толгон жана акылдуу жети адамды» дайындашкан (Элчилер 6:1—6). Кийинчерээк Пабыл аксакал Тиметейге материалдык жардамга муктаж болгондордун тизмесине улгайган үлгүлүү жесирлерди киргизүү жөнүндө көрсөтмө берген (1 Тиметейге 5:3, 9, 10). Ошо сыяктуу эле, бүгүн жыйналыш аксакалдары Ыйсанын улгайган жолдоочуларына зарыл болгондо даярдуулук менен иш жүзүндө жардам караштырышат. Бирок ишенимдүү кары биртуугандарга кам көрүү муну менен эле чектелбейт.

11. Ыйса наркы төмөн тартуу алып келген жарды жесир аял жөнүндө эмне деген?

11 Ыйса жердеги кызматынын аягында ийбадатканадагы «курмандыктар салына турган кутунун маңдайында элдин акча салганын карап» отурган. Ошондо ал өзгөчө бир адамга көңүл бурган. Билдирүүдө: «Бир жесир аял да келип, эки жез тыйын салды»,— деп айтылат. Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деген: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды, жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды. Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды» (Марк 12:41—44). Жесир аялдын тартуусунун наркы төмөн болгон, бирок Ыйса асмандагы Атасынын чын жүрөктөн көрсөтүлгөн мындай берилгендикти канчалык баалай турганын билген. Ыйса улгайып калган ошол жарды жесир аялдын салымын көңүлгө албай койгон эмес.

12. Аксакалдар Ыйсанын улгайган жолдоочуларынын салымын баалашарын кантип көрсөтө алышат?

12 Ыйсага окшоп, аны жолдогон аксакалдар карылардын чыныгы сыйынууну колдоо үчүн кошуп жаткан салымын көңүлгө албай коюшпайт. Алар улгайган ишенимдештерин кызматка, жолугушууларга катышып жатышканы жана жыйналышка оң таасир тийгизип, чыдамдуулук көрсөтүп жатышканы үчүн мактай алышат. Чын жүрөктөн бекемдөө карыларга ыйык кызматтан кубаныч табууга жана өз иш-аракеттерин Ыйсанын башка жолдоочуларынын ийгиликтерине же өздөрүнүн мурунку жетишкендиктерине салыштырып кайгырбоого жардам берет (Галаттыктарга 6:4).

13. Аксакалдар улгайган биртуугандарынын шык-жөндөмдөрүн жана тажрыйбасын кантип колдоно алышат?

13 Аксакалдар Ыйсанын улгайган жолдоочуларынын тажрыйбасын жана шык-жөндөмдөрүн колдонуу менен алардын салымы баалуу экенин көрсөтө алышат. Үлгүлүү кары биртуугандарды кээде демонстрация көрсөтүүгө же интервью берүүгө чакырууга болот. «Балдарын чындыкта чоңойткон улгайган биртуугандан интервью алганымда, угуучулар аны кызыгуу менен кунт коюп угушат»,— деп белгилейт бир аксакал. Дагы бир жыйналыштын аксакалдары 71 жаштагы пионер апанын Падышалыктын жарчыларына туруктуулук менен кабар айтууга ийгиликтүү жардам берип келатканын билдиришет. Ал биртууган аларды Ыйык Китепти, күндөлүк аятты окуу жана окугандарынын үстүнөн ой жүгүртүү сыяктуу баштапкы нерселерди кылууга да үндөйт.

14. Бир жыйналыштын аксакалдары өздөрүнө кызматташ улгайган аксакалдын эмгегин баалаарын кантип көрсөтүшкөн?

14 Аксакалдар өздөрүнө кызматташ улгайган аксакалдардын да салымын баалашат. Ондогон жылдар бою аксакал болуп кызмат кылып келген 70 жаштагы Жозе жакында эле олуттуу оорунун айынан операция болгон. Тез эле айыгып калбай турганын билгендиктен, ал төрагалык кылуучу көзөмөлчү катары аткарган милдетин башка бирөөгө өткөрүп берүүнү ойлогон. «Мени башка аксакалдардын мамилеси таң калтырды,— дейт Жозе.— Менин сунушумду кабыл алгандын ордуна, алар жоопкерчиликтеримди аткара берүүгө мага иш жүзүндө кандай жардам көрсөтө алышарын сурашты». Жашыраак аксакалдын көмөгү менен Жозе төрагалык кылуучу көзөмөлчү катары кызматын кубаныч менен уланта алган жана бул бүт жыйналышка бата алып келген. Аксакалдардын бири: «Биртуугандар Жозенин аксакал катары кылган эмгегин абдан баалашат. Алар аны тажрыйбасы жана ишеними менен көрсөткөн үлгүсү үчүн жакшы көрүшөт, урматташат. Ал биздин жыйналышты көркүнө чыгарып турат»,— дейт.

Бири-бирибизге кам көрүү

15. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочуларынын баары өздөрүнүн арасындагы карылардын жыргалчылыгын ойлошу керек?

15 Карылардын камын ойлоо улгайган ата-энеси бар балдардын же дайындалган кызматчылардын эле милдети эмес. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышын адамдын денесине салыштырып, Пабыл: «Дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн, Кудай дененин көрксүз мүчөсүн өзгөчө кам көрүлгүдөй кылып жайгаштырган»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 12:25). Жыйналыш бирдиктүү иш-аракет жүргүзүшү үчүн, анын ар бир мүчөсү ишенимдештеринин, алардын ичинде карылардын жыргалчылыгын ойлошу керек (Галаттыктарга 6:2).

16. Жыйналыш жолугушууларына барганда улгайган биртуугандарыбызга кантип кызыгуу көрсөтө алабыз?

16 Жыйналыш жолугушууларында карыларга кызыгуу көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк бар (Филипиликтерге 2:4; Эврейлерге 10:24, 25). Ошондой учурлардан пайдаланып улгайгандар менен сүйлөшүүгө убакыт бөлөбүзбү? Алардын ал-жайын суроо орундуу болсо да, бекемдээрлик окуя айтып берип же ыйык китептик ой менен бөлүшүп, аларга «кандайдыр бир рухий белек бере» алабызбы? Кээ бир кары биртуугандардын басканга алы жок болгондуктан, алардын басып келишин күтпөй жанына өзүбүз барып учурашканыбыз жакшы. Эгер биртуугандын кулагы жакшы укпаса, жайыраак жана тагыраак сүйлөөгө аракеттенишибиз зарыл. Ошондой эле, өз ара «бекемдешүү» үчүн, биз анын кебин кунт коюп угушубуз керек (Римдиктерге 1:11, 12).

17. Үйлөрүнөн чыга албай отурган улгайган биртуугандарыбызга кантип камкордук көрсөтө алабыз?

17 А эгер айрым кары биртуугандарыбыз жыйналыш жолугушууларына келе алышпасачы? Жакып 1:27де көрсөтүлгөндөй, биз «жетим-жесирлерге кам көрүүгө» милдеттүүбүз. «Кам көрүү» деп которулган грек этишинин бир мааниси — «баруу» (Элчилер 15:36). Улгайган биртуугандарыбызга барып турганыбыз аларды кандай гана кубантат! Болжол менен б.з. 65-жылы «карыя» Пабыл Римде камакта отурганда дээрлик жалгыз калган. Кызматташы Тиметейди абдан көргүсү келип, ал: «Мага тезирээк келүүгө аракет кыл»,— деп жазган (Филемонго 9; 2 Тиметейге 1:3, 4; 4:9). Камакта отурушпаса да кээ бир улгайган биртуугандар денсоолугуна байланыштуу үйлөрүнөн чыга алышпайт. Андыктан алар: «Мага эртерээк келип кеткенге аракет кылгылачы»,— деп суранып жаткандай абалда болушу мүмкүн. Мындай өтүнүчтөргө жооп кайтарып жатабызбы?

18. Кары биртуугандарыбызга барып турганыбыз кандай пайдаларды алып келет?

18 Улгайган рухий биртууганыңарга барып туруу менен аларга чоң пайда алып келериңерди унутпагыла. Онесепор аттуу Ыйсанын жолдоочусу Римге келгенде, Пабылды ынтызарлык менен издеп таап, «аны көп жолу соороткон» (2 Тиметейге 1:16, 17). «Мен жаштар менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөм,— дейт бир улгайган эже.— Баарынан мурда, алардын мага өздөрүнүн үй-бүлө мүчөсүндөй мамиле кылганы жагат. Бул мага дем-кубат берет». Дагы бир улгайган ишенимдешибиз: «Мага кимдир бирөө открытка жөнөтсө, бир нече эле мүнөткө телефон чалып койсо же бир аз убакытка кирип кетсе, абдан ыраазы болуп калам. Бул мени таза абадай сергитет»,— дейт.

Жахаба камкордук көрсөткөндөрдү алкайт

19. Карыларга камкордук көрсөтүү кандай баталарды алып келет?

19 Карыларга кам көрүү көп баталарды алып келет. Алар менен пикирлешүүнүн жана алардын билими менен тажрыйбасын колдоно билүүнүн өзү эле чоң нерсе. Камкордук көрсөткөндөр берүүнүн аркасында дагы көбүрөөк бакытты сезишет, ошондой эле өздөрүнүн Ыйык Китепте көрсөтүлгөн милдетин аткарышканынан улам жан-дүйнөсүнө тынчтык жана канааттануу алышат (Элчилер 20:35). Андан тышкары, карыларга кам көргөндөр улгайганда кароосуз калам деп коркпосо болот. Кудайдын Сөзү бизди: «Кайрымдуу адам каалашынча жейт. Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну канат»,— деп ынандырат (Накыл сөздөр 11:25).

20, 21. Жахаба карыларга кам көргөндөргө кандай карайт жана биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Кудайдан корккон балдар, аксакалдар жана башка камкор кызматчылар улгайган ишенимдештерине жан-дилден кам көрүп жатышканы үчүн Жахабанын баталарын алышат. Мындай рух: «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, жакшылыгы үчүн Теңир ага тиешелүүсүн берет»,— деген накыл сөзгө төп келишет (Накыл сөздөр 19:17). Эгер сүйүү бизге жакырга, жардыга жакшылык кылууга түрткү берип жатса, Кудай мындай жакшылыкты өзү баталар менен кайтарып бериш керек болгон насыя катары көрөт. Ал көбү «бул дүйнөнүн жардылары» деп эсептелген, бирок «ишенимге бай» улгайган биртуугандарыбызга мээримдүү камкордук көрсөткөнүбүз үчүн бизге да тиешелүүсүн берет (Жакып 2:5).

21 Кудай насыяны кандай гана марттык менен кайтарат! Анын ичине түбөлүк өмүр да кирет. Жахабанын кызматчыларынын басымдуу көпчүлүгү жердеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт, ошондо тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепеттери жоюлуп, ишенимдүү улгайган кызматчылар жаш чагына кайрылып келишет (Аян 21:3—5). Ошол бактылуу заманды күтүү менен бирге, келгиле, карыларга кам көрүүгө байланышкан парзыбызды мындан ары да аткара берели.

[Шилтеме]

^ 8-абз. Карыган ата-энелерибизге кантип кам көрө аларыбыз жөнүндө төмөнкү адабияттарда пайдалуу кеңештер берилет: «Күзөт мунарасы», 1993-жыл, 15-февраль, 23—26-беттер (ор.) жана «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китеби, 15-бөлүм (Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

Эмне деп жооп бересиңер?

• Балдар улгайган ата-энелерин кантип сыйлай алышат?

• Аксакалдар жыйналыштын кары мүчөлөрүнүн салымын баалашарын кантип көрсөтө алышат?

• Ыйсанын ар бир жолдоочусу карыларга кантип чын жүрөктөн кызыгуу көрсөтө алат?

• Ыйсанын улгайган жолдоочуларына кам көрүү кандай баталарды алып келет?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кутуча]

Ата-энеси жардамга муктаж болгондо

Филип 1999-жылы атасынын катуу ооруп жатканын укканда Либерияда ыктыярдуу куруучу болуп кызмат кылып жүргөн. Мындай абалда апасына оорчулук келерине көзү жетип, ал атасын дарылатуу үчүн үйүнө кайтып барууну чечкен.

«Мындай чечим чыгаруу оңойго турган жок,— деп эскерет Филип,— бирок биринчи парзым ата-энеме кам көрүү экенин билчүмүн». Кийинки үч жыл ичинде ал ата-энесин ыңгайлуураак үйгө көчүрүп барып, жергиликтүү ишенимдештеринин жардамы менен андагы жашоо шарттарын атасынын өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтыра алган.

Атасынын денсоолугуна байланышкан кыйынчылыктарды азыр апасы оңоюраак жеңе алат. Ошондуктан жакында Филип Жахабанын Күбөлөрүнүн Македониядагы филиалына ыктыярдуу кызматчы болуп иштөө сунушун кабыл ала алган.

[17-беттеги кутуча]

Алар ишенимдешинин муктаждыктарын эске алышкан

Австралияда жашаган Ада аттуу 85 жаштагы Күбө денсоолугу начарлап үйүнөн чыга албай калганда, жыйналыштын аксакалдары ага жардам көрсөтүүгө чара көрүшкөн. Алар жардам бере ала турган ишенимдештердин тобун уюштурушкан. Ал биртуугандар үй тазалоо, кир жуу, тамак бышыруу жана башка ушу сыяктуу тапшырмаларды кубаныч менен аткарышкан.

Мындай жардам болжол менен 10 жылдан бери көрсөтүлүп келатат. Ушу кезге чейин Адага кам көрүүгө 30дан ашуун Күбө катышып келген. Алар аныкына дагы деле барып турушат, ага ыйык китептик адабияттарды окуп беришет, жыйналышта рухий ийгилик кылып жаткандар тууралуу билдирип, аны менен бирге тиленип турушат.

Жергиликтүү жыйналыштын аксакалы: «Адага кам көргөн биртуугандар ага жардам берүүнү сыймык катары көрүшөт. Анын ондогон жылдар бою кылган ишенимдүү кызматы көптөрдү шыктандырып келген жана анын муктаждыктарын көңүлгө албай коюу алардын оюна да келген эмес»,— деп айткан.

[15-беттеги сүрөт]

Улгайган ата-энебизге сүйүүбүздү марттык менен билдиребизби?

[16-беттеги сүрөт]

Жыйналыштагылардын баары улгайган ишенимдештерине сүйүү көрсөтө алышат.