Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карылар — бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздын баалуу мүчөлөрү

Карылар — бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздын баалуу мүчөлөрү

Карылар — бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздын баалуу мүчөлөрү

«Теңирдин үйүнө отургузулгандар... гүлдөп жатышат. Алар карыганда да мөмөлүү» (ЗАБУР 91:14, 15).

1. Көп адамдар карылар жөнүндө кандай көзкарашта?

ЖАХАБА ишенимдүү кызматчыларынын баарын, алардын ичинде карыларды да жакшы көрөт. Бирок Америка Кошмо Штаттарында, мамлекеттик эсеп боюнча, жыл сайын жарым миллиондой кары адам башкалардан кордук көрүп, баркка алынбай келет. Жердин бардык булуң-бурчтарынан билдирилген ушу сыяктуу маалыматтар кары-картаңдарга начар мамиле кылуунун дүйнөлүк көйгөйгө айланып баратканын көрсөтүп турат. Бир уюмдун ырастоосу боюнча, мунун негизги себеби «карылардан пайда аз, алар жемиштүү эмгектене алышпайт жана башкалардын жардамынан өтө эле көзкаранды деген түшүнүктүн үстөмдүк кылышында».

2. а) Жахаба улгайган ишенимдүү кызматчыларына кандай карайт? б) Забур 91:13—16-аяттарда жагымдуу кандай сүрөттөмө берилет?

2 Жахаба Кудай улгайган ишенимдүү кызматчыларын жогору баалайт. Ал биздин алыбыздын эмнеге жетерине эмес, «ички адамга» — рухий абалыбызга — карайт (2 Корунттуктарга 4:16). Анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, төмөнкүдөй жагымдуу ынандыруу берилет: «Адил адам курма дарагындай гүлдөп жатат, Лебанон кедриндей асманга көтөрүлүп жатат. Теңирдин үйүнө отургузулгандар Кудуреттүү Кудайыбыздын короосунда гүлдөп жатышат. Алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат. Алар: „Теңир адилеттүү...“,— деп жар салып турушат» (Забур 91:13—16). Бул аяттарды карап чыгуу кары ишенимдештерибиздин бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбызга кандай баалуу салым кошо аларын көрсөтөт.

«Карыганда да мөмөлүү»

3. а) Эмне үчүн адил адамдар курма пальмаларына салыштырылат? б) Улгайгандар кантип «карыганда да мөмөлүү» боло алышат?

3 Забурчу адил адамдарды «Кудайдын короосуна» отургузулган курма пальмаларына салыштырат. Алар «карыганда да мөмөлүү». Бул ойдун кубаттандырарлык экенине кошулбайсыңарбы? Байыркы убакта Чыгыш өлкөлөрүндөгү үйлөрдүн короолорунда кооз, түптүз курма пальмаларынын өсүшү демейки көрүнүштөрдөн болгон. Алар кооздугу менен эле эмес, мол түшүм бергендиги менен да бааланчу. Ал дарактардын кээ бирлери жүз жылдан ашык убакыт түшүм бере берет *. Анын сыңарындай, чыныгы сыйынууда бекем «отургузулган» абалыңардан жазбай силер да «бардык иште жакшы жемиш бере» аласыңар (Колостуктарга 1:10).

4, 5. а) Ыйсанын жолдоочулары кандай маанилүү жемиш алып келишет? б) Ыйык Жазмадан «ооздун жемишин» алып келген улгайган адамдардын үлгүлөрүн мисалга келтиргиле.

4 Жахаба Ыйсанын жолдоочуларын «ооздун жемишин» алып келүүгө, башкача айтканда, Кудайды жана анын ой-ниеттерин даңазалоого чакырат (Эврейлерге 13:15, «Мукаддас»). Бул чакырык карыларга да тиешелүүбү? Албетте.

5 Ыйык Китепте Жахабанын ысмын жана ой-ниеттерин башкаларга тайманбастык менен күбөлөндүргөн улгайган кызматчылардын үлгүлөрү камтылат. Муса Жахабанын пайгамбары жана өкүлү болуп дайындалганда жашы жетимиштен ашып калган эле (Забур 89:10; Чыгуу 4:10—17). Даниел пайгамбарга карылыгы Жахабанын эгедерлиги жөнүндө эржүрөктүк менен күбөлөндүрүүгө тоскоол болгон эмес. Балтасар аны дубалдагы табышмактуу жазууну чечмелеп берүүгө чакырганда, Даниел токсондон ашып калса керек эле (Даниел 5-бап). Ал эми улгайып калган элчи Жаканчы? Ал ишенимдүү кызмат кылып жүрүп, өмүрүнүн аягында «Кудайдын сөзү жана Ыйса Машайак жөнүндөгү күбөлөндүрүү үчүн» Патмос аралына сүргүнгө айдалган (Аян 1:9). Силер Ыйык Китептен улгайган кезде «ооздун жемишин» алып келген башка дагы көп каармандарды эстей алат чыгарсыңар (1 Шемуел 8:1, 10; 12:2; 1 Падышалар 14:4, 5; Лука 1:7, 67—79; 2:22—32).

6. Жахаба ушул акыркы күндөрдө «карыяларды» пайгамбарчылык кылууга кантип колдонуп келет?

6 Байыркы эврей пайгамбары Жоелдин сөздөрүнөн үзүндү келтирип, элчи Петир: «„Акыркы күндөрдө мындай болот,— дейт Кудай,— Мен ар бир адамдын [анын ичинде «карыялардын»] үстүнө Өз Рухумду төгөм... ошондо алар пайгамбарчылык кылышат“»,— деп жар салган (Элчилер 2:17, 18; Жоел 2:28). Бул сөздөргө ылайык, Жахаба ушул акыркы күндөрдө майлангандар тобунун жана «башка койлордун» улгайган мүчөлөрүн өзүнүн ой-ниеттерин жарыялоого колдонуп келет (Жакан 10:16). Алардын кээ бирлери Падышалыктын жемишин ишенимдүүлүк менен ондогон жылдар бою алып келишүүдө.

7. Мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабай карылар кантип Падышалыктын жемишин алып келип жатышканын мисал менен көрсөткүлө.

7 Мисалга 1941-жылы Падышалыктын толук убакыттуу жарчысы болгон Соняны алалы. Өнөкөт оору менен күрөшүп жүргөнүнө карабай ал дайыма үйүндө ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөргөн. «Жакшы кабар таратуу — жашоомдун бир бөлүгү, атүгүл жашоомдун өзү,— деп айткан Соня.— Мен кабар айтуумду токтотууну каалабайм». Жакында эле Соня эжеси Оливи менен оорукананын кабылдамасынан айыкпас оору менен ооруган Жанетке кабар айтып, ага Ыйык Китепте кандай үмүт бар экенин көрсөтүшкөн. Жанеттин апасы, динчил католик, кызына алардын сүйүү жана кызыгуу көрсөтүшкөнүнөн ушунчалык таасир алгандыктан, Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, азыр эң сонун ийгиликтерди кылып жатат. Падышалыктын жемишин алып келүү үчүн, силер да ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланасыңарбы?

8. Улгайган Калеп Жахабага таянганын кантип көрсөткөн жана Ыйсанын улгайган жолдоочулары аны кантип туурай алышат?

8 Ыйсанын улгайган жолдоочулары курагына байланышкан кыйынчылыктарга карабастан Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишин кайраттуулук менен улантып, чөлдө Мусаны кырк жыл бою коштоп жүргөн ысрайылдык ишенимдүү Калептин үлгүсүн жолдошот. Иордан дарыясын кечип өтүп, Убадаланган жерге киргенде Калеп 79 жашта эле. Ысрайылдын жеңилгис аскеринин катарында ал алты жыл кызмат кылгандан кийин жетишкендиктерине көңүлү тоюп, эс алып отуруп кала алмак. Бирок ал Жүйүттүн тоолуу аймагындагы Анактын алп уулдары жашаган «сепил-чептүү чоң шаарларды» ээлөөгө байланышкан оор тапшырманы эржүрөктүк менен өзүнө сураган. Жахабанын жардамы менен Калеп, «Теңир айткандай, аларды кууп чыккан» (Жашыя 14:9—14; 15:13, 14). Жахаба Калеп менен болгондой эле, улгайганыңарга карабай Падышалыктын жемишин алып келип жатканыңарда силер менен да болоруна бекем ишенгиле. Ошондой эле ишенимдүү бойдон калсаңар, ал силерге убадаланган жаңы дүйнөсүнөн орун берет (Ышайа 40:29—31; 2 Петир 3:13).

Алар дагы деле «ширелүү, жашыл»

9, 10. Ыйсанын улгайган жолдоочулары өздөрүнүн ишенимин жана рухий күч-кубатын кантип сакташууда? (11-беттеги кутуну карагыла.)

9 Жахабанын улгайган кызматчыларынын жемиштүүлүгүнө көңүл буруп, забурчу: «Адил адам курма дарагындай гүлдөп жатат, Лебанон кедриндей асманга көтөрүлүп жатат. Алар карыганда да мөмөлүү, ширелүү, жашыл болуп турушат»,— деп ырдаган (Забур 91:13, 15).

10 Улгайганыңарга карабай рухий жактан кантип күүлүү-күчтүү бойдон кала аласыңар? Курма пальмасынын дайыма кооз сакталгандыгынын сыры — тузсуз суунун соолгус башатынан сугарылып турганында. Анын сыңарындай, силер да Кудайдын Сөзүн изилдеп жана уюму менен тыгыз байланышта болуп, ыйык китептик чындыктын суусунан күч-кубат ала аласыңар (Забур 1:1—3; Жеремия 17:7, 8). Рухий жактан жигердүү болгонуңар ишенимдештериңер үчүн өтө баалуу. Муну улгайган башкы ыйык кызмат кылуучу Жойаттын үлгүсү кандайча ырастап турганын карап көрөлү.

11, 12. а) Жойат Жүйүт падышалыгынын тарыхында кандай маанилүү роль ойногон? б) Жойат өзүнүн таасирин чыныгы сыйынууну колдоого кандайча пайдаланган?

11 Атак сүйгөн Аталея өзүнүн неберелерин өлтүрүү менен Жүйүттө башчылык кыла баштаганда, Жойаттын жашы жүздөн ашып калса керек эле. Улгайган Жойат ошол учурда эмне кыла алган? Ал аялы экөө падышанын тукумунан тирүү калган жалгыз мураскорду, Жаашты, ийбадатканада алты жыл жашырып жүрүшкөн. Кийин Жойат көтөрүлүш чыгарып, жети жашар Жаашты падыша кылып жарыялаган да, Аталеяны өлүмгө өкүм кылган (2 Жылнаама 22:10—12; 23:1—3, 15, 21).

12 Падышанын камкорчусу катары Жойат өзүнүн таасирин чыныгы сыйынууну колдоого пайдаланган. Жойат «эл Теңирдин эли болуш үчүн, Теңир менен падышанын, Теңир менен элдин ортосунда келишим түзгөн». Анын буйругу менен эл жалган кудай Баалдын бутканасын, андагы курмандык чалынуучу жайларды, таш буркандарды талкалап, буткана кызматчысын жок кылган. Ошондой эле Жойаттын жетекчилиги астында Жааш ийбадатканадагы кызматты калыбына келтирип, аны оңдоо иштерин жүзөгө ашырган. Жааш «ыйык кызмат кылуучу Жойат үйрөтүп жүргөнгө чейин Теңирге жаккан иштерди кылган» (2 Жылнаама 23:11, 16—19; 24:11—14; 2 Падышалар 12:2). Жойат 130 жашында өлгөн. «Кудай үчүн да, Кудай үйү үчүн да Ысрайылда жакшы иштерди кылгандыктан», анын сөөгүн өзгөчө урмат-сый менен падышалар жаткан жайга коюшкан (2 Жылнаама 24:15, 16).

13. Ыйсанын улгайган жолдоочулары кантип «Кудай үчүн да, Кудай үйү үчүн да жакшы иштерди кыла» алышат?

13 Балким, денсоолугуңардын начар болгонуна же башка жагдайларга байланыштуу чыныгы сыйынууну колдоодо ойдогудай күч-аракет жумшай албай жаткандырсыңар. Ошентсе да силер «Кудай үчүн да, Кудай үйү үчүн да жакшы иштерди кыла» аласыңар. Силер жыйналыш жолугушууларына келип, активдүү болуп жана алыңарга жараша кабар айтуу ишине катышып, Жахабанын рухий үйүнө карата ынтаңарды көрсөтө аласыңар. Ыйык китептик кеңешти жан-дилден кабыл алганыңар, «ишенимдүү жана акылдуу кулду» жана жыйналышты берилгендик менен колдогонуңар ишенимдештериңердин бекемделишине өбөлгө түзөт (Матай 24:45—47). Ошондой эле силер ишенимдештериңерди «сүйүүгө жана жакшы иштерге» үндөй аласыңар (Эврейлерге 10:24, 25; Филемонго 8, 9). А эгер элчи Пабылдын: «Карыялар кыраакы, салабаттуу, адеп-ахлактуу болушсун, алардын ишеними, сүйүүсү жана чыдамдуулугу туура болсун. Ошондой эле улгайган аялдардын жүрүш-турушу ыйыктарга ылайык болсун, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын, жакшылык кылууга үйрөтүшсүн»,— деген кеңешине ылайык иш кылып жатсаңар, башкалар үчүн бата болосуңар (Титке 2:2—4).

14. Көп жылдык тажрыйбасы бар аксакалдар чыныгы сыйынууну колдоо үчүн эмне кыла алышат?

14 Жыйналышта көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келатсаңарчы? Көп жылдык тажрыйбасы бар бир аксакал төмөнкүдөй кеңеш берет: «Жаштын өтүшү менен келчү акылмандыкты башкаларга жардам берүү үчүн пайдалангыла. Үйрөнүүгө дилгир болгон биртуугандар менен милдеттериңерди жана тажрыйбаңарды бөлүшкүлө... Башкалардын өсө турган жактарын байкап, аларды өрчүтүп-өстүрүүгө жардамдашкыла. Келечекке негиз салгыла» (Мыйзам 3:27, 28). Падышалык ишинин алга жылышына чын дилден кызыкдар болгонуңар бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздагы ишенимдештериңерге көп баталарды алып келет.

«Теңир адилеттүү» деп жар салгыла

15. Ыйсанын улгайган жолдоочулары кантип «Теңир адилеттүү» деп жар салышат?

15 Кудайдын улгайган кызматчылары өздөрүнүн «Теңир адилеттүү» деп жар салуу милдетин кубаныч менен аткарышат. Силер Ыйсаны жолдогон кары биртуугандардан болсоңор, башкалар сөздөрүңөр менен иштериңерден калпы жок Жахабага таянарыңарды көрө алышат (Забур 91:16). Курма пальмалары өздөрүнүн Жаратканынын сонун сапаттарын үнсүз күбөлөндүрүп турушат. Силерге болсо Жахаба азыр чыныгы сыйынууга кошулуп жаткандарга Өзү жөнүндө күбөлөндүрүү сыймыгын берген (Мыйзам 32:7; Забур 70:17, 18; Жоел 1:2, 3). Кудай тууралуу күбөлөндүрүү эмне үчүн маанилүү?

16. «Теңир адилеттүү» деп жар салуунун маанилүүлүгүн Ыйык Китептеги кайсы мисал көрсөтүп турат?

16 Ысрайылдыктарга жолбашчы болгон Жашыя «картайып, жашы өр тартып калганда», «Ысрайылдын бүт жамаатын, алардын аксакалдарын, алардын башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып», Кудайдын адил иштерин алардын эсине салган. «Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да бекер калбаганын... билесиңер, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты»,— деген ал (Жашыя 23:1, 2, 14). Кайсы бир убакка чейин бул сөздөр элди бекемдеп, аларга ишенимдүү бойдон калууга түрткү берген. Бирок Жашыя көз жумгандан кийин «Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келген» жана «Ысрайыл эли Теңирдин алдында кыянаттуу жаман иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштаган» (Башкаруучулар 2:8—11).

17. Биздин мезгилде Жахаба өзүнүн эли үчүн кандай иштерди жасап келет?

17 Ыйсанын жолдоочуларынын бүгүнкү күндөгү жыйналыштарынын ишенимдүүлүгү Кудайдын улгайган кызматчыларынын оозеки күбөлөндүрүүсүнөн көзкаранды эмес. Ошентсе да, Жахабанын ушул акыркы күндөрдө өзүнүн элине жасаган улуу иштери жөнүндө укканыбызда Ага жана анын убадаларына болгон ишенимибиз бекемделет (Башкаруучулар 2:7; 2 Петир 1:16—19). Жахабанын уюмунда көп жылдан бери болсоңор, силер жашаган жерде же өлкөдө качандыр бир кезде Падышалыктын жарчыларынын саны абдан аз болгону же кабар айтуу ишине катуу каршылык көрсөтүлүп келгени эсиңерде болсо керек. Убакыттын өтүшү менен силер Жахабанын белгилүү бир тоскоолдуктарды жоюп, Падышалыктын ишине байланыштуу өсүштү «тездеткенине» күбө болгонсуңар (Ышайа 54:17; 60:22). Ыйык Китептеги чындыктардын улам барган сайын тагыраак түшүндүрүлүп, Кудайдын жердеги уюмунун өркүндөп отурганын байкагансыңар (Накыл сөздөр 4:18; Ышайа 60:17). Силер Жахабанын адилеттүү иштерине байланыштуу көргөн-билгендериңерди башкаларга айтып берип, аларды бекемдөөгө умтуласыңарбы? Бул бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбызга жакшы таасир тийгизип, аны кандай гана бекемдей алат!

18. а) Башкаларга Жахабанын адилеттүүлүгүн жар салуу кандай узак мөөнөттүү натыйжа алып келерин мисал менен көрсөткүлө. б) Жахабанын адилеттүүлүгүн өз жашооңордо сезип көрдүңөр беле?

18 Жахабанын мээримдүү камкордугун жана жетекчилигин өз жашооңордо сезип көргөн учурларыңар болду беле? (Забур 36:25; Матай 6:33; 1 Петир 5:7). Марта аттуу улгайган биртууган башкаларды: «Эмне болбосун, Жахабаны эч качан таштаба. Ал сени колдойт»,— деп бекемдей турган. Бул кеңеш Мартанын кызыгуучуларынын бирине, 1960-жылдардын башында чөмүлтүлгөн Толминага, катуу таасир эткен. «Жолдошум каза болгондон кийин,— деп эскерет Толмина,— абдан чөгүп жүрдүм, бирок ошол сөздөр мага бир да жыйналыш жолугушуусун калтырбоого дем-шык берди. Чынында эле, Жахаба кызматымды улантууга жардам берип, мени бекемдеп турду». Ошол эле кеңешти Толмина өзүнүн кызыгуучуларына да көп жылдар бою айтып келген. Ырас, башкаларды бекемдеп жана аларга Жахабанын адилеттүү иштери жөнүндө айтып берип, силер рухий биртуугандарыңардын ишенимин кыйла бекемдей аласыңар.

Жахаба ишенимдүү кары кызматчыларын жогору баалайт

19, 20. а) Жахаба улгайган кызматчыларынын кызматына кандай карайт? б) Эмки макалада эмне каралат?

19 Ыраазычылыктын жетишсиздиги менен өзгөчөлөнгөн бүгүнкү дүйнөдө карыларга тийиштүү түрдө көңүл бурулбай келет (2 Тиметейге 3:1, 2). Аларды эстешкен күндө да, адатта, мурдагы жетишкендиктеринен — кылып жаткан нерселеринен эмес, кылган нерселеринен — улам эстешет. Ыйык Китепте болсо, тескерисинче: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт»,— деп айтылат (Эврейлерге 6:10). Албетте, Жахаба Кудай мурун ишенимдүүлүк менен кылган эмгегиңерди эсинен чыгарбайт. Бирок ал силерди ага кылып жаткан кызматыңар үчүн да баалайт. Ооба, Кудай улгайган ишенимдүү кызматчыларын жемиштүү, рухий саламаттыгы чың жана жигердүү адамдар катары көрөт. Алардын аткарган кызматы Жахабанын күч-кубатын айкын күбөлөндүрүп турат (Филипиликтерге 4:13).

20 Силер бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгыбыздын улгайган мүчөлөрүнө Жахабанын көзкарашы менен карайсыңарбы? Ошондой болсо, бул силерге аларды сүйүүгө түрткү берет (1 Жакан 3:18). Эмки макалада карыларга кам көрүүдө кантип аларга иш жүзүндө сүйүү көрсөтө аларыбыз каралат.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Курма пальмасынын ар бир шагы миңдей мөмө берип, салмагы 8 килограммдын тегерегинде болот. Бир жазуучу «түшүмдүү курма пальмасы өсүү мезгилинде кожоюндарына эки же үч тонна түшүм берерин» эсептеп чыккан.

Эмне деп жооп бересиңер?

• Карылар кантип жемиш алып келишет?

• Эмне үчүн Ыйсанын улгайган жолдоочуларынын рухий жигердүүлүгү абдан бааланат?

• Карылар «Теңир адилеттүү» деп кантип жар сала алышат?

• Эмне үчүн Жахаба ага көптөн бери кызмат кылып келаткандарды жогору баалайт?

[Изилдөө суроолору]

[11-беттеги кутуча]

Аларга ишенимин бекем сактоого эмне жардам берет?

Ыйсанын көп жылдык тажрыйбасы бар жолдоочуларына ишенимин бекем сактоого жана рухий жактан күүлүү-күчтүү бойдон калууга эмне жардам берет? Айрымдары төмөнкүчө ой бөлүшөт:

«Жахаба менен болгон мамилебизге байланышкан аяттарды окуу абдан маанилүү. Мен көп учурда кечкисин 22, 90-забурларды жатка кайталайм» (Оливи, 1930-жылы чөмүлтүлгөн).

«Мен ар бир жыйында чөмүлтүлө тургандарга арналган баяндамага сөзсүз катышууну жана аны өзүм чөмүлтүлгөнү жаткандай кунт коюп угууну алдыма максат кылып койдум. Кудайга арналганымды эсимде бек сактоо ишенимдүү бойдон калышым үчүн өтө маанилүү» (Харри, 1946-жылы чөмүлтүлгөн).

«Жахабанын жардамын, коргоосун, батасын сурап, „бардык жолубузда аны көңүлүбүзгө алып“ күнүгө тиленүү аябай эле зарыл» (Накыл сөздөр 3:5, 6, «ЖД») (Антонио, 1951-жылы чөмүлтүлгөн).

«Жахабага көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткандардын аңгемелерин угуу ишенимдүү бойдон калууга ого бетер чечкиндүү болушума жардам берет» (Жоан, 1954-жылы чөмүлтүлгөн).

«Өзүң жөнүндө өтө көп ойлонбогонуң маанилүү. Биз өзүбүздө болгондун баарын Кудайдын ырайымы менен алып жатабыз. Ушундай көзкарашка карманып, биз акырына чейин чыдоого жардам бере турган рухий тамакты туура булактан издейбиз» (Арлина, 1954-жылы чөмүлтүлгөн).

[9-беттеги сүрөт]

Карылар Падышалыктын ишинде баалуу жемиш алып келишет.

[10-беттеги сүрөт]

Карылардын рухий жигердүүлүгү абдан бааланат.