Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайды даңктагандар бата алышат

Кудайды даңктагандар бата алышат

Кудайды даңктагандар бата алышат

«Сенин алдыңда таазим кылышат, Теңирим, Сенин ысымыңды даңкташат» (ЗАБУР 85:9).

1. Эмне үчүн биз Кудайды жансыз жаратуудан мыктыраак даңктай алабыз?

ЖАХАБА бардык жаратуусунун мактоосуна татыктуу. Жансыз жаратуу аны үнсүз даңктап жатса, биз — адамдар — ой жүгүртүүгө, түшүнүүгө, ыраазычылык билдирүүгө жана сыйынууга жөндөмдүүбүз. Ошондуктан забурчунун: «Бүт жер жүзү, Кудайга кубаныч менен катуу үн салгыла! Анын ысымын даңктап ырдагыла. Аны даңктагыла, мактагыла»,— деген сөздөрү бизге карата айтылган (Забур 65:1, 2).

2. Кудайдын ысмын даңктоо чакырыгына кимдер жооп кайтарышууда жана эмне үчүн?

2 Адамзаттын басымдуу көпчүлүгү Кудайды таануудан же аны даңктоодон баш тартат. Бирок 235 өлкөдө Жахабанын алты миллиондон ашык Күбөсү Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттарын жараткан нерселеринен «көрүп», жаратуунун үнсүз күбөлөндүрүүсүн «угуп» жатышканын көрсөтүшүүдө (Римдиктерге 1:20; Забур 18:3, 4). Ыйык Китепти изилдөө аркылуу да алар Жахабаны таанып-билип, ага карата сүйүү өрчүтүшөт. Забур 85:9, 10-аяттарда: «Сен жараткан элдердин баары келип, Сенин алдыңда таазим кылышат, Теңирим, Сенин ысымыңды даңкташат. Анткени Сен улуусуң, кереметтерди жасайсың, Сен жалгыз Кудайсың»,— деп алдын ала айтылган.

3. «Эбегейсиз көп адамдар» кандайча «күнү-түнү кызмат кылышууда»?

3 Аян 7:9, 15-аяттарда да «эбегейсиз көп адамдардын» Кудайга «күнү-түнү кызмат кылары» жөнүндө айтылат. Бул Кудайдын өзүнүн кызматчыларынан тынымсыз даңк алып келүүнү талап кыларын эмес, а алардын бүткүл дүйнөлүк уюм экенин билдирет. Кээ бир өлкөлөрдө түн болуп турганда, Жердин башка бурчундагы Күбөлөр кабар айтып жүрүшөт. Ошондуктан Жахабаны даңктап жаткандар үчүн күн эч качан батпайт деп айтууга болот. Жакында «бардык тирүү жандар» Жахабаны мактап үн салышат (Забур 150:6). Ал эми ага чейин ар бирибиз Кудайга даңк алып келүү үчүн эмне кыла алабыз? Кандай кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн? Ошондой эле Кудайды даңктагандарды кандай баталар күтүп турат? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, келгиле, Ыйык Китептен Гат уруусуна кирген ысрайылдыктар тууралуу билдирүүнү карап чыгалы.

Байыркы убакта пайда болгон татаал жагдай

4. Гат уруусу кандай татаал жагдайда жашаган?

4 Убадаланган жерге кирердин алдында Гат уруусуна кирген ысрайылдыктар Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы малга ылайыктуу жерлерде отурукташууга уруксат сурашкан (Сандар 32:1—5). Ал тарапта жашоо чоң кыйынчылыктар менен коштолмок. Батыш жактагы урууларды Иордан өрөөнү — душмандардын кол салуусуна жол бербеген табигый тоскоол — коргоп турган (Жашыя 3:13—17). Ал эми Иордандын чыгышындагы жерлер жөнүндө Жорж Адам Смиттин «Касиеттүү жердин тарыхый географиясы» аттуу китебинде: «[Алардын] баары түндүк Арабиянын чоң платосунда дээрлик эч кандай тоскоолсуз созулуп жатат. Ошондуктан алар кылымдар бою ачка көчмөндөрдүн баскынчылыгына дуушар болуп келишкен, кээ бир көчмөндөр ал жерлерге жыл сайын жайыт издеп басып кирип келишчү»,— деп айтылат («The Historical Geography of the Holy Land»).

5. Жакып Гаттын урпактары баскынчылардын кол салуусуна кантип жооп кайтарууга үндөгөн?

5 Гат уруусу мындай тынымсыз кысымга кантип туруштук бермек? Бир нече кылым мурун алардын ата-бабасы Жакып дүйнө менен кош айтышар алдында: «Гатты калың эл кысымга алат, бирок ал аны артынан калбай кууп чыгарат»,— деп пайгамбарчылык кылган (Башталыш 49:19). Бир караганда, бул сөздөр суук кабардай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, чындыгында, муну менен гаттыктарга душмандарынын мизин кайтаруу буйругу берилген. Жакып аларды ошентишсе баскынчыларды уятка калтырып артка чегиндиришерине жана артынан калбай кууп чыгарышарына ишендирген.

Сыйынуубузга байланыштуу биз дуушар болгон кыйынчылыктар

6, 7. Ыйсанын бүгүнкү жолдоочуларынын жагдайы Гаттын уулдарынын жагдайына эмнеси менен окшош?

6 Гаттын уулдарына окшоп, бүгүн Ыйсанын жолдоочулары Шайтандын түзүлүшүндөгү кысымчылыктарга жана оорчулуктарга дуушар болушат; аларды кыйынчылыктардан эч кандай керемет коргобойт (Аюб 1:10—12). Көптөрүбүзгө мектепте окууга, каражат табууга жана бала тарбиялоого байланышкан кыйынчылыктар менен алпурушууга туура келип жатат. Андан тышкары, жеке жашообуздагы көйгөйлөрдү, жүрөгүбүздү өйүгөн санааларды айтпай кетүүгө болбойт. Кээ бирөөлөр «денесинде тикенек» сыяктуу болгон катуу ооруга же майыптыкка чыдап келишүүдө (2 Корунттуктарга 12:7—10). Башкалары өзүнө өзү төмөн баа берүүдөн кыйналышат. Ыйсанын улгайган жолдоочуларына болсо карылыктын «оор күндөрү» Жахабага мурдагыдай күч-кубат менен кызмат кылууга тоскоол болушу ыктымал (Насаатчы 12:1).

7 Ошондой эле элчи Пабыл «асман астындагы жаман рухтарга... каршы күрөшүп» жатканыбызды эскертет (Эфестиктерге 6:12). Биз «бул дүйнөнүн рухуна» — Шайтан менен анын жин-перилери үгүттөгөн козголоңчулдук жана бузукулук рухуна — дайыма дуушар болобуз (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2, 3). Кудайдан корккон Лотко окшоп, биз бүгүн айлана-тегерегибиздеги адамдардын айткан же кылган адеп-ахлаксыз нерселеринен кыйналышыбыз мүмкүн (2 Петир 2:7). Ошондой эле Шайтан бизге ачык кол салышы да ыктымал. Ал «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайакты күбөлөндүргөн» майлангандардын калдыгы менен согушуп жатат (Аян 12:17). Ыйсанын «башка койлору» да Шайтандын тыюу салуу жана куугунтуктоо түрүндөгү кол салууларына кабылышууда (Жакан 10:16).

Чегинебизби же сокку урабызбы?

8. Шайтандын кол салууларына кандай жооп кайтарышыбыз керек жана эмне үчүн?

8 Шайтандын кол салууларына кандай жооп кайтарышыбыз керек? Байыркы Гат уруусуна окшоп, биз рухий жактан күчтүү болуп, Кудайдын көрсөтмөлөрүнө ылайык күрөшүүгө тийишпиз. Тилекке каршы, кээ бирөөлөр турмуш түйшүктөрүнүн айынан чегинип, рухий милдеттерине көңүлкош карап калышат (Матай 13:20—22). Бир Күбө жыйналышындагы биртуугандардын жолугушууларга эмне үчүн сейрек келерин: «Биртуугандар абдан чарчашат. Алардын такыр алы жок»,— деп түшүндүргөн. Чын эле, бүгүн адамдар көп себептерден улам чарчап-чаалыгып жатышат. Ошондуктан Кудайга кызмат кылууну дагы бир түйшүк, оор милдет катары эсептеп алуу оңой. Бирок мындай көзкараш туурабы?

9. Ыйсанын моюнтуругун алуу менен кандайча сергий алабыз?

9 Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйсанын азыркыдай эле жашоонун көйгөйлөрүнөн кыйналып жүргөн элге эмне дегенин карап көрөлү. Ал: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем [«силерди сергитем», «ЖД»]»,— деген. Ыйса сергитүүнүн Кудайга кылган кызматыбызды кыскартуудан келерин көрсөткүсү келгенби? Тескерисинче, ал: «Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар [«жаныңар сергийт», «ЖД»]»,— деген. Моюнтурук — бул жыгачтан же темирден жасалып, адамдын же малдын оор жүк ташышына ылайыкташылган шайман. Анда мындай моюнтурукту ким алгысы келсин? Ансыз деле «түйшүк тартып» жаткан жокпузбу? Ооба, бирок грек текстинен ал аятты: «Моюнтуругумдун алдына мени менен кошо тургула»,— деп да которууга болот. Ойлоп көрсөңөр: Ыйса жүгүбүздү көтөрүшүүнү сунуш кылып жатат! Жүктү өзүбүздүн эле күчүбүз менен көтөрүүнүн кажети жок (Матай 9:36; 11:28, 29; 2 Корунттуктарга 4:7).

10. Кудайды даңктоо үчүн жасаган күч-аракеттерибиз кандай натыйжаларды берет?

10 Ыйсанын шакирттери катары ал берген моюнтурукту алуу менен биз Шайтанга каршы күрөшөбүз. «Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп убадалайт Жакып 4:7. Бул сөздөр Шайтанга каршы туруу оңой экенин билдирбейт. Кудайга кызмат кылуу кыйла күч-аракет жумшоону талап кылат (Лука 13:24). Бирок Ыйык Китепте, Забур 125:5те: «Көз жаш төгүп сепкендер кубаныч менен оруп алышат»,— деген убада берилет. Ырас, биз ыраазычылык көрсөтө билген Кудайга кызмат кылабыз. «Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берет» жана ага даңк алып келгендерди алкайт (Эврейлерге 11:6).

Кудайды Падышалык жөнүндө кабар айтып даңктайбыз

11. Кабар айтуу кызматы кандайча бизди Шайтандын кол салууларынан коргойт?

11 Ыйса: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деп буйруган. Кабар айтуу иши — Кудайга «мактоо курмандыгын» тартуулоонун негизги жолу (Матай 28:19; Эврейлерге 13:15). «Бутубузду кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр туруу» жабдыгын — «Кудайдын бардык курал-жарагынын» алмаштырылгыс бөлүгүн — алып, биз Шайтандын кол салууларынан коргоно алабыз (Эфестиктерге 6:11—15). Кудайды кабар айтуу кызматында мактоо — ишенимибизди бекемдөөнүн эң сонун жолу (2 Корунттуктарга 4:13). Бул бизге ой-акылыбызды терс ойлордон сактоого жардам берет (Филипиликтерге 4:8). Кабар айтууга катышуу ишенимдештерибиз менен жагымдуу кызматташууга да өбөлгө түзөт.

12, 13. Кабар айтуу кызматына үзгүлтүксүз катышуу үй-бүлөлөргө кандай пайда алып келет? Мисал менен бышыктагыла.

12 Ошондой эле кабар айтуу кызматы — үй-бүлөлөр үчүн пайдалуу иш. Албетте, балдар тең салмактуулук менен көңүл ачып эс алууга муктаж. Бирок үй-бүлөнүн чогуу кабар айтуусу зериктирерлик ишке айланбашы керек. Ата-энелер балдарын кызматта натыйжалуу болууга үйрөтүп, ал ишти жагымдуураак кыла алышат. Балдар колдорунан келген нерселерди жан-дилден кылышат эмеспи. Ата-энелер тең салмактуу болуп, мүмкүн болбогон нерсени талап кылбай, балдарына кызматтан кубаныч табууга жардам бере алышат (Башталыш 33:13, 14).

13 Мындан тышкары, үй-бүлө мүчөлөрү Кудайды чогуу даңктоо менен бири-бирине болгон мамилелерин чыңдайт. Алсак, күйөөсү таштап кеткенден кийин беш баласы менен калган бир ишенимдешибизге жумушка орношууга жана балдарын материалдык жактан камсыз кылууга туура келген. Кыйынчылыктардан улам ал балдарынын рухий муктаждыктарын көңүлгө албай койгонбу? Ал мындай деп эскерет: «Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды ынтызарлык менен изилдеп, окугандарымды иш жүзүндө колдонууга аракеттенчүмүн. Балдарымды дайыма жыйналыш жолугушууларына алып барып, кабар айтууга алып чыгып турчумун. Бул кандай натыйжаларды берди? Беш балам тең чөмүлтүлдү». Кызматка толук катышуу силерге да балдарыңарды «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялоого» жардам бере алат (Эфестиктерге 6:4).

14. а) Балдар мектепте кантип Кудайды даңктай алышат? б) «Жакшы Кабар таратуудан уялбоого» балдарга эмне жардам бере алат?

14 Балдар, силер жашаган өлкөдө мыйзам жол берсе, мектепте кабар айтуу менен Кудайды даңктайсыңарбы же адамдардан коркуу сезиминин өзүңөргө таасир этишине жол бересиңерби? (Накыл сөздөр 29:25). Пуэрто-Рикодогу 13 жашар Күбө мындай деп жазат: «Бул чындык экенин билгендиктен, мектепте кабар айтуудан эч уялбайм. Класста дайыма кол көтөрүп, Ыйык Китептен эмнелерге үйрөнгөнүмдү айтып берем. Бош убактым болгондо, китепканага барып, „Жаштардын суроолору“ китебин окуйм» *. Жахаба ал кыздын аракеттерине батасын бердиби? Ал: «Кээде классташтарым мага суроолорду беришет, атүгүл ушундай китеп алып келип берүүнү суранышат»,— дейт. Эгерде мектептен кабар айтуу сен үчүн кыйын болсо, тырышчаактык менен жекече изилдөө жүргүзүп, «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билишиң» зарылдыр (Римдиктерге 12:2). Үйрөнгөн нерселериң чындык экенине ынанганыңда, «Жакшы Кабар таратуудан уялбай» каласың (Римдиктерге 1:16).

Кызматыбызды кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү

15, 16. Ыйсанын айрым жолдоочулары кызматын кантип кеңейтишет жана бул кандай баталарды алып келет?

15 Элчи Пабыл кызмат кылууга өзү үчүн «эшик кенен ачылганын» жазган (1 Корунттуктарга 16:9). Кызматыңды кеңейтүүгө, балким, сенде да мүмкүнчүлүк бардыр. Мисалы, жалпы же көмөкчү пионер болуп кызмат кылуу үчүн, кабар айтуу ишине ай сайын 70 же 50 саат арноо зарыл. Арийне, биртуугандар пионерлерди ишенимдүү кызмат кылып жатышканы үчүн баалашат. Бирок кызматка көбүрөөк убакыт бөлүп жатышканынан улам алар өздөрүн ишенимдештеринен жогору эсептешпейт. Тескерисинче, Ыйсанын: «Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, анткени аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык»,— деген сөздөрүнө ылайык маанайда болушат (Лука 17:10).

16 Пионердик кызмат өзүн өзү башкара билүүнү, уюшкандыкты жана курмандыктарга барууга даяр болууну талап кылат. Бирок ошонун аркасында тие турган баталар баарынан ашып түшөт. Жаш пионер Тамика: «Кудайдын чындык Сөзүн туура жеткире билүү — чыныгы бата. Пионер болуп кызмат кылганда Ыйык Китепти абдан көп колдоносуң. Азыр мен үйдөн үйгө кабар айтканда ар бир адамга ылайык келген аяттарды тандай алам»,— дейт (2 Тиметейге 2:15). Ал эми Мика аттуу пионер: «Адамдардын жашоосуна чындыктын кандай таасир этип жатканын көрүү — дагы бир укмуш бата»,— дейт. Мэтью деген жаш жигит да «кимдир бирөөнүн чындыкка келгенин көрүү» кубаныч алып келерин жана «бул кубанычты эч нерсе алмаштыра албай турганын» айтат.

17. Бир Күбөгө пионердик кызмат жөнүндө туура көзкарашта болууга эмне жардам берген?

17 Сен пионер болуп кызмат кылуу жөнүндө ойлоносуңбу? Балким, андай каалооң бардыр, бирок бул колуман келбейт деп ойлошуң мүмкүн. Кениатэ аттуу бир кыз: «Мурда мен пионердик кызмат жөнүндө терс ойдо болчумун. Андай кызматка өзүмдү жараксыз деп эсептечүмүн. Мен сөз баштаганды же Ыйык Жазманын негизинде ой жүгүртүүнү билчү эмесмин»,— деп мойнуна алат. Бирок аксакалдар аны менен кызматташууга рухий жактан жетилген бир пионерди дайындашкан. «Аны менен кызматташуу абдан кызыктуу болду. Бул мага пионер болууга түрткү берди»,— деп эскерет Кениатэ. Мүмкүн, бирөөнүн кубаттандыруусунун жана үйрөтүүсүнүн натыйжасында сен да пионер болууну каалай баштайттырсың.

18. Миссионердик кызмат кандай баталарды алып келиши мүмкүн?

18 Пионерлер үчүн кызматын дагы көбүрөөк кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, кээ бир жубайлар чет өлкөдө кабар айтуу үчүн миссионердик кызматка жарактуу боло алышат. Миссионерлер жаңы өлкөгө, балким, жаңы тилге, жаңы маданиятка жана жаңы тамак-ашка көнүшү керек. Бирок Кудайдын баталарынан улам мындай ыңгайсыздыктар көмүскөдө калат. Милдред, Мексикада кызмат кылган тажрыйбалуу миссионер: «Миссионер болууну чечкендигим үчүн эч качан өкүнгөн эмесмин. Муну мен кичинекей кыз кезимен бери эңсеп келгем»,— дейт. Ал кандай баталарды алып жатат? «Туулуп өскөн өлкөмдө ыйык китептик изилдөө табуу оңой эмес эле. А бул жерде кызыгуучуларымдын ичинен бир эле убакта төрт адам Кудайга кызмат кыла баштаган учурлар болот!»

19, 20. Бейтелдик кызмат, эларалык кызмат программасы жана Кызматка окутуу мектеби көптөргө кандай баталарды алып келген?

19 Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарында бейтелдик кызмат аткаргандар да мол баталарды алышат. Германияда кызмат кылган Свен аттуу жаш жигит Бейтелде аткарган кызматы жөнүндө мындай дейт: «Мен абдан баалуу ишти аткарып жатканымды сезем. Жөндөмдүүлүктөрүмдү дүйнөдө колдоно алмакмын, бирок бул банкрот болгону турган банкка акча салганга барабар болмок». Ооба, өз ыктыярың менен айлык албай кызмат кылуу — бул курмандык. Бирок Свен: «Үйгө келгениңде ошол күнү жасаганыңдын баары Жахаба үчүн болгонун билесиң. Ушундан улам көңүлүмө укмуш бир сезим уялайт»,— дейт.

20 Айрым биртуугандар эларалык кызмат программасына, чет өлкөлөрдө филиал курууга катышуудан баталарды алышат. Чет өлкөдө кызмат кылууга сегиз жолу дайындалган никелик жубайлар: «Бул жердеги биртуугандар эң сонун. Алар менен коштошор маал келгенде жүрөк сыздайт; биздин жүрөгүбүз сегизинчи жолу сыздаганы турат. Кандай гана сонун нерселерди көрдүк!» — деп жазышкан. Ошондой эле Кызматка окутуу мектеби бар. Андан ылайыктуу бойдок эркек биртуугандар рухий даярдык алышат. Ал мектептин бир бүтүрүүчүсү: «Ушундай сонун мектеп үчүн силерге ыраазычылыгымды билдирүүгө сөз таппай турам. Дагы башка кайсы уюм окутуп үйрөтүүгө ушунчалык көп күч-аракет жумшайт?!» — деп жазган.

21. Ыйсанын бардык жолдоочуларынын алдында кандай тапшырма турат?

21 Демек, кызматыңды кеңейтүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Албетте, Бейтелде же чет өлкөдө көбүбүз кызмат кыла албайбыз. Ыйса жолдоочуларынын өз шарттарына жараша ар кандай өлчөмдө «түшүм» алып келишерин айткан (Матай 13:23). Ооба, Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан биздин алдыбызда жагдайыбызды мүмкүн болушунча туура пайдалануу, Жахабага кызмат кылууга шартыбыз жол бергенчелик толук катышуу тапшырмасы турат. Ошенткенде Жахабаны даңктап жаткан болобуз жана анын жактыруусуна ээ экенибизге бекем ишене алабыз. Мисалга карылар үйүндө жашаган улгайыңкы Этелди алалы. Ал ошол үйдүн тургундарына чындык жөнүндө күбөлөндүрүп турат жана телефон аркылуу кабар айтат. Мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгонуна карабай ал Кудайга жан-дилден кызмат кылат (Матай 22:37).

22. а) Биз дагы кандай жолдор менен Кудайды даңктай алабыз? б) Бизди кереметтүү кандай заман күтүп турат?

22 Кабар айтуу Жахабага даңк алып келүүнүн көп жолдорунун бир эле экенин унутпайлы. Иштеген жерибизде, мектепте, үйдө жүрүм-турумубуз жана сырткы көрүнүшүбүз менен үлгүлүү болуп, Жахабанын жүрөгүн кубантабыз (Накыл сөздөр 27:11). «Ишенимдүү адам батага бай [болот]»,— деген убада берилет Накыл сөздөр 28:20да. Андыктан Кудайга кызмат кылууда «мол эгишибиз» керек, ошондо мол баталарды жыйнайбыз (2 Корунттуктарга 9:6). Ошондой эле «бардык тирүү жандар» Жахабага ал толук татыктуу болгон даңкты алып келген кереметтүү заманда биз да жашайбыз! (Забур 150:6).

[Шилтеме]

^ 14-абз. «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» китеби (ор.) Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңердеби?

• Кудайдын эли Жахабага кандайча «күнү-түнү кызмат кылып» жатат?

• Гат уруусу кандай татаал жагдайга кабылган жана бул Ыйсанын бүгүнкү жолдоочуларын эмнеге үйрөтөт?

• Кандайча кабар айтуу кызматы бизди Шайтандын кол салууларынан коргойт?

• Кээ бирөөлөр кызматын кантип кеңейтишкен жана натыйжада кандай баталарды алып жатышат?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Гат уулдары баскынчылардын мизин кайтаргандай, Ыйсанын жолдоочулары Шайтандын кол салууларына сокку бериши керек.

[26-беттеги сүрөт]

Пионерлер үчүн кызматын кеңейтүүгө төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр бар:

1. Эларалык кызмат программасы.

2. Бейтелдик кызмат.

3. Миссионердик кызмат.

[27-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу жагымдуу кызматташтыкка өбөлгө түзөт.