Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды тарбиялоого Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Балдарды тарбиялоого Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Балдарды тарбиялоого Ыйык Китеп жардам бере алабы?

ОРХИДЕЙ — аябай кооз гүл, бирок аны өстүрүү абдан оор. Ал гүлдү өстүрүү үчүн белгилүү бир температураны сактоо, жарыктын туура өлчөмдө тийишине кам көрүү, ошондой эле туура көлөмдөгү идиш тандоо керек. Орхидейлер топурак менен жерсемирткичтерге абдан сезимтал келет жана ар кыл оорулар менен зыянкечтерге тез эле «багынып» берет. Андыктан жаңыдан гүл өстүрө баштагандар үчүн орхидейлерди өстүрүү — дээрлик колдон келгис иш.

Бала тарбиялоо мындан алда канча оор тапшырма жана ал да бир топ күч-аракетти талап кылат. Андыктан ата-энелер балдарын тарбиялоого келгенде эмне кылышты билбей кыйналышат. Көптөр, орхидейди жаңыдан өстүрө баштаган адам тажрыйбалуу гүл өстүрүүчүнүн кеңешине муктаж болгондой эле, жардамга муктаж экенин сезишет. Ар бир ата-эненин эң жакшы кеңеш алгысы келери күмөнсүз. Бирок андай кеңешти кайдан табууга болот?

Ыйык Китеп бала тарбиялоого байланыштуу жетекчиликти камтыган атайын китеп болбосо да, анда Жараткандын шыктандыруусу менен жазылган жана бул жагынан пайдалуу болорлук көптөгөн кеңештер бар. Ыйык Китепте жакшы сапаттарды өрчүтүүнүн маанилүү экени баса белгиленет, көптөрдүн айтымына караганда, дал ушул этибарга алынбай келет (Эфестиктерге 4:22—24). Демек, Жазмадагы кеңештерди тең салмактуу тарбия берүүнүн негизи деп айтууга болот. Ал кеңештердин ар кайсы убакта жашаган, маданияты ар кандай болгон миңдеген адамдарга жардам берип келгени маалым. Андыктан Жазмадан алынган төмөнкү кеңештер силерге да балдарыңарды туура тарбиялоого жардам бере алат.

Ата-эненин үлгүсү — мыкты тарбиячы

«Сен башкаларды үйрөтүп, өзүң эмнеге үйрөнбөйсүң? Сен башкаларга: „Уурдаба“,— деп насаат айтып, өзүң эмнеге уурдайсың? „Нике бузба“,— деп айтып, өзүң эмнеге нике бузасың?» (Римдиктерге 2:21, 22).

Сеулдун Агартуу кеңешинин төрагасы: «Сүйлөгөн сөзүң жана жүрүм-турумуң менен үлгү көрсөтүү — баланы бир нерсеге үйрөтүүнүн эң сонун жолу»,— деген. Эгер ата-эне баласына үйрөткөндөрүн өзүлөрү сүйлөгөн сөзүндө жана жүрүм-турумунда чагылдырбаса, бала алардын экижүздүүлөнүп жатышканын бат эле түшүнөт да, айткандарына көңүл бурбай калат. Маселен, баласын чынчылдыкка үйрөтүүнү каалаган ата-эне өзүлөрү да чынчыл болушу керек. Айрымдар телефон шыңгыраганда баласынан «алар үйдө жок» деп айттырып коюуну өөн көрүшпөйт. Андайда бала оңтойсузданып, өзүн ыңгайсыз сезет. Бирок убакыттын өтүшү менен ал кандайдыр бир жагымсыз абалга дуушар болгондо уялбай эле калп айта баштайт. Ошондуктан баласынын чынчыл адам болуп чоңоюшун чындап каалаган ата-энелер өздөрү да сүйлөгөн сөздөрү менен жүрүм-турумунда чынчыл болушу талап.

Балаңардын сылык болушун каалайсыңарбы? Анда өзүңөр жакшы үлгү көрсөтүшүңөр керек. Балаңар тез эле силерди туурай баштайт. Төрт баланын атасы Санг Сук мындай дейт: «Аялым экөөбүз орой сөздөрдөн качалы деп чечкенбиз. Бири-бирибизди урматтап, жадагалса бир нерсеге капаланганда же ачууланганда да үнүбүздү көтөрүп сүйлөчү эмеспиз. Сөзгө караганда жакшы үлгү көбүрөөк таасир берди. Балдарыбыздын сылык жана урмат көрсөтүү менен сүйлөөгө үйрөнүшкөнүнө кубанычтабыз». Ыйык Китепте, Галаттыктарга 6:7-аятта: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп айтылат. Балдарынын адеп-ахлактык бийик нормаларга ылайык жашашын каалаган ата-эне өздөрү ошол нормаларга карманышканы менен үлгү көрсөтүшү зарыл.

Сүйлөшүүгө дайым даяр болгула

«Аларды [Кудайдын осуяттарын] үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт» (Мыйзам 6:7).

Белгиленген сааттан ашык иштеген адамдардын саны барган сайын өсүүдө. Үй-бүлөдө атасы да, энеси да иштесе, бул балдарга олуттуу таасир этет. Алар балдары менен аз убакыт өткөрүшөт. Үйдө болушканда үй жумуштарын кылуу керек, андыктан ата-энелер өздөрүн абдан чарчаңкы сезишет. Мындай жагдайда балдар менен кантип жакшы пикир алышып турса болот? Маселен, алар менен чогуу бир нерсе жасап жатканыңарда сүйлөшсөңөр болот. Бир ата балдары менен көбүрөөк сүйлөшүү максатында телевизордон арылган. Ал: «Башында балдар зеригип жүрдү, бирок баш катырмаларды бирге чечип, кызыктуу китептерди талкуулай баштадык. Анан акырындык менен телевизор жок жашаганга көнүп кетишти»,— дейт.

Балдардын кичинекейинен эле ата-энеси менен пикирлешүүгө үйрөнүшкөнү абдан маанилүү. Болбосо, кийин кыйынчылыктарга кездешкенде ата-энесине жардам сурап кайрыла алышпайт, анткени алар балдары үчүн сыр бөлүшө турган дос боло алышкан эмес. Балдарды сырдашууга кантип тартса болот? Накыл сөздөр 20:5те: «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет»,— деп айтылат. Балдарынын көзкарашын билүү үчүн ата-энелер: «Кандай деп ойлойсуң?» — деген сыяктуу суроолорду колдонуп, аларга ой-сезимдери менен бөлүшүүгө түрткү бере алышат.

Балаңар олуттуу ката кетирсе, эмне кыласыңар? Андай учурда өзгөчө көңүл буруу зарыл. Аны угуп жатканда өзүңөрдү кармай билгиле. Ушундай жагдайларда эмне кылары тууралуу бир ата мындай дейт: «Балдарым жаңылыштык кетиргенде, аны жүрөккө жакын албаганга аракеттенем. Аларды кунт коюп угуп, иштин жайын түшүнүүгө аракет кылам. Эгер өзүмдү башкаруу кыйын болуп баратканын сезсем, ачуум тарагыча сүйлөшпөй коё турам». Эгер балаңарды сезимдерге алдырбай уксаңар, ага оңдоп-түзөө чараларын кабыл алуу жеңилирээк болот.

Сүйүүгө негизделген тарбия

«Аталар... балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла» (Эфестиктерге 6:4).

Тарбия сүйүүгө негизделгенде гана ийгиликке жетүүгө болот. Ата-энелер балдарын кандайча «кыжырдантышы» ыктымал? Эгер жаза кылынган катанын олуттуулугуна карап берилбесе же сөз өтө катуу айтылса, бул балдарда нааразылыкты пайда кылат. Дайыма сүйүү менен оңдоп-түзөө керек (Накыл сөздөр 13:24). Балдарыңарды жазалоодо эмне үчүн ушундай чара көргөнүңөрдү түшүндүрсөңөр, алар сүйгөндүктөн жазалап жатканыңарды аңдашат (Накыл сөздөр 22:15; 29:19).

Мындан сырткары, балага өзүнүн натуура жүрүм-турумунун кесепетин көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү да жакшы. Маселен, кимдир бирөөнү таарынтып койсо, кечирим сурашын талап кылсаңар болот. Эгер үй-бүлөдө бекитилген тартипти бузса, жакшы көргөн айрым нерселерине тыюу салсаңар болот. Ошондо тартипти сактоо маанилүү экенин көрсөтөсүңөр.

Балдарды убагында жазалоо да маанилүү. Насаатчы 8:11де: «Кыянат иштерди кылган адамдар тез арада жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт»,— деп айтылат. Ошо сыяктуу эле, көптөгөн балдар да жасаган иштери үчүн жазаланар-жазаланбасын текшерүүгө аракет кылышат. Андыктан балаңарга кайсы бир натуура жүрүм-туруму үчүн жазаланарын эскертсеңер, сөзүңөргө тургула.

Пайдалуу эс алуунун баалуулугу

«Күлө турган да убак... бийлей турган да убак бар» (Насаатчы 3:1, 4).

Бала акыл-эс жана денелик жактан туура калыптанышы үчүн, бош убакытты пайдалуу, тең салмактуу эс алуу менен өткөрүү зарыл. Ата-эне бош убагын балдары менен өткөрсө, үй-бүлөлүк түйүн бекемделип, балдар өздөрүн коопсуз сезишет. Үй-бүлө мүчөлөрү убакытты кантип бирге өткөрө алышат? Бул тууралуу ойлонуп көрүп, көптөгөн жакшы нерселерди табууга болот. Таза абада спорт менен машыгууга, маселен, велосипед тебүүгө, бадминтон жана топ менен волейбол же теннис сыяктуу оюндарды ойноого болот. Чогуу музыкалык аспаптарда ойноодон ыракат алууга болору тууралуу да ойлонуп көргүлө. Жаратылышка чыкканда да көп жакшы нерселер эсте калат.

Ошол убакытты пайдалануу менен ата-энелер балдарын эс алууга карата туура көзкарашта болууга үйрөтө алышат. Үч балалуу бир ишенимдешибиз: «Мүмкүнчүлүк болгондо балдарым менен эс алам. Маселен, алар компьютердик оюн ойноп жатышса, ал оюн тууралуу сурайм. Алар жарыша жооп берип жатышканда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, зыяндуу көңүл ачуулар тууралуу сүйлөшөм. Алардын андай көңүл ачуулардан качышарын байкайм»,— дейт. Ооба, бош убакытты үй-бүлөсү менен өткөрүүнү жакшы көргөн балдарга телеберүүлөрдөгү, видео жана кинофильмдердеги, ошондой эле Интернеттеги зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык жана баңгилик камтылган оюндардан баш тартууга оңоюраак болот.

Балдарыңарга дос тандай билүүнү үйрөткүлө

«Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» (Накыл сөздөр 13:20).

Төрт баласын тарбиялоодо ийгиликке жетишкен ишенимдешибиз: «Балдардын кандай досторду тандаары абдан маанилүү. Бир эле жаман досу жетишкен ийгиликтериңердин таш талканын чыгарып салышы мүмкүн»,— дейт. Ал ишенимдешибиз: «Сенин эң жакын досуң ким? Аны эмне үчүн жактырасың? Ага кайсы жагынан окшош болгуң келет?» — деген суроолордун жардамы менен балдарын туура дос тандоого үйрөтүүгө аракеттенген. Дагы бир ата болсо балдарын эң жакын досторун конокко чакырууга үндөчү. Ошондой жол менен ал ошол балдар менен таанышып, өзүнүн балдарына жакшы кеңеш бере алчу.

Балдарды курдаштары менен эле эмес, улуулар менен да достук мамиле өрчүтүүгө үйрөтүү зарыл. Үч баланын атасы Бам Сен мындай дейт: «Балдарыма Ыйык Китепте айтылган Дөөт менен Жонатан ар кайсы куракта болгондой эле, достор сөзсүз эле өзүң теңдүүлөрдөн болбошу мүмкүн экенин түшүндүрөм. Балдарым менен пикирлешүүгө конокко ар кыл курактагы биртуугандарды чакырам. Ушундан улам алар өз курагындагы эмес көптөгөн адамдар менен пикирлешишет». Балдар өздөрүнөн улуу, үлгүлүү адамдар менен пикирлешүүнүн аркасында көп нерсеге үйрөнө алышат.

Балдарыңарды тарбиялоодо ийгиликке жете аласыңар

Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, балдарын өзүн өзү башкара билүүгө, чынчылдыкка үйрөтүүгө аракет кылган эне-аталар бир аз гана ийгиликке жетишкен. Эмне үчүн? Сурамжылоого катышкан бир эне: «Бул кандай гана өкүнүчтүү болбосун, балдарды коргоонун жалгыз гана жолу — аларды эшикке чыгарбай үйгө камап коюу»,— деген. Ал аял муну менен балдарыбыз чоңоюп жаткан азыркы дүйнөнүн болуп көрбөгөндөй бузулганын айткысы келген. Дүйнөдөгү абал ушунчалык жаман болсо, балдарды тарбиялоодо ийгиликке жете алабыз деп үмүттөнүүгө болобу?

Эгер орхидей өстүрүүнү каалап, бирок анын өлүп каларын ойлоп кооптонсоңор, бул, албетте, силерди капалантышы мүмкүн. Бирок орхидей өстүрүү боюнча адис адам бир нече сонун кеңештерди берип: «Ушул кеңештерге кармансаңар, гүл өстүрө аласыңар»,— деп ынандырса, кандай гана кубанар элеңер! Жахаба адам баласынын табиятын бардыгынан мыкты билет, ошондуктан балдарды тарбиялоо жагынан эң сонун кеңештерди берет. Ал: «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал жолдон карыганда да чыкпайт»,— дейт (Накыл сөздөр 22:6). Балдарыңарды Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык тарбияласаңар, алар жоопкерчиликтүү, адеп-ахлактуу жана башкаларга көңүл бөлө билген адамдардан болушат. Ошондо аларды башкалар, баарынан маанилүүсү, асмандагы Атабыз Жахаба сүйөт.