Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баргыла да, шакирт даярдагыла

Баргыла да, шакирт даярдагыла

Баргыла да, шакирт даярдагыла

«Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да... Мага шакирт кылгыла» (МАТАЙ 28:18, 19).

1, 2. а) Ыйса жолдоочуларына кандай тапшырма берген? б) Ыйсанын буйругуна байланыштуу кандай суроолор каралат?

БИЗДИН замандын 33-жылы жазында Ыйсанын шакирттери Галилеядагы тоого чогулушат. Алардын тирилген Эгеси асманга кеткени жаткан, бирок кетеринин алдында аларга бир маанилүү нерсе айтып, тапшырма бермек. Ал эмне болгон тапшырма эле? Шакирттери аны кандай кабыл алышкан? Бүгүн ал тапшырманын бизге кандай тиешеси бар?

2 Ыйсанын айткан сөздөрү Матай 28:18—20-аяттарда жазылган: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. [«Ошондуктан», «ЖД»] баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом». Ыйса «бардык бийлик», «бардык элдер», «буйругандарынын бардыгы» жана «бардык убак» жөнүндө айткан. Анын тапшырмасы ошол төрт сөз айкашын ичине камтып, шакирт даярдоо ишин эмне үчүн жана каерде аткарышыбыз, ошондой эле эмнени жана качанга чейин үйрөтүшүбүз керектигине байланыштуу маанилүү суроолорду туудурат. Эмесе, ал суроолорду бир-бирден карап чыгалы *.

«Бардык бийлик Мага берилди»

3. Шакирт даярдоо жөнүндөгү буйрукка эмне үчүн баш ийишибиз керек?

3 Биринчи суроо мындай: шакирт даярдоого байланыштуу буйрукка эмне үчүн баш ийишибиз керек? Ыйса: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Ошондуктан баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деп айткан. «Ошондуктан» деген сөз бул буйрукка эмне үчүн баш ийишибиз керектигинин башкы себебин көрсөтүп турат. Ал себеп буйрук берген Ыйсанын «бардык бийликке» ээ болгонунда. Анын бийлиги канчалык зор?

4. а) Ыйсанын бийлиги канчалык зор? б) Ыйсанын бийлиги тууралуу билүү бизге шакирт даярдоого байланышкан буйрукка кандай кароого түрткү бериши керек?

4 Ыйса өзүнүн жолдоочуларынын жыйналышынын үстүнөн бийликке ээ жана 1914-жылдан тартып Кудайдын орнотулган Падышалыгында бийлик кылууда (Колостуктарга 1:13; Аян 11:15). Ал башкы периште болгондуктан жүз миллиондогон периштелерден турган аскерге башчылык кылат (1 Тесалоникалыктарга 4:16; 1 Петир 3:22; Аян 19:14—16). Атасы ага адил принциптерге каршы турган «бардык башчылыкты, бийликти, күчтү» жоюуга укук берген (1 Корунттуктарга 15:24—26; Эфестиктерге 1:20—23). Ыйса тирүүлөрдүн эле үстүнөн бийлик жүргүзбөйт. Ал — тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да Соту жана Кудай ага өлүм уйкусунда жаткандарды тирилтүүгө күч берген (Элчилер 10:42; Жакан 5:26—28). Ушундай эбегейсиз зор бийликке ээ башчынын буйругу эң бир маанилүү буйрук деп эсептелүүгө тийиш экени шексиз. Андыктан биз Ыйсанын «баргыла да... шакирт кылгыла» деген буйругуна урмат-сый жана даярдуулук менен баш иебиз.

5. а) Петир Ыйсанын сөздөрүнө кантип баш ийген? б) Ыйсанын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүдөн Петир кандай бата алган?

5 Жердеги кызматынын башында Ыйса шакирттерин анын бийлигине баш ийүү жана буйруктарын аткаруу баталарды алып келерине таң каларлык жол менен окуткан. Балыкчы Петирге бир жолу ал: «Көлдүн терең жерине сүзүп барып торлоруңарды салгыла»,— деп айткан. Ал жерде балыктын жок экенин жакшы билгендиктен Петир Ыйсага: «Устат, биз түнү бою эмгектенип, эч нерсе кармай алган жокпуз»,— деген. Ошентсе да момундук менен: «Бирок Сенин сөзүң боюнча торду саламын»,— деп кошумчалаган. Петир Ыйсанын буйругуна баш ийгенден кийин «абдан көп балык кармаган». Айран-таң болгон ал «Ыйсанын бутуна жыгылып: „Теңир [«Эге», «ЖД»], менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын“,— деген». Бирок Ыйса: «Коркпо, мындан ары адамдарды кармайсың»,— деп жооп берген (Лука 5:1—10; Матай 4:18). Бул окуядан биз эмнеге үйрөнөбүз?

6. а) Таң каларлык көп балык кармалганы жөнүндөгү билдирүү Ыйсанын кандай баш ийүүнү талап кыларын көрсөтүп турат? б) Ыйсаны кантип туурай алабыз?

6 Ыйса Петирге, Андрейге жана башка элчилерге «адам кармоочу» болуу тапшырмасын алар таң каларлык көп балык кармаганга чейин эмес, андан кийин берген (Марк 1:16, 17). Ыйсанын алардан сокур ишеним менен баш ийүүнү талап кылбаганы айкын. Ал эмне үчүн баш ийүү керектигинин ынандырарлык себебин көрсөткөн. Ыйсанын торлорду салуу жөнүндөгү буйругуна баш ийүү сонун натыйжаларды бергендей эле, анын «адам кармоо» жөнүндөгү буйругуна баш ийүү да зор баталарды алып келмек. Элчилер Ыйсанын буйругун толук ишеним менен кабыл алышкан. Ал билдирүү: «Алар эки кайыкты тең жээкке чыгарышты да, бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү»,— деген сөздөр менен жыйынтыкталат (Лука 5:11). Бүгүн биз башкаларды шакирт даярдоо ишине катышууга үндөөдө Ыйсаны туураганга аракеттенебиз. Биз адамдардан өзүбүз айткандай кылууну талап кылбайбыз, тескерисинче, Ыйсанын буйругуна эмне үчүн баш ийүү керектигин ынандырарлык себептер менен көрсөтөбүз.

Ынандырарлык себептер жана туура ниет

7, 8. а) Падышалык жөнүндө кабар айтууга жана шакирт даярдоого карата Ыйык Жазмада кандай себептер келтирилет? б) Кабар айтууга мындан ары да катышууга силерге өзгөчө кайсы аят түрткү берет? (Шилтемени да карагыла.)

7 Биз Ыйсанын бийлигине баш ийгендиктен Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышабыз. Жакшы иштерге үндөгүбүз келген адамдарга ал ишти аткарууга карата дагы кайсы ыйык китептик себептерди келтире алабыз? Ар кайсы өлкөлөрдө жашаган ишенимдүү Күбөлөрдүн төмөнкү сөздөрүнө көңүл буруп, алардын ойлорун көрсөтүлгөн аяттар кантип бышыктап турарын байкап көрсөңөр.

8 Рой (1951-жылы чөмүлтүлгөн): «Өзүмдү Жахабага арнаганымда ага ар дайым кызмат кылууга убада бергем. Ошол убадама тургум келет» (Забур 49:14; Матай 5:37). Хетер (1962-жылы чөмүлтүлгөн): «Жахабанын мен үчүн кылган жакшылыктарын ойлогондо, ага болгон ыраазычылыгымды ишенимдүү кызмат кылып көрсөткүм келет» (Забур 9:2, 10—12; Колостуктарга 3:15). Ханнелоре (1954-жылы чөмүлтүлгөн): «Кабарга чыкканыбызда бизди периштелер дайыма колдоп жүрөт. Бул кандай сыймык!» (Элчилер 10:30—33; Аян 14:6, 7). Онор (1969-жылы чөмүлтүлгөн): «Жахабанын сот күнү келгенде, тегеректеги адамдардын кимдир бирөөсүнүн „мага эч ким эскерткен жок“ деп Жахабаны жана анын Күбөлөрүн айыпташын каалабайм» (Жезекиел 2:5; 3:17—19; Римдиктерге 10:16, 18). Клаудио (1974-жылы чөмүлтүлгөн): «Кабар айтып жүргөндө биз „Кудай алдында“ жана „Машайак менен тыгыз байланышта болобуз“. Элестетсеңер, кабарга чыкканда бизди эң жакын Досторубуз коштоп жүрөт!» (2 Корунттуктарга 2:17) *.

9. а) Петир менен башка элчилердин балык кармаганы жөнүндөгү билдирүү Ыйсага туура ниет менен баш ийүү керектигин кандайча көрсөтүп турат? б) Кудайга жана Ыйсага кандай ниет менен баш ийүү туура жана эмне үчүн?

9 Ошондой эле таң калыштуу көп балык кармалганы тууралуу билдирүүдөн Ыйсага туура ниет, сүйүү менен баш ийүүнүн маанилүүлүгүн көрө алабыз. Петир: «Теңир, менин жанымдан кет. Анткени мен күнөөкөр адаммын»,— деп айтканда, Ыйса кетип калган эмес, ошондой эле аны кайсы бир күнөөсү үчүн айыптаган эмес (Лука 5:8). Ал Петирди жанынан кетүүсүн өтүнгөнү үчүн жемелеген да эмес. Тескерисинче, жумшактык менен: «Коркпо»,— деген. Ыйсага калтырап-титиреп баш ийүү туура эмес болмок. Ал Петирге жолдоштору менен чогуу адам кармоочулар катары пайдалуу иш аткарышарын айткан. Анын сыңарындай, биз да бүгүн башкаларды Ыйсага баш ийдирүү үчүн коркутуу, күнөөлөө же уяткаруу сыяктуу туура эмес ыкмаларды колдонбойбуз. Жахабанын жүрөгүн Ага жана Ыйсага болгон сүйүүнүн негизинде жан-дилден баш ийүү гана кубантат (Матай 22:37).

«Бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»

10. а) Шакирт даярдоо жөнүндөгү буйруктун кайсы бөлүгүнө байланыштуу шакирттерге оор тапшырма жүктөлгөн? б) Ыйсанын буйругун шакирттери кандай кабыл алышкан?

10 Ыйсанын буйругуна байланыштуу экинчи суроо төмөнкүдөй: шакирт даярдоо иши каерде аткарылышы керек? Ыйса жолдоочуларына: «Бардык элдерди Мага шакирт кылгыла»,— деп айткан. Анын жердеги кызматына чейин эле Жахабага кызмат кылуу үчүн Ысрайылга келген башка улуттагы адамдар жакшы кабыл алынчу (1 Падышалар 8:41—43). Ыйса өзү негизинен жүйүттөргө кабар айтчу, бирок эми жолдоочуларына бардык элдерге барууну буйруган. Башында анын шакирттеринин «балыктуу жерлери», атап айтканда, кабар айтуу аймагы кичинекей эле «көлмөк» болчу (анткени жүйүттөргө гана кабар айтышчу), бирок жакында алардын аймагын бүт адамзат «деңизи» түзмөк. Бул өзгөрүү менен шакирттерге оор тапшырма жүктөлсө да, алар Ыйсанын көрсөтмөсүнө даярдуулук менен баш ийишкен. Анын өлгөнүнө 30 жылдын жүзү боло электе элчи Пабыл жакшы кабардын жүйүттөргө эле эмес, «асман астындагы бардык жаратылгандарга» жарыяланганын айта алган (Колостуктарга 1:23).

11. «Балыктуу жерлер» XX кылымдын башынан бери канчалык кеңейди?

11 Ошо сыяктуу эле, акыркы кездерде кабар айтуу аймагынын улам кеңейип жатканы байкалууда. XX кылымдын башында «балыктуу жерлерге» бир нече эле өлкө кирчү. Бирок Ыйсанын ошол убактагы жолдоочулары I кылымдагы шакирттердин үлгүсүн жолдоп, өздөрүнүн кабар айтуу аймагын жигердүүлүк менен кеңейте башташкан (Римдиктерге 15:20). 1930-жылдардын башында алар шакирт даярдоо ишин жүзгө жакын өлкөдө жүргүзүшкөн. Бүгүн болсо биздин «балыктуу жерлерибизге» 235 өлкө кирет (Марк 13:10).

«Ар кандай тилдерде сүйлөгөн» элдерден

12. Захария 8:23төгү пайгамбарлыкта шакирт даярдоонун оңой тапшырма эмес экени кантип баса көрсөтүлөт?

12 Бардык элдерден шакирт даярдоо аймактын кеңдигинен эле эмес, көп тилдүүлүктөн улам да оор тапшырма болуп эсептелет. Захария пайгамбар аркылуу Жахаба мындай деген: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23). Бул пайгамбарлыктын чоң масштабда аткарылышында «жүйүт» — Ыйсанын майланган жолдоочуларынын калдыгын, ал эми «он киши» «эбегейсиз көп адамдарды» билдирет * (Аян 7:9, 10; Галаттыктарга 6:16). Ыйсанын шакирттеринен болгон бул эбегейсиз көп адамдар бардык элдерден чыгышмак жана Захария белгилегендей, ар кайсы тилде сүйлөшмөк. Муну Кудайдын элинин биздин мезгилдеги тарыхы ырастап турабы? Ооба.

13. а) Кудайдын азыркы элинин тарыхында тилдерге байланыштуу кандай өзгөрүш болгон? б) Ар кайсы тилдердеги рухий тамакка болгон муктаждык өсө баштаганда, ишенимдүү кул тобу эмне кылган? («Сокурларга арналган адабияттар» деген кутучадагы ойлорду камтып өткүлө.)

13 Дүйнө жүзү боюнча 1950-жылы Жахабанын беш Күбөсүнүн ичинен — болжол менен үчөөнүн, 1980-жылы экөөнүн эне тили англис тили болчу. Ал эми бүгүнкү күндө беш Күбөнүн бирөөнүн гана эне тили — англис тили. Жагдайдын ушундайча өзгөрүшүнө байланыштуу ишенимдүү жана акылдуу кул тобу эмне кылган? Ал рухий тамакты дагы көбүрөөк тилдерде бере баштаган (Матай 24:45). Мисалы, 1950-жылы биздин адабияттар 90 тилде чыкса, азыр 400дөй тилде басылууда. Ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдарга көбүрөөк көңүл бурулганы натыйжа берип жатабы? Ооба! Апта сайын «ар кайсы... тилдерден» орто эсеп менен 5 000 адам Ыйсанын шакирти болуп жатат! (Аян 7:9, «Мукаддас»). Бул өсүш тынымсыз улантылууда. Кээ бир өлкөлөрдө «торго» абдан көп балык түшүп жатат! (Лука 5:6; Жакан 21:6).

Үзүрлүү кызмат — ага катыша аласыңарбы?

14. Аймагыбыздагы бөтөн тилде сүйлөгөн адамдарга кантип жардам берсек болот? («Жаңдоо тилинде шакирт даярдоо» деген кутучадагы ойлорду камтыгыла.)

14 Көптөгөн Батыш өлкөлөрүндө иммигранттардын саны өсүп жатканына байланыштуу ал жакта жашаган Ыйсанын жолдоочулары үчүн «бардык... тилдерде» сүйлөгөн адамдардан шакирт даярдоого мүмкүнчүлүк пайда болууда (Аян 14:6). Аймагыбыздагы бөтөн тилде сүйлөгөн адамдарга кантип жардам берсек болот? (1 Тиметейге 2:4). Ан үчүн биз, каймана тил менен айтканда, балык уулоонун ылайыктуу шаймандарын колдонсок болот. Андай адамдарга өздөрүнүн тилинде адабият сунуш кылгыла. Мүмкүн болсо, аларга ошол тилди билген Күбөнүн барышына кам көргүлө (Элчилер 22:2). Азыр андай биртуугандарды табуу анчалык кыйынга турбайт, анткени көптөгөн Күбөлөр чет өлкөлүктөргө Ыйсанын шакирттеринен болууга жардам берүү үчүн чет тилин үйрөнүп жатышат. Алынган билдирүүлөр мындай жардамдын жакшы жемиштерди алып келерин көрсөтүүдө.

15, 16. а) Башка тилде сүйлөгөндөргө жардам берүүнүн үзүрлүү иш экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат? б) Башка тилде сүйлөгөн адамдар жашаган аймакта кызмат кылууга байланышкан кайсы суроолордун үстүнөн ойлонуп көрсөк болот?

15 Нидерландияда болгон эки мисалды карап көрөлү. Ал өлкөдө Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши 34 тилде уюшкандык менен жүргүзүлүп жатат. Күбө-жубайлар поляк тилинде сүйлөгөн иммигранттарга кабар айтууга жана алардын арасынан шакирт даярдоого ыктыярдуулук көрсөтүшкөн. Алардын аракети ушунчалык натыйжалуу болгондуктан, күйөөсү кызыгуучулар менен Ыйык Китепти изилдөөгө жумасына дагы бир күн бөлүш үчүн азыраак иштөөнү чечкен. Көп өтпөй ал жубайлар жумасына 20дан ашык ыйык китептик изилдөө өткөрө башташкан. Алар: «Кызматыбыздан абдан чоң кубаныч алабыз»,— дешкен. Айрыкча, Ыйык Жазмадагы чындыктарды өз тилинде уккан адамдар ыраазычылык билдиришкенде, шакирт даярдагандар өзгөчө кубанычты сезишет. Мисалы, вьетнам тилинде өткөрүлүп жаткан жолугушуунун учурунда бир карыя ордунан туруп, эки ооз сөз айтууга уруксат сураган. Көздөрүнө жаш алып, ал Күбөлөргө: «Менин тилимди оор болгонуна карабай үйрөнүүгө аракеттенип жатканыңарга ырахмат. Карыган кезимде Ыйык Китептен көптөгөн кереметтүү нерселерди үйрөнүп жатканыма абдан ыраазымын»,— деп айткан.

16 Мына ошондуктан чет тилиндеги жыйналыштарда кызмат кылгандардын зор жемиштерди алып жатышканы таң калыштуу эмес. Улуу Британиядагы бир түгөйлөр: «Биз Падышалыктын ишине 40 жыл бою катышып, кызматтын эң кызыктуу түрү башка тилде сүйлөгөн адамдар жашаган аймакта кызмат кылуу экенине ынандык»,— деп айтышкан. Бул кубанычтуу кызматка катышуу үчүн сен да жашоо шартыңды өзгөртө аласыңбы? Эгер мектепте окусаң, кызматтын бул түрүнө даярдануу үчүн чет тилин үйрөнө аласыңбы? Мындай аракеттер мол баталарды алып келе турган үзүрлүү өмүр жолуна түшүшүңө өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 10:22). Бул тууралуу ата-энең менен сүйлөшүп көрсөң кандай?

Түрдүү ыкмаларды колдонобуз

17. Жыйналышыбыздын эле аймагынан дагы көбүрөөк адамдарды кантип тапсак болот?

17 Көбүбүздүн жагдай-шартыбыз «торубузду» башка тилде сүйлөгөн адамдар жашаган аймактарга салууга жол бербеси түшүнүктүү. Бирок биз жыйналышыбыздын эле аймагынан көбүрөөк адамдарды таба алышыбыз мүмкүн. Кантип? Кабарыбызды эмес, ыкмаларыбызды өзгөртүү менен. Көптөгөн өлкөлөрдө кайтарылуучу үйлөрдө жашаган адамдардын саны көбөйүүдө. Дагы башкалары, биз үйдөн үйгө кабар айтып келгенде, үйлөрүндө жок болуп калышат. Ошондуктан «торубузду» башка маалда жана башка жерден салуу зарыл болушу мүмкүн. Муну менен Ыйсаны туурайбыз. Ал адамдар менен ар кандай жагдайларда сүйлөшкөн (Матай 9:9; Лука 19:1—10; Жакан 4:6—15).

18. Ар кайсы жерлерде кабар айтуу натыйжалуу экенин эмне көрсөтүп турат? («Ишкер аймакта шакирт даярдоо» деген кутучадагы ойлорду камтыгыла.)

18 Дүйнөнүн айрым булуң-бурчтарында адам бар жерлердин баарында кабар айтуу шакирт даярдоонун маанилүү ыкмасы болуп эсептелет. Шакирт даярдоодо тажрыйбалуу жарчылар ар кайсы жерлерде кабар айтууга көбүрөөк көңүл бурушат. Үйдөн үйгө кабар таратуудан тышкары, азыр жарчылар аэропорттордо, офистерде, дүкөндөрдө, автомобиль токтоочу жайларда, аялдамаларда, көчөлөрдө, сейилбактарда, пляждарда жана башка жерлерде күбөлөндүрүшөт. Гавайиде жакында чөмүлтүлгөн Күбөлөрдүн бир канчасы биринчи жолу кабарды ошондой жерлерден угушкан. Ар түрдүү ыкмаларды колдонуу бизге Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругун кылдат аткарууга жардам берет (1 Корунттуктарга 9:22, 23).

19. Кийинки макалада Ыйсанын тапшырмасына байланыштуу кайсы суроолор талкууланат?

19 Шакирт даярдоого байланышкан тапшырма өз ичине ал ишти эмне үчүн жана каерде аткарышыбыз керектигине эле эмес, эмнени жана качанга чейин үйрөтүшүбүз керектигине тиешелүү ойлорду да камтыйт. Ыйсанын тапшырмасына байланышкан акыркы эки суроо кийинки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул макалада алгачкы эки суроо каралат. Калган экөө кийинки макалада талкууланат.

^ 8-абз. Кабар айтууга карата себептерди төмөнкү аяттардан да табууга болот: Накыл сөздөр 10:5; Амос 3:8; Матай 24:42; Марк 12:17; Римдиктерге 1:14, 15.

^ 12-абз. Бул пайгамбарлыктын аткарылышы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган төмөнкү адабияттарды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2001-жыл, 1-июнь, 8-бет жана «Ышайанын пайгамбардыгы — бүт адамзат үчүн жарык», 2-том, 408-бет (ор.).

Эсиңердеби?

• Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине кайсы себептерден улам жана кандай ниет менен катышабыз?

• Жахабанын кызматчылары бүгүн Ыйсанын бардык элдерден шакирт даярдоо жөнүндөгү тапшырмасын кандай деңгээлде аткарып жатышат?

• «Балык кармоо» ишибизде кандай түрдүү ыкмаларды колдонсок болот жана эмне үчүн ошентишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги кутуча]

Сокурларга арналган адабияттар

Америка Кошмо Штаттарында жашаган Алберт — Ыйсаны жолдогон аксакал жана толук убакыттуу кызматчы. Анын көзү көрбөйт. Брайль арибинде жазылган ыйык китептик адабияттар ага өзүнүн кызматын, анын ичинде кызмат көзөмөлчүсү катары аткарган милдеттерин натыйжалуураак аткарууга жардам берет. Жыйналыштын иштерин ал кандай аткарат?

«Биздин жыйналышта Алберттен жемиштүү кызмат көзөмөлчүсү болгон эмес»,— дейт төрагалык кылуучу көзөмөлчү Жеймс. Алберт — Кошмо Штаттарда бир топ жылдан бери англис жана испан тилдеринде Брайль ариби менен чыккан ыйык китептик адабияттарды алып келаткан 5 000дей сокур адамдын бири. Акылдуу кул тобу тарабынан 1912-жылдан бери Брайль арибинде жүздөн ашык адабият басылып чыкты. Заманбап техниканы колдонуп, Жахабанын Күбөлөрү ал арипте жыл сайын ондон ашык тилде миллиондогон баракчаларды басып чыгарып, аларды 70тен ашуун өлкөгө жөнөтүшөт. Силер сокурларга арналган ыйык китептик адабияттардан пайда алышы мүмкүн болгон кимдир бирөөнү билесиңерби?

[21-беттеги кутуча]

Жаңдоо тилинде шакирт даярдоо

Дүйнө жүзү боюнча миңдеген Күбөлөр, алардын ичинде көптөгөн ынталуу жаштар дүлөй адамдарга Ыйсанын шакирттеринен болууга жардам берүү үчүн жаңдоо тилин үйрөнүп жатышат. Мунун натыйжасында өткөн жылы Бразилияда эле 63 дүлөй адам чөмүлтүлгөн жана ал өлкөдө азыр 35 дүлөй Күбө толук убакыттуу жарчы болуп кызмат кылышууда. Дүйнө жүзү боюнча жаңдоо тилинде 1 200дөн ашык жыйналыш, топтор бар. Орусиядагы жаңдоо тилиндеги район өз ичине бүт Орусияны камтыгандыктан, ал дүйнөдөгү эң чоң район болуп саналат!

[22-беттеги кутуча]

Ишкер аймакта шакирт даярдоо

Гавайиде бир Күбө ишкер адамдардын офистерине барып кабар айтып жүрүп унаа ишканасынын жетекчисине жолуккан. Бош убактысынын аз болгонуна карабай ал киши Ыйык Китепти жумасына 30 мүнөт офисинде изилдөөгө макул болгон. Шаршемби сайын эртең менен ал өзүнүн кызматкерлерине ага телефон чалып алаксытпашын айтат да, көңүлүн толугу менен изилдөөгө бурат. Гавайиде дагы бир Күбө бут кийим оңдоочу жайдын ээси менен жумасына бир жолу анын иштеген жеринде ыйык китептик изилдөө өткөрөт. Кардар келгенде, Күбө четке жылып турат. Кардар кеткенде, изилдөө кайрадан улантылат.

Унаа ишканасынын жетекчисин да, бут кийим оңдоочу жайдын ээсин да Күбөлөр «торун» ар кайсы жерлерге салышкандыктан табышкан. Үйлөрүндө аз болгон адамдарды жыйналышыңарга караштуу аймактын кайсы жеринен таба аларыңар тууралуу ойлонуп көрдүңөр беле?