Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»

«Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»

«Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»

«Баргыла да... шакирт кылгыла. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө» (МАТАЙ 28:19, 20).

1. Шакирт Филип менен эфиопиялык адам эмне жөнүндө сүйлөшүшкөн?

ЭФИОПИЯДАН бир адам Иерусалимге саякаттап келип, аерден өзү сүйгөн Жахаба Кудайга сыйынат. Анын Кудайдын шыктандырылган Сөзүн жакшы көргөнү да айкын. Арабасында Ышайа пайгамбардын китебин окуп үйүн көздөй жол тартып баратканда, ага Ыйсанын шакирти Филип жолугат. Филип андан: «Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?» — деп сурайт. «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берет ал. Филип Ыйык Жазманы чын ыкласынан изилдеген бул адамга Ыйсанын шакирти болууга жардам берет (Элчилер 8:26—39).

2. а) Эфиопиялык адамдын берген жообу эмне үчүн чоң мааниге ээ? б) Шакирт даярдоо жөнүндөгү буйрукка байланышкан кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Эфиопиялык адамдын жообу чоң мааниге ээ. Ал: «Мага бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деген. Ооба, ал бирөөнүн үйрөтүшүнө, туура багыт беришине муктаж болгон. Эфиопиялык кишинин сөздөрү Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругунда камтылган бир көрсөтмөнүн маанилүүлүгүн белгилеп турат. Сөз кайсы көрсөтмө жөнүндө жүрүп жатат? Суроого жооп алуу үчүн, келгиле, Матай китебинин 28-бабында жазылган Ыйсанын сөздөрүн андан ары карап чыгалы. Мурунку макалада шакирт даярдоо ишин эмне үчүн жана каерде аткарышыбыз керектигине көңүл бурулган. Эми дагы эки суроону: башкаларга эмнени жана качанга чейин үйрөтүшүбүз керектигин карап чыгабыз.

«Бардыгын аткарууну» үйрөтүү

3. а) Кимдир бирөө кантип Ыйса Машайактын шакирти боло алат? б) Шакирт даярдоого эмнени үйрөтүү кирет?

3 Башкаларга Ыйсанын шакирттеринен болууга жардам берүү үчүн эмнени үйрөтүшүбүз керек? Ыйса жолдоочуларына: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп буйруган (Матай 28:19, 20). Демек, биз Ыйса буйругандарды үйрөтүшүбүз керек *. Бирок анын буйруктарын аткарууга үйрөтүлгөн адамга шакирт болууга эле эмес, андан ары да ишенимдүү бойдон калууга жардам берүү үчүн эмне кылууга болот? Негизги кадамдардын бирин Ыйсанын кылдаттык менен тандаган сөздөрүнөн көрүүгө болот. Байкасаңар, ал: «Силерге буйругандарымдын бардыгын аларга үйрөткүлө»,— деп эле койгон эмес. Ыйса: «Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп айткан (Матай 19:17). Бул эмнени билдирет?

4. а) Буйрукту аткаруу деген эмнени билдирет? б) Башкаларга Ыйсанын буйруктарын аткарууну кантип үйрөтөрүбүздү мисал менен көрсөткүлө.

4 Буйрукту аткаруу ага ылайык иш-аракет кылууну, ага баш ийүүнү билдирет. Анда кимдир бирөөнү Ыйса буйруган нерселерди аткарууга, аларга баш ийүүгө кантип үйрөтөбүз? Мисалы, машине айдаганды үйрөтүүдө нускоочунун үйрөнчүктөрдү жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого кантип үйрөтөрүн ойлоп көрсөңөр. Ал жол эрежелерин класстан үйрөтүшү мүмкүн. Бирок ал эрежелерди сактоону үйрөтүү үчүн нускоочу, үйрөнчүктөрү жолго чыгып машине айдашканда жана үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга аракеттенишкенде, алардын ар биринин жанында болушу керек. Ошо сыяктуу эле, ыйык китептик изилдөө аркылуу биз адамдарды Ыйсанын осуяттарына үйрөтөбүз. Андан тышкары, алардын Ыйсанын көрсөтмөлөрүн өздөрүнүн күндөлүк турмушунда жана кызматында кантип колдонуп жатышканына байкоо салышыбыз зарыл (Жакан 14:15; 1 Жакан 2:3). Демек, Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругун толугу менен аткаруу үчүн, башкаларга анын осуяттарын үйрөтүп эле койбостон, аларды кантип колдонсо болорун да көрсөтүшүбүз керек. Ошондо биз Ыйсаны жана Жахабаны туурайбыз (Забур 47:15; Аян 7:17).

5. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кызыгуучуга Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругуна баш ийүү эмне үчүн оңойго турбашы мүмкүн?

5 Башкаларды Ыйсанын буйруктарын аткарууга үйрөтүү аларга шакирт даярдоо буйругуна баш ийүүгө жардам берүүнү да камтыйт. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кээ бир кызыгуучулар кабар айтуудан коркушу мүмкүн. Айрымдары мурда христиан дүйнөсүнүн кайсы бир диний агымынын активдүү мүчөсү болушса да, насаатчыларынын аларды башкаларга барууга жана шакирт даярдоого үйрөткөнү шектүү. Кээ бир чиркөө башчылары ачык моюнга алгандай, өздөрүнүн мүчөлөрүн жакшы кабар таратууга үйрөтүү жагынан христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү ийгиликсиз болуп жатат. Ыйык Китепти иликтеген окумуштуу Жон Стот Ыйсанын дүйнөдөгү бардык адамдарга анын шакирттеринен болууга жардам берүү жөнүндөгү буйругуна байланыштуу мындай дейт: «Бул буйруктун маани-мазмунуна баш ийбегенибиз — бүгүн жакшы кабарды таратуудагы евангелисттик христиандардын абдан чоң кемчилиги»,— деп айткан. Анан мындай деп кошумчалаган: «Биз кабарыбызды алыстан жарыялоого жакынбыз. Кээде биз чөгүп бараткандарга жээктин коопсуз жеринен кыйкырып кеңеш берип жаткан адамдарга окшошуп кетебиз. Сүзүп барып, аларды куткарып калууга шашпайбыз: суу болуп калуудан коркобуз».

6. а) Кызыгуучуга жардам берүүдө Филипти кантип туурасак болот? б) Кызыгуучу кабар айтуу ишине катыша баштаганда, ага кантип жардам бере алабыз?

6 Эгер Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам мурун мүчөлөрү «суу болуп калуудан корккон» динде болгон болсо, каймана мааниде айтканда, суудан коркуу сезимин жеңип, Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругуна баш ийүү ал үчүн кыйынга турушу ыктымал. Ага жардам берүү керек. Ошондуктан, Филиптин үйрөткөндөрү эфиопиялык адамдын түшүнүгүн кеңейтип, чөмүлтүлүүгө түрткү бергендей эле, биз да кызыгуучуга чыдамдуулук менен түшүнүгүн кеңейтүүгө жана иш-аракет кылууга түрткү бергидей окутуп, багыт беришибиз зарыл (Жакан 16:13; Элчилер 8:35—38). Андан тышкары, кызыгуучуларга шакирт даярдоо жөнүндөгү буйрукту аткарууга үйрөтүүнү каалоо бизге Падышалык тууралуу кабар айтууда алгачкы кадамдарды жасашканда аларды коштоп жүрүүгө түрткү берет (Насаатчы 4:9, 10; Лука 6:40).

«Бардыгын аткаруу»

7. Башкаларга «бардыгын аткарууну» үйрөтүү аларга кайсы буйруктарды үйрөтүүнү камтыйт?

7 Биз жаңы шакирттерди шакирт даярдоого эле үйрөтпөйбүз. Ыйса бизди буйругандарынын «бардыгын аткарууну» үйрөтүүгө карата көрсөтмө берген. Буга шексиз түрдө эки эң маанилүү буйрук — Кудайды сүйүү жана жакыныбызды сүйүү буйруктары — кирет (Матай 22:37—39). Жаңы шакиртти бул осуяттарды аткарууга кантип үйрөтүүгө болот?

8. Жаңы шакиртти сүйүү көрсөтүүгө байланышкан буйрукту аткарууга кантип үйрөтсө болорун мисал менен түшүндүргүлө.

8 Кайрадан үйрөнчүк айдоочу жөнүндөгү мисалга кайрылалы. Үйрөнчүк машинени нускоочунун коштоосунда айдап баратып, анын айткандарын угуу менен эле эмес, башка айдоочуларды көрүп да үйрөнөт. Маселен, нускоочу анын көңүлүн кичипейилдик менен башка машинеге жол берген, каршысында келаткан айдоочулардын көзүн уялтпоо үчүн машинесинин жарыгын азайткан же унаасы бузулуп калган таанышына даярдуулук менен жардам сунуш кылган айдоочуларга бурушу мүмкүн. Үйрөнчүк айдоочу мындай үлгүлөрдөн баалуу сабактарды алып, аларды кийин өз алдынча машине айдаганда колдоно алат. Анын сыңарындай, өмүр жолунда бараткан жаңы шакирт окутуучусунан эле эмес, жыйналыш мүчөлөрү көрсөткөн сонун үлгүлөрдөн да үйрөнөт (Матай 7:13, 14).

9. Сүйүү көрсөтүү жөнүндөгү буйрукту аткаруу эмнени билдирерин жаңы шакирт кантип үйрөнөт?

9 Мисалы, Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам жалгыз бой эненин кичинекей балдары менен Падышалык залына келүү үчүн бүт күч-аракетин жумшап жатканын байкашы мүмкүн. Ал кайсы бир биртууганыбыздын депрессия менен күрөшүп жатканына карабай жыйналыш жолугушууларына ишенимдүүлүк менен келип жүргөнүн, улгайган жесир ишенимдештин жыйналыштагыларды бекемдеп жатканын же өспүрүмдүн Падышалык залын жыйноого жардам берип жүргөнүн көрүшү ыктымал. Кызыгуучу жыйналыштагы аксакалдын көптөгөн милдеттерди аткарганына карабастан кабар айтуу кызматында ишенимдүүлүк менен жетекчиликти колго алып жатканын байкашы этимал. Ошондой эле катуу ооруганынан улам үйүнөн чыга албаган, бирок көргөнү келгендердин баарын бекемдеген Күбө менен таанышышы мүмкүн. Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам белгилүү бир өмүрлүк жарлардын өздөрүнүн кары ата-энесине кам көрүү үчүн жашоосунда чоң өзгөртүүлөрдү жасап жатканын көрүшү ыктымал. Мындай аккөңүл, элпек жана ишеничтүү биртуугандарды көрүп, жаңы шакирт алардын үлгүсүнөн Кудайды жана жакындарыбызды сүйүү жөнүндөгү Ыйсанын буйругуна баш ийүү эмнени билдирерин үйрөнөт (Накыл сөздөр 24:32; Жакан 13:35; Галаттыктарга 6:10; 1 Тиметейге 5:4, 8; 1 Петир 5:2, 3). Ушундай жол менен жыйналыштын ар бир жолдоочусу башкаларга окутуучу да, багыт берүүчү да боло алат жана болушу керек (Матай 5:16).

«Дүйнөнүн акырына чейин»

10. а) Шакирт даярдоо ишин аткарууну качанга чейин улантабыз? б) Тапшырылган ишти аткарууга байланыштуу Ыйса кандай үлгү көрсөткөн?

10 Шакирт даярдоо ишин качанга чейин аткарышыбыз керек? Дүйнөнүн акырына чейин (Матай 28:20). Ыйсанын тапшырмасынын бул бөлүгүн аткара алабызбы? Бүткүл дүйнөлүк жыйналыш катары биз ошентүүгө чечкиндүүбүз. Өткөн жылдары убактыбызды, күчүбүздү жана каражатыбызды «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондорду» табууга кубаныч менен жумшаганбыз (Элчилер 13:48, «ЖД»). Азыр Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине күн сайын орто эсеп менен үч миллиондон ашык саат арнашат. Мунун себеби — биз Ыйсанын жолун жолдойбуз. Ал мындай деп айткан: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү» (Жакан 4:34). Муну биз да чын ыкластан каалайбыз (Жакан 20:21). Тапшырылган ишти баштап эле койбостон, аны аягына чыгаргыбыз келет (Матай 24:13; Жакан 17:4).

11. Кээ бир ишенимдештерибиз кандай абалга дуушар болушууда жана өзүбүздөн эмне тууралуу сурашыбыз керек?

11 Бирок кээ бир ишенимдештерибиздин рухий жактан алсырап, Ыйсанын шакирт даярдоого байланышкан буйругун жигерсиз аткарып же такыр аткарбай калганы өкүнтпөй койбойт. Аларга жыйналыш менен кайрадан байланышууга жана шакирт даярдоо ишине катышууга кантип жардам берсек болот? (Римдиктерге 15:1; Эврейлерге 12:12). Ишеними убактылуу алсырап калган элчилерине Ыйсанын кандай жол менен жардам бергени бизге эмне кылсак болорун көрсөтүп турат.

Тынчсызданарыңарды көрсөткүлө

12. а) Ыйсанын өлүмүнө жакын калганда элчилери эмне кылышкан? б) Элчилеринин олуттуу алсыздык көрсөтүшкөнүнө карабай Ыйса аларга кандай мамиле кылган?

12 Ыйсанын жердеги кызматынын аягында, анын өлөрүнө аз калган убакта элчилери аны «таштап, качып кетишкен». Ыйса алдын ала айткандай, «ар кимиси ар кайсы жакка чачырап кеткен» (Марк 14:50; Жакан 16:32). Ошондо ал рухий жактан алсырап калган жолдошторуна кандай мамиле кылган? Тирилгенинен көп өтпөй ал кээ бир жолдоочуларына: «Коркпогула! Барып, Менин бир туугандарыма кабар бергиле. Галилеяга барышсын, алар Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айткан (Матай 28:10). Элчилер олуттуу алсыздык көрсөтүшкөнүнө карабай, Ыйса аларды дагы деле «бир туугандарым» деп атаган (Матай 12:49). Анын алардан көңүлү калган эмес. Муну менен Ыйса Жахабаны туурап, ырайымдуулук жана кечиримдүүлүк көрсөткөн (2 Падышалар 13:23). Биз Ыйсаны кантип туурай алабыз?

13. Рухий жактан алсырап калгандарга кандай карашыбыз керек?

13 Биз кабар айтуу ишине жигерсиз катышкан же такыр катышпай калган биртуугандар үчүн чын дилден тынчсызданышыбыз керек. Алардын мурун (айрымдарынын ондогон жылдар бою) сүйүү менен кылган иштери дагы деле эсибизде (Эврейлерге 6:10). Биз алар менен кызматташууну сагынабыз (Лука 15:4—7; 1 Тесалоникалыктарга 2:17). Анда алар үчүн тынчсызданарыбызды кантип билдирсек болот?

14. Ыйсаны туурап, биз рухий жактан алсырап калгандарга кантип жардам бере алабыз?

14 Ыйса көңүлдөрү чөккөн элчилерине Галилеяга баруу керектигин жана аны ошол жерден көрүшөрүн айткан. Мындайча айтканда, Ыйса аларды өзгөчө жолугушууга келүүгө чакырган (Матай 28:10). Ошо сыяктуу эле, бүгүн биз рухий жактан алсырап калгандарды жыйналыш жолугушууларына келүүгө үндөйбүз. Аларды бир эле жолу эмес, бир нече чакырышыбыз ыктымал. Ыйсанын элчилерге айткан чакыруусу жакшы натыйжага алып келген, анткени «он бир шакирт, Ыйса буйругандай, Галилеяга барып, тоого чыгышкан» (Матай 28:16). Рухий жактан алсырап калгандар биздин чын жүрөктөн айткан чакыруубузду кабыл алып, жыйналыш жолугушууларына кайрадан келе башташканда, кандай зор кубанычты сезебиз! (Лука 15:6).

15. Жыйналыш жолугушууларына келген алсыз биртуугандарыбызды тосуп алуу жагынан Ыйсадан эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Рухий жактан алсырап калган биртууганыбыз Падышалык залына келгенде, аны кандай тосуп алабыз? Ыйса ишенимдери убактылуу алсырап калган элчилерин жолугушууга белгиленген жерден көргөндө эмне кылган? «Ыйса аларга жакын келип», сүйлөгөн (Матай 28:18). Ал алыста карап тура берген эмес, тескерисинче, аларды көздөй баскан. Элестетсеңер, Ыйса ошентип демилгени колго алганда, элчилер кандай гана жеңилдей түшүшкөн! Келгиле, биз да демилгени колго алып, жыйналышка кайрадан келе баштаган рухий алсыз биртуугандарыбызды жылуу тосуп алалы.

16. а) Ыйсанын өз жолдоочуларына жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот? б) Ыйсанын рухий жактан алсырап калгандарга карата көзкарашын кантип чагылдырсак болот? (Шилтемени карагыла.)

16 Ыйса дагы эмне кылган? Биринчиден, ал: «Бардык бийлик Мага берилди»,— деп жарыялаган. Экинчиден: «Баргыла да... шакирт кылгыла»,— деп тапшырма берген. Үчүнчүдөн: «Бардык убакта Мен силер менен болом»,— деп убадалаган. Бирок анын эмне кылбаганын байкадыңарбы? Ыйса аларды кемчиликтерин жана шек саноолорун айтып жемелеген эмес (Матай 28:17). Анын мындай мамилеси натыйжа бергенби? Ооба. Көп узабай элчилер «окутууну, Жакшы Кабарды таратууну» кайрадан улантышкан (Элчилер 5:42). Ыйсанын үлгүсүнөн рухий жактан алсырап калгандарга карата кандай көзкарашта болуп, аларга кандай мамиле кылуу керектигин үйрөнүп, биз да өзүбүздүн жыйналышыбыздан кубанычтуу натыйжаларды көрө алабыз * (Элчилер 20:35).

«Бардык убакта Мен силер менен болом»

17, 18. Ыйсанын: «Бардык убакта Мен силер менен болом»,— деген сөздөрүндө кандай кубаттандырарлык ойлор камтылат?

17 Ыйсанын тапшырмасындагы: «Бардык убакта Мен силер менен болом»,— деген акыркы сөздөрдө анын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругун аткарууга умтулуп жаткандардын баары үчүн кубаттандырарлык ой камтылат. Падышалык тууралуу кабар айтуу ишибизге душмандар кандай гана каршылык көрсөтүшпөсүн жана бизди кандай гана жолдор менен каралашпасын, коркууга бизде эч кандай себеп жок. Эмне үчүн? Анткени «асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийликке» ээ болгон Жолбашчыбыз Ыйса биз менен жана бизди дайыма колдоп турат!

18 Ыйсанын: «Бардык убакта силер менен болом»,— деген убадасы да зор сооронуч берет. Ыйсанын шакирт даярдоо жөнүндөгү буйругун аткарууга умтулууда биз кубанычтуу эле эмес, кайгылуу күндөргө да туш болобуз (2 Жылнаама 6:29). Кээ бирлерибиз жакын адамыбызды жоготуп күйүткө батып кыйналышыбыз мүмкүн (Башталыш 23:2; Жакан 11:33—36). Башкалар денсоолугун начарлаткан жана алдан-күчтөн тайдырган карылык менен күрөшүшөт (Насаатчы 12:1—6). Дагы башкалар депрессиядан азап тартышат (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Ошондой эле барган сайын көбүбүз башыбыздан экономикалык оор шарттарды кечирип жатабыз. Бирок мындай кыйынчылыктарга карабастан биз кызматыбызда ийгиликке жетип жатабыз, анткени Ыйса «бардык убакта», анын ичинде жашообуздун эң оор учурларында да биз менен (Матай 11:28—30).

19. а) Ыйсанын шакирт даярдоого байланышкан тапшырмасы кандай көрсөтмөлөрдү камтыйт? б) Ыйсанын тапшырмасын аткарууга бизге эмне жардам берет?

19 Ушул жана мурунку макалада көрсөтүлгөндөй, шакирт даярдоо тапшырмасы өзүнө көп нерсени камтыйт. Ыйса бизге анын буйругун эмне үчүн жана каерде аткарышыбыз керектигин айткан. Ал ошондой эле эмнени жана качанга чейин үйрөтүшүбүз керектигин айткан. Албетте, бул тапшырманы орундатуу оңой эмес. Бирок Ыйсанын бийлиги астында жана анын колдоосу менен биз ал ишти аягына чыгара алабыз! Буга кошуласыңарбы?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Бир китепте Ыйсанын чөмүлдүрүү жана үйрөтүү жөнүндөгү буйругу «биринин артынан бири жасалчу эки иш-аракетти камтыбайт». Тескерисинче, «үйрөтүү тынымсыз процесс: ал кайсы бир деңгээлде чөмүлтүлүүнүн алдында... кайсы бир деңгээлде чөмүлтүлүүдөн кийин ишке ашырылат».

^ 16-абз. Рухий жактан алсырап калгандарга карата кандай көзкарашта болуп, аларга кантип жардам берүү керектиги тууралуу 2003-жылдын 1-февралындагы «Күзөт мунарасынын» 24—27-беттеринде көбүрөөк айтылат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Биз башкаларды Ыйсанын буйругун аткарууга кантип үйрөтөбүз?

• Жаңы шакирт жыйналыштагылардан эмнелерге үйрөнө алат?

• Рухий жактан алсырап калгандарга кантип жардам берсек болот?

• Ыйсанын: «Бардык убакта Мен силер менен болом»,— деген убадасынан кандай күч-кубат жана сооронуч алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Биз башкаларды үйрөтүп эле койбостон, үйрөнгөндөрүн колдонууга да жардам беришибиз керек.

[27-беттеги сүрөт]

Жаңы шакирт башкалардын үлгүсүнөн көптөгөн баалуу нерселерге үйрөнөт.