Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүлөр жагдайды өзгөртө алабы?

Тиленүүлөр жагдайды өзгөртө алабы?

Тиленүүлөр жагдайды өзгөртө алабы?

АРАБЫЗДАН кимибиз эч нерсени өзгөртүүгө мүмкүн болбогон оор жагдайга кабылып көргөн эмеспиз? Ыйык Китеп көрсөткөндөй, элчи Пабыл ошондой абалда тиленүү жардам берерин өз тажрыйбасынан билген.

Пабыл адилетсиз түрдө Римдеги түрмөгө камалганында ишенимдештеринин ал үчүн тилениши маанилүү экенин көрсөтүп, аларга: «Силерге тезирээк барышым үчүн сыйынып турушуңарды өзгөчө суранам»,— деген (Эврейлерге 13:18, 19). Дагы бир жолу ал Кудай ишенимдештеринин тиленүүлөрүнө жооп кылып, өзүнүн эркиндикке эртерээк чыгарыларына бекем ишенгенин билдирген (Филемонго 22). Ошондон көп өтпөй эле камактан бошотулуп, кайрадан миссионердик кызматын уланткан.

Бирок тиленүү силердин жагдайыңарды да өзгөртүшү мүмкүнбү? Балким. Бирок тиленүү маанисиз диний ырым-жырым эмес экенин эсибизден чыгарбашыбыз абзел. Ал — мээримдүү жана кудурети күчтүү асмандагы Атабыз менен болгон тыгыз пикирлешүү. О шондуктан конкреттүү өтүнүчүбүздү Жахабага тиленүү аркылуу тартынбастан айтып, андан соң чыдамкайлык менен жооп күтүшүбүз керек.

Кудай дайыма эле ар бир тиленүүгө түз, биз ойлогондой жана биз күткөн убакта жооп бере бербейт. Мисалы, Пабыл «денесиндеги тикен» жөнүндө бир канча жолу тиленген. Кудай аны бул көйгөйүнөн арылткан эмес, бирок: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот»,— деген сөздөр менен сооротуп бекемдеген (2 Корунттуктарга 12:7—9).

Кудай белгилүү бир көйгөйүбүздөн арылтпаса да, чыдай алышыбыз үчүн «чыгуу жолун» берерине эч күмөн санабасак болот (1 Корунттуктарга 10:13). Жакында Кудай адамзатты азап-кайгыга салып жаткан нерселердин баарын жок кылат. Ал эми ага чейин тиленүүнү угуучуга кайрылсак, жагдайыбыз өзгөрүшү мүмкүн (Забур 64:3).