Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирүү Кудайдын жетегине ылайык иш кыл

Тирүү Кудайдын жетегине ылайык иш кыл

Тирүү Кудайдын жетегине ылайык иш кыл

«Асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылгыла» (ЭЛЧИЛЕР 14:15).

1, 2. Жахабаны «тирүү Кудай» деп таануу эмне үчүн орундуу?

БАРНАБА экөө Листрада бир кишини айыктыргандан кийин элчи Пабыл ал кереметти көргөндөргө: «Биз силерге окшогон эле адамдарбыз, биз силерге ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, Жакшы Кабар айтып жатабыз»,— деп айткан (Элчилер 14:15).

2 Жахабанын жансыз буркан эмес, «тирүү Кудай» экени талашсыз чындык! (Жеремия 10:10; 1 Тесалоникалыктарга 1:9, 10). Өзү тирүү болгондон тышкары, Жахаба — биздин да өмүрүбүздүн Булагы. «Бардыгына өмүр, дем жана керектүү нерсенин бардыгын берген Ал Өзү» (Элчилер 17:25). Ал биздин азыр да, келечекте да ырахаттанып өмүр сүрүшүбүзгө кызыкдар. Пабыл Кудай жөнүндө мындай деп да айткан: «Ал жакшы иштери аркылуу Өзү жөнүндө күбөлөндүргөнүн токтоткон эмес: Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, түшүм берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген» (Элчилер 14:17).

3. Кудайдын көрсөтмөлөрүнө эмне үчүн ишеним арта алабыз?

3 Кудайдын жашообузга кызыкканы анын жетегине ишеним артышыбызга негиз түзөт (Забур 146:8; Матай 5:45). Ыйык Китептеги кайсы бир көрсөтмө түшүнүксүздөй же эркиндигин чектеп жаткандай көрүнгөн адамга Кудайдын жетегине ишеним артуу оңойго турбашы мүмкүн. Анткен менен Жахабанын көрсөтмөсүнө баш ийүү акылмандыкка жатат. Мисалы, ысрайылдыктардын ичинен кимдир бирөө өлүккө кол тийгизбөөгө байланыштуу мыйзамга түшүнбөгөнүнө карабай баш ийсе, ал мунун пайдасын гана көрмөк. Биринчиден, баш ийүү менен тирүү Кудайга жакындай алмак; экинчиден, оору-сыркоодон сак болмок (Лебилер 5:2; 11:24).

4, 5. а) Ыйсанын жолдоочуларына чейин Жахаба канга байланыштуу кандай көрсөтмө берген? б) Кудайдын канга байланыштуу көрсөтмөсү Ыйсанын жолдоочуларына да тиешелүү экенин кайдан билебиз?

4 Кудайдын канга байланыштуу көрсөтмөсү жөнүндө да ошону айтууга болот. Жахаба Нухка адамдардын канды азык катары колдонбоого тийиш экенин айткан. Кийин Мыйзам аркылуу канды курмандык чалынуучу жайда гана күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн колдонууга болорун билдирген. Кудай ошол көрсөтмөлөр аркылуу кандын бийик максатта колдонулушуна — Ыйсанын куну аркылуу адамдардын куткарылышына — негиз салган (Эврейлерге 9:14). Ооба, Кудай муну менен биздин өмүрүбүздү, жыргалчылыгыбызды эске алган. XIX кылымда Ыйык Китепти иликтөөчү Адам Кларк Башталыш 9:4тү талкуулап, мындай деп жазган: «[Нухка берилген] бул буйрукту Чыгыш чиркөөсү дагы деле кылдат сактайт... Мыйзамда кан жегенге тыюу салынган, анткени кан адамдардын көңүлүн дүйнөнүн күнөөсү үчүн төгүлө турган канга бурган; Инжилде да кан жегенге тыюу салынат, анткени кан ар дайым күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн төгүлгөн канды символдоштуруп турушу керек».

5 Бул окумуштуу Ыйса жөнүндөгү негизги инжил (жакшы кабар) тууралуу айтса керек. Ал кабардын маңызына Кудайдын түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн Уулун биз үчүн өлүүгө жана канын төгүүгө жибергени кирет (Матай 20:28; Жакан 3:16; Римдиктерге 5:8, 9). Адам Кларктын комментарийи Ыйсанын жолдоочуларынын кандан сактанышы керектигине байланыштуу кийинчерээк берилген буйрукту да өз ичине алат.

6. Ыйсанын жолдоочуларына канга байланыштуу кандай көрсөтмөлөр берилген жана эмне үчүн?

6 Кудайдын ысрайылдыктарга жүздөгөн эреже-көрсөтмөлөрдү бергени белгилүү. Ыйса өлгөндөн кийин, шакирттери ал мыйзамдардын баарын сактоого милдеттүү болушкан эмес (Римдиктерге 7:4, 6; Колостуктарга 2:13, 14, 17; Эврейлерге 8:6, 13). Бирок бир канча убакыттан кийин бир негизги парызга — эркектердин сүннөткө отургузулушуна — байланыштуу суроо пайда болгон. Ыйсанын канынын негизинде куткарылууну каалаган жүйүт эместер Мыйзамга баш ийишерин көрсөтүп сүннөткө отургузулушу керек беле? Бул суроо б.з. 49-жылы Ыйсанын жолдоочуларынын жетекчи кеңеши тарабынан каралган (Элчилер 15-бап). Кудайдын рухунун жетеги менен элчилер жана аксакалдар сүннөткө отургузулуу талабы Мыйзам менен кошо жоюлган деген жыйынтыкка келишкен. Ошол эле учурда Кудайдын айрым талаптары Ыйсанын жолдоочулары үчүн күчүндө калган. Жыйналыштарга жөнөткөн катында жетекчи кеңеш мындай деп жазган: «Ыйык Рух жана биз силердин мойнуңарга төмөнкү эң маанилүү нерселерден башка эч кандай түйшүк жүктөлбөсүн деп чечтик: Буркандарга чалынган курмандыкты, канды жана каны агызылбаган жан-жаныбардын же канаттуунун этин жегенден, ойноштук кылуудан сак болгула... Ушулардан сактансаңар, жакшы кыласыңар» (Элчилер 15:28, 29).

7. Ыйсанын жолдоочуларынын кандан сактанышы канчалык маанилүү?

7 Ырас, жетекчи кеңеш кандан сактанууну адеп-ахлаксыз иштен же бурканга табынуудан сактануу сыяктуу эле маанилүү деп эсептеген. Бул канга байланыштуу тыюу салуунун олуттуу экенин көрсөтүп турат. Бурканга табынуучулукка же жыныстык адеп-ахлаксыздыкка берилип өкүнбөй жүргөндөр «Кудайдын Падышачылыгын мурастай» алышпайт, алар «экинчи өлүмгө» дуушар болушат (1 Корунттуктарга 6:9, 10; Аян 21:8; 22:15). Салыштырып көрсөң, Кудайдын кандын ыйыктыгына байланыштуу көрсөтмөсүн баркка албоо түбөлүк өлүмгө алып барышы мүмкүн. Ал эми Ыйсанын курмандыгын баалоо түбөлүк өмүргө жол ачат.

8. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын Кудайдын канга байланыштуу көрсөтмөсүнө олуттуу карашканын эмне көрсөтүп турат?

8 Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Кудайдын канга байланыштуу көрсөтмөсүн кандай түшүнүшкөн жана ошого ылайык кандай иш кылышкан? Окумуштуу Кларктын: «Инжилде да кан жегенге тыюу салынат, анткени кан ар дайым күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн төгүлгөн канды символдоштуруп турушу керек»,— деген сөздөрүн эстесең. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын бул маселеге олуттуу карашканын тарых өзү тастыктап турат. Байыркы тарыхчы Тертуллиан: «Талма оорусунан айыгуу үчүн, гладиатордук оюн-зооктордун учурунда аренада союлган кылмышкерлердин жылуу канын ачкөздүк менен ичкендер кайда?» — деп жазган. Анын айтымында, канды азык катары колдонгон бутпарастардан айырмаланып, Ыйсанын жолдоочулары «жаныбарлардын да канын жешпейт... Ошол эле учурда Ыйсанын жолдоочуларын сынаш үчүн колдонгон куралдарыңардын арасында кандан жасалган быжы да бар. [Мунун] аларга тыюу салынганын силер беш колдой билесиңер». Ооба, Ыйсанын жолдоочулары өлүм менен беттешкенде да канды азык катары керектешкен эмес. Кудайдын көрсөтмөсү алар үчүн абдан маанилүү болгон.

9. Канды жегенге же ичкенге болбой тургандан тышкары, кандан сактанууга дагы эмне кирет?

9 Жетекчи кеңеш Ыйсанын жолдоочуларына канды жегенге же ичкенге, каны агызылбаган жаныбардын этин же кан кошулган тамакты жегенге болбой турганын эле айткан деп эсептеши мүмкүн кээ бирөөлөр. Ырас, Кудайдын Нухка берген буйругунун негизги мааниси ошондой болгон. Ошондой эле элчилердин чечими да Ыйсанын жолдоочуларына «каны агызылбаган жан-жаныбардын же канаттуунун этин жегенден» сактануу керектигин билдирген (Башталыш 9:3, 4; Элчилер 21:25). Бирок Ыйсанын алгачкы жолдоочулары ал буйруктун ушуну менен эле чектелбей турганын түшүнүшкөн. Айрым учурларда кан медициналык максатта да керектелчү. Тертуллиан билдиргендей, талма оорусунан айыгуу үчүн кээ бир бутпарастар жылуу канды ичишчү. Бирок дарылануу же денсоолугун жакшыртуу үчүн адамдар канды башка да жолдор менен колдонушу мүмкүн эле. Демек, Ыйсанын жолдоочуларынын кандан алыс болушу аны «медициналык» максатта керектебөөнү да камтыган. Алар бул позицияга өмүрлөрү коркунуч астында турганда да карманышкан.

Кандын дары катары колдонулушу

10. Медициналык максатта кан кандай жолдор менен колдонулат жана буга байланыштуу кандай суроо туулат?

10 Азыр кан медициналык максатта кеңири колдонулат. Адегенде кан куюуда накта кан колдонулчу. Аны донордон алып, сактап, анан бейтапка, мисалы, жарадар болгон жоокерге куюшчу. Кийинчерээк илимпоздор канды негизги компоненттерге бөлгөндү үйрөнүшкөн. Дарыгерлер кандын компоненттерин ажыратуу аркылуу аны көбүрөөк сандагы бейтаптарга, мисалы, плазманы — бир жарадарга, эритроциттерди экинчисине бөлүштүрө алышкан. Андан аркы иликтөөлөр кан плазмасы сыяктуу компонентти кайра иштетүү жолу менен андан көп сандаган фракцияларды бөлүп алып, аларды дагы көбүрөөк бейтаптарга бөлүштүрүүгө болорун көрсөттү. Азыр буга байланыштуу иликтөөлөр улантылып жатат жана фракцияларды колдонуунун жаңы ыкмалары пайда болгону тууралуу маалыматтар бар. Кан фракцияларын пайдаланууга Ыйсанын жолдоочусу кандай карашы керек? Ал эч бир жагдайда кан куйдурбоого чечкиндүү турат, бирок дарыгери аны кандын негизги компоненттеринин бирин, балким, эритроциттик кошундуну куйдурууга үндөшү мүмкүн. Же болбосо, дарылануу бир компоненттен бөлүнүп алынган кичинекей фракцияны колдонууну камтышы ыктымал. Мындай учурларда Кудайдын кызматчысы кандын ыйык экенин жана Ыйсанын каны гана өмүрүбүздү чындап сактай аларын эске алып, кандай чечим чыгарышы керек?

11. Күбөлөр медициналык жактан кайсы туура көзкарашка көптөн бери карманып келишет?

11 Жахабанын Күбөлөрү ондогон жылдар мурун өздөрүнүн көзкарашын айкын билдиришкен. Мисалы, алар бул жөнүндө «Америкалык медицина бирикмесинин журналына» (27-ноябрь, 1981-жыл, англ.) макала жазышкан (ал кийин «Кан өмүрүңдү кандайча сактай алат?» деген китепчеге да басылып чыккан, 27—29-беттер, ор.) *. Ошол макалада Башталыш, Лебилер жана Элчилер китептеринен аяттар келтирилген. «Бул аяттар медициналык тил менен берилбесе да, Күбөлөр накта канды, эритроциттик кошундуну жана плазманы куйдуруудан, ошондой эле лейкоциттерди жана тромбоциттерди кабыл алуудан баш тартышат»,— деп айтылган макалада. 2001-жылы жарык көргөн «Шашылыш жардам» аттуу китептин «Кандын курамы» деген бөлүмүндө: «Кан бир нече компоненттен: плазмадан, эритроциттерден, лейкоциттерден жана тромбоциттерден турат»,— деп айтылган («Emergency Care»). Ошондуктан Күбөлөр медициналык фактылардын негизинде накта канды же анын негизги төрт компонентинин кайсы бирин куйдуруудан баш тартышат.

12. а) Кандын негизги төрт компонентинен алынган фракцияларга байланыштуу кандай көзкараш билдирилген? б) Бул тууралуу каерден кошумча маалымат алууга болот?

12 Ошол эле макалада андан ары: «Күбөлөрдүн диний түшүнүгү боюнча, аларга альбумин, иммун глобулиндери жана гемофилия менен ооругандарга арналган препараттар сыяктуу фракцияларды колдонууга тыюу салынбайт; аларды кабыл алууга же албоого байланыштуу чечимди ар бир Күбө өзү чыгарат»,— деп айтылган. 1981-жылдан бери медициналык максатта колдонуу үчүн көптөгөн фракциялар (төрт негизги компоненттин биринен ажыратылган майда бөлүкчөлөр) бөлүнүп алынган. Бул темага байланыштуу «Күзөт мунарасынын» 2000-жылдын 15-июнундагы санында (ор.) «Окурмандардын суроолору» деген рубрикада пайдалуу маалымат берилген. Бүгүнкү миллиондогон окурмандар үчүн ошол макала 2004-жылдын 15-июндагы санында (ор.) 29—31-беттерге кайрадан басылып чыкты. Анда маалымат, далилдер кеңири берилген, ошентсе да алардын 1981-жылы басылып чыккан негизги ойлорго дал келерин байкоого болот.

Абийирдин ролу

13, 14. а) Абийир деген эмне жана канга байланыштуу маселеде ал кандай роль ойнойт? б) Кудай ысрайылдыктарга эт жегенге карата кандай көрсөтмө берген жана буга байланыштуу кандай суроолор пайда болушу мүмкүн эле?

13 Мындай маалымат чечим чыгарууда абийирибиздин катышуусун талап кылат. Эмне үчүн? Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын жетеги боюнча иш кылуунун зарылдыгын билишет, бирок кээде абийирге таянып, жекече чечим чыгарууну талап кылган учурлар болот. Абийир — бул кайсы бир маселелерди, көп учурда адеп-ахлактык маселелерди таразалап чечүүгө жардам берген тубаса шык-жөндөм (Римдиктерге 2:14, 15). Бирок ар кимдин абийири ар башка болот *. Ыйык Китепте кээ бирөөлөрдүн «абийири алсыз» экени айтылып өтөт. А бул башкалардын абийири күчтүү болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат (1 Корунттуктарга 8:12, СК). Кудайдын эркин таанууда, анын ой жүгүртүүсүн түшүнүүдө жана буларды чечим чыгарганда колдонууда Ыйсанын ар бир жолдоочусу ар кандай ылдамдык менен алга илгерилейт. Муну мисал менен бышыкташ үчүн, жүйүттөрдүн эт жегенге карата кандай көзкарашта болушканын карап көрөлү.

14 Ыйык Китепте Кудайга тил алган адамдын каны агызылбаган этти жебеши керектиги айкын көрсөтүлөт. Бул көрсөтмө абдан маанилүү болгондуктан, кысталыш учурда да Ысрайыл аскерлеринин каны агызылбаган этти жегени чоң күнөө болгон (Мыйзам 12:15, 16; 1 Шемуел 14:31—35). Ошентсе да ысрайылдыктарда канга байланыштуу суроолор пайда болушу мүмкүн эле. Мисалы, кой сойгондо канын канчалык тез агызыш керек? Канын агызуу үчүн кекиртегин кесип салыш керекпи? Арткы буттарынан асуунун зарылдыгы барбы? Канча убакка чейин? Ал эми чоң уйду кантиш керек? Негизи, каны агызылгандан кийин деле этте анча-мынча кан калышы мүмкүн эле. Анда мындай этти жесе болот беле? Муну ким чечмек?

15. Кээ бир жүйүттөр эт жегенге карата кандай көзкарашта болушкан, бирок Кудай кандай көрсөтмө берген?

15 Ушундай суроолорго жооп издеген ынталуу жүйүттү элестетип көрсөң. Ал эң жакшысы базарда сатылган этти жегенден оолак болуу керек деп ойлошу мүмкүн эле, ал эми дагы бири эттин качандыр бир кезде бурканга багышталганын кулагы чалып калса, ага жакын жоломок эмес. Башкалары болсо этти канын чыгаруу максатында белгилүү бир каадаларды жасагандан кийин гана жей алышкан * (Матай 23:23, 24). Ушул түрдүү көзкараштар тууралуу кандай ойдосуң? Андан тышкары, Кудай жогорудагы иш-аракеттерди талап кылбаган соң, жүйүттөрдүн көптөгөн суроолор менен раввиндердин кеңешине кайрылып, ар бир суроонун чечимин андан күткөнү орундуу болмокпу? Иудаизмде ошондой салт пайда болсо да, Жахабанын өзүнүн чыныгы кызматчыларына канга байланыштуу суроолорго ушундай жол менен жооп издөөгө чакырбаганына кубансак болот. Кудай адал жаныбарларды союуга жана алардын канын агызууга карата жалпы көрсөтмөлөрдөн бөлөк кошумча жоболорду берген эмес (Жакан 8:32).

16. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочулары кандын компонентинен алынган кичинекей фракцияны кабыл алууга байланыштуу ар кандай көзкарашта болушу мүмкүн?

16 Жогоруда 11, 12-абзацтарда айтылгандай, Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнө накта канды же анын негизги төрт компонентин (плазманы, эритроциттерди, лейкоциттерди жана тромбоциттерди) куйдурушпайт. Ал эми негизги компоненттерден алынган кичинекей фракциялар, мисалы, кайсы бир ооруга же жыландын уусуна каршы антинерселерди камтыган кан сары суусу жөнүндө эмне айтууга болот? (Кара: «Күзөт мунарасы», 2004-жыл, 15-июнь, 30-бет, 4-абзац, ор.) Кээ бирөөлөр мындай майда фракциялар, чындыгында, кан болуп эсептелбей калат, ошондуктан анын кандан сактануу жөнүндөгү буйрукка тиешеси жок деген тыянакка келишкен (Элчилер 15:29; 21:25; «Күзөт мунарасы», 2004-жыл, 15-июнь, 31-бет, 1-абзац, ор.). Бул — алардын чечими. Ал эми башкалардын абийири жаныбарлардын же кишилердин канынан алынган нерсенин баарын, атүгүл бир эле негизги компоненттин кымындай фракциясын четке кагууга түрткү берет *. Дагы башкалар ооруга же жыландын уусуна каршы плазманын белокторун кабыл алууну туура көрүп, бирок башка кичинекей фракцияларды четке кагышы мүмкүн. Андан тышкары, негизги төрт компоненттин биринен алынган айрым препараттар так эле бүтүн компоненттикиндей функцияны аткаргандыктан жана денеде ошонукундай өмүр сактоочу ролду ойногондуктан, Ыйсанын жолдоочуларынын көбү аларды кабыл алуу туура эмес деп табышат.

17. а) Кандын фракцияларына байланыштуу суроолорду чечүүдө абийирибиз кандай жардам бере алат? б) Бул маселеге байланыштуу чечим чыгарууга эмне себептен абдан олуттуу кароо керек?

17 Мындай чечимдерди чыгарууда бизге Ыйык Китепте абийир жөнүндө айтылгандар жардам бере алат. Биринчи кезекте Кудайдын Сөзүндө эмнелер айтылганын билип, абийириңди ошонун негизинде калыптандырууга умтулушуң керек. Ошондо кимдир бирөөнүн сен үчүн чечим чыгарышын күтпөй, Кудайдын жетегине ылайык чечим чыгарууга даяр болосуң (Забур 24:4, 5). Кандын фракцияларын кабыл алууга байланыштуу кээ бирөөлөр: «Бул абийирдин иши болсо, анда өтө деле маанилүү маселе эмес турбайбы»,— деп ойлошу ыктымал. Бул — жаңылыш ой. Кайсы бир маселени абийир боюнча чечүү керек болсо, бул анын маанилүү эмес экенин билдирбейт. Чыгарган чечимибиз абдан олуттуу натыйжага алып келиши мүмкүн. Маселен, ал чечим абийири биздикинен айырмаланган адамдарга таасир этиши ыктымал. Муну Пабылдын бурканга багышталышы мүмкүн болгон жана кийинчерээк базарда сатылган этке байланыштуу берген насаатынан көрсөк болот. Ыйсанын жолдоочусу биртуугандарынын алсыз «абийирин жаралабоону» ойлоого тийиш болгон. Эгерде ал башкаларды мүдүрүлтсө, Машайак алар үчүн да өлгөндүктөн, ал адам биртуугандарын «өлүмгө дуушар кылып», Машайакка каршы күнөө кылган болмок. Ошондуктан кандын майда фракцияларына байланыштуу суроолорду ар ким өзү чечсе да, андай чечимдерге абдан олуттуу кароо керек (1 Корунттуктарга 8:8, 11—13; 10:25—31).

18. Ыйсанын жолдоочусу канга байланыштуу маселеде абийирин мокотуудан кантип кача алат?

18 Канга байланыштуу чечим чыгаруунун олуттуулугун дагы бир нерсе баса көрсөтүп турат. Кеп мындай чечимдердин өзүңө да таасир этиши мүмкүн экени жөнүндө жүрүп жатат. Эгер кандын кичинекей фракциясын кабыл алуу Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийириңдин тынчын алып жатса, буга кол шилтеп койбо. Ошондой эле кимдир бирөөнүн: «Кабыл ала бер, көптөр ошентип жатышпайбы»,— дегенинен эле абийириңдин «добушун» басып салба. Бүгүн миллиондогон адамдар өздөрүнүн абийирин тоготпогондуктан, ал мокоп, алардын жалган сүйлөшүнө же башка туура эмес нерселерди уялбай-этпей кыла беришине жол берип жатканын унутпа. Албетте, Ыйсанын жолдоочулары мындай нерседен алыс болгусу келет (2 Шемуел 24:10; 1 Тиметейге 4:1, 2).

19. Канга байланыштуу маселелерди чечүүдө баарынан мурда эмнени көңүлүбүздө тутушубуз керек?

19 «Күзөт мунарасынын» 2004-жылдын 15-июнундагы санынын (ор.) 29—31-беттерине басылып чыккан макаланын аягында: «Ой-пикирлердин жана абийир боюнча чыгарылган чечимдердин ар кандай болушу бул маселенин маанилүү эмес экенин билдиреби? Жок. Бул — олуттуу маселе»,— деп айтылат. Ага олуттуу кароонун өзгөчө бир себеби — мындан «тирүү Кудай» менен болгон мамилең көзкаранды. Ушул мамиленин аркасында гана Ыйсанын төккөн канынын куткаруучу күчүнүн негизинде түбөлүк өмүргө жете аласың. Кудайдын кан аркылуу адамдардын өмүрүн куткарарын эске алып, анын канга карата көзкарашына терең урмат менен кароого аракеттен. Пабыл: «Бул дүйнөдө үмүтсүз жана кудайсыз болчусуңар. Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар»,— деп жазган (Эфестиктерге 2:12, 13).

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 13-абз. Бир жолу Пабыл менен кошо төрт шакирт тазалануу расмисинен өтүү үчүн ийбадатканага барышкан. А кезде Мусанын мыйзамы күчүн жоготкон болсо да, Пабыл Иерусалимдеги аксакалдардын кеңеши боюнча иш кылган (Элчилер 21:23—25). Бирок Ыйсанын кээ бир жолдоочуларына ийбадатканага барууга же ошол кааданы сактоого абийирлери жол бербеши мүмкүн эле. Ошол кездегидей эле, бүгүн да ар кимибиздин абийирибиз ар башка болот.

^ 15-абз. «Жүйүт энциклопедиясында» этти «кошердөө» боюнча «татаал жана майда-барат» эрежелер келтирилет. Анда этти канча мүнөткө сууга салуу, кантип сарыктыруу, туздун кандай түрүн кошуу, муздак сууга канча жолу жуу керектиги жөнүндө айтылат.

^ 16-абз. Барган сайын кээ бир инъекциялардын негизги же активдүү курамына кандан алынбаган кошундулар көбүрөөк кошулууда. Бирок айрым инъекцияларга кандын фракциясынын, мисалы, альбуминдин аз көлөмү кошулушу мүмкүн. (Кара: «Күзөт мунарасы», 1994-жыл, 1-октябрь, «Окурмандардын суроолору», ор.)

Эстей аласыңбы?

• Кудай Нухка, ысрайылдыктарга жана Ыйсанын жолдоочуларына канга карата кандай көрсөтмө берген?

• Канга байланыштуу маселеге келгенде Жахабанын Күбөлөрү эмнеден баш тартышат?

• Кандын негизги компоненттеринин биринен алынган кичинекей фракцияларды кабыл алуу эмне үчүн адамдын абийирине коюлат, бирок бул эмнени билдирбейт?

• Чечим чыгарууда эмне себептен баарынан мурда Кудай менен болгон мамилебизди эске алышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

КАНГА КАРАТА БОЛГОН КӨЗКАРАШЫБЫЗ

НАКТА КАН

КУЙДУРУУГА БОЛБОЙТ

эритроциттер

лейкоциттер

тромбоциттер

плазма

ЫЙСАНЫН ЖОЛДООЧУСУ ӨЗҮ ЧЕЧЕТ

Эритроциттердин фракциялары

Лейкоциттердин фракциялары

Тромбоциттердин фракциялары

Плазманын фракциялары

[14-беттеги сүрөт]

Жетекчи кеңеш Ыйсанын жолдоочулары кандан сактанышы керек деп чечкен.

[17-беттеги сүрөт]

Кандын фракцияларына байланыштуу чечим чыгарууда абийириңди тоготпой койбо.