Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өмүр белегин жогору баала

Өмүр белегин жогору баала

Өмүр белегин жогору баала

«Машайактын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалайт» (ЭВРЕЙЛЕРГЕ 9:14).

1. Өмүрдү жогору баалаарыбызды эмне көрсөтүп турат?

ЭГЕРДЕ өз өмүрүңдү канчага баалай турганыңды сурашса, эмне деп жооп берет элең? Биз өмүрдү: өзүбүздүкүн да, башкалардыкын да жогору баалайбыз. Муну ооруганда дарыгерге барганыбыз же мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турганыбыз көрсөтүп турат. Биз дени сак жүрүүнү каалайбыз. Атүгүл улгайган же оорукчан адамдар да, адатта, өлгөндү каалабайт, жашагысы келет.

2, 3. а) Накыл сөздөр 23:22де эмне кылууга милдеттүү экенибиз айтылат? б) Накыл сөздөр 23:22деги милдеттүүлүк жөнүндөгү принцип кандайча Кудайга карата да колдонулат?

2 Өмүрдү канчалык баалаарыбыз башкалар менен болгон мамилебизге таасир этет. Мисалы, Кудайдын Сөзүндө: «Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң [«сени туудурган», «Мукаддас»], энеңди карып калганында да жек көрбө»,— деген насаат айтылат (Накыл сөздөр 23:22). «Тил алуу» деген угууну эле эмес, уккандан кийин аткарууну да билдирет (Чыгуу 15:26; Мыйзам 7:12; 13:18; 15:5; Жашыя 22:2; Забур 80:14). Кудайдын Сөзүндө ата-энеңди эмне үчүн угушуң керектигине карата кандай себеп көрсөтүлөт? Анын себеби алардын сенден улуу же тажрыйбалуураак болгонунда эле эмес, алардын «сени туудурганында». Ыйык Китептин кээ бир котормолорунда бул аятта: «Атаңдын тилин ал, анткени ал сага өмүр берген»,— деп айтылат. Ырас, өмүрүңдү бааласаң, анын булагынын алдында милдеттүү экениңди сезесиң.

3 Ыйсанын чыныгы жолдоочусу болсоң, өмүрдүн башкы Булагы Жахаба экенин билериң шексиз. Сен «Ал аркылуу жашап жатасың»; ал аркылуу аң-сезимдүү жаратуу катары «кыймылдап», иш-аракет кыла аласың; ошондой эле сен ал аркылуу азыр «бар болуп турасың» жана келечек, түбөлүк өмүр жөнүндө ойлонууга жана план түзүүгө жөндөмдүүсүң (Элчилер 17:28; Забур 35:10; Насаатчы 3:11). Накыл сөздөр 23:22ге ылайык, Кудайдын тилин алып, өмүргө карата башка бирөөнүн эмес, Анын көзкарашын түшүнүүнү жана ошого ылайык иш кылууну каалаганың абзел.

Өмүрдү баала

4. Адамзат тарыхынын башталышында эле өмүрдү баалоо маанилүү экени кандайча айкын көрсөтүлгөн?

4 Адамзат тарыхынын башталышында Жахаба адамдарга өмүрдү өздөрү каалагандай максатта колдонууга (же кыянаттык менен пайдаланууга) жол бербей турганын айкын көрсөткөн. Көрө албастык менен ачууга алдырган Кабыл бейкүнөө биртууганы Абылдын өмүрүн кыйган. Ал өмүргө карата ушундай чечим чыгарууга укуктуу болгон деп ойлойсуңбу? Кудай андай ойдо болгон эмес. Кабылды жоопко тартып, ал: «Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат»,— деп айткан (Башталыш 4:10). Абылдын жерге төгүлгөн каны анын ырайымсыздык менен мезгилсиз кыйылган өмүрүн символдоштурганын байкасаң. Анын каны Кудайга өч алуу жөнүндө «боздогон» (Эврейлерге 12:24).

5. а) Кудай Нухтун күндөрүндө эмнеге тыюу салган жана ал көрсөтмө кимдерге тиешелүү болгон? б) Ошол көрсөтмө аркылуу кандай маанилүү кадам жасалган?

5 Топон суудан кийин адамзаттын тарыхы сегиз эле кишиден башталган. Бардык адамдарга тиешелүү көрсөтмөсүндө Кудай өмүр менен канды баалаарын көбүрөөк билдирген. Ал адамдарга жаныбарлардын этин жегенге уруксат бергени менен, төмөнкүдөй чектөө койгон: «Кыбыр эткен тирүү жандын бардыгы силерге азык болсун. Өсүмдүктү бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам. Бирок тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан — анын жаны» (Башталыш 9:3, 4). Кээ бир жүйүттөр бул аяттарды адамдарга чала өлүк жаныбардын этин же канын жегенге тыюу салынган деп түшүндүрүшөт. Бирок убакыттын өтүшү менен Кудайдын бул жерде канды азык катары колдонууга тыюу салганы айкын болгон. Андан тышкары, Кудайдын Нух аркылуу берген буйругу Анын канга байланыштуу бийик ой-ниетин — адамдардын түбөлүк өмүргө ээ болушуна шарт түзө турган ой-ниетин — ишке ашырууга карай жасалган маанилүү кадам болгон.

6. Нух аркылуу Кудай адамдын өмүрүн баалаарын кантип баса көрсөткөн?

6 Кудай андан ары мындай деген: «Силердин каныңардын кунун Мен төлөтүп алам: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын Мен берем. Ким адамдын канын төксө, анын каны да адам колунан төгүлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган» (Башталыш 9:5, 6). Бүт адамзатка берилген бул көрсөтмөдөн Кудайдын адам баласынын канын анын өмүрү деп эсептей турганын көрүүгө болот. Адамга өмүрдү Жараткан берет, демек, кан менен символдоштурулган ал өмүрдү кыюуга эч кимдин акысы жок. А эгерде кимдир бирөө, Кабылга окшоп, адам өлтүрсө, Жараткан «анын жазасын берүүгө» укуктуу.

7. Кудайдын Нухка кан тууралуу берген көрсөтмөсү бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

7 Ошол көрсөтмө менен Кудай адамдарга канды кыянаттык менен пайдаланбоого буйрук берген. Эмне үчүн экенин ойлоп көрдүң беле? Кудайдын канга карата мындай көзкарашта болгонунун себеби эмнеде эле? Чындыгында, бул суроолордун жообу Ыйык Китептеги эң маанилүү окуулардын бирине байланыштуу. Көптөгөн диний уюмдар тарабынан четке кагылган ал окуу Ыйсанын жолдоочулары тараткан жакшы кабардын өзөгү болуп саналат. Ал эмне болгон окуу жана сенин өмүрүңө, чечимдериңе жана иш-аракеттериңе анын кандай тиешеси бар?

Канды кандай максатта колдонууга жол берилген?

8. Мусанын мыйзамында Жахаба канды колдонууга карата кандай чектөө койгон?

8 Жахаба ысрайыл элине Мыйзам жыйнагын бергенде өмүр менен канга байланыштуу көбүрөөк маалымат берген. Муну менен ал өзүнүн ой-ниетин аткарууга карай дагы бир кадам жасаган. Сен Мыйзамдын Кудайга нан, май жана шарап сыяктуу нерселерден курмандык алып келүүнү талап кылганын билсең керек (Лебилер 2:1—4; 23:13; Сандар 15:1—5). Андан тышкары, курмандыкка жаныбарлар да чалынчу. Кудай андай курмандыктар тууралуу төмөнкүдөй деген: «Дененин жаны — каны. Мен ал канды силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн курмандык чалынуучу жайга дайындагам, анткени ал кан жанды тазартат. Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Силердин ичиңерден эч ким кан жебесин». Ошондой эле Жахаба кимдир бирөө, мисалы, аңчы же дыйкан жаныбарды тамак-ашка колдонуу үчүн өлтүрсө, анын канын агызып, жерге көмүп салууга тийиш экенин айткан. Жер Кудайдын бут койчу жайы болгондуктан, адам канды жерге төгүү менен өмүрдүн кайрадан Өмүр Берүүчүгө кайтып барарын түшүнө турганын көрсөткөн (Лебилер 17:11—13; Ышайа 66:1).

9. Мыйзам боюнча канды кайсы учурда гана колдонууга уруксат берилген жана кандай максат менен?

9 Ал мыйзам биз үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жөн гана диний үрп-адат болгон эмес. Ысрайылдыктарга канды керектөөгө эмне себептен тыюу салынганын байкадыңбы? Кудай мындай деген: «Ошон үчүн Мен Ысрайыл уулдарына мындай деп айткам: Силердин ичиңерден эч ким кан жебесин». Мунун себеби эмнеде эле? «Мен ал канды силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн курмандык чалынуучу жайга дайындагам». Мындан Кудайдын Нухка адамдар кан жебеши керек деп эмне үчүн айтканын түшүнүп жатасыңбы? Жараткан канды кийин көп сандаган адамдардын өмүрүн куткара турган өзгөчө бир максатта пайдаланып, аны бийик мааниге ээ нерсе катары эсептөөнү туура көргөн. Кан күнөөлөрдү кечирүүдө (тазартууда) абдан маанилүү ролду ойношу керек болчу. Ошондуктан Мыйзамда канды Жахабадан кечирим издеген ысрайылдыктарды күнөөдөн тазартуу үчүн курмандык чалынуучу жайда гана колдонууга уруксат берилген.

10. Эмне үчүн жаныбарлардын каны аркылуу толук кечирим алууга мүмкүн эмес эле жана Мыйзам боюнча чалынган курмандыктар эмнени эске салып турган?

10 Кандын күнөөлөрдү тазарта алары жөнүндө Грек Жазмаларында да айтылат. Мыйзамдын Кудай караштырган бул өзгөчөлүгүнө көңүл буруп, элчи Пабыл: «Мыйзам боюнча дээрлик бардыгы кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, кечирим болбойт»,— деп жазган (Эврейлерге 9:22). Пабыл Мыйзам боюнча талап кылынган курмандыктардын аркасында ысрайылдыктар жеткилең, күнөөсүз болуп калбай турганын айкын көрсөткөн. «Жыл сайын курмандыктар аркылуу күнөөлөр эске салынып турат. Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт»,— деген ал (Эврейлерге 10:1—4). Ошентсе да ал курмандыктар пайдалуу кызмат аткарган, мисалы, ысрайылдыктарга алардын күнөөкөр экенин жана толугу менен кечирилиш үчүн дагы бир нерсеге муктаж экенин эске салып турган. Эгер жаныбарлардын өмүрүн символдоштурган кан адамдардын күнөөлөрүн толугу менен жууй албаса, анда кандай кан жууй алмак?

Өмүр Берүүчүнүн чечими

11. Жаныбарларды курмандыкка чалуу көңүлдү келечектеги бир нерсеге буруп турганын кайдан билебиз?

11 Мыйзам көңүлдү Кудайдын эркинин аткарылышына байланышкан алда канча натыйжалуу нерсеге бурган. Пабыл: «Андай болсо мыйзам эмне үчүн берилген?» — деп сураган. Анан өзү: «Ал кийинчерээк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын [Мусанын] колу менен берилген»,— деп жооп берген (Галаттыктарга 3:19). Ошондой эле ал: «Мыйзам — келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана»,— деп жазган (Эврейлерге 10:1).

12. Кудайдын канга байланыштуу ой-ниети кантип ачылып келген?

12 Демек, жогоруда көрсөтүлгөндөй, Кудай Нухтун убагында адамдарга жаныбарлардын этин азык катары керектөөгө болорун, бирок канды андай максатта колдонууга болбой турганын айткан. Убакыттын өтүшү менен Кудай: «Дененин жаны — каны»,— деген. Ооба, Жахаба канга өмүрдү символдоштурган нерсе катары кароону туура көргөн жана: «Мен ал канды силердин жаныңарды күнөөдөн тазартуу үчүн курмандык чалынуучу жайга дайындагам»,— деп айткан. Бирок Кудайдын ой-ниети дагы бир укмуш жол менен ачылышы керек болчу. Мыйзам келечектеги жакшы нерселердин прообразы болгон. Ал эмне болгон нерселер эле?

13. Ыйсанын өлүмү эмне үчүн маанилүү болгон?

13 Мунун баары көңүлдү Ыйса Машайактын өлүмүнө бурган. Ыйсанын мамыда азап чегип өлгөнү көпчүлүккө маалым. Ал кылмышкер сыяктуу болуп өлгөн. Пабыл: «Биз алсыз кезде эле, белгиленген убакта Машайак кудайсыздар үчүн өлгөн... Бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдеди»,— деп жазган (Римдиктерге 5:6, 8). Биз үчүн өлүп, Ыйса күнөөлөрүбүздү жууш үчүн кун төлөгөн. Ал кун тууралуу окуу Ыйсанын жолдоочулары тараткан жакшы кабардын өзөгү болуп саналат (Матай 20:28; Жакан 3:16; 1 Корунттуктарга 15:3; 1 Тиметейге 2:6). Кундун кан жана өмүр менен кандай байланышы бар, ошондой эле анын өмүрүңө кандай тиешеси бар?

14, 15. а) Кандайча кээ бир котормолордо Эфестиктерге 1:7де Ыйсанын өлүмүнө басым коюлат? б) Эфестиктерге 1:7деги кайсы ой байкалбай калышы мүмкүн?

14 Кээ бир диндерде Ыйсанын өлүмү өзгөчө баса белгиленип, алардын мүчөлөрү «Ыйса мен үчүн өлгөн» деген сыяктуу сөздөрдү көп айтышат. Эфестиктерге 1:7-аяттын Ыйык Китептин айрым котормолорунда кандай берилгенин карап көрөлү: «Ал жана анын өлүмү аркылуу куткарылабыз, башкача айтканда, кылмыштарыбыз жоюлат» (Фрэнк Шейл Беллинтайндын «The American Bible» котормосу, 1902). «Машайактын өлүмү аркылуу эркин болобуз жана күнөөлөрүбүз кечирилет» («Today’s English Version», 1966). «Машайак жана анын өмүрүнүн курмандыгы аркылуу боштондукка чыктык, ал боштондук күнөөлөрүбүздүн кечирилишин билдирет» (Уильям Барклинин «The New Testament» котормосу, 1969). «Биз Анын өлүмү аркылуу күнөөлөрүбүздөн бошондук. Анын чексиз ырайымынын аркасында күнөөлөрүбүз жоюлду» («БМК», 1998). Бул котормолордо Ыйсанын өлүмүнө басым коюлганын байкоого болот. «Ыйсанын өлүмү чынында эле чоң мааниге ээ эмеспи. Анда бул котормолордун эмнеси туура эмес?» — деп кимдир бирөө сурашы мүмкүн.

15 Ошол котормолорду гана окуган адам бир абдан маанилүү ойду байкабай, Ыйык Китептин кабарын чектелүү эле деңгээлде түшүнүп жүрүшү ыктымал. Эфестиктерге 1:7нин түпнускасында колдонулган «кан» дегенди билдирген грек сөзү ал котормолордо берилбей жылмаланып калган. Бирок «Мукаддас» сыяктуу көптөгөн котормолордо ал сөз сакталып, төмөнкүчө берилген: «Анын Каны аркылуу бизге куткарылуу, Анын ырайымынын молдугу менен күнөөлөрүбүзгө кечирим тийди».

16. «Анын Каны» деген сөздөр эмнелерди эсибизге түшүрөт?

16 «Анын Каны» деген сөздөр зор мааниге ээ жана көп нерселерди эсибизге түшүрөт. Жөн эле өлүм, атүгүл жеткилең адам Ыйсанын өлүмү да жетишсиз эле. Ыйса Мусанын мыйзамында алдын ала айтылган, айрыкча, Күнөөдөн арылуу күнүндө прообраз катары жасалган нерселерди аткарган. Күнөөдөн арылуу күнүндө Мыйзам талап кылган жаныбарлар курмандыкка чалынчу. Андан кийин башкы ыйык кызмат кылуучу алардын каны менен жыйын чатырындагы же ийбадатканадагы Ыйыктардын ыйыгына кирип, Кудайдын алдына келгендей Ага канды тартуулачу (Чыгуу 25:22; Лебилер 16:2—19).

17. Күнөөдөн арылуу күнүндө жасалган нерселерди Ыйса кантип аткарган?

17 Пабыл түшүндүргөндөй, Ыйса Күнөөдөн арылуу күнүндө жасалган нерселерди аткарган. Башында Пабыл Ысрайылдагы башкы ыйык кызмат кылуучунун жылына бир жолу «өзү үчүн жана элдин билбей жасаган күнөөлөрү үчүн» чалынган курмандыктын каны менен Ыйыктардын ыйыгына кирерин айтып өткөн (Эврейлерге 9:6, 7). Ошол үлгүгө ылайык, Ыйса рух болуп көтөрүлүп, асманга барган. Ал рух болгондуктан жана эттен же кандан турбагандыктан, «биз үчүн Кудай алдына» бара алган. Кудайга ал эмнени тартуулаган? Кандайдыр бир көзгө көрүнгөн нерсени эмес, абдан чоң мааниге ээ нерсени. Пабыл андан ары мындай деген: «Машайак... башкы ыйык кызмат кылуучу катары... текелердин, торпоктордун каны менен эмес, Өз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге түбөлүк куткарылуу алып берди. Эгерде денелери тазаланыш үчүн, үстүлөрүнө чачылган текелердин жана торпоктордун каны... булгангандарды ыйыктаса, анда андан бетер түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз Өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машайактын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалайт». Ооба, Ыйса Кудайга өзүнүн төгүлгөн канынын баасын тартуулаган (Эврейлерге 9:11—14, 24, 28; 10:11—14; 1 Петир 3:18).

18. Бүгүн Ыйсанын жолдоочуларына айтылган Ыйык Китептеги кан тууралуу ойлор эмне үчүн маанилүү болуп эсептелиши керек?

18 Кудай ачып берген бул чындык бизге Ыйык Китепте кан жөнүндө айтылган укмуштай жана мааниси терең ойлордун баарын: Кудайдын канга карата эмне үчүн ошондой көзкарашка карманарын, биздин көзкарашыбыз кандай болушу керек экенин жана Кудайдын канды пайдаланууга байланыштуу койгон чектөөлөрүнө эмне себептен урмат-сый менен карашыбыз керектигин түшүнүүгө жардам берет. Грек Жазмаларын окуганыңда аларда Ыйсанын каны жөнүндө көп айтыларын байкайсың. (Кутучаны кара.) Алардан айкын көрүнүп тургандай, Ыйсанын ар бир жолдоочусу «Анын төгүлгөн канына» ишениши керек (Римдиктерге 3:25). Биз Ыйсанын «төгүлгөн каны аркылуу» гана Кудайдын кечиримине ээ болуп, аны менен элдеше алабыз (Колостуктарга 1:20). Бул асманда Ыйса менен кошо бийлик жүргүзүү үчүн аны менен өзгөчө келишимде тургандарга шексиз түрдө тиешелүү (Лука 22:20, 28—30; 1 Корунттуктарга 11:25; Эврейлерге 13:20). Ошондой эле жакындап келаткан «улуу кайгыдан» аман өтүп, жердеги бейиште түбөлүк жашай турган бүгүнкү «эбегейсиз көп адамдарга» да тиешелүү. Өтмө мааниде алар «өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышат» (Аян 7:9, 14).

19, 20. а) Эмне үчүн Кудай канды колдонууга карата чектөө койгон жана ага кандай карашыбыз керек? б) Эмнени билүүгө кызыкдар болушубуз керек?

19 Кудайдын көз алдында кандын өзгөчө мааниге ээ экени анык. Канга карата биз да ошондой көзкарашта болушубуз керек. Өмүрдү жогору баалаган Жараткан адамдардын канды колдонуусуна чектөө коюуга укуктуу. Ал биздин өмүрүбүзгө кам көрүп, канды бир абдан маанилүү максатта, түбөлүк өмүргө жол ачуучу жалгыз каражат катары колдонууну чечкен. Ыйсанын баа жеткис каны ошол максатта колдонулган. Канды, Ыйсанын канын, өмүр тартуулаган ушундай жол менен колдонуп, биздин пайдабызды көздөгөнү үчүн Жахаба Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Ошондой эле өзүн курмандыкка берип, биз үчүн канын төккөн Ыйсага кандай ыраазы болушубуз керек! Ооба, биз: «Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү Өзүнүн каны менен жууган, бизди Өзүнүн Атасы Кудайга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!» — деп айткан элчи Жакандын сезимдерин тең бөлүшөбүз (Аян 1:5, 6).

20 Чексиз акылман Кудайыбыз жана Өмүр Берүүчүбүз бул өмүр тартуулаган чараны кылымдар бою көңүлгө алып келген. Буга байланыштуу: «Бул биздин чыгарган чечимдерибизге жана жасаган иш-аракеттерибизге кандай таасир этиши керек?» — деп сурашыбыз мүмкүн. Бул суроо кийинки макалада каралат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Абыл жана Нух жөнүндөгү билдирүүлөрдөн Кудайдын канга карата көзкарашы тууралуу эмнелерди биле алабыз?

• Кудай Мыйзамда канды колдонууга карата кандай чектөө койгон жана эмне үчүн?

• Ыйса прообразы Күнөөдөн арылуу күнү болгон нерсени кантип аткарган?

• Кандайча Ыйсанын каны өмүрүбүздү сактай алат?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги кутуча]

КИМДИН КАНЫ ӨМҮРДҮ САКТАЙТ?

«Өзүңөргө жана Ыйык Рух тарабынан тапшырылган бүтүндөй үйүргө сак болгула. Теңирдин жана Кудайдын Өз канын төгүп [«өзүнүн Уулунун каны менен», «ЖД»] сатып алган Жыйынын кайтаргыла» (Элчилер 20:28).

«Машайактын каны аркылуу акталгандыктан, Кудайдын каарынан Ал аркылуу куткарыларыбыз да анык» (Римдиктерге 5:9).

«Бул дүйнөдө үмүтсүз жана кудайсыз болчусуңар. Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар» (Эфестиктерге 2:12, 13).

«Кудай Анда бүт толуктуктун жашашын, Анын... төгүлгөн каны аркылуу тынчтык орнотуп, жердеги, асмандагы бардык нерсени Ал аркылуу Өзү менен элдештирүүнү туура көрдү» (Колостуктарга 1:19, 20).

«Ошентип, бир туугандар, ыйык жайга Ыйса Машайактын каны аркылуу, жаңы жана тирүү жол менен кирүүгө укугубуз бар» (Эврейлерге 10:19).

«Муундан муунга өтүп келе жаткан түйшүктүү жашоодон силер жок болуп кетчү күмүш же алтын менен эмес, кемчиликсиз, таза Козунун — Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыңарды билесиңер» (1 Петир 1:18, 19).

«Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн арылтат» (1 Жакан 1:7).

«Сен китепти алууга, анын мөөрлөрүн ачууга татыктуусуң, анткени Сен союлдуң, Өз каның менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердиң» (Аян 5:9).

«Биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды. Алар аны Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти» (Аян 12:10, 11).

[10-беттеги сүрөт]

Мыйзам аркылуу Кудай кандын күнөөлөрдү жууй аларын айкын көрсөткөн.

[11-беттеги сүрөт]

Ыйсанын каны аркылуу көптөгөн адамдар куткарылат.