Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Сандар китебиндеги урунттуу ойлор

МИСИРДЕН чыккандан кийин ысрайылдыктар теократиялык эл болуп уюшулган. Дагы бир аздан кийин алар Убадаланган жерге киришмек, бирок кирбей калышкан. Анын ордуна, «коркунучтуу кара чөлдү» кырк жылдай айланып жүрүүгө аргасыз болушкан (Мыйзам 8:15). Эмне себептен? Бул тууралуу Ыйык Жазманын Сандар китебиндеги тарыхый билдирүүдөн биле алабыз. Ал бизге Жахаба Кудайга тил алуунун жана анын өкүлдөрүн урматтоонун зарылдыгын баамдоого жардам берет.

Муса тарабынан чөлдө жана Маап түздүгүндө жазылган Сандар китебинде 38 жыл 9 айдын ичинде (б.з.ч. 1512— 1473-жылдар) болуп өткөн окуялар тууралуу баяндалат (Сандар 1:1; Мыйзам 1:3). Китептин аталышы ысрайылдыктардын эки жолу санакка алынганынан келип чыккан; биринчи санактан экинчи санакка чейин 38 жылдай убакыт өткөн (1—4, 26-баптар). Сандар китебиндеги билдирүү үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө Синай тоосунда болгон окуялар баяндалат. Экинчисинде ысрайыл эли чөлдө жүргөндө эмне болгону айтылат. Акыркы бөлүгүндө Маап түздүгүндө болгон окуялар жазылган. Алар тууралуу окуганыңда өзүңө: «Бул окуялар мени эмнеге үйрөтөт? Бул китепте мага пайда алып келерлик кандай принциптер бар?» — деген суроолорду берип көрсөң болот.

СИНАЙ ТООСУНДА

(Сандар 1:1—10:10)

Эки санактын биринчиси ысрайылдыктар али Синай тоосунун этегинде турган кезде жүргүзүлгөн. Лебилерди кошпогондо, 20 жаштан жогорку эркектердин саны 603 550нү түзгөн. Санак, кыязы, аскердик максатта жүргүзүлгөн. Аялдарды, балдарды жана лебилерди кошкондо, бүт жамаат, сыягы, үч миллиондон ашык адамдан турган.

Санактан кийин ысрайылдыктарга жолго чыгуунун тартиби, лебилердин кызматы менен жыйын чатырына байланышкан көрсөтмөлөр, карантин жөнүндөгү буйруктар, кызганчаактыкка жана назирлердин берген убадаларына байланыштуу мыйзамдар берилген. 7-бапта курмандык чалынуучу жайды ыйыктоодо уруу башчылары алып келчү курмандыктар тууралуу маалымат камтылат. 9-бапта Пасахты белгилөө жөнүндө айтылат. Ошондой эле отурукташууга жана жолго чыгууга карата да көрсөтмөлөр берилген.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2:1, 2 — Чөлдө ысрайылдыктар стандарын эмне болгон «белгилердин» жанына жайгаштырышкан? Ыйык Китепте алардын эмне болгон белгилер экени айтылбайт. Бирок алар ыйык нерселер катары эсептелген эмес жана эч кандай диний мааниге ээ болгон эмес. Ал белгилер адамга жамааттан өз ордун табууга жардам берген.

5:27 — Ойноштук кылган аялдын «койнунун соолуп» калышы эмнени билдирет? («Мукаддас»). Бул жерде колдонулган «коюн» деген сөз көбөйүү органын туюнтат. Анын «соолуп» калышы аялдын бул органынын тийиштүү түрдө иштебей калышын жана андан ары такыр боюна бүтпөй турганын билдирет.

Биз алчу сабактар:

6:1—7. Назирлер жүзүмдөн жасалган суусундукту жана башка күчтүү ичимдиктерди ичпөөгө тийиш болушкан, а бул өз кызыкчылыктарынан кечүүнү талап кылган. Аялдар күйөөлөрүнө же аталарына баш ийгендей, назирлер чачын өстүрүү менен Жахабага баш ийишерин көрсөтүшкөн. Алар өлүккө, жадагалса жакын адамынын өлүк денесине жакындабай өздөрүн таза кармашы керек болгон. Бүгүн толук убакыттуу кызматчылар өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыктарынан кечип, Жахабага жана анын тартибине баш ийүүдө жан аябастык рухун көрсөтүшөт. Кээ бирлери алыс жерлерге дайындалгандыктан, жадагалса жакын адамы каза болгондо, аны көмүү үчүн мекенине кайтып келүү же кыйын, же такыр мүмкүн эмес болушу ыктымал.

8:25, 26. Лебилер улгайганда өздөрүнүн милдеттүү кызматын токтотууга тийиш болушкан. Мунун аркасында алардын курагына урмат көрсөтүлгөн да, лебилик кызмат тийиштүү түрдө аткарылган. Ошентсе да улгайган лебилер өз ыктыяры менен башка лебилерге жардам бере алышкан. Бүгүн карыганыбызга байланыштуу Падышалыктын жарчысы болууну токтотпосок да, бул мыйзамда биз үчүн маанилүү сабак бар. Эгер Ыйсанын жолдоочусу карылыктын айынан айрым милдеттерин аткара албай калса, кызматтын алы жеткен түрүнө катыша алат.

ЧӨЛ КЕЗҮҮ

(Сандар 10:11—21:35)

Акыр-түбү жыйын чатырынын үстүнөн булут көтөрүлгөндө, ысрайылдыктар кайрадан жолго чыгышкан (алар 38 жыл бир же эки айдан кийин Маап түздүгүнө келип токтошмок). Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «„Жер соорусун“ карагылачы» китепчесинин (ор.) 9-бетиндеги картадан ысрайылдыктардын кайсы жерлерди басып өткөнүн карап көрүү пайдалуу.

Паран чөлүндөгү Кадеш жерин көздөй баратып ысрайылдыктар, бери дегенде, үч жолу наалышкан. Биринчи жолу наалышканда, Жахабадан от түшүп, элдин ичинен кээ бирөөлөрүн жалмап кеткен. Экинчисинде, эт сурап нааразылык көрсөтүшкөндө, Жахаба аларды бөдөнөлөр менен камсыз кылган. Ал эми Мириям менен Арундун Мусага каршы наалыганы Мириямдын убактылуу пес оорусуна чалдыгышына алып келген.

Ысрайыл эли Кадешке келип токтогондо, Муса Убадаланган жерди көрүп келүүгө 12 эркекти жөнөткөн. Алар 40 күндөн кийин кайтып келишкен. Он чалгынчынын тараткан жаман кабарына ишенип, эл Мусаны, Арунду жана ишенимдүү чалгынчыларды — Жашыя менен Калепти — ташбараңга алгысы келген. Жахаба элди жугуштуу оору менен кырууга ниеттенген, бирок Мусанын арачылык кылганынан улам Кудай санакка алынгандар өлүп бүткүчө ысрайылдыктар 40 жыл чөлдө көчүп-конуп жүрөрүн жарыялаган.

Жахаба кошумча көрсөтмөлөрдү берген. Корак жана башкалар Муса менен Арунга каршы козголоң чыгарышканда, козголоңчулардын кээ бирлерин от жалмап жок кылган, башкаларын жер жутуп кеткен. Эртеси күнү бүт жамаат Муса менен Арунга каршы наалыган. Натыйжада Жахаба 14 700 адамды кыйраткан. Кимди башкы ыйык кызмат кылуучу кылып тандаганын көрсөтүү үчүн, Кудай Арундун таягын гүлдөтөт. Кийин Жахаба лебилердин милдеттерине жана элдин тазаланышына байланыштуу кошумча мыйзамдарды берген. Өрттөлгөн күрөң кунажындын күлү Ыйсанын курмандыгы аркылуу тазалануунун прообразы болуп саналат (Эврейлерге 9:13, 14).

Ысрайыл уулдары Кадешке кайтып келишкенде, Мириям каза болгон. Жамаат Муса менен Арунга кайрадан наалыган. Эмнеге? Суунун жоктугунан улам. Муса менен Арун керемет жолу менен суу чыгарышканда Жахабанын ысмын даңкташпаганы үчүн Убадаланган жерге кирүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылышкан. Ысрайылдыктар Кадештен чыгышкан жана Арун Ор тоосунда көз жумган. Эдомду айланып өтүп келатканда элдин чыдамы кетип, Кудай менен Мусага каршы сүйлөгөн. Жахаба аларды жазалоо үчүн уулуу жыландарды жиберген. Муса дагы бир жолу арачылык кылган, ошондо Кудай ага жез жылан жасап, шыргыйга кадап коюу жөнүндө көрсөтмө берген. Жылан чаккан адамдар жез жыланды карап сакайышкан. Жез жылан Ыйса Машайактын биздин түбөлүк пайдабыз үчүн мамыга кадалганына прообраз болгон (Жакан 3:14, 15). Ысрайыл Амор падышалары Сихон менен Огду жеңип, алардын жерин ээлеп калган.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

12:1 — Мириям менен Арун эмне үчүн Мусага каршы наалышкан? Алардын наалыганынын чыныгы себеби Мириямдын көбүрөөк бийликке ээ болууну каалаганына байланыштуу болгон. Чөлдө Мусага аялы Сипор келгенде, Мириям жамааттын ичинде эң көрүнүктүү аял деп эсептелбей каларын ойлоп чочуласа керек (Чыгуу 18:1—5).

12:9—11 — Эмне үчүн пес оорусуна Мириям гана чалдыккан? Калыбы, Мириям Арунду Мусага каршы чыгууга тукуруп, өзүнө кошулууга ынандырса керек. Арун катасын мойнуна алып, туура маанай көрсөткөн.

21:14, 15 — Бул жерде кайсы китеп жөнүндө сөз жүрүп жатат? Ыйык Жазмада анын жазуучулары булак катары колдонгон ар кайсы китептер жөнүндө айтылат (Жашыя 10:12, 13; 1 Падышалар 11:41; 14:19, 29). «Теңирдин согуш китеби» ошондой китептердин бири болгон. Ал өз ичине Жахабанын элинин согуштары тууралуу тарыхый билдирүүлөрдү камтыган.

Биз алчу сабактар:

11:27—29. Жахабага кызмат кылууда башкаларга ардактуу милдеттер берилгенине кандай кароо керектигине байланыштуу Муса эң сонун үлгү көрсөткөн. Көрөалбастык менен өзүнө даңк издебестен Муса Элдат менен Мейдаддын пайгамбарлык кыла баштаганына сүйүнгөн.

12:2, 9, 10; 16:1—3, 12—14, 31—35, 41, 46—50. Жахаба кызматчыларынан Өзү койгон бийликти урматтоону талап кылат.

14:24. Күнөөгө азгырган дүйнөнүн кысымына туруштук берүү үчүн, башка «рух», башкача айтканда, маанай өрчүтүшүбүз зарыл. Андай маанай дүйнөнүкүнө окшош болбошу керек.

15:37—41. Ысрайылдыктардын кийиминдеги чачылар аларга өздөрүнүн Кудайга сыйынууга жана анын осуяттарына баш ийүүгө бөлүнгөн эл экенин эске салып турган. Биз да Кудайдын нормалары боюнча жашап, дүйнөдөн айырмаланып турушубуз керек эмеспи?

МААП ТҮЗДҮГҮНДӨ

(Сандар 22:1—36:13)

Ысрайыл уулдары Маап түздүгүнө келип токтошкондо, мааптыктар алардан абдан коркушкан. Ошондуктан Маап падышасы Балак Биламды ысрайылдыктарды каргап берүүгө жалдаган. Бирок Жахаба Биламды аларга бата берүүгө мажбур кылган. Кийин Ысрайыл эркектерин адеп-ахлаксыздыкка жана бурканга сыйынууга азгыруу үчүн, Маап жана Мидиан аялдары колдонулган. Натыйжада Жахаба 24 000 күнөөкөрдү кырып салган. Пинехас Жахабага болгон кызганычын көрсөткөндө, ал кыргын токтогон.

Экинчи санактын жыйынтыгында биринчи санактан өткөндөрдүн ичинен Жашыя менен Калептен башка эч ким тирүү калбаганы айкын болгон. Жашыя Мусанын орун басары болуп дайындалган. Ысрайылдыктар курмандык чалууга жана убада берүүгө байланыштуу көрсөтмөлөрдү алышкан. Ошондой эле ысрайыл эли мидиандыктардан өч алган. Рубейин, Гат уруулары жана Менаше уруусунун жарымы Иордан дарыясынын чыгыш тарабына отурукташкан. Ысрайылга Иордандан өтүп, көрсөтүлгөн жерди ээлеп алууга буйрук берилген. Ал жердин чек аралары кылдат белгиленген. Жер үлүштөрү өкчөмө таш менен бөлүштүрүлгөн. Лебилерге 48 шаар бөлүнгөн, алардын ичинен алтоо баш калкалай турган шаар болуп саналган.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

22:20—22 — Жахаба Биламга эмне үчүн каарданган? Жахаба Билам пайгамбарга ысрайылдыктарды каргабашы керектигин айткан (Сандар 22:12). Бирок пайгамбар Ысрайылды каргоого чечкиндүү ниеттенип, Балактын кишилери менен жөнөгөн. Билам Маап падышасына жагынууну жана андан белек алууну каалаган (2 Петир 2:15, 16; Жүйүт 11). Ысрайылды каргагандын ордуна ага бата берүүгө мажбур болгондо да Билам падышага жагууга аракеттенип, ага ысрайылдык эркектерди Баалга табынган аялдар менен азгырууну сунуш кылган (Сандар 31:15, 16). Демек, Кудайдын Биламга каарданганынын себеби пайгамбардын уят-сыйытсыздык менен көрсөткөн ачкөздүгүндө болгон.

30:6—8 — Ыйсаны жолдогон эркек зайыбынын убадаларын жокко чыгара алабы? Жахаба азыр ар бир кызматчысынын убадаларын жекече карайт. Мисалы, Жахабага арналуу — жекече убада (Галаттыктарга 6:5). Күйөө мындай убаданы жокко чыгарууга же жоюуга укуктуу эмес. Ошентсе да зайып Кудайдын Сөзүнө туура келбеген же күйөөсүнө карата милдеттерине кайчы келген убадаларды берүүдөн качышы керек.

Биз алчу сабактар:

25:11. Жахабага ынталуулук менен сыйынуу жагынан Пинехас бизге кандай сонун үлгү көрсөткөн! Жыйналышты таза сактоо каалоосу бизге кайсы бир адеп-ахлаксыздык жөнүндө билген-көргөндөрүбүздү жыйналыш аксакалдарына айтууга түрткү бериши керек эмеспи?

35:9—29. Кокусунан киши өлтүрүп алган адамдын өз үйүн калтырып, кайсы бир убакытка чейин баш калкалай турган шаарга качып барышы бизди жашоонун ыйык экенине жана аны баалашыбыз керектигине үйрөтөт.

35:33. Бейкүнөө адамдардын төгүлгөн каны менен булганган жер ал канды төккөндөрдүн каны менен гана тазаланат. Жахабанын жерди бейишке айландырганга чейин ыймансыздарды жок кылары кандай гана туура! (Накыл сөздөр 2:21, 22; Даниел 2:44).

Кудайдын Сөзү таасирдүү

Биз Жахабага жана анын элинин арасынан жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарууга дайындалгандарга урмат-сый көрсөтүшүбүз керек. Бул Сандар китебинде баса белгиленет. Жыйналышыбызда тынчтыкты жана биримдикти сактоого өбөлгө түзө турган бул билдирүүдөн, чынында эле, маанилүү сабак алууга болот!

Сандар китебинде баяндалган окуялар өзүнүн рухийлигине кам көрбөгөн адамдардын наалуу, адеп-ахлаксыздык жана бурканга сыйынуучулук сыяктуу күнөөлөргө оңой эле азгырылып кетиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Ыйык Жазманын бул китебиндеги кээ бир мисалдарды жана сабактарды Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарындагы кызмат жолугушуусунун «Жергиликтүү муктаждыктар» деген бөлүгүндө колдонууга болот. Ырас, «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

[31-беттеги сүрөт]

Жыйын чатырынын үстүнөн кереметтүү түрдө көрүнгөн булут аркылуу Жахаба ысрайылдыктарга токтоону жана жолго чыгууну билдирген.

[32-беттеги сүрөт]

Жахаба баш ийүүбүзгө татыктуу жана өзүнүн өкүлдөрүн урматташыбызды күтөт.