Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба өзүнүн даңкын момундарга ачып берет

Жахаба өзүнүн даңкын момундарга ачып берет

Жахаба өзүнүн даңкын момундарга ачып берет

«Моюн сунгандан [«момундуктан», СК] кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 22:4).

1, 2. а) Элчилер китебинде Степандын «ишеними бекем, Ыйык Рухка толгон» адам болгону кандайча көрсөтүлөт? б) Степандын момун болгонун эмне көрсөтүп турат?

СТЕПАН «ишеними бекем, Ыйык Рухка... күчкө толгон» адам болгон. Ал Ыйсанын алгачкы шакирттеринин бири катары эл арасында улуу жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүп жүргөн. Бир жолу кээ бир адамдар ага каршы чыгып, талашып-тартышышкан, «бирок анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан» эмес (Элчилер 6:5, 8—10). Степандын Кудай Сөзүн ынтызарлык менен изилдегени шексиз, ошондуктан ал Ыйык Жазманы жүйүт диний жетекчилеринин алдында чебердик менен коргогон. Степандын Элчилер китебинин 7-бабында жазылган кеңири күбөлөндүрүүсү анын Кудайдын ой-ниетинин кандай ачыларына абдан кызыкканын тастыктап турат.

2 Ээлеген абалынан жана билиминен улам өздөрүн карапайым адамдардан жогору эсептеген ошол диний жетекчилерден айырмаланып, Степан момун болгон (Матай 23:2—7; Жакан 7:49). Ал Ыйык Жазманы жакшы билсе да, элчилер «дайыма сыйынууну жана сөз менен кызмат кылууну уланта бериши» үчүн, «тамак бөлүштүрүү» тапшырмасын аткарууга даяр болгон. Ишенимдештеринин арасында жакшы атка ээ болгондуктан ал күн сайын тамак бөлүштүрө турган жети адамдын бири катары тандалып алынган. Степан бул тапшырманы момундук менен кабыл алган (Элчилер 6:1—6).

3. Степан Кудайдын ырайымына ээ экенине кантип таң каларлык түрдө ынандырылган?

3 Жахаба Степандын момундугун, ошондой эле рухий жана ишенимдүү адам болгонун байкабай койгон эмес. Степан Синедриондогу кас маанайдагы жүйүт жетекчилеринин тобуна күбөлөндүрүп жатканда, каршылаштары «анын жүзүнүн периштенин жүзүндөй экенин көрүшкөн» (Элчилер 6:15). Анын жүзү Кудайдын кабарчысыныкындай болуп, даңктын Кудайы Жахабадан келген тынчтыкты чагылдырып турган. Синедриондун мүчөлөрүнө эржүрөктүк менен күбөлөндүрүү бергенден кийин Степан Кудайдын ырайымына ээ экенине таң каларлык түрдө ынандырылган. «Ыйык Рухка толгон Степан... асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көргөн» (Элчилер 7:55). Бул укмуштай көрүнүш аны Ыйсанын Кудайдын Уулу жана Машайак экенине дагы бир жолу ишендирген. Ал кубулуш момун Степанды бекемдеп, Жахабанын жактыруусуна ээ экенине ынандырган.

4. Жахаба өзүнүн даңкын кимдерге ачып берет?

4 Степанга берилген көрүнүш көрсөтүп тургандай, Жахаба өзүнүн даңкын жана ой-ниетин Андан корккон жана Аны менен болгон мамилесин баалаган момун адамдарга ачып берет. Ыйык Китепте: «Моюн сунгандан [«момундуктан», СК] кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:4). Ошондуктан чыныгы момундук деген эмне экенин, бул маанилүү сапатты кантип өрчүтө аларыбызды жана аны жашообуздун бардык тармактарында чагылдыруу эмнеси менен пайдалуу экенин түшүнүшүбүз зарыл.

Момундук — Кудайга мүнөздүү сапат

5, 6. а) Момундук деген эмне? б) Жахаба кантип момундук көрсөткөн? в) Жахабанын момундугу бизге кандай таасир этиши керек?

5 Момундук жагынан Ааламдагы эң жогорку жана эң даңктуу Жахаба Кудай эң сонун үлгү көрсөтөт. Бул кээ бирөөлөргө таң калыштуу болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок Дөөт падыша Жахабага: «Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың [«момундугуң», «ЖД»] мени жогору көтөрөт»,— деп айткан (Забур 17:36). Жахабаны момун деп сыпаттоодо Дөөт байыркы эврей тилинде «таазим кылуу» дегенди билдирген уңгу сөздү колдонгон. Ал уңгудан, «момундук» дегенден тышкары, «жөнөкөйлүк», «жооштук» жана «өзүн төмөн коюучулук» деген маанини туюндурган сөздөр келип чыккан. Демек, Жахаба жеткилеңсиз адам Дөөт менен мамиле түзүп Өзүн төмөн койгон жана аны Өзүнүн өкүлү катары колдонуп момундук көрсөткөн. Забур 17:1де көрсөтүлгөндөй, Жахаба Дөөттү «бардык душмандардын жана Шабул падышанын колунан куткарып», коргоп-колдогон. Дөөт падышалык улуулукка же даңкка Жахаба ага момундук менен колдоо көрсөтпөсө жете алмак эместигин билген. Бул Дөөткө момун бойдон калууга жардам берген.

6 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Жахаба бизге чындыкты үйрөтүүнү туура көргөн жана өзүнүн уюму аркылуу, балким, кызматтын өзгөчө түрлөрүн ыйгарган же өзүнүн эркин ишке ашыруу үчүн бизди дагы кандайдыр бир жол менен колдонуп жатышы мүмкүн. Мунун баары бизге кандай таасир этиши керек? Момун болууга түрткү бериши керек эмеспи? Жахабага момундугу үчүн ыраазы болуп, арты жамандык менен бүтүүчү менменсинүүчүлүктөн качышыбыз керек эмеспи? (Накыл сөздөр 16:18; 29:23).

7, 8. а) Жахаба Менашеге жасаган мамилесинде кантип момундук көрсөткөн? б) Кандайча Жахаба, ошондой эле Менаше момундук жагынан бизге үлгү көрсөтүшкөн?

7 Жахаба жеткилеңсиз адамдар менен мамиле түзүп эбегейсиз зор момундук көрсөткөндөн тышкары, өздөрүн жоошуткан момундарды көтөрүп, башкача айтканда, жогорулатып, аларга ырайым кылууга да даяр (Забур 112:4—7). Мисалга Жүйүт падышасы Менашени алалы. Ал падышалык бийлигин кыянаттык менен пайдаланып, жалган сыйынуунун өрчүшүнө шарт түзгөн жана «Теңирге жакпаган иштерди көп кылып, Аны каарданткан» (2 Жылнаама 33:6). Акыр-аягы Жахаба Менашени Ашур падышасы аркылуу тактан түшүрүп жазалаган. Камакта отурган жеринен Менаше «өз Кудай-Теңирине жалына баштаган» да, анын «алдында терең моюн сунган». Ошондо Жахаба аны кайрадан Иерусалимге алып келип, тактысына отургузган, а Менаше «Теңирдин Кудай экенин тааныган» (2 Жылнаама 33:11—13). Ошентип, анын момундугу Жахабага жаккан. Ошондуктан Кудай өзү да момундук көрсөтүп, Менашени кечирүү менен кайрадан падышалык такка отургузган.

8 Жахабанын кечирүүгө даяр болгону жана Менашенин өкүнгөндүгү бизди момундукка байланыштуу маанилүү сабактарга үйрөтөт. Бизди таарынткандарга жасаган мамилебиз жана күнөө кылганда көрсөткөн маанайыбыз Жахабанын бизге кандай мамиле кыларын шартташы мүмкүн экенин дайым эсибизде сакташыбыз керек. Эгер башкалардын катасын даярдуулук менен кечирсек жана өз каталарыбызды момундук менен моюнга алсак, Жахабанын ырайым көрсөтөрүнө үмүттөнө алабыз (Матай 5:23, 24; 6:12).

Кудайдын даңкы момундарга ачылып берилет

9. Момундук алсыздыктын белгиси болуп саналабы? Түшүндүргүлө.

9 Момундукту жана ага тектеш сапаттарды алсыздыктын белгиси же жаман иштерге көз жумуу деп түшүнүү туура эмес. Ыйык Жазмада көрсөтүлгөндөй, Жахаба момун болсо да, зарыл болгондо, адилеттүү түрдө каарданат жана эбегейсиз зор күчүн көрсөтөт. Өзү момун болгондуктан ал момундарга ырайым көрсөтүп, аларга өзгөчө көңүл бурат, ал эми бой көтөргөндөрдөн алыс (Забур 137:6). Жахаба момун кызматчыларына кантип өзгөчө көңүл бурган?

10. 1 Корунттуктарга 2:6—10-аяттарда көрсөтүлгөндөй, Жахаба момундарга эмнелерди ачып берет?

10 Жахаба ой-ниеттерин өзү туура көргөн убакта жана өзү тандаган байланыш каналы аркылуу кантип ишке ашырарын момун адамдарга ачып берет. Адамдык акылмандыкка же ой жүгүртүүгө таянган же аларга көктүк менен карманган текеберлер үчүн андай даңктуу маалыматтар жашыруун бойдон калат (1 Корунттуктарга 2:6—10). Ал эми момун адамдар Жахабанын ой-ниети тууралуу ачык-так түшүнүк алган соң, Аны даңктоого түрткү алышат, анткени алар Кудайдын укмуштай даңкын ого бетер баалай башташат.

11. Биринчи кылымда айрымдарга момундук жетишпегенин эмне көрсөтүп турат жана бул аларга кандай зыян алып келген?

11 Биринчи кылымда көптөргө, анын ичинде өздөрүн Ыйсанын жолдоочулары деп атагандарга да момундук жетишкен эмес, ошондуктан элчи Пабыл Кудайдын ой-ниетин ачып бергенде, алар мүдүрүлүшкөн. Пабылдын «бутпарастардын элчиси» болуп калганына улуту, билими, курагы же көп убакыт бою жакшы иштерди кылып келгени себеп болгон эмес (Римдиктерге 11:13). Адатта, рухий эмес адамдар Жахабанын өз куралы катары кимдерди колдонору ошол факторлордон көзкаранды деп ойлошот (1 Корунттуктарга 1:26—29; 3:1; Колостуктарга 2:18). Бирок Пабылды Жахаба өзүнүн ырайымы жана адилеттүү ой-ниети боюнча тандап алган (1 Корунттуктарга 15:8—10). Пабыл «мыкты элчилер» деп сыпаттаган адамдар жана башка каршылаштары аны жана Ыйык Жазманын негизинде айткан ойлорун кабыл алуудан баш тартышкан. Момундуктун жетишсиздиги аларга Жахабанын өз ой-ниетин кандай укмуш жол менен ишке ашырарын билүүгө жана түшүнүүгө тоскоолдук кылган. Келгиле, Жахаба өзүнүн эркин орундатуу үчүн тандагандарды дайыма баалайлы жана алар жөнүндө күн мурунтан жаман ойдо болбойлу (2 Корунттуктарга 11:4—6).

12. Мусанын үлгүсү Жахабанын момундарга бата берерин кандайча көрсөтүп турат?

12 Ыйык Китепте Кудайдын даңкын учкай көргөн момун адамдар тууралуу да көп мисалдар бар. «Жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон» Муса Кудайдын даңкын көрүп, аны менен жакын мамиледе болгон (Сандар 12:3). Кырк жыл бою (сыягы, көбүнесе Арабия жарым аралында) кой баккан бул момун адамга Жараткан көп жагынан чоң урмат көрсөткөн (Чыгуу 6:12, 30). Жахабанын колдоосу менен Муса ысрайыл элинин өкүлү жана жолбашчысы болгон. Ал Кудай менен жекече сүйлөшкөн жана аян аркылуу «Теңирдин бейнесин» көргөн (Сандар 12:7, 8; Чыгуу 24:10, 11). Бул момун кызматчыга, Кудайдын өкүлүнө, тил алгандар да бата алышкан. Ошо сыяктуу эле, эгерде Мусадан улуу пайгамбар Ыйсага жана ал дайындаган «ишенимдүү жана акылдуу кулга» баш ийсек, биз да бата алабыз (Матай 24:45, 46; Элчилер 3:22).

13. Биринчи кылымда Жахабанын даңкы кандайча момун койчуларга ачылып берилген?

13 Периштелер «Куткаруучу... Машайактын» төрөлгөнү тууралуу жакшы кабарды жарыялаганда, «Теңирдин даңкы» кимдерге жаркыраган? Менменсинген диний жетекчилерге же жогорку абалды ээлеген маанилүү адамдарга эмес, а «түнкүсүн талаада түнөп малын кайтарган» момун койчуларга (Лука 2:8—11). Алар илим-билимдүү же эмгеги сиңген кадырлуу адамдардан болушкан эмес. Бирок Жахаба дал ошолорго көңүл буруп, Машайактын төрөлгөнү жөнүндө биринчи ошолорго билдирген. Ооба, Жахаба өзүнүн даңкын момундарга жана Андан корккондорго ачып берет.

14. Момундар Кудайдан кандай баталарды алышат?

14 Бул мисалдар бизди эмнеге үйрөтөт? Алар Жахабанын момундарды жактырарын жана аларга өзүнүн ой-ниетин ачып берерин, түшүндүрөрүн көрсөтүп турат. Кудай кээ бирөөлөрдүн таламдарына жооп бербеши мүмкүн болгон адамдарды тандап, аларды өзүнүн даңктуу ой-ниетин башкаларга билдирүүдө куралы катары колдонот. Бул бизге дайыма Жахабадан, анын пайгамбарлык Сөзүнөн жана уюмунан жетекчилик издөөгө түрткү бериши керек. Биз Жахабанын өзүнүн даңктуу ой-ниетин кантип ачары жөнүндө момун кызматчыларына мындан ары да билдире берерине бекем ишенсек болот. Амос пайгамбар: «Кудай-Теңир Өз кулдары — пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт»,— деп айткан (Амос 3:7).

Момундук өрчүтүп, Кудайдын жактыруусуна ээ болгула

15. Эмне үчүн момун бойдон калууга күч-аракет жумшашыбыз керек жана Ысрайылдын падышасы Шабулдун мисалынан бул кандайча көрүнүп турат?

15 Кудайдын жактыруусунан айрылбоо үчүн, момун бойдон калышыбыз керек. Адамдын момун болгону анын ошо бойдон каларын билдирбейт. Ал момундугун жоготуп, бой көтөрүп, кекирейип кетиши ыктымал, а бул менменсинүүчүлүккө жана кыйроого алып барат. Муну Ысрайылдын эң биринчи падышасы Шабулдун жашоосунан көрүүгө болот. Башында ал «жөнөкөй эле адам болгон» (1 Шемуел 15:17). Бирок бийлик жүргүзө баштаганынан эки эле жыл өткөндөн кийин менменсингендик көрсөткөн. Ал Жахабанын курмандык чалууга байланыштуу Шемуел пайгамбар аркылуу берген көрсөтмөлөрүн баркка албай, өз билгениндей иш кылганы үчүн актанууга аракеттенген (1 Шемуел 13:1, 8—14). Бул анын момундугунун жоктугун айгинелеген бир катар окуялардын башы болчу. Натыйжада ал Кудайдын рухунан жана жактыруусунан айрылып, акырында шылдыңдуу өлүмгө дуушар болгон (1 Шемуел 15:3—19, 26; 28:6; 31:4). Биз алчу сабак: момун жана тил алчаак бойдон калууга умтулуп, Жахабанын жактыруусунан айрылбаш үчүн, бойкөтөрүүчүлүктөн жана менменсинүүчүлүк менен иш кылуудан алыс болушубуз керек.

16. Жахаба жана жакындарыбыз менен болгон мамилелерибиз жөнүндө ой жүгүртүү кандайча бизге момундук өрчүтүүгө жардам бере алат?

16 Момундук Кудайга мүндөздүү сапат болгондуктан, аны өрчүтүүгө умтулушубуз керек (Колостуктарга 3:10, 12). Момундук өрчүтүүгө акыл-эстин абалы, башкача айтканда, өзүбүзгө жана башкаларга кандай карай турганыбыз катышкандыктан, мында аң-сезимдүү иш-аракет талап кылынат. Жахаба жана жакындарыбыз менен болгон мамилелерибиз тууралуу ой жүгүртүү бизге момун бойдон калууга жардам бере алат. Кудайдын көз алдында жеткилеңсиз адамдардын баары кайсы бир убакытка чейин өскөндөн кийин куурап кала турган чөп сыяктуу. Ошондой эле алар талаадагы чегирткедей эле (Ышайа 40:6, 7, 22). Чөптүн бир талынын башкаларынан бир аз узунураак болгону үчүн бой көтөргөнү жөндүүбү? Чегирткенин башка чегирткелерден бир аз алысыраак секире алганы үчүн мактанганы орундуубу? Андай ойдун өзү эле маанисиз нерсе. Ошондуктан элчи Пабыл ишенимдештерин: «Ким сени башкалардан жогору эсептеп жатат? Бардыгын Кудайдан алган жок белең? Эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?» — деп эскерткен (1 Корунттуктарга 4:7). Ушу сыяктуу аяттардын үстүнөн ойлонуу бизге момундук өрчүтүүгө жана аны чагылдырууга жардам берет.

17. Даниел пайгамбарга момундук өрчүтүүгө эмне жардам берген жана бизге эмне жардам бере алат?

17 Байыркы эврей пайгамбары Даниел өзүн «моюн сундургандыктан», башкача айтканда, момун болгондуктан Кудайдын көз алдында «эң сүйүктүү адам» деп аталган (Даниел 10:11, 12). Даниелге момундук өрчүтүүгө эмне жардам берген? Биринчиден, ал дайыма Жахабага тиленип, бүт бойдон ага таянган (Даниел 6:10, 11). Андан тышкары, ал Кудай Сөзүн тырышчаактык менен, туура ниет-максат менен изилдеген. Бул ага Кудайдын даңктуу ой-ниетин акылында тунук сактоого жардам берген. Ошондой эле Даниел элинин эле эмес, жеке өзүнүн да кемчиликтерин даярдуулук менен моюнга алган. Ал өзүнүн эмес, Кудайдын адилеттигин жактоого чын ыкластан кызыкдар болгон (Даниел 9:2, 5, 7). Сонун үлгү калтырган Даниелди туурап, жашообуздун бардык тармактарында момундук өрчүтүүгө жана аны чагылдырууга умтулуп жатабызбы?

18. Бүгүнкү күндө момундук көрсөткөндөрдү кандай даңк күтүп жатат?

18 «Моюн сунгандан [«момундуктан», СК] кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет»,— деп айтылат Накыл сөздөр 22:4тө. Ырас, Жахаба момундарды жакшы көрөт, а бул атак-даңкка жана өмүргө жеткирет. Забурчу Асап Кудайга кылган кызматын дээрлик токтотуп койгон болчу. Бирок кийин Жахабанын жардамы менен ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн соң, ал момундук менен: «Сен мени Өз кеңешиң менен жетектеп турасың, анан мени даңкың менен кабыл аласың»,— деп айткан (Забур 72:24). Ал эми бүгүнкү күндө момундук көрсөткөндөрдү кандай даңк күтүп турат? Жахаба менен жакын мамиледе болуп, анын жактыруусуна ээ болгондон тышкары, алар Дөөт падышанын: «Момундар... жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деген Кудайдан шыктандырылган сөздөрүнүн аткарылышын күтө алышат. Кандай сонун келечек! (Забур 36:11).

Эсиңердеби?

• Степан Жахаба өзүнүн даңкын ачып берген момун адам болгонун кандайча көрсөткөн?

• Жахаба Кудай кантип момундук көрсөткөн?

• Жахабанын өзүнүн даңкын момундарга ачып берерин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

• Кандайча Даниелдин үлгүсү бизге момундук өрчүтүүгө жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[22–беттеги кутуча]

Катуу, ошол эле учурда момун

1919-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ), Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрүнүн (бүгүнкү Жахабанын Күбөлөрүнүн) жыйыны болгондо, ошо кезде уюмга жетекчилик кылып турган 50 жаштагы Ж. Ф. Рутерфорд жыйынга келгендердин жүктөрүн көтөрүшүп, аларды бөлмөлөрүнө чейин узатып, биртуугандарына жан-дилден кызмат көрсөткөн. Жыйындын акыркы күнүндө ал 7 000дей угуучуну: «Силер падышалардын Падышасынын жана эгелердин Эгесинин кабарчыларысыңар, силер... адамдарга Эгебиздин даңктуу падышасын жарыялап жатасыңар»,— деген сөздөр менен толкундандырган. Рутерфорд биртууган көзкараштарына бекем карманган, абдан ынандырарлык сүйлөгөн жана чындык экенине көзү жеткен жерлерде артка чегинбеген адам болгон, ошол эле учурда Кудайдын алдында чындап момун болгон. Бул көп учурда Бейтелде эртең мененки сыйынуудагы тиленүүлөрүнөн байкалчу.

[19-беттеги сүрөт]

Жазманы жакшы билген Степан момундук менен тамак бөлүштүргөн.

[20-беттеги сүрөт]

Менашенин момундугу Жахабага жаккан.

[22-беттеги сүрөт]

Даниел эмнеден улам «эң сүйүктүү адам» болгон?