Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болгула

Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болгула

Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болгула

«Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун» (МАТАЙ 20:26).

1. Дүйнөнүн улуулукка болгон көзкарашы кандай?

ЕГИПЕТТЕГИ Каирден түштүк тарапты көздөй 500 чакырымдай алыстыкта жайгашкан байыркы Фивы (бүгүнкү Карнак) шаарында фараон Аменхотеп IIIнүн 18 метрлик айкели турат. Килейген ал эстеликти көргөн адам өзүн кепкенедей сезет. Фараонду аздектөө үчүн тургузулган бул айкел дүйнөнүн улуулукка болгон көзкарашын чагылдырып турат. Андай көзкараштагы адамдар өздөрүн мүмкүн болушунча чоң, маанилүү кылып көрсөтүүнү, ал эми башкалардын өздөрүн санда жок адамдай сезишин каалашат.

2. Ыйса жолдоочуларына кандай үлгү көрсөткөн жана өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз зарыл?

2 Улуулукка болгон андай көзкарашты Ыйса Машайактын көзкарашына салыштырып көрсөңөр. Жолдоочуларынын «Эгеси жана Устаты» («ЖД») болсо да, Ыйса адамдын улуулугу анын башкаларга кызмат кылышында экенин көрсөткөн. Мунун маанисин ал жердеги жашоосунун акыркы күнүндө шакирттеринин бутун жууп ачып берген. Башкаларга кызмат кылууда ал кандай гана момундук көрсөткөн! (Жакан 13:4, 5, 14). Кайсынысын көбүрөөк жактырасыңар: башкаларга кызмат кылуунубу же алардын силерге кызмат кылышынбы? Ыйсанын үлгүсү силерди ага окшоп момун болууга шыктандырабы? Келгиле анда, анын улуулукка карата көзкарашын дүйнөгө мүнөздүү көзкарашка салыштырып карап чыгалы.

Дүйнөнүн улуулукка карата көзкарашынан оолак болгула

3. Адамдардан даңк издегендердин кайгылуу натыйжаларга дуушар болорун Ыйык Китептеги кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

3 Ыйык Китептеги көп мисалдар көрсөтүп тургандай, дүйнөнүн улуулукка карата көзкарашы кыйроого алып барат. Эстер менен Мордохайдын күндөрүндө жашаган Аманды эстесеңер. Ал Персиянын падыша сарайында көрүнүктүү да, таасирдүү да адам болгон. Бирок атак-даңкты көксөп жүрүп акыры кадыр-баркынан, атүгүл өмүрүнөн айрылган (Эстер 3:5; 6:10—12; 7:9, 10). Ал эми бийлиги күч алып турган кезде акылынан ажыратылган текебер Небухаданасарчы? Анын улуулук жөнүндөгү натуура ою: «Падыша сарайы болсун деп, улуулугумдун даңкы үчүн кудуретимдин күчү менен курган, атагы алыска кеткен Бабыл ушул эмеспи!» — деген сөздөрдө чагылдырылган (Даниел 4:27). Ошондой эле кекирейген Ирод Агрипа I Кудайды даңктагандын ордуна даңкты өзүнө ыйгарган. Ал «куртка жем болуп өлгөн» (Элчилер 12:21—23). Жахабанын улуулукка карата көзкарашын түшүнбөгөндүктөн бул адамдардын баары маскара болуп, кыйроого учурашкан.

4. Дүйнөгө таандык бойкөтөрүүчүлүк рухунун өрчүшүнө ким себепкер?

4 Жашообузду урмат-сыйга, кадыр-баркка ээ болгудай кылып өткөрүүнү каалаганыбыздын жаман жери деле жок. Бирок Шайтан бул каалоону өз кызыкчылыгына пайдаланып, өзүнүн атак сүйүүчүлүк маанайы чагылдырылган бойкөтөрүүчүлүк рухунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт (Матай 4:8, 9). Ал «бул дүйнөнүн кудайы» экенин жана өзүнүн ой жүгүртүүсүн кеңири жайылтууга чечкиндүү аракеттенип жатканын эч качан унутпайлы (2 Корунттуктарга 4:4, «Инжил»; Эфестиктерге 2:2; Аян 12:9). Андай ой жүгүртүүнүн булагы ким экенин билгендиктен Ыйсанын жолдоочулары дүйнөнүн улуулукка карата көзкарашынан оолак болушат.

5. Ийгилик, атак жана байлык болсо, адам телегейи тегиз жашап калабы? Түшүндүргүлө.

5 Шайтан жайылткан түшүнүктөрдүн бири мындай: атагың алыска кетип, башкалар сени даңктап-макташса жана чөнтөгүң калың болсо, анда эле бактылуусуң. Чын эле ушундайбы? Ийгилик, атак жана байлык болсо, адам телегейи тегиз жашап калабы? Ыйык Китеп бизди мындай ойго алданбоого чакырат. Даанышман Сулайман падыша: «Ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында өз ара көрө албастыкты туудуруп жатканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!» — деп жазган (Насаатчы 4:4). Кудайдан шыктандырылган бул сөздөрдүн калетсиздигин дүйнөдө атак-даңкка, байлыкка умтулуп жашаган көп адамдар бышыктай алышат. Мисалы, Айга уча турган космос кемесин иштеп чыгууга, курууга жана сыноого катышкан бир адам: «Мен көп эмгектенип, ишимде чоң ийгиликтерге жетиштим. Бирок бул мага бакыт жана жандүйнө тынчтыгын алып келбегендиктен курулай убаракерчилик болуп чыкты»,— деп айткан *. Бизнесте, спортто же көңүл ачуу тармагында болобу, дүйнөнүн улуулук тууралуу түшүнүгү адамдын бактылуу болушуна өбөлгө түзбөйт.

Улуулуктун ачкычы башкаларга сүйүү менен кызмат кылууда

6. Жакып менен Жакандын улуулукка карата көзкараштары туура эмес болгонун эмне көрсөтүп турат?

6 Ыйсанын жашоосунда болгон бир окуя чыныгы улуулук деген эмнени билдирерин көрсөтүп турат. Б.з. 33-жылы Ыйса шакирттери менен Пасахты майрамдаганы Иерусалимге бараткан. Жолдон анын эки бөлөсү, Жакып менен Жакан, улуулукка карата көзкараштары туура эмес экенин көрсөтүшкөн. Апасы аркылуу алар Ыйсадан анын Падышачылыгында бири — оң жагына, бири сол жагына отурууну суранышкан (Матай 20:21). Жүйүттөрдө таасирдүү бирөөнүн оң жана сол жагына отуруу чоң сыймык деп эсептелчү (1 Падышалар 2:19). Жакып менен Жакандын эң көрүнүктүү орундарды ээлеп калууга аракеттенишкенинен аларда атак сүйүүчүлүк сапаты бар экени көрүнгөн. Алар өздөрүн ошол жогорку абалга укуктуу кылып көрсөткүсү келген. Ыйса муну билгендиктен, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алардын улуулукка карата жаңылыш көзкарашын оңдогон.

7. Ыйсанын сөздөрүнө ылайык, чыныгы улуулук эмнени билдирет?

7 Ыйса текебердиги менен айырмаланган бул дүйнөдө башкаларды башкарып, буйрук берген, алаканын бир чапканда эле бардык каалоолору орундатылган адам улуу деп эсептелерин билген. Бирок Кудайдын элинин арасында башкаларга момундук менен кызмат кылган адам улуу болуп саналат. Ыйса: «Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун»,— деп айткан (Матай 20:26, 27).

8. Кызматчы болуу деген эмнени билдирет жана өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрсөк болот?

8 «Кызматчы» деп которулган грек сөзү Ыйык Китепте башкаларга кызмат кылууга тырышчаактык жана туруктуулук менен умтулган адамга карата колдонулат. Ыйса шакирттерин маанилүү нерсеге үйрөткөн: адамды башкаларга буйрук берүү эмес, аларга сүйүү менен кызмат кылуу улуу кылат. Өзүңөрдөн: «Жакыптын же Жакандын ордунда болсом, Ыйсанын сөздөрүн кандай кабыл алат элем? Чыныгы улуулуктун ачкычы башкаларга сүйүү менен кызмат кылууда экенин түшүнөт белем?» — деп сурап көрсөңөр болот (1 Корунттуктарга 13:3).

9. Ыйсанын башкаларга жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Ыйса шакирттерине дүйнөнүн улуулукка карата көзкарашы өзүнүкүнөн айырмаланарын көрсөткөн. Башкаларга кызмат кылууда Ыйса эч качан өзүн жогору койгон эмес же аларга өздөрүн төмөн сездирткен эмес. Анын жанында ар кыл адамдар: эркектер, аялдар жана балдар, байлар, жакырлар жана таасирдүүлөр, ошондой эле таанылуу күнөөкөрлөр да өздөрүн эркин сезишкен (Марк 10:13—16; Лука 7:37—50). Башкалардын жаман жагын көргөндө адамдар көп учурда кыжырданышат. Ыйса анткен эмес. Шакирттери кээде акылсыздык кылып, талашып-тартышканда да, Ыйса аларды чыдамдуулук менен насааттап, өзүнүн чындап момун жана жоош экенин көрсөткөн (Захария 9:9; Матай 11:29; Лука 22:24—27).

10. Ыйса жерде жашап жүргөндө кантип башкаларга өзүмчүлсүздүк менен кызмат кылган?

10 Кудайдын жогорку абалды ээлеген Уулу өзүмчүл болбоо менен чыныгы улуулук деген эмне экенин айкын көрсөткөн. Ыйса жерге өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, башкаларга кызмат кылуу үчүн келген. Ал ар түрдүү ооруларды айыктырган, адамдарды жиндердин бийлигинен бошоткон. Чарчап, эс алууга муктаж болуп турганына карабастан ал дайыма башкалардын жыргалчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюп, аларды жубатууга умтулган (Марк 1:32—34; 6:30—34; Жакан 11:11, 17, 33). Сүйүүсүнөн улам Ыйса Падышалык тууралуу жакшы кабар таратуу үчүн чаң жолдор менен жүздөгөн чакырымдарды басып өтүп, адамдарга рухий жактан жардам берген (Марк 1:38, 39). Анын башкаларга кызмат кылууну абдан маанилүү деп эсептегени талашсыз.

Ыйсанын момундугун чагылдыргыла

11. Жыйналышта көзөмөлчүлүк кылууга дайындалган биртуугандар кандай сапаттарга ээ болушу керек?

11 Ыйсаны жолдогон көзөмөлчүлөр кандай маанай өрчүтүшү керектиги 1800-жылдардын аяк ченинде Кудайдын элине кызмат кылууга эркек биртуугандардын арасынан кыдыруучу өкүлдөр тандалганда баса көрсөтүлгөн. «Сион Күзөт мунарасынын» 1894-жылдын 1-сентябрындагы санына ылайык, «текеберденип кетпеши үчүн жоош... өз билими менен мактанбай, жөнөкөйлүгү жана күчү менен өзгөчөлөнгөн Кудай Сөзүн жарыялоого умтулган, адамдардын көңүлүн өзүнө эмес, Машайакка бурган момун» эркектер талап кылынган. Ооба, Ыйсанын чыныгы жолдоочусу жоопкерчиликтүү кызматка өзүнүн атак сүйүүчүлүк мүдөөсүн ишке ашыруу же атак-даңкка, бийликке ээ болуу үчүн умтулбашы керек. Момун көзөмөлчү жоопкерчиликтүү кызматы өзүнө даңк алып келе турган жогорку абал эмес, «жакшы иш» экенин эсинен чыгарбайт (1 Тиметейге 3:1, 2). Бардык аксакалдар жана кызмат жардамчылары башкаларга момундук менен кызмат кылууга жана ыйык кызмат аткарууда жоопкерчиликти колго алууга бүт күчү менен умтулуп, башкаларга татыктуу үлгү көрсөтүшү керек (1 Корунттуктарга 9:19; Галаттыктарга 5:13; 2 Тиметейге 4:5).

12. Жыйналыштагы ардактуу милдеттерге умтулгандар өздөрүнө кандай суроолорду берип көрсө болот?

12 Жыйналыштагы ардактуу милдеттерге умтулган эркек биртуугандардын баары өздөрүнө мындай суроолорду берип көрсө болот: «Мен башкаларга кызмат кылууга мүмкүнчүлүк издеймби же башкалардын мага кызмат кылышын каалаймбы? Башкаларга анча байкалбаган пайдалуу тапшырмаларды аткарууга даярмынбы?» Мисалы, жаш биртууган жыйналыштан сөз сүйлөп чыгууга даяр болгону менен, карыларга жардам берүүгө анча көңүлдөнбөшү мүмкүн. Ал жыйналыштагы жоопкерчиликтүү биртуугандар менен пикирлешүүнү жакшы көрүп, а кабар айтуу ишине катышууну көп жактырбашы ыктымал. Мындай биртууган өзүнөн: «Кудайга кызмат кылуунун атак-даңк жана мактоо алып келе турган жактарына умтулуп жаткан жокмунбу? Башкалардан өзгөчөлөнүүгө аракеттенбеймби?» — деп сурап көргөнү абзел. Өзүбүзгө даңк издөө менен Ыйсанын жолун жолдой албайбыз (Жакан 5:41).

13. а) Көзөмөлчүлөрдүн момундугу башкаларга кандай таасир тийгизе алат? б) Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочусу момундук сапатын сөзсүз өрчүтүшү керек?

13 Момундук көрсөтүү жагынан Ыйсаны тууроого умтулуу менен биз башкаларга кызмат кылууга түрткү алабыз. Мисалга Жахабанын Күбөлөрүнүн бир филиалына ал жерде иштердин кандай жүрүп жатканын көргөнү келген зоналдык көзөмөлчүнү алалы. Убактысынын тардыгына, ишинин көптүгүнө карабай ал көзөмөлчү адабияттарды тигүүчү бир машинени жөнгө салууга аракеттенип жаткан бир жаш биртууганга жардам берүү үчүн анын жанына токтогон. Жаш биртууган мындай деп айтып берген: «Ушунчалык таң калдым! Ал жаш кезинде Бейтелде кызмат кылып жүргөндө дал ушундай машинеде иштегенин жана аны так жөнгө салуу оңой эмес болгонун айтты. Башка маанилүү иштеринин көптүгүнө карабай ал мени менен ошол машинеде иштөөгө белгилүү бир убакыт бөлдү. Бул мага чоң таасир калтырды». Азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын биринде көзөмөлчү болуп кызмат кылган ал биртууган зоналдык көзөмөлчүнүн момундугун алигече эскерет. Келгиле, эч качан өзүбүздү өтө кыйын же өтө маанилүү деп эсептебейли жана жупуну, төмөн деп эсептелген тапшырмаларды аткаруудан качпайлы. Тескерисинче, биз «момундукту» кийип, аны өрчүтүүгө тийишпиз. Момундук Ыйсанын жолдоочусу кийиши керек болгон «жаңы табияттын» ичине кирет (Филипиликтерге 2:3; Колостуктарга 3:10, 12; Римдиктерге 12:16).

Канткенде улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашка ээ болобуз?

14. Кудай жана жакындарыбыз менен болгон мамилелерибиз тууралуу ой жүгүртүү кандайча бизге улуулукка карата туура көзкараш өрчүтүүгө жардам берет?

14 Канткенде улуулукка карата туура көзкарашта боло алабыз? Мунун бир жолу — Жахаба Кудай менен болгон мамилебиз тууралуу ой жүгүртүү. Ал өзүнүн улуулугу, күчү жана акылмандыгы жагынан кымындай пенделерден алда канча жогору турат (Ышайа 40:22). Жакындарыбыз менен болгон мамилебиз жөнүндө ой жүгүртүү да момундук өрчүтүүгө жардам берет. Мисалы, биз кайсы бир жактардан башкаларга караганда жөндөмдүү болушубуз мүмкүн, бирок жашоонун кыйла маанилүү тармактарында алар бизден мыкты болушу ыктымал, ошондой эле рухий биртуугандарыбыз бизде жок сапаттарга ээ болушу мүмкүн. А негизи, Кудайдын көз алдында баалуу адамдардын көбү өздөрүнүн жооштугунан жана момундугунан улам көп өзгөчөлөнүшпөйт (Накыл сөздөр 3:34; Жакып 4:6).

15. Кудайдын кызматчыларынын ишенимдүүлүгү кандайча эч кимдин өзүн башкалардан артык көрүүгө укугу жок экенин көрсөтүп турат?

15 Муну өздөрүнүн ишеними үчүн куугунтукталган Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы тастыктап турат. Адатта, дүйнөнүн көзкарашы боюнча карапайым деп эсептелгендер катуу сыноолордон өтүп, Кудайга ишенимдүү бойдон калышкан. Мындай адамдардын үлгүсүнүн үстүнөн ой жүгүртүү бизге момун бойдон калууга жана «өзүбүз жөнүндө керектүүдөн артык ойлобоого» жардам берет * (Римдиктерге 12:3).

16. Кантип жыйналыштагылардын баары улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкараш өрчүтө алышат?

16 Ыйсанын жолдоочуларынын баары жаш-кары дебей улуулукка карата Машайактыкындай көзкараш өрчүтүүгө умтулушу керек. Жыйналышта бизге ар кандай тапшырмалар берилет. Эгер сага төмөн болуп көрүнгөн иш тапшырылса, эч убакта нааразыланба (1 Шемуел 25:41; 2 Падышалар 3:11). Ата-энелер, балдарыңарды Падышалык залында же жыйын өткөрүлгөн жерде тапшырылган иштердин баарын кубаныч менен аткарууга үндөйсүңөрбү? Алар силердин башкаларга байкалбаган жөнөкөй иштерди кылып жатканыңарды көрөбү? Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылган бир ишенимдешибиз ата-энесинин үлгүсүн алигече эстеп жүрөт. Ал мындай дейт: «Ата-энемдин Падышалык залын же жыйын өткөн жерди тазалоого жасаган мамилесинен алардын бул ишти маанилүү деп эсептээри көрүнүп турчу. Алар жыйналышка же биртуугандарга пайдалуу боло турган иштерди кылууга дайым даяр турушчу жана эч бир тапшырманы төмөн деп эсептешчү эмес. Мындай маанай мага Бейтелдеги дайындоолордун баарын даярдуулук менен кабыл алууга жардам берип келет».

17. Момун эже-карындаштар кантип жыйналыш үчүн бата боло алышат?

17 Башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору коюу жагынан б.з.ч V кылымда Персия империясына ханыша болгон Эстер эң сонун үлгү көрсөткөн. Ак сарайда жашаганына карабастан ал Кудайдын эркине ылайык иш кылып, Анын эли үчүн өз өмүрүн тобокелге салууга даяр болгон (Эстер 1:5, 6; 4:14—16). Ыйсаны жолдогон бүгүнкү эже-карындаштар өздөрүнүн экономикалык абалына карабастан кайгы-муңга баткандарды бекемдеп, оорулууларды көргөнү барып, кабар айтуу ишине катышып жана аксакалдар менен кызматташып, Эстердикиндей рух чагылдыра алышат. Мындай момун эже-карындаштар — жыйналыш үчүн чыныгы бата!

Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болуудан келген баталар

18. Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болуу кандай пайдаларды алып келет?

18 Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болуу көп жактан пайдалуу. Башкаларга чын ниеттен кызмат кылуу аларга да, өзүңөргө да кубаныч алып келет (Элчилер 20:35). Даярдуулук менен, жан-дилден биртуугандарыңардын пайдасын көздөсөңөр, алар силерди ого бетер сүйүшөт (Элчилер 20:37). Баарынан маанилүүсү, Жахаба рухий биртуугандарыңардын жыргалчылыгы үчүн кылган нерселериңерди Өзүнө арналган жагымдуу мактоо курмандыгы катары эсептейт (Филипиликтерге 2:17).

19. Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болууга байланыштуу эмнеге умтулушубуз керек?

19 Ар бирибиз өз жүрөгүбүздү текшерип, өзүбүздөн: «Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болууга ооз жүзүндө эле умтуламбы же ошондой көзкараш өрчүтүүгө дилгирлик менен аракеттенемби?» — деп сурап көрсөк болот. Жахабанын текеберлерге кандай караары айкын (Накыл сөздөр 16:5; 1 Петир 5:5). Келгиле анда, улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болууну каалай турганыбызды жыйналышта, үй-бүлөбүздө жана башкаларга күнүгө жасаган мамилебизде иш жүзүндө көрсөтүп, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылалы (1 Корунттуктарга 10:31).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1984-жыл, 1-октябрь, 8—11-беттер, «Ийгилик издөөдө» (ор.).

^ 15-абз. Буга байланыштуу мисалдарды Жахабанын Күбөлөрүнүн 1992-жылдагы «Жылдык китебинин» (англ.) 181, 182-беттеринен жана 1993-жылдын 1-сентябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 27—31-беттеринен карагыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Дүйнөнүн улуулукка карата көзкарашынан эмне үчүн оолак болушубуз керек?

• Улуулук эмне экенин Ыйса кантип көрсөткөн?

• Ыйсанын момундугун көзөмөлчүлөр кантип чагылдыра алышат?

• Улуулукка карата Ыйсаныкындай көзкарашта болууга эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[27-беттеги кутуча]

Ким Ыйсаныкындай улуулукка ээ?

Башкаларга кызмат кылууну каалаган адамбы же алардын кызмат кылышын каалаганбы?

Өзгөчөлөнгөндү жакшы көргөнбү же башкаларга байкалбаган ишти аткарганбы?

Өзүн көтөрмөлөгөнбү же башкаларды көтөрмөлөгөнбү?

[24-беттеги сүрөт]

Аменхотеп IIIнүн килейген айкели.

[25-беттеги сүрөт]

Амандын кыйроого учурашына эмне себеп болгонун билесиңерби?

[26-беттеги сүрөт]

Башкаларга кызмат кылууга мүмкүнчүлүк издейсиңерби?