Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын кереметтери чындыкпы же уламышпы?

Ыйсанын кереметтери чындыкпы же уламышпы?

Ыйсанын кереметтери чындыкпы же уламышпы?

«ЫЙСАГА жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишти. Ал Өз сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, бардык оорулууларды айыктырды» (Матай 8:16). «Ыйса ордунан туруп, шамалга тыюу салды да, көлгө: „Тынчтан, токтоп кал!“ — деди. Шамал басылып, улуу тынчтык өкүм сүрдү» (Марк 4:39). Ушул сыяктуу билдирүүлөргө кандай карайсыңар? Аларды болгон окуялардын баяндалышы деп эсептейсиңерби же каймана мааниде айтылган аңгеме, уламыш деп ойлойсуңарбы?

Бүгүн көптөр Ыйсанын чындап керемет жасаганына шектенишерин айтышат. Азыркы телескоп менен микроскоптор, космосту изилдөө жана ген инженериясы өнүккөн заманда кереметтер менен табияттан тыш көрүнүштөр жөнүндөгү билдирүүлөргө ишенүү акылсыздыктай көрүнөт.

Айрымдар андай билдирүүлөрдү ойдон чыгарылган же каймана мааниде айтылган аңгемелер деп эсептешет. «Чыныгы» Ыйсаны көрсөтүүнү максат кылган бир автордун айтымында, Машайактын кереметтери тууралуу билдирүүлөр — христианчылыктын жайылышына өбөлгө түзүүгө багытталган «жарнама».

Башкалар болсо Ыйсанын кереметтерин кызылдай калп деп эсептешет. Кээде анын өзүн калп айткан дешет. Экинчи кылымда жашаган Юстин Азапкеч жазгандай, Ыйсаны сынга алган адамдар аны «сыйкырчы жана элди алдаган калпычы деп атоого батынышкан». Ыйса «кереметтерин эврейлердин пайгамбары катары эмес, ал өнөрүн бутпарастардын ийбадатканаларында үйрөнгөн көзбоочу катары жасаган» деген ырастоолор да бар.

«Мүмкүн эмес» дегенге карата айтылган ойлор

Кереметтердин болоруна шектенүүнүн негизги бир себеби адамдарга табияттан тыш күчтөрдүн бир нерсе кыла аларына ишенүү кыйын, алар жадагалса бул мүмкүн эмес деп эсептешет. Өзүн агностик деп эсептеген бир жигит: «Эмне десеңер да, кереметтердин жасалышы мүмкүн эмес»,— деген. Андан соң шотланд философу Дейвид Юмдун: «Керемет — табият мыйзамдарын бузуу»,— деген сөздөрүнө шилтеме кылган.

Бирок айрымдар кайсы бир кубулуштун болушу мүмкүн эмес деп ырастоого шашылышпайт. «Уорлд бук» энциклопедиясына ылайык, керемет — бул «бизге белгилүү табият мыйзамдары аркылуу түшүндүрүлүп берилгис көрүнүш». Бул аныктамага таянсак, космоско учуу, зымсыз байланыш жана спутник аркылуу радионавигация бир кылым мурун адамдарга «кереметтей» көрүнмөк. Заманбап илим түшүндүрүп бере албагандыктан эле кереметтердин болушу мүмкүн эмес деп айтуу туура эмес болор эле.

Ыйса жасаган кереметтердин айрымдарын Ыйык Китепте айтылгандардын негизинде карап көрүү менен кандай тыянакка келе алабыз? Алар чындыкпы же уламышпы?