Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакшы кеңешке муктажбызбы?

Жакшы кеңешке муктажбызбы?

Жакшы кеңешке муктажбызбы?

БҮГҮН көптөр өздөрүн жаман-жакшыны ажыратууга жөндөмдүү жана каалаганын кылууга укуктуу эсептешет. Канагаттануу апкеле турган иштердин бардыгын кыла берүүгө болот деп ойлогондор да бар. Үй-бүлө — алмустактан бери адамзат коомунун негизи деп эсептелип келген түзүлүш — бузулууда (Башталыш 3:5).

Мексикада жашаган Верониканын * кандай жагдайга дуушар болгонун карап көрөлү. Ал: «Баш кошконубузга 15 жылдын жүзү болоюн деп калганда, жолдошум менден жашыраак бир аял менен жашап жүргөнүн жана анын жанында өзүн бактылуураак сезгендиктен аны таштабаарын айтты. Эң жакын досумдан биротоло айрыларымды ойлогондо, заманам куурулуп, жер астын-үстүн болуп кеткендей сезилди. Мурда эң чоң кайгы жакын адамыңдын каза болушу деп ойлочумун. Бирок күйөөмдүн ойноштук кылганы мен үчүн андан алда канча жаман болуп чыкты, анткени сүйгөн адамымдан айрылганым аз келгенсип, ал мени кылган иштери менен дагы эле азапка салып келет»,— дейт.

Аялы менен ажырашып кеткен жана бир уулу бар 22 жаштагы эркектин окуясын мисалга алалы. Ал аталык милдетин аткаргысы келбейт: баласына да, өзүнө да апасы кам көрүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан апасы бардык талаптарын аткарбасын айтса эле, ачууланып, тарбия көрбөгөн немедей аны кордоп кирет. Апасынын чыдагандан башка эч айласы жок.

Буга окшогон окуялар абдан көп. Ажырашкандар менен бөлөк жашагандардын саны бардык жерде өсүүдө. Көптөгөн балдар атасы же энеси жаңы үй-бүлө куруу үчүн кетип калганына күбө болушууда. Айрым улан-кыздар айланасындагы адамдар менен ата-энелерин сыйлоо дегенди унутушуп, бир нече эле жыл мурун адамдын оюна келбеген нерселерди кылышууда. Көп өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн арасындагы жыныстык мамилелер, баңгилик, кылмышкерлик, ошондой эле балдардын мугалимдер менен ата-энелерин өлтүрүүсү боло жүргөн нерсеге айланды. Азыркы дүйнөдө кыйынчылыктар үй-бүлөлүк жашоодо же балдарды тарбиялоодо эле эмес, башка тармактарда да бар экенине силер да кошулат болушуңар керек.

Ушулардын бардыгын көрүп туруп: «Коом эмне болуп баратат?» — деп бушайман болуп жаткандырсыңар. Адамдар жаман-жакшыны чындап эле ажырата билишсе, анда эмне үчүн ушунчалык көп кыйынчылыктар чечилбей келет? Жакшы кеңешке муктаж эмеспизби? Андай кеңештин ишенимдүү булагын табууга болобу? Көптөр Кудайга жана анын Сөзүнө ишенебиз дешкени менен, бул чыгарган чечимдерине такыр таасир этпейт көрүнөт. Бирок кеңеш үчүн Кудайга кайрылсак кандай пайда ала алабыз? Эмки макалада ушу тууралуу сөз жүрмөкчү.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.