Жахаба — кайгы учурында коргоочубуз
Жахаба — кайгы учурында коргоочубуз
«Адил адамдардын куткарылышы Теңирден, кайгы учурунда Теңир алардын коргоочусу» (ЗАБУР 36:39).
1, 2. а) Ыйса шакирттери жөнүндө эмне деп тиленген? б) Кудайдын өз элине карата болгон эрки эмнеде?
ЖАХАБА — кудурети күчтүү Кудай. Ал ишенимдүү кызматчыларын өзү каалагандай коргой алат. Ал атүгүл элин бул дүйнөдөн бөлүп алып, коопсуз жана бейпил чөйрөдө жашата алмак. Бирок өзүнүн шакирттери жөнүндө Ыйса асмандагы Атасына: «Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм»,— деп тиленген (Жакан 17:15).
2 Жахаба бизди «дүйнөдөн алып кетүүнү» эмес, адамдардын арасында жашап, аларга үмүт жана жубатуу алып келерлик кабарды жарыялашыбызды ниет кылган (Римдиктерге 10:13—15). Бирок, Ыйса тиленүүсүндө билдирип кеткендей, бул дүйнөдө жашап жүрүп биз Шайтандын кол салууларына дуушар болобуз. Тилазар адамзат жана каардуу рухий күчтөр көптөгөн азап-кайгыларды туудуруп жатышкандыктан, Ыйсанын жолдоочуларынын да кайгыга баткан учурлары болот (1 Петир 5:9).
3. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары да эмнеге дуушар болушат, бирок анын Сөзү бизди эмне деп сооротот?
3 Кыйынчылыктарга туш болгондо кээде өзүбүздү алсыз сезип, кайгырганыбыз — табигый нерсе (Накыл сөздөр 24:10). Ыйык Китепте кыйынчылыктарга дуушар болгон ишенимдүү адамдар тууралуу көптөгөн билдирүүлөр камтылат. Забурчу: «Адил адамдын кайгысы көп, бирок аны бардык кайгысынан Теңир куткарат»,— деп айтат (Забур 33:20). Ооба, бактысыздыктарга адил адамдар да кабылышат. Айрым учурларда забурчу Дөөттөй болуп «алсырап, аябай кыйналабыз» (Забур 37:9). «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын» экенин, «руху менен моюн сунгандарды куткарарын» билүү кандай гана сооротот (Забур 33:19; 93:19).
4, 5. а) Жахабанын коргоосуна ээ болуу үчүн, Накыл сөздөр 18:10го ылайык, эмне кылышыбыз зарыл? б) Кудайдан жардам алуу үчүн кандай кадамдарды жасашыбыз керек?
4 Ыйсанын тиленүүсүнө ылайык, Жахаба бизди, чынында эле, коргоп турат. Ал — «кайгы учурунда» Забур 36:39). Накыл сөздөр китебинде ушуга окшош: «Теңирдин ысымы — бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот»,— деген сөздөр жазылган (Накыл сөздөр 18:10). Бул аяттан Жахабанын өзүнүн жаратууларына сүйүү менен кам көрөрү айкын көрүнүп турат. Бекем мунарага качып киргендей, Кудайды болгон күч-аракетин жумшап издеген адил адамдарды Жахаба өзгөчө коргойт.
коргоочубуз (5 Оор жагдайларда Жахаба бизди коргошу үчүн, эмне кылуу зарыл? Жахабадан жардам алуу үчүн кайсы үч кадамды жасашыбыз керектигин карап көрөлү. Биринчиден, асмандагы Атабызга тиленүү аркылуу кайрылышыбыз керек. Экинчиден, ыйык рухтун жетегине ылайык иш-аракет кылуу кажет. Үчүнчүдөн болсо, кайгыбызды тең бөлүшүүгө даяр ишенимдештерибиз менен бирге болууга аракет кылып, Жахаба бекиткен тартипке баш ийгенибиз талап.
Тиленүүнүн күчү
6. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары тиленүүгө кандай карашат?
6 Саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген айрым адистер депрессияга же стресске кабылган адамга тиленүүнү терапия катары сунуш кылышат. Ооба, тиленгендегидей тынч отуруп ой жүгүртүүнүн аркасында стрессти басаңдатуу мүмкүн. Бирок андай натыйжага жаратылыштагы үндөрдү угуп же арканы ушалоо менен да жетсе болот. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары тиленүүнү психотерапиянын бир ыкмасы катары эсептешпейт. Тиленүү биз үчүн Жараткан менен кастарлоо сезиминде сүйлөшүү болуп саналат. Ал аркылуу биз Кудайга болгон берилгендигибизди жана ага ишенерибизди көрсөтөбүз. Тиленүү — ыйык кызматыбыздын бир бөлүгү.
7. Кудайга ишеним артуу менен тиленүү деген эмнени билдирет жана мындай тиленүүлөр кайгы учурунда кандай жардам берет?
7 Тиленгенибизде Жахабага толук ишеним артышыбыз керек. Элчи Жакан: «Анын алдында кандай кайраттуулукка [«ишенимдүүлүккө», «ЖД»] ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат»,— деп жазган (1 Жакан 5:14). Эң Жогорку, жалгыз чыныгы жана кудурети күчтүү Кудай Жахаба өзүнүн кызматчыларынын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүнө, чынында эле, өзгөчө көңүл бурат. Тынчсыздандырган нерселерибиз жана кыйынчылыктарыбыз тууралуу айтып тиленгенибизде мээримдүү Кудайыбыздын угарын билүүнүн өзү эле соороторлук (Филипиликтерге 4:6).
8. Эмне себептен Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары Жахабага кайрылганда уялбашы же өздөрүн татыксыз сезбеши керек?
8 Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары Жахабага тиленүү аркылуу кайрылганда уялбашы, өздөрүн татыксыз жана ишенимсиз сезбеши керек. Өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болбой же кайсы бир кыйынчылыктан улам көңүлүбүз чөккөндө Жахабага тиленгибиз келбеши мүмкүн экени чын. Андайда Жахабанын «кыйналгандарына ырайым кыларын» жана «көңүлү чөккөндөрдү соороторун» эстен чыгарбаганыбыз дурус (Ышайа 49:13; 2 Корунттуктарга 7:6). Кыйналганда жана кайгыга батканда коргоочубуз катары асмандагы Атабызга кайрылганыбыз өзгөчө маанилүү.
9. Эмне үчүн Кудайга тиленген адам бекем ишенимге ээ болушу керек?
9 Тиленүү аркылуу жардам алгыбыз келсе, бекем ишенимге ээ болушубуз зарыл. Ыйык Китепте: «Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп айтылат (Эврейлерге 11:6). Ишенимге ээ болуу Кудайдын «бар экендигине» ишенүүдөн көптү билдирет. Чыныгы ишенимге ээ болуу Кудай бизге жашообузду ага жаккыдай өткөрүп жатканыбыз үчүн батасын берүүнү каалаарына жана бере аларына бекем ишенүүнү билдирет. «Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт» (1 Петир 3:12). Жахабанын бизге мээримдүүлүк менен кам көрөрүн дайым эстеп жүрсөк, тиленүүлөрүбүз өзгөчө мааниге ээ болот.
10. Жахабадан рухий жактан жардам алуу үчүн тиленүүлөрүбүз кандай болушу керек?
10 Жан-дилибизден тиленгенибизде, Жахаба угат. Забурчу: «Сени чын жүрөгүмдөн чакырам, Теңирим, мени ук»,— деп жазган (Забур 118:145). Көптөгөн диндердин өкүлдөрү жаттап алып айтып жүргөн тиленүүлөрдөн айырмаланып, биздин тиленүүлөрүбүз үстүрт эмес же ооз учунан эле айтылбайт. Жахабага «чын жүрөгүбүздөн» тиленгенибизде, сөздөрүбүз маани-маңызга ээ болот. Андай жалындуу тиленүүлөрдөн кийин өзүбүздү жеңил сезип калабыз, себеби бардык «түйшүктөрүбүздү» Жахабага тапшырып койгон болобуз. Ыйык Китепте убада кылынгандай, ал бизди «колдойт» (Забур 54:23; 1 Петир 5:6, 7).
Кудайдын руху — биздин жардамчыбыз
11. Жахабадан жардам «сураганды токтотпосок», ал бизге кандайча жооп бериши мүмкүн?
11 Жахаба тиленүүнү «угуп» эле койбостон, ага жооп да берет (Забур 64:3). Дөөт: «Кайгыга баткан күнү Сени чакырам, анткени Сен мени угасың»,— деп жазган (Забур 85:7). Ыйса шакирттерин Жахабадан жардам «сураганды токтотпоого» («ЖД») үндөгөн, анткени Асмандагы Атабыз «Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет» (Лука 11:9—13). Ооба, Кудайдын иш-аракеттүү күчү анын эли үчүн жардамчы же сооротуучу катары кызмат кылат (Жакан 14:16).
12. Кыйынчылыктарыбызды ойлоп кыйналганыбызда Кудайдын руху кандай жардам берет?
12 Сыноолорго кабылганыбызда да, Кудайдын руху бизге «кудуреттүү күч» берет (2 Корунттуктарга 4:7). Оор жагдайларга далай жолу кабылган элчи Пабыл толук ишеним менен: «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп айткан (Филипиликтерге 4:13, «ЖД»). Ага окшоп, Кудайга өтүнүчтөрү менен кайрылган бүгүнкү күндөгү көптөгөн ишенимдештерибиз да тиленүүлөрү кабыл кылынып, рухий жана денелик жактан күч-кубат алышканын сезишкен. Кудайдын руху жардам бергенден кийин, көп учурда кыйынчылыктарыбыз мурункудай оор сезилбей калат. Кудайдан ушундай күч алгандыктан биз да элчиге окшоп: «Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок өзүбүздү кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз үмүтсүз абалдабыз, бирок үмүтүбүздү үзбөйбүз. Бизди кубалап жатышат, бирок кароосуз калган жокпуз. Бизди кыйнап жатышат, бирок өлгөн жокпуз»,— деп айта алабыз (2 Корунттуктарга 4:8, 9).
13, 14. а) Кандайча Жахаба кайгы учурларында бизди Сөзү аркылуу коргоп келет? б) Ыйык китептик принциптерди колдонуу сага кандай жардам берет?
13 Ыйык рухун колдонуп Кудай биз үчүн Өзүнүн Сөзүн жаздырып, сактап келди. Кандайча Жахаба кайгы учурларында бизди Сөзү аркылуу коргоп келет? Маселен, ал бизге эстүү болууга, туура ой жүгүртүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 3:21—24). Ыйык Китеп акыл жана ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү жакшыртат (Римдиктерге 12:1). Кудай Сөзүн дайым окуп-изилдөөнүн жана үйрөнгөндөрүбүздү жашоодо колдонуунун аркасында «жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө көнүгөбүз» (Эврейлерге 5:14). Ыйык китептик принциптер оор жагдайларда акылдуу чечим чыгарууга кандайча жардам берерин өз тажрыйбаңдан көргөндүрсүң. Ыйык Китеп бизди оор жагдайлардан чыгууга жардам бере ала турган зээндүүлүккө ээ кылат (Накыл сөздөр 1:4).
14 Кудай Сөзүндө бизге күч берерлик дагы бир нерсе камтылган: ал — куткарылууга болгон үмүт (Римдиктерге 15:4). Ыйык Китепте жамандыктын түбөлүк улана бербеси айтылат. Кыйынчылыктарыбыздын баары убактылуу (2 Корунттуктарга 4:16—18). Биз «жалган сүйлөбөгөн Кудай кылымдар мурун эле убада кылган» «түбөлүк өмүргө» байланыштуу үмүткө ээбиз (Титке 1:2). Жахаба убадалаган эң сонун келечекти эсибизден чыгарбай, ушул үмүт менен кубансак, кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен көтөрө алабыз (Римдиктерге 12:12; 1 Тесалоникалыктарга 1:3).
Жыйналыш — Кудайдын сүйүүсүнүн далили
15. Ыйсанын жолдоочулары бири-бирине кантип жардам бере алышат?
15 Кайгы учурунда Жахаба бизге жыйналыштагы достук мамилелер аркылуу да жардам берет. Ыйык Китепте: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 17:17). Кудай Сөзү жыйналыштагылардын баарын бири-бирин урматтап, сүйүүгө үндөйт (Римдиктерге 12:10). «Ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлосун»,— деп жазган элчи Пабыл (1 Корунттуктарга 10:24). Мындай маанай бизге өзүбүздүн кыйынчылыктарыбыз жөнүндө эмес, башкалардын муктаждыктары тууралуу көбүрөөк ойлонууга жардам берет. Өзүбүздү башкаларга бергенибизде, башкача айтканда, алардын камын ойлогонубузда, алар эле эмес, өзүбүз да пайда алабыз, себеп дегенде кандайдыр бир деңгээлде бактылуу болуп, канагаттануу алабыз да, түйшүктөрүбүз жеңилдей түшөт (Элчилер 20:35).
16. Кандайча Кудайдын ар бир кызматчысы башкаларды бекемдей алат?
16 Рухий жактан жетилген биртуугандар башкаларды бекемдөөдө зор роль ойношот. Ан үчүн алар башкалар аларга оңой кайрыла алгыдай болууга жана жардам көрсөтүүгө даяр турууга аракет кылышат (2 Корунттуктарга 6:11—13). Жыйналыштагылардын ар бири жаштарды мактоого, жаңыларга колдоо көрсөтүүгө жана көңүлү чөккөндөрдү бекемдөөгө убакыт бөлүшсө, бул зор пайдаларды алып келет (Римдиктерге 15:7). Биртуугандык сүйүү шектенүүчүлүк рухунан качууга да жардам берет. Кимдир бирөө кыйналып жүрсө, аны рухий жактан алсыз деп айтууга шашылбашыбыз керек. Пабыл буга байланыштуу жакшы кеңеш берген: ал ишенимдештерин «кайгырган жандарды сооротууга» чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:14, «ЖД»). Жазмада Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын да кыйналган учурлары болору көрсөтүлөт (Элчилер 14:15).
17. Биртуугандык мамилелерибизди чыңдоого кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар?
17 Жыйналыш жолугушууларыбыз бири-бирибизди сооротууга жана бекемдөөгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет (Эврейлерге 10:24, 25). А бирок бири-бирибизди жыйналыш жолугушууларынан эле бекемдебейбиз. Кудайдын эли башка учурларда да пайдалуу пикир алышууга мүмкүнчүлүк издейт. Андыктан кимдир бирөө кыйын абалга кабылып калса, аны менен ага чейин эле достук мамиле өрчүткөндүктөн, жардам берүүгө даяр болобуз. Элчи Пабыл: «Дене мүчөлөрү өз ара бөлүнбөш үчүн, мүчөлөрдүн бардыгы бири-бирине кам көрүш үчүн... жайгаштырган. Ошондуктан бир мүчө азап тартса, аны менен кошо бардык мүчөлөр азап тартышат. Бир мүчө даңкталса, аны менен кошо бардык мүчөлөр кубанышат»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 12:25, 26).
18. Көңүлүбүз чөгүп турганда эмнеден качышыбыз керек?
18 Кээде көңүлүбүз катуу чөккөндүктөн ишенимдештерибиз менен пикирлешкенге алыбыз жоктой сезилиши мүмкүн. Ишенимдештерибиз бере алчу сооронуч менен жардамдан айрылып калбоо үчүн андай ой-сезимдерибиз менен күрөшүшүбүз керек. Ыйык Китеп: «Бөлүнө берген кыйкым издейт, акылдуу нерсенин баарын талашка коёт»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 18:1, МАК). Рухий биртуугандарыбыз — Кудайдын бизге кам көрөрүнүн далили. Кудайдын мээримдүүлүк менен берип жаткан ушул жардамын кабыл алсак, кайгы учурларында жеңилирээк болот.
Оң маанай сакта
19, 20. Ыйык Жазма бизге терс ойлор менен күрөшүүгө кантип жардам берет?
19 Көңүлү чөгүп капаланып турганда адам терс ойлорго оңой эле алдырышы мүмкүн. Мисалы, айрымдар бактысыздыкка учураганда өздөрүнүн рухийлигине шектенип киришет да, Кудайдын ырайымынан айрылгандыктан ушундай кыйынчылыктарга туш болуп жатам деп ойлой башташат. Бирок Жахабанын эч кимди жамандык менен сынабасын эстен чыгарбоо зарыл (Жакып 1:13). «Ал адам уулдарын Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча жазалабайт, Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча кайгыга салбайт»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Жеремиянын ыйы 3:33). Жахаба, кайра, өзүнүн кызматчылары кыйналганда, аябай кайгырат (Ышайа 63:8, 9; Захария 2:8).
20 Жахаба Кудай — «боорукердиктин жана сооронуунун булагы» (2 Корунттуктарга 1:3). Ал бизге кам көрөт жана убагы келгенде жогору көтөрөт (1 Петир 5:6, 7). Кудайдын бизге карата назик сезимдерди туярын эстен чыгарбоо оң маанай сактоого, ал эмес, кубанууга жардам берет. Жакып: «Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла»,— деп жазган (Жакып 1:2). Эмне үчүн? Ал: «Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир Өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат»,— деп жооп берет (Жакып 1:12).
21. Ишенимдүү кызматчыларын Кудай, алар кандай кыйынчылыктарга кабылышпасын, эмнеге ынандырат?
21 Ыйса эскерткендей, бул дүйнөдө азап тартпай койбойбуз (Жакан 16:33). Бирок Ыйык Китеп Жахабанын жана анын Уулунун сүйүүсүнөн бизди кайгы да, кысымчылык да, куугунтук да, ачкачылык да, жылаңачтык да, коркунуч да ажырата албаарын убада кылат (Римдиктерге 8:35, 39). Кандай кайгы болбосун, анын убактылуу экенин билүү кандай гана соороторлук! Ал эми азап-тозоктордун жок кылынышын күтүп жаткан азыркы мезгилде болсо мээримдүү Атабыз Жахаба бизди коргоп келет. Коргоону андан издесек, ал «эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот» (Забур 9:10).
Эмнени билдик?
• Азыркы бузулган дүйнөдө жашап жаткан Кудайдын кызматчылары эмнеге даяр болушу керек?
• Сыноо учурунда жалындуу тиленүүлөр кандайча бекемдейт?
• Кудайдын руху кандай жардам берет?
• Бири-бирибизге кандайча жардам бере алабыз?
[Изилдөө суроолору]
[14-беттеги сүрөт]
Бекем мунарага качып киргендей, Жахабаны издешибиз керек.
[16-беттеги сүрөт]
Рухий жактан жетилген биртуугандар башкаларды дайым мактап, бекемдешет.