Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайды «бир ооздон» даңктагыла

Кудайды «бир ооздон» даңктагыла

Кудайды «бир ооздон» даңктагыла

«Бир ооздон Теңирибиз [«Эгебиз», «ЖД»] Ыйса Машайактын Кудайын жана Атасын даңктагыла» (РИМДИКТЕРГЕ 15:5).

1. Пабыл ишенимдештерин пикир келишпестиктерди чечүүгө байланыштуу эмнеге үйрөткөн?

ЫЙСАНЫН жолдоочуларынын баары бирдей нерселерди тандап, бирдей нерселерди жактыра беришпейт. Ошентсе да алардын баары өмүргө алпаруучу жолдо биримдикте жүрүшү керек. Бул мүмкүн болгон нерсеби? Ооба, эгерде кичинекей пикир келишпестиктерди тоодой кыйынчылыктарга айлантпасак. Элчи Пабыл I кылымда ишенимдештерин ушуга үйрөткөн. Ал ошол маанилүү ойду кантип түшүндүргөн? Бүгүн биз анын Кудайдан шыктандырылган кеңешин кантип колдоно алабыз?

Биртуугандык биримдиктин маанилүүлүгү

2. Пабыл биримдиктин зарылдыгын кантип баса белгилеген?

2 Пабыл биртуугандык биримдиктин маанилүү экенин билген, ошондуктан ишенимдештерине бири-бирине сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болууга карата жакшы кеңеш берген (Эфестиктерге 4:1—3; Колостуктарга 3:12—14). Ошентсе да көп жыйналыштарды негиздеп, рухий биртуугандарын 20 жылдан ашык убакыт кыдыргандан кийин ал биримдикти сактоо оңой иш эмес экенин билген (1 Корунттуктарга 1:11—13; Галаттыктарга 2:11—14). Ошондуктан Римде жашаган ишенимдештерине: «Силер бир ой менен, бир ооздон Теңирибиз [«Эгебиз», «ЖД»] Ыйса Машайактын Кудайын жана Атасын даңкташыңар үчүн, чыдамдуулук жана кайраттуулук берүүчү Кудай... силерге өз ара бир ой берсин»,— деген (Римдиктерге 15:5, 6). Бүгүн биз да Жахаба Кудайды анын бирдиктүү эли катары «бир ооздон» даңкташыбыз керек. Бул жагынан кандай күч-аракеттерди жумшап жатабыз?

3, 4. а) Ыйсанын Римде жашаган жолдоочуларынын тек-тамыры кандай болгон? б) Кээ бир айырмачылыктарга карабай Ыйсанын Римдеги жолдоочулары кантип Жахабага «бир ооздон» кызмат кыла алышмак?

3 Пабыл Римдеги ишенимдештеринин көптөрү менен дос эле (Римдиктерге 16:3—16). Алардын тек-тамыры ар башка болгонуна карабай, Пабыл рухий биртуугандарынын баарын «Кудайдын... сүйүктүүлөрү» деп эсептеген. Ал: «Силердин ишенимиңер жөнүндө бүт дүйнөгө жарыяланып жатат. Ошондуктан мен баарынан мурда, бүт бардыгыңар үчүн Кудайга Ыйса Машайак аркылуу ыраазычылык билдиремин»,— деп жазган. Ырас, римдиктер көп жактан үлгүлүү болушкан (Римдиктерге 1:7, 8; 15:14). Ошол эле учурда жыйналыштын айрым мүчөлөрү кээ бир маселелерге ар башка көзкарашта болушкан. Ыйсанын бүгүнкү жолдоочуларынын да тек-тамыры жана маданияты ар түрдүү болгондуктан, Пабылдын пикир келишпестиктерди чечүүгө карата Кудайдын шыктандыруусу менен берген кеңешин изилдөө бизге «бир ооздон» сүйлөөгө жардам берет.

4 Римдеги ишенимдештердин арасында жүйүттөр да, бутпарастар да болгон (Римдиктерге 4:1; 11:13). Ыйсаны жолдогон кээ бир жүйүттөр Мусанын мыйзамындагы белгилүү бир каада-салттарды аткаруу куткарылуу үчүн зарыл эмес экенин түшүнүшсө да, сыягы, алардан баш тарта албай жүрүшкөн. Ал эми айрымдары Машайактын курмандыгы аларды чындыкты тааныганга чейин чектеп келген нерселерден бошотконун баамдашкандыктан айрым адаттарын, каадаларын өзгөртүшкөн (Галаттыктарга 4:8—11). Буга карабастан, Пабыл айтып өткөндөй, баары «Кудайдын... сүйүктүүлөрү» болушкан. Бири-бирине карата туура маанайда болушса, баары Кудайды «бир ооздон» даңктай алышмак. Бүгүн биз да айрым маселелерге карата ар кандай көзкарашта болушубуз мүмкүн, ошондуктан Пабылдын ошол маанилүү принципти кандай түшүндүргөнүн кылдат карап чыкканыбыз абзел (Римдиктерге 15:4).

«Бири-бириңерди кабыл алгыла»

5, 6. Эмне үчүн Римдеги биртуугандар эки ача көзкарашта болушкан?

5 Римдиктерге жазган катында Пабыл түрдүү ой-пикирлерди туудурган маселени козгойт. «Бир адам баарын жей берсе болот деп ишенет, ал эми алсыз адам жашылчаларды гана жейт»,— деп жазган ал. Мындай жагдай эмнеден улам пайда болгон? Мусанын мыйзамында чочконун этин жегенге тыюу салынган болчу (Римдиктерге 14:2; Лебилер 11:7). Бирок Ыйса өлгөндөн кийин ал Мыйзам күчүн жоготкон (Эфестиктерге 2:15). Кийин Ыйсанын өлгөнүнөн үч жарым жыл өткөн соң, бир периште элчи Петирге Кудайдын көзкарашы боюнча эч бир тамак арам деп эсептелбеши керектигин айткан (Элчилер 11:7—12). Ушуларды эске алып, Ыйсанын кээ бир жүйүт жолдоочулары чочконун этин же Мыйзам боюнча жегенге тыюу салынган дагы башка тамак-ашты жей берсе болорун түшүнүшсө керек.

6 Бирок башкаларына мурда арам деп эсептелген тамак-ашты жесе болору тууралуу ойдун өзү эле жийиркеничтүү болушу мүмкүн эле. Абийири алсыз андай адамдар Кудай кошкон жүйүт биртуугандарынын ошондой тамак жеп жатканын көрүп, ичтеринен ыза болушу ыктымал болчу. Андан тышкары, бутпарастардан чыккан айрым биртуугандар, мурдагы дини тамак-ашка карата эч кандай тыюу салбагандыктан, бирөөнүн тамак жөнүндөгү талаш кебине таң калышы мүмкүн эле. Албетте, кимдир бирөөнүн кайсы бир тамакты жегенден баш тартканынын эч жаман жери жок болчу (эгер ал мындай баш тартуу куткарылууга алып барат деп ырастабаса). Ошентсе да бул маселеге карата эки башка көзкараш жыйналышта оңой эле талаш-тартыштарды туудура алмак. Ыйсанын Римдеги жолдоочулары мындай пикир келишпестиктердин Кудайды «бир ооздон» даңктоого жолтоо болушуна жол бербөөгө тийиш болушкан.

7. Жума сайын өзгөчө бир күндү сактоого байланыштуу кандай эки түрдүү көзкараш болгон?

7 Пабыл: «Бир адам бир күндү бир күндөн айырмалайт, башка бир адам болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт» — деп, дагы бир мисал келтирген (Римдиктерге 14:5а). Мусанын мыйзамы боюнча ишемби күнү эч кандай жумуш аткарылбашы керек болгон. Ал күнү атүгүл жол жүрүүгө тыюу салынган (Чыгуу 20:8—10; Матай 24:20; Элчилер 1:12). Бирок Мыйзам жоюлганда, ал тыюулар да жоюлган. Ошентсе да Ыйсанын жүйүт жолдоочуларынын кээ бирлери мурун ыйык деп эсептелген күнү кандайдыр бир иш кылуудан же узак жол жүрүүдөн чочулап, тынчсызданышы мүмкүн эле. Кудайдын көз алдында ишемби жөнүндөгү мыйзам күчүн жоготсо да, алар Ыйсанын жолдоочулары болгондон кийин деле жетинчи күндү жалаң рухий иштерге арнашы ыктымал болчу. Муну туура эмес деп айтууга болот беле? Жок. Эгер алар ишембини сактоо Кудайдын талабы деп ырасташпаса, алардын кылганы туура эле болмок. Ошондуктан Пабыл рухий биртуугандарынын абийирин эске алып: «Ар бир адам өзүнүн көз карашына бекем болсун»,— деп жазган (Римдиктерге 14:5б).

8. Ыйсанын Римдеги жолдоочулары башкалардын абийирин эске алуу менен бирге, эмне кылбоого тийиш болушкан?

8 Пабыл биртуугандарын абийирге тийиштүү суроолор менен күрөшүп жаткандарга чыдамдуулук менен мамиле кылууга жылуу-жумшак үндөө менен бирге, ишенимдештерин куткарылуу үчүн зарыл деп Мусанын мыйзамына баш ийдирүүгө аракет кылгандарды катуу айыптаган. Мисалы, болжол менен б.з. 61-жылы ал Ыйсанын жүйүт жолдоочуларына жазган күчтүү катында, Эврейлерге деген китепте, Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде анын жолдоочулары жакшыраак үмүткө ээ болгондуктан, Мусанын мыйзамына баш ийүүнүн зарылдыгы жок экенин айкын-даана түшүндүргөн (Галаттыктарга 5:1—12; Титке 1:10, 11; Эврейлерге 10:1—17).

9, 10. Ыйсанын жолдоочулары эмнеден качышы керек? Түшүндүргүлө.

9 Пабылдын ой калчоосунан көрүнүп тургандай, ыйык китептик принциптер бузулбаса, ар башка көзкараштар биримдикке коркунуч туудурбайт. Андыктан Пабыл Ыйсанын абийири алсызыраак жолдоочусунан: «Эмне үчүн сен өзүңдүн бир тууганыңды соттоп жатасың?» — деп сурайт. Ал эми күчтүүрөөгүнөн (болжолу, абийири Мыйзам боюнча тыюу салынган тамактарды жегенге же ишемби күнү иштегенге жол берген биртуугандан): «А сен эмне үчүн бир тууганыңды басынтып жатасың?» — деп сурайт (Римдиктерге 14:10). Пабылдын сөздөрүнө ылайык, Ыйсанын абийири алсызыраак жолдоочулары ойөрүшү кененирээк биртуугандарын айыптоодон качышы керек. Ошол эле учурда абийири күчтүүрөөктөрү кайсы бир жактардан абийири дагы деле алсыз болгондорду басынтпоого тийиш болушкан. Баары башкалардын туура ниеттерине урмат көрсөтүп, «өздөрү жөнүндө керектүүдөн артык ойлобошу» керек (Римдиктерге 12:3, 18).

10 Пабыл теңсалмактуу көзкараш кандай болорун төмөнкүдөй түшүндүргөн: «Баарын жеген адам жебеген адамды басынтпасын. Кээ бир нерселерди жебеген адам жеген адамды соттобосун, анткени аны Кудай кабыл алган». Анан: «Машайак силерди Кудайдын даңкы үчүн кабыл алган»,— деп айткан. Кудай менен Машайак күчтүүлөрүн да, алсыздарын да жактыргандыктан, биз да ушундай көзкарашта болуп, «бири-бирибизди» кабыл алышыбыз керек (Римдиктерге 14:3; 15:7). Мунун калетсиздигин ким тана алсын?

Биртуугандык сүйүү биримдикке өбөлгө түзөт

11. Пабылдын күндөрүндө кандай өзгөчө жагдай болгон?

11 Римдиктерге жазган катында Пабыл өзгөчө бир жагдайга токтолгон. Жахаба жакында эле бир келишимди жоюп, жаңысын негиздеген болчу. Айрымдарга жаңы келишимге ылайык өзгөрүү кыйынга турган. Бүгүнкү күндө так ошондой жагдай болбосо да, кээде ошо сыяктуу маселелер көтөрүлүшү мүмкүн.

12, 13. Бүгүнкү күндө Ыйсанын жолдоочулары кандай жагдайларда биртуугандарынын абийирине урмат көрсөтө алышат?

12 Мисалы, Ыйсаны жолдогон аялдардын бири мурдагы дининде кийим-кече жана сырткы көрүнүш өтө жупуну болушу керек деп үйрөтүлгөн дейли. Чындыкты тааныгандан кийин ал үчүн жөнөкөй, түстүү кийим кийүүгө же эби менен боёнууга тыюу салынбай турганын туура көрүү оңойго турбашы ыктымал. Ыйык китептик эч кандай принцип бузулбаган соң, ал биртууганды абийирине каршы иш кылууга ынандыруу туура эмес болор эле. Ошол эле учурда ал абийири түрлүү-түстүү кийинүүгө же боёнууга жол берген башка эже-сиңдилерди сындабашы керектигин түшүнөт.

13 Дагы бир мисал алып көрөлү. Ыйсаны жолдогон эркек ичимдик ичүүгө терс көзкараштагы чөйрөдө тарбияланган адамдардан болушу мүмкүн. Чындыкты тааныгандан кийин ал Ыйык Китептен шарап Кудайдын белеги экенин жана аны чени менен ичүүгө тыюу салынбасын түшүнөт (Забур 103:15). Ал бул көзкарашты кабыл алат. Бирок башкача тарбияланганына байланыштуу такыр ичимдик ичпөөнү эп көрөт. Ошол эле учурда аны чени менен ичкендерди сындабайт. Ошентип, ал Пабылдын: «Тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылган болот (Римдиктерге 14:19).

14. Ыйсанын жолдоочулары Пабылдын римдиктерге берген кеңешин кандай жагдайларда колдоно алышат?

14 Пабылдын римдиктерге берген кеңешине ылайык иш кылууну талап кылган башка да жагдайлар болот. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышын түзгөн адамдар ар кандай болгондуктан, алардын табити да ар түрдүү. Ошо себептен алар кийим-кече жана сырткы көрүнүш сыяктуу маселелерде ар кандай чечим чыгарышы ыктымал. Албетте, Ыйык Китепте Ыйсанын чын ыкластуу жолдоочуларынын баары карманган айкын принциптер берилет. Эч кимибиздин кийимибиз же чач жасалгабыз ашыкча бөтөнчөлөнүп, башкаларды аң-тан калтырып же дүйнөдөгү ыймансыз адамдардын рухун чагылдырып турбашы абзел (1 Жакан 2:15—17). Ыйсанын жолдоочулары ар убак, атүгүл эс алып жатканда да Ааламдын Эгедеринин кызматчылары жана өкүлдөрү экенин эстен чыгарышпайт (Ышайа 43:10; Жакан 17:16; 1 Тиметейге 2:9, 10). Анткен менен, көптөгөн жерлерде алар үчүн туура тандоо жасоого мүмкүнчүлүктөр арбын *.

Башкаларды мүдүрүлтүүдөн качкыла

15. Ыйсанын жолдоочусу кайсы учурда биртуугандарынын пайдасы үчүн өз укуктарынан кечиши мүмкүн?

15 Пабылдын Римдеги ишенимдештерине берген кеңешинде дагы бир маанилүү принцип бар. Кээде абийири жакшы үйрөтүлгөн Ыйсанын жолдоочусу, бир нерсени кылууга укуктуу болсо да, аны кылбоону чечиши мүмкүн. Эмне үчүн? Себеби ал кайсы бир иш-аракеттеринин башкаларга зыян тийгизиши ыктымал экенин түшүнөт. Андай учурда эмне кылуу керек? «Эт жеп, шарап ичүү же башка бир нерселер бир тууганыңдын мүдүрүлүүсүнө... түрткү болсо, андай нерселерди кылбай эле койгонуң жакшы»,— дейт Пабыл (Римдиктерге 14:14, 20, 21). Ошентип, «биз, ишеними күчтүүлөр, алсыздардын алсыз жагын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө жакканды эле ойлобой, ар бирибиз жакыныбызга жакканды ойлойлу. Ал үчүн жакшы болуусун, анын ишениминин өсүүсүн көздөйлү» (Римдиктерге 15:1, 2). Биз кылчу нерсе ишенимдешибиздин абийирине терс таасир тийгизе тургандай болсо, биртуугандык сүйүү анын сезимдерин эске алууга жана каалоолорубузду ооздуктоого түрткү берет. Буга ичимдик ичүүнү мисал кылса болот. Ыйсанын жолдоочусуна спирт ичимдиктерин чени менен ичүүгө жол берилет. Бирок, эгер ичимдик ичүү жакынын мүдүрүлтө турган болсо, ал ичкенге укугум бар деп туруп албайт.

16. Аймагыбыздагы адамдардын сезимин кантип эске алсак болот?

16 Бул принципти жыйналыштын мүчөлөрү болбогондорго карата жасаган мамилебизде да колдонууга болот. Мисалы, биз жашаган жердеги «негизги» диндин мүчөлөрү жуманын бир күнүн эс алуу күнү деп эсептеши мүмкүн. Ошол себептен улам, башкаларды мүдүрүлтпөш үчүн жана кабар айтуу ишине тоскоолдуктарды туудуруп албаш үчүн, ошол күнү алардын сезимин кордой турган нерселерди кылуудан мүмкүн болушунча качабыз. Дагы бир жагдайды алалы: Ыйсанын бардар жолдоочусу кызмат кылуу үчүн муктаждык көбүрөөк болгон жана жакыр адамдар жашаган жерге көчүп барышы мүмкүн. Ал жаңы жердеги адамдардын сезимин эске алып, өтө жөнөкөй кийинүүнү же акча-каражаты жетиштүү болгонуна карабай жупунураак жашоо өткөрүүнү туура көрүшү ыктымал.

17. Кандайдыр бир иш кылууда башкалардын сезимин эске алуу эмне үчүн эстүүлүккө жатат?

17 «Ишеними күчтүүлөрдүн» мындай өзгөрүүлөрдү жасаарын күтүү эстүүлүккө жатабы? Мындай мисалдын үстүнөн ойлонуп көрөлү: чоң жолдо машине айдап баратып, жолго жакын жерде басып бараткан балдарды көрдүк дейли. Укугубуз бар болгондуктан эле машинени уруксат берилген эң чоң ылдамдыкта айдап кете беребизби? Жок, балдардын өмүрүнө коркунуч туудуралык кырдаалдан качуу үчүн машиненин жүрүшүн жайлатабыз. Ушу сыяктуу эле, кээде ишенимдештерибиз же башкалар менен мамилелешүүдө жүрүшүбүздү жайлатууга, башкача айтканда, алардын пикирине моюн сунууга даяр болуу талап кылынат. Биз бир нерсени кылууга толук укуктуу болушубуз мүмкүн жана антүү менен Ыйык Китептин эч бир принцибин бузбашыбыз ыктымал. Бирок, эгер башкалардын көңүлүн оорутуп же абийири алсызыраактарга зыян тийгизип алышыбыз мүмкүн болсо, биртуугандык сүйүү бизге абайлап иш кылууга түрткү берет (Римдиктерге 14:13, 15). Биримдикти сактоо жана Падышалыктын кызыкчылыктарын ойлоо өз укуктарыбызды ишке ашыруудан маанилүү.

18, 19. а) Башкалардын сезимин эске алуу жагынан Ыйсаны кантип туурай алабыз? б) Кайсы жактан баарыбыз толук биримдикте иш-аракет жүргүзөбүз жана эмки макалада эмнелер талкууланат?

18 Ошентүү менен биз эң сонун үлгүнү жолдойбуз. Пабыл мындай дейт: «Ыйык Жазууда: „Сага тил тийгизгендердин суук тили Мага тийип жатат“,— деп жазылгандай, Машайак да Өзүнө эмес, Атасына жакканды кылган». Ыйса өз өмүрүн биз үчүн курмандыкка чалууга даяр болгон. Эгер «алсыздар» биз менен биримдикте Кудайды даңктоого түрткү ала турган болсо, биз да курмандыктарга барып, айрым укуктарыбыздан кечүүгө даярбыз. Абийири алсызыраак биртуугандарыбызга ылайыкташа билип, кеңпейилдик менен мамиле кылып, каалоолорубузду өз эркибиз менен ооздуктаганыбыз жана укуктарыбызды ишке ашырууну көздөбөгөнүбүз Ыйса Машайактыкындай ой жүгүртүүгө ээ экенибизди айгинелейт (Римдиктерге 15:1—6).

19 Ыйык Китептин принциптерине байланышы жок маселелерде көзкараштарыбыз ар башка болсо да, сыйынууга келгенде толук биримдикте иш-аракет жүргүзөбүз (1 Корунттуктарга 1:10). Мындай биримдик, мисалы, чыныгы сыйынууга каршы болгондорго жасаган мамилебизден көрүнөт. Кудайдын Сөзү андай каршылаштарыбызды чоочундар деп атап, алардын «үнүнөн» этият болууга үндөйт (Жакан 10:5). Ал чоочундарды кантип таанууга болот? Алардын мамилесине кандай жооп кайтарышыбыз керек? Бул суроолор кийинки макалада каралат.

[Шилтеме]

^ 14-абз. Жашы жете элек балдарга кандай кийинүү керектигин ата-энелери үйрөтөт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жеке маселелерге карата ар башка көзкарашта болуу эмне үчүн биримдикке коркунуч туудурбайт?

• Эмнеге биз Ыйсанын жолдоочулары катары бири-бирибиздин сезимдерибизди эске алышыбыз керек?

• Пабылдын биримдик жөнүндөгү кеңешин кандай учурларда колдонсок болот жана антүүгө бизге эмне түрткү берет?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Пабылдын биримдик жөнүндөгү кеңеши жыйналыш үчүн абдан маанилүү болгон.

[24-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары, тек-тамыры ар башка болсо да, биримдиги менен айырмаланат.

[26-беттеги сүрөт]

Азыр бул айдоочу эмне кылышы керек?