Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Себепсиз жек көрүнгөндөр

Себепсиз жек көрүнгөндөр

Себепсиз жек көрүнгөндөр

«Мени себепсиз эле жек көрүшөт» (ЖАКАН 15:25).

1, 2. а) Эмне үчүн айрымдар Ыйсанын жолдоочуларынын жамандалып жатканын түшүнүшпөйт, бирок бул эмне себептен бизди таң калтырбашы керек? б) Бул макалада «жек көрүү» деген сөз айкашынын кайсы мааниси каралат? (Шилтемени карагыла.)

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ Кудайдын Сөзүндөгү принциптер боюнча жашоого умтулушат. Ошондуктан алар көп өлкөлөрдө жакшы атка ээ. Бирок айрым учурларда алар тууралуу жалган маалыматтар таратылат. Мисалы, Санкт-Петербург шаарындагы бир кызматкер: «Биз Жахабанын Күбөлөрүн балдарды мыкаачылык менен өлтүрүп, өздөрүнүн жанын кыйып, жашырын жол менен иш жүргүзгөн секта деп укчубуз»,— деп эскерген. Бирок эларалык жыйынга байланыштуу Жахабанын Күбөлөрү менен иштешкенден кийин ал: «Азыр мен... жадырап-жайнаган, кадимки эле адамдарды көрүп жатам. Алар — тынчтыкты сүйгөн, бири-бирин абдан жакшы көргөн токтоо адамдар»,— деп белгилеген. Анан: «Мен адамдардын алар жөнүндө мындай жалган сөздөрдү эмне үчүн таратарын такыр түшүнбөйм»,— деп кошумчалаган (1 Петир 3:16).

2 Кудайдын кызматчылары жаманатты болуудан ырахат алышпайт, ошентсе да адамдардын жамандаганы аларга таң калыштуу эмес. Ыйса өзүнүн жолдоочуларына мындай деп эскерткен: «Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле... Алардын мыйзамындагы „Мени себепсиз эле жек көрүшөт“ деген сөз аткарылыш үчүн ушундай болду» * (Жакан 15:18—20, 25; Забур 34:19; 68:5). Мурунураак шакирттерине: «Эгерде үй ээсин Белзебул дешсе, анда үйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы!» — деп айткан (Матай 10:25). Ыйсанын жолдоочулары чындыкты таануу менен «кыйноо мамысын алышкандыктан» («ЖД») ушундай кордукка дуушар болуп жатышканын түшүнүшөт (Матай 16:24).

3. Кудайдын чыныгы кызматчылары канчалык масштабда куугунтукталып келишет?

3 Кудайдын чыныгы кызматчылары тээ байыртан, «адилеттүү Абылдын» убагынан бери куугунтукталып келишет (Матай 23:34, 35). Алардын куугунтукталуусу айрым учурлар менен эле чектелбейт. Ыйса жолдоочуларынын анын ысмы үчүн «баарына жек көрүндү болорун» айткан (Матай 10:22). Кийин элчи Пабыл Кудайдын бардык кызматчылары, демек, ар бирибиз куугунтукка алынарыбыз жөнүндө жазган (2 Тиметейге 3:12). Жахабанын кызматчыларынын куугунтукталышынын себеби эмнеде?

Негизсиз жек көрүндү болушубузга ким себепкер?

4. Ыйык Китепте негизсиз жек көрүндү болушубузга ким себепкер экени кандайча көрсөтүлгөн?

4 Кудайдын Сөзү көрсөтүп тургандай, көзгө көрүнбөгөн бирөө башынан эле адамдардын ортосуна от коюп келген. Ишеними күчтүү адамдардын биринчиси Абылдын эмне үчүн мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн мисал катары карап көрөлү. Ыйык Китепте аны ырайымсыз түрдө өлтүргөн биртууганы Кабыл «амалкөйдөн», Шайтан Ибилистен, болгон деп айтылат (1 Жакан 3:12). Кабыл Шайтандын маанайын чагылдыргандыктан, Ибилис аны өзүнүн арам ой-максаттарын ишке ашыруу үчүн колдонгон. Ыйык Китепте Аюбга жана Ыйса Машайакка каардуулук менен кол салууда Шайтандын аткарган ролу көрсөтүлөт (Аюб 1:12; 2:6, 7; Жакан 8:37, 44; 13:27). Аян китебиндеги: «Сыналышыңар үчүн, шайтан силердин араңардан кээ бирөөлөрүңөрдү зынданга салат»,— деген сөздөр Ыйсанын жолдоочуларынын куугунтукталышына ким себепкер экенин айгинелеп турат (Аян 2:10). Демек, Кудайдын элинин негизсиз жек көрүндү болуп жатканына Шайтан себепкер.

5. Эмне себептен Шайтан Кудайдын чыныгы кызматчыларын жек көрөт?

5 Эмне себептен Шайтан Кудайдын чыныгы кызматчыларын жек көрөт? Шайтан чексиз текебердигин ашкерелеп турган ой-максатын орундатууга умтулуп, «түбөлүктүү Падыша» Жахаба Кудайга каршы чыккан (1 Тиметейге 1:17; 3:6). Ал Кудайды өзүнүн жаратууларынын эркиндигин чектейт деп каралайт жана адамдар Ага чын ниет менен эмес, өздөрүнө пайда издегендиктен эле кызмат кылышат дейт. Андан сырткары, ага адамдарды сыноого мүмкүнчүлүк берилсе, баарын Кудайдан баш тарттыра алмактыгын ырастайт (Башталыш 3:1—6; Аюб 1:6—12; 2:1—7). Шайтан Жахабаны эзүүчү, калпычы жана каражолтой деп жамандап, өзү ааламды эң сонун башкара алмактыгын көрсөтүүгө аракеттенет. Ошентип, анын Кудайдын кызматчыларына жаалын төгүп жатканынын себеби башкалардын ага сыйынышын көксөгөндүгүндө (Матай 4:8, 9).

6. а) Жахабанын эгедерлигине байланышкан маселенин ар бирибизге кандай тиешеси бар? б) Бул маселени түшүнгөнүбүз ишенимдүүлүгүбүздү сактоого кандай жардам берет? (12-беттеги кутучаны карагыла.)

6 Бул маселенин сенин жашооңо кандай тиешеси бар экенин түшүнүп жатасыңбы? Жахабанын кызматчысы катары сен Кудайдын эркин аткаруу кыйла күч-аракетти талап кылганы менен, мол баталарды алып келерине ынанган чыгарсың. Бирок шартка байланыштуу Жахабанын мыйзамдары менен принциптерине баш ийүү кыйын, атүгүл абдан оор болуп жатса, кантесиң? Жумшаган күч-аракеттериңдин акыбети кайтпагандай көрүнсөчү? Мындан ары Жахабага кызмат кылуу куру бекер деген тыянакка келесиңби же Жахабага болгон сүйүүң жана анын укмуштай сапаттары үчүн болгон терең ыраазычылыгың сага анын жолдору менен жүрүүнү уланта берүүгө түрткү береби? (Мыйзам 10:12, 13). Жахаба Шайтандын бизди кайсы бир кыйынчылыктарга дуушар кылышына жол берип, ар бирибизге Шайтандын көтөргөн суроосуна жекече жооп кайтарышыбызга мүмкүнчүлүк берүүдө (Накыл сөздөр 27:11).

«Кордук көргөнүңөрдө»

7. Ибилис бизди Жахабадан баш тарттыруу аракетинде кандай ыкманы колдонот?

7 Эми талаш суроого байланыштуу Шайтандын өзүнүн «тууралыгын» далилдөө аракетинде колдонгон айла-амалдарынын бирине кененирээк токтололу. Сөз анын кордук көрсөтүү үчүн калпты колдонору жөнүндө жүрөт. Ыйса Шайтанды «жалгандын атасы» деп атаган (Жакан 8:44). «Ушакчы» деген маанини билдирген Ибилис деген ат Шайтандын Кудайды, анын жакшы сөзүн жана ыйык ысмын жамандаган эң башкы ушакчы экенин көрсөтүп турат. Ибилис Жахабанын эгедерлигине шек келтирүү максатында кыйытма сөздөрдү, жалган айыптоолорду жана көзкөрүнө жалганды колдонот; ал ушул эле ыкмаларды Кудайдын берилген кызматчыларын каралоо үчүн да колдонот. Күбөлөргө кордук көрсөтүү менен Шайтан оор сыноону ого бетер оорлотот.

8. Шайтан Аюбга кандай кордук көрсөткөн жана Аюбга бул кандай таасир эткен?

8 Ысмы «кастык менен куугунтукталган» дегенди билдирген Аюбдун эмнелерге дуушар болгонун эстесеңер. Мал-мүлкүнөн, балдарынан, денсоолугунан айрылтканы аз келгенсип, Шайтан аны Кудайдын жазасына татыган күнөөкөр кылып көрсөткөн. Буга чейин чоң урмат-сыйга ээ болгон Аюб эми жек көрүндү болуп калган, жадагалса туугандары менен жакын достору да аны таштап кетишкен (Аюб 19:13—19; 29:1, 2, 7—11). Андан кийин Шайтан Аюбду жалган сооротуучулар аркылуу «сөздөр менен кыйноого» аракеттенген: адегенде Аюб олуттуу күнөө кылган болуш керек деген сыяктуу сөздөр айтылып, анан түз эле мыйзамсыздык кылган деген айыптоолор коюлган (Аюб 4:6—9; 19:2; 22:5—10). Бул Аюбга кандай гана оор тийген!

9. Шайтан Ыйсаны кантип күнөөкөр кылып көрсөткөн?

9 Шайтандын эң айыгышкан кастыгына Жахабанын эгедерлигинин башкы коргоочусу болгон Кудайдын Уулу кабылган. Ыйса жерде жүргөндө, Шайтан аны Аюбга окшотуп күнөөкөр кылып көрсөтүп, рухий жактан каралоого аракеттенген (Ышайа 53:2—4; Жакан 9:24). Адамдар Ыйсаны шарапкор, сугалак деп атап, «ичинде жин бар» дешкен (Матай 11:18, 19; Жакан 7:20; 8:48; 10:20). Аны Кудайга акарат келтирип жатат деп жалган айыпташкан (Матай 9:2, 3; 26:63—66; Жакан 10:33—36). Бул Ыйсанын жүрөгүн оорутпай койгон эмес, анткени ал мунун баары адилетсиз түрдө Атасына тил тийгизерин билген (Лука 22:41—44). Акырында аны каргышка калган кылмышкер катары мамыга кадап өлтүрүшкөн (Матай 27:38—44). Ыйса ишенимдүүлүгүн жеткилең түрдө сактоодо «күнөөкөрлөрдөн [көп] кордук көргөн» (Эврейлерге 12:2, 3).

10. Азыркы убакта Шайтан майланган калдыкка кантип кол салууда?

10 Азыркы убакта Ибилис Ыйсанын майланган жолдоочуларынын калдыгына да кастык көрсөтүп келүүдө. Шайтан Ыйсанын «бир туугандарын Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы» деп сүрөттөлөт (Аян 12:9, 10). Асмандан жердин айлана-тегерегине куулуп түшүрүлгөндөн бери ал Машайактын биртуугандарын жийиркеничтүү таштанды кылып көрсөтүүгө жасаган аракеттерин барган сайын күчөтүп келет (1 Корунттуктарга 4:13). Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары сыяктуу эле, аларды кээ бир өлкөлөрдө коркунучтуу секта деп аташат (Элчилер 24:5, 14; 28:22). Макаланын башында айтылып өткөндөй, айрымдар алар жөнүндө жалган маалымат, ушак таратышууда. Бирок адамдар «сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да», Ыйсанын майланган жолдоочулары «башка койлор» тобуна кирген шериктеринин колдоосу менен «Кудайдын осуяттарын аткарууга, Ыйса Машайакты күбөлөндүрүүгө» момундук менен умтулуп жатышат (2 Корунттуктарга 6:8; Жакан 10:16; Аян 12:17).

11, 12. а) Ыйсанын жолдоочулары эмнеден улам кордук көрүшү мүмкүн? б) Ыйсанын жолдоочусуна ишеними үчүн кандай жолдор менен адилетсиз түрдө кордук көрсөтүлүшү ыктымал?

11 Албетте, Кудайдын кызматчыларынын кордук көрүшүнө дайыма эле чындык себеп боло бербейт (Матай 5:10). Айрым кыйынчылыктар өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиздин айынан туулат. Эгер «кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсак», анда бул мактаарлык нерсе эмес. Бирок эгер Ыйсанын жолдоочусу «адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Теңир үчүн көтөрө билсе, бул Кудайга жагат» (1 Петир 2:19, 20). Андай кыйынчылыктар кандай учурларда пайда болушу мүмкүн?

12 Кээ бирөөлөр сөөк коюуга байланыштуу Ыйык Китепке карама-каршы келген үрп-адаттарга катышуудан баш тарткандыктан катаал мамилеге дуушар болушат (Мыйзам 14:1). Жаш Күбөлөр Жахабанын адеп-ахлак нормаларына карманып жашагандыктан дайыма кысымга алынып келишет (1 Петир 4:4). Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарын кансыз дарылатууга умтулушкандыктан, аларды «кошкөңүл» же «ташбоор» деп айыпташат (Элчилер 15:29). Кээ бирөөлөрдөн Жахабага кызмат кыла баштаганы үчүн эле тууган-туушкандары жана коңшу-колоңдору кечип коюшат (Матай 10:34—37). Бул кызматчылардын баары пайгамбарлардын жана Ыйсанын калтырган үлгүсү боюнча жашагандыктан адилетсиз түрдө азап чегип жатышат (Матай 5:11, 12; Жакып 5:10; 1 Петир 2:21).

Кордукка чыдоо

13. Катуу кордукка дуушар болгонубузда рухий жактан тең салмактуу бойдон калууга бизге эмне жардам берет?

13 Ишенимибиз үчүн катуу кордукка дуушар болгонубузда, Жеремия пайгамбарга окшоп, көңүлүбүз чөгүп, Кудайга андан ары кызмат кыла албайм деп ойлошубуз мүмкүн (Жеремия 20:7—9). Мындай учурда рухий жактан тең салмактуу бойдон калууга эмне жардам берет? Жагдайга Жахабанын көзкарашы менен караганга аракеттенгиле. Кудай сыноо учурунда берилгендигин сактаган кызматчыларын курмандык катары эмес, жеңүүчүлөр катары көрөт (Римдиктерге 8:37). Ибилистин бардык азап-кордуктарына карабай Жахабанын эгедерлигин колдогондорду: байыркы убактагы Абыл, Аюб, Ыйсанын энеси Мариям сыяктуу ишенимдүү эркектерди жана аялдарды, ошондой эле азыркы кездеги ишенимдештерибизди көз алдыңарга келтирүүгө аракеттенгиле (Эврейлерге 11:35—37; 12:1). Алардын ишенимдүүлүк менен көрсөткөн үлгүсүнүн үстүнөн ой жүгүрткүлө. Кудайга берилгендигин сактаган ошол көп күбөлөр бизди өздөрүнүн жанына — дүйнөнү ишеними менен жеңгендерге арналган жеңиш секичесине — чакырып жатышат (1 Жакан 5:4).

14. Жалындуу тиленүү ишенимдүү бойдон калышыбызга кандай жардам бере алат?

14 «Жүрөгүбүздө кайгы көбөйсө», Жахабага жалындуу тиленүү менен кайрылсак болот: Ал бизди сооротот жана бекемдейт (Забур 49:15; 93:19). Ал бизге сыноону жеңүүгө акылмандык берет жана кызматчыларынын негизсиз жек көрүнүшүнө себеп болгон маанилүү талаш суроону, Жахабанын эгедерлигине байланышкан маселени, көңүлүбүздүн борборунда сактоого жардам берет (Жакып 1:5). Ошондой эле «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгына» ээ болобуз (Филипиликтерге 4:6, 7). Кудай берүүчү бул тынчтык бизге шек саноого же коркунучка алдырбоого жана катуу кысымга карабай жандүйнөбүздүн бейкуттугун сактап, бекем турууга жардам берет. Кандай гана сыноолорго жол бербесин, Жахаба бизди өзүнүн руху менен колдой алат (1 Корунттуктарга 10:13).

15. Азап чеккенде ташбоор болуп кетпешибизге эмне жардам бере алат?

15 Бизди себепсиз жек көргөндөрдү жаман көрүп, ташбоор болуп кетпешибизге эмне жардам бере алат? Башкы душмандарыбыз Шайтан менен анын жин-перилери экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек (Эфестиктерге 6:12). Бизди кээ бир адамдар билип туруп, атайылап куугунтуктаса да, Кудайдын элине каршылык көрсөткөндөрдүн көптөрү муну билбестиктен же башкалардын түрткүсү менен кылышат (Даниел 6:4—16; 1 Тиметейге 1:12, 13). Жахаба «бардык адамдардын» «куткарылууга, чындыкты таанып билүүгө» мүмкүнчүлүк алышын каалайт (1 Тиметейге 2:4). Ойлоп көрсөк, мурда каршылык көрсөткөндөрдүн кээ бирлери жакшы иштерибизди көрүп, бизге ишенимдеш болуп калышкан (1 Петир 2:12). Андан тышкары, биз Жакыптын уулу Жусуптан үлгү алсак болот. Аталаш биртуугандары көп кордук көрсөтүшсө да, Жусуп аларга кек сактаган эмес. Эмне үчүн? Анткени ал Жахабанын өз ой-ниетин аткаруу үчүн окуялардын ушундайча өрчүшүнө жетекчилик кылганын түшүнгөн (Башталыш 45:4—8). Ушу сыяктуу эле, Жахаба биздин адилетсиз түрдө азап чеккен учурларыбызды өзүнүн ысмын даңктоого колдоно алат (1 Петир 4:16).

16, 17. Каршылаштарыбыздын кабар айтуу ишибизге бут тосууга жасаган аракеттери эмне үчүн тынчыбызды албашы керек?

16 Эгерде каршылаштарыбыз жакшы кабардын тарашына бут тосуу менен кайсы бир убакыт аралыгында ийгиликке жетишип жаткандай көрүнсө, өтө тынчсыздануунун зарылдыгы жок. Азыр Жахаба дүйнө жүзүн күбөлөндүрүү менен элдерди солкулдатууда жана Ага бардык элдердин «асылдары» келип жатат (Акай 2:7, МАК). Ыйса Машайак, Жакшы Койчу, мындай деген: «Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүк өмүр берем... Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт» (Жакан 10:27—29). Улуу рухий оруп-жыюу ишине ыйык периштелер да катышууда (Матай 13:39, 41; Аян 14:6, 7). Андыктан, каршылаштарыбыз эмне гана айтышпасын же кылышпасын, алар Кудайдын ой-ниетинин аткарылышын токтото алышпайт (Ышайа 54:17; Элчилер 5:38, 39).

17 Көп учурда каршылаштардын аракеттери алар ойлогондон башкача натыйжага алып келет. Африканын бир жеринде Жахабанын Күбөлөрү тууралуу үрөй учурарлык жалган сөздөр таратылып, алар Шайтанга табынышат деген имиштер да айтылган. Ошондуктан Грейс аттуу бир аял, Күбөлөр келген сайын, үйүнүн артына качып барып, алар кеткенче ошол жерде жашынып турчу экен. Бир күнү чиркөөсүндөгү дин кызматчы биздин адабияттардын бирин колуна кармап, келгендердин баарына ал басылманын аларга динин таштоого түрткү берерин айтып, аны окубаганга үндөгөн. Бул Грейстин кызыгуусун туудурган. Күбөлөр кийинки жолу келгенде, ал жашынбай алар менен сүйлөшүп, баягы адабиятты алган. Аны менен ыйык китептик изилдөө өткөрүлө баштаган. Грейс 1996-жылы чөмүлтүлгөн. Азыр ал өзүнүн убактысын башкаларга, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрү тууралуу жалган маалымат уккандарга жардам берүүгө жумшап жатат.

Ишенимиңерди азыртан чыңдагыла

18. Эмне үчүн ишенимибизди катуу сыноолорго дуушар болгонго чейин чыңдашыбыз керек жана кантип?

18 Шайтан бизге каалаган убакта кол сала алат, ошондуктан ишенимибизди азыртан чыңдашыбыз керек. Кантип? Жахабанын эли куугунтукка алынган бир өлкөдөн келген отчётто мындай деп айтылат: «Бир нерсе айдан ачык болду: жакшы рухий адаттарга ээ болгондор жана Ыйык Китептеги чындыкты жогору баалагандар сыноолорго оңой туруштук беришет. Ал эми ыңгайлуу кездерде жолугушууларды калтырып жүргөндөр, кабар айтууга анда-санда эле чыккандар жана майда маселелерге келгенде Кудайдын принциптерин сактабагандар „от“ менен сыналганда көбүнчө туруштук бере албай калышат» (2 Тиметейге 4:2). Эгер өзүңөрдүн оңолуш керек болгон жактарыңарды байкасаңар, токтоосуз түрдө ишке киришкиле (Забур 118:60).

19. Негизсиз жек көрүндү болушканына карабай Кудайдын кызматчыларынын берилгендик сактаганы эмне үчүн маанилүү?

19 Шайтандын айыгышкан жек көрүүсүнө карабай Кудайдын чыныгы кызматчыларынын берилгендик сактаганы Жахабанын эгедерлигинин мыйзамдуу, адилеттүү жана калыс экенин айкын күбөлөндүрүп турат. Алардын ишенимдүүлүгү Кудайдын жүрөгүн кубантат. Адамдар аларга кордук көрсөтүшсө да, даңкы жерден жана асмандан жогору болгон Жахаба «алардын Кудайымын дегенден уялбайт». Ооба, мындай берилген кызматчылардын баары жөнүндө орундуу түрдө: «Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле»,— деп айтууга болот (Эврейлерге 11:16, 38).

Биз өзүбүздү ыза болгон курмандык катары көрсөткөн эмеспиз. Бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүгө бизге Эйденде көтөрүлгөн маселени — Кудайдын бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенине байланыштуу маселени — айкын түшүнүү жардам берди. [...] Биздин талаш суроого байланыштуу ээлеген позициябыз адамдардын эле эмес, Ааламдын Эгедеринин кызыкчылыктарына да тийиштүү болгон. А бул алда канча маанилүү эле. Бул бизге күч берип, эң оор жагдайларда да туруктуу бойдон калышыбызга өбөлгө түздү».

[Шилтеме]

^ 2-абз. Ыйык Жазмада «жек көрүү» деген сөз айкашы бир канча мааниде колдонулат. Кээ бир учурларда ал азыраак сүйүү деген маанини туюнтат. Андан тышкары, ал сөз айкашы адамдын кимдир бирөөнү өтө жаман көрүшүн жана кыртышы сүйбөгөндүктөн андан оолак болушун, бирок ага зыян келтирүүнү каалабасын билдирет. Бирок «жек көрүү» деген сөз айкашы каар менен коштолгон кастыкты, узакка созулган кара санатайлыкты да туюнтушу ыктымал. Бул макалада ушул мааниси талкууланат.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Кудайдын чыныгы кызматчыларынын негизсиз жек көрүндү болгонунун себеби эмнеде?

• Шайтан Аюб менен Ыйсаны ишенимдүүлүгүнөн тайдыруу аракетинде аларга кандай кордук көрсөткөн?

• Шайтандын жек көрүүсүнө дуушар болгондо туруктуу бойдон калышыбыз үчүн, Жахаба бизди кантип бекемдейт?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги кутуча]

Алар талаш маселенин маңызын түшүнүшкөн

Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине 50 жылдан ашык убакыт бою тыюу салынган Украинадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бири мындай деп айткан: «Жахабанын Күбөлөрү дуушар болгон жагдайга адамдардын мамилелеринин алкагында гана карабашыбыз керек. [...] Бийлик башчыларынын көбү тек гана өздөрүнө берилген ишти аткарышкан. Өкмөт алмашты, бийлик башындагылар да көзкараштарын өзгөртүштү, ал эми биз, Жахабанын Күбөлөрү, кандай болсок, ошо бойдон калдык. Ыйык Китеп куугунтуктоолордун чынында каяктан келип жатканын түшүнгөнгө жардам берди.

[9-беттеги сүрөт]

Ыйсанын кордук көрүшүнө ким себепкер болгон?

[11-беттеги сүрөт]

Кудайдын Аюб, Мариям жана биздин замандагы Стэнли Жоунз сыяктуу кызматчылары Анын эгедерлигин жакташкан.

[12-беттеги сүрөт]

Виктор Попович (1970-жылы камакка алынган).