Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чарчайбыз, бирок алсырабайбыз

Чарчайбыз, бирок алсырабайбыз

Чарчайбыз, бирок алсырабайбыз

«Бүт жер жүзүн жараткан түбөлүктүү Кудай-Теңир... чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет» (ЫШАЙА 40:28, 29).

1, 2. а) Чыныгы Кудайга кызмат кылууну каалагандардын бардыгына кандай жылуу чакырык айтылууда? б) Рухийлигибизге эмне олуттуу коркунуч туудурушу этимал?

БИЗГЕ, Ыйсанын жолдоочуларына, анын: «Бардык мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, мага келгиле, мен силерди сергитем... Анткени менин моюнтуругум ыңгайлуу жана жүгүм жеңил»,— деген жылуу чакырыгы жакшы маалым (Матай 11:28—30, «ЖД»). Ошондой эле Ыйсанын жолдоочуларына Жахаба өзү «кубанычтуу мезгилдерди» берип турат (Элчилер 3:20). Ыйык Китептеги чындыктар менен таанышканда, жаркын келечекке байланыштуу үмүткө ээ болгондо жана Жахабанын принциптерин жашоодо колдоно баштаганда арабыздан кимибиз сергитүү алган жокпуз?!

2 Ошондой болсо да Жахабанын айрым кызматчыларынын көңүлү чөгүп, эмоциялык жактан чарчаган учурлары болот. Кээде көңүл чөгөттүк тез өтүп кетсе, кээде узакка созулат. Кимдир бирөөгө чындык жолунда жүрүп аткарган милдеттери мурда Ыйса убадалагандай сергитип келсе, убакыттын өтүшү менен түйшүккө айланып калгандай сезиле башташы мүмкүн. Натыйжада мындай терс сезимдер анын Жахаба менен болгон мамилесин бузушу этимал.

3. Ыйса Жакан 14:1де жазылган насаатты эмне үчүн берген?

3 Камакка алынып, жазага тартыларына аз калганда Ыйса шакирттерине: «Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле»,— деп айткан (Жакан 14:1). Ыйса бул сөздөрдү элчилери келечекте баштарынан кайгылуу окуяларды кечире тургандыктан айткан. Ал окуялардан кийин алар катуу куугунтукка алынышмак. Ыйса катуу көңүл чөгөттүктүн айынан элчилери мүдүрүлүшү мүмкүн экенин билген (Жакан 16:1). Эгер алар кайгыга алдырып коюшса, рухий жактан алсырап, Жахабага болгон ишенимдерине доо кетмек. Ыйсанын учурдагы жолдоочуларына байланыштуу да ушуну айтууга болот. Узакка созулган көңүл чөгөттүк сезими жаныбызды кыйнап, жүрөгүбүздү ээлеп алышы мүмкүн (Жеремия 8:18). «Ички адамыбыз» алдан тайышы ыктымал. Мындай кысым убагында эмоциялык жана рухий күчүбүздү жоготуп, ал эмес, Жахабага кызмат кылгыбыз келбей калышы мүмкүн.

4. Каймана жүрөгүбүздүн чарчашына жол бербөөгө эмне жардам берет?

4 Ыйык Китептеги: «Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булагы чыгат»,— деген кеңеш абдан ылайыктуу болуп турат (Накыл сөздөр 4:23). Ыйык Жазмада каймана жүрөгүбүздү көңүл чөгөттүктөн жана рухий алсыроодон сактоого жардам берерлик кеңештер камтылган. Бирок алгач эмнеден улам чарчаарыбызды аныктап алышыбыз зарыл.

Ыйсанын шакирти болуу оор жүк эмес

5. Ыйсанын анын жолдоочусу болууга байланыштуу сөздөрүндө кандай карама-каршылык бардай көрүнөт?

5 Ыйсанын жолдоочусу болуу үчүн бүт күч-аракетти жумшоо керектиги чын (Лука 13:24). Ыйса атүгүл: «Ким өзүнүн кыйноо мамысын көтөрбөсө жана мени ээрчибесе, менин шакиртим боло албайт»,— деген (Лука 14:27, «ЖД»). Бир караганда, бул сөздөр анын жеңил жана сергитерлик жүк тууралуу убадасына карама-каршы келгендей көрүнөт, бирок такыр андай эмес.

6, 7. Эмне үчүн сыйынуу жолубуз кыйнабайт деп айтууга болот?

6 Арзырлык ишти аткаруу үчүн болгон күчүн жумшап, көп эмгектенген адам чарчаса да, канагаттануу жана сергүү алат (Насаатчы 3:13, 22). Жакындарыбыз менен Ыйык Китепте камтылган эң сонун чындыктар менен бөлүшүүдөн артык иш барбы?! Андан сырткары, Кудайдын адеп-ахлак бийик нормаларына ылайык жашоонун аркасында алып жаткан пайдаларыбыз жумшаган күч-аракеттерибиздин баарынан ашып түшөт (Накыл сөздөр 2:10—20). Атүгүл куугунтукталганыбызда да Кудайдын Падышалыгы үчүн азап чегүүнү сыймык катары эсептейбиз (1 Петир 4:14).

7 Ыйса кеп кылган жүк, чынында эле, сергитерлик, өзгөчө, аны жалган диндин рухий караңгылыгында жүргөн адамдар көтөргөн моюнтурукка салыштыра турган болсок. Кудай бизди назик сүйөт жана бизге аткара албай турган талаптарды койбойт. Жахабанын «осуяттарын аткаруу кыйын эмес» (1 Жакан 5:3). Ыйсанын Ыйык Жазмадагы талаптарга жооп берген шакирти болуу оор жүк эмес. Андыктан Кудайга кылган кызматыбыздын чарчоого жана көңүл чөгөттүккө себеп болбосу айкын.

«Ар кандай түйшүктөн... арылалы»

8. Көбүнчө эмнеден улам рухий жактан чарчайбыз?

8 Рухий жактан көп учурда азыркы бузулган түзүлүштөгү түйшүктөрдөн улам чарчайбыз. «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында» болгондуктан, бизди кас күчтөр курчап турат. Алар рухий жактан алсыратарлык жана Ыйсанын жолдоочулары катары ээ болгон теңсалмактуулугубузга терс таасир тийгизерлик күчкө ээ (1 Жакан 5:19). Экинчи орунда турчу иштер жашообузду татаалдандырып, рухий иштерибиздин күнтартибин бузушу мүмкүн. Андай кошумча түйшүктөр жүккө айланып, ал турсун, ындыныбызды өчүргөн учурлар болот. Ыйык Китептин бизди «ар кандай түйшүктөн... арылууга» чакырганы бекеринен эмес (Эврейлерге 12:1—3).

9. Баюуга умтулуу кандайча түйшүк тарттырышы мүмкүн?

9 Ой жүгүртүүбүзгө коомдо ээлеген абалды, акчаны, көңүл ачууну, саякаттоону жана башка ушу сыяктуу нерселерди баарынан маанилүү деп эсептеген адамдардын маанайы таасир этиши мүмкүн (1 Жакан 2:15—17). Ыйсанын биринчи кылымда жашаган айрым жолдоочулары баюуга аракеттенип жашоолорун кыйла татаалдандырышкан. Элчи Пабыл: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты»,— деп айткан (1 Тиметейге 6:9, 10).

10. Ыйсанын үрөн себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынан байлык тууралуу эмне билдик?

10 Кудайга кызмат кылууда чарчап же көңүлүбүз чөгүүдөбү? Бул материалдык нерселерге умтулуудан улам рухийлигибизге көңүл бурбай калгандыктан болуп жүрбөсүн. Ушундай болушу мүмкүн экенин Ыйсанын үрөн себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалы тастыктап турат. Ыйса «бул дүйнөнүн түйшүгүн», «байлыкка азгырылууну» жана «башка кызыгып калууларды» жүрөгүбүздү «ээлеп алып», Кудайдын сөзүнүн үрөнүн «басып салган» тикенектерге салыштырган (Марк 4:18, 19). Ошондуктан Ыйык Китеп бизди мындай деп чакырат: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: „Сени калтырбайм жана таштабайм“,— деп айткан» (Эврейлерге 13:5).

11. Түйшүк тарттырган нерселерден кантип арылууга болот?

11 Кээде көбүрөөк нерсеге ээ болууга умтулуу эмес, а колубуздагы нерселерге кам көрүү түйшүк тарттырат. Айрымдар денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктардан, жакын адамынан айрылгандыктан же алдан тайдырган дагы башка көйгөйлөрдөн улам эмоциялык жактан чарчашы ыктымал. Алар жашоосунда мезгил-мезгили менен бир нерселерди өзгөртүп туруу зарыл экенин байкашат. Мисалы, бир түгөйлөр айрым жакшы көргөн иштеринен жана анча маанилүү эмес максаттарынан баш тартууну чечишкен. Алар буюмдарынын бардыгын карап чыгып, ошондой иштер менен байланышы бар нерселердин бардыгын таңып, көздөн далда коюп коюшкан. Алдан тайып, кайратыбыздан жазбаш үчүн баарыбыз тең мезгил-мезгили менен адаттарыбызды жана оокаттарыбызды текшерип, ашыкча түйшүк тарттырган нерселерден арылып турганыбыз абзел.

Эстүүлүк жана жөнөкөйлүк зарыл

12. Каталарыбызга байланыштуу эмнени эстен чыгарбашыбыз зарыл?

12 Кетирген каталарыбыз, мейли, алар чоң болбосо да, бара-бара жашообузду кыйындаткан учурлар болот. Дөөт: «Мыйзамсыз иштерим өзүмдүн башымдан ашып кетти, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат»,— деп абдан туура айткан (Забур 37:5). Көп учурда оор түйшүктөн бир нече өзгөрүүлөрдү жасоо менен арылууга мүмкүн.

13. Кандайча эстүүлүк кызматыбызга карата теңсалмактуу көзкарашта болууга жардам берет?

13 Ыйык Китеп бизди «туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү» өрчүтүүгө үндөйт (Накыл сөздөр 3:21, 22). Ошондой эле анда «асмандан келген акылмандыктын... момун [«эстүү», «ЖД»]» экени айтылат (Жакып 3:17). Айрымдар өздөрүн Кудайга башкалардан кем эмес кызмат кылууга милдеттүү көрүшөт. Бирок Ыйык Жазма: «Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого ээ болот, анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деп кеңеш берет (Галаттыктарга 6:4, 5). Ишенимдештерибиздин жакшы үлгүсү бизге Жахабага жан-дилден кызмат кылууга түрткү берери шексиз, бирок туура ой жүгүртүү менен эстүүлүк алыбызга жараша максаттарды коюуга жардам берет.

14, 15. Денелик жана эмоциялык муктаждыктарыбызга кам көрүүдө кантип эстүүлүк көрсөтсөк болот?

14 Анча маанилүү эмес көрүнгөн иштерде да эстүүлүк көрсөтсөк, көп чарчабайбыз. Маселен, денсоолукка пайдалуу күнтартипке карманууга аракеттенебизби? Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын биринде кызмат кылган бир түгөйлөрдүн мисалын карап көрөлү. Алар эстүүлүк өтө чарчабоого жардам берерине ынанышкан. Аялы мындай дейт: «Жумушубуз канчалык көп болбосун, дайыма бир убакта жатууга аракеттенебиз. Ошондой эле ар дайым көнүгүүлөрдү жасайбыз. Бул да бир топ жардам берет. Күчүбүздүн эмнеге жетерин аныктап алып, жашообузду ошого жараша өткөрүп келатабыз. Өзүбүздү такыр чарчабагандай көрүнгөн адамдар менен салыштырбоого аракеттенебиз». Биз ар дайым туура тамактанып, жетиштүү эс алабызбы? Денсоолугубузга туура кам көрүү менен эмоциялык жана рухий жактан чарчоо ыктымалдыгын төмөндөтө алабыз.

15 Айрымдарыбыздын өзгөчө муктаждыктарыбыз бар. Толук убакытта кызмат кылып жүрүп көп кыйынчылыктарды башынан кечирген бир ишенимдешибизди мисалга алып көрөлү. Анын денсоолугу начар, анын үстүнө, рак менен ооруйт. Оор жагдайларды жеңүүгө ага эмне жардам берет? Өзү мындай деп айтат: «Тыптынч жерде жалгыз боло алышым үчүн убактымдын бар болгону маанилүү. Канчалык катуу чарчасам, тынч жерде окуп, эс алуу үчүн жалгыз болуу муктаждыгымды ошончолук катуу сезем». Туура ой жүгүртүү менен эстүүлүк жеке муктаждыктарыбызды аныктап, аларды канааттандырууга жана ошонун аркасында рухий жактан чарчабоого жардам берет.

Жахаба Кудай күч берет

16, 17. а) Эмне үчүн биринчи кезекте рухий денсоолугубузга кам көрүшүбүз зарыл? б) Күн сайынкы күнтартибибизге эмнелер кириши керек?

16 Биринчи кезекте, албетте, рухий денсоолугубузга кам көрүшүбүз керек. Жахаба менен тыгыз мамиледе болсок, денелик жактан чарчасак да, ага кызмат кылуудан эч качан чарчабайбыз. Жахаба «чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет» (Ышайа 40:28, 29). Бул сөздөрдүн калетсиздигине өз тажрыйбасынан ынанган элчи Пабыл: «Биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Сырткы адам алдан тайып бара жатканы менен ички адам күндөн-күнгө жаңы күч алууда»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 4:16).

17 «Күндөн-күнгө» деген сөз айкашына көңүл бурсаңар. Бул сөз айкашы Жахабанын берип жаткан жардамын күнүгө колдонуу керек деген маанини туюнтуп турат. 43 жыл бою ишенимдүү кызмат кылып келген бир миссионер биртууганыбыздын аябай чарчап, көңүлү чөккөн мезгилдери болгон. Анткен менен ал алсыраган эмес. Ал: «Иштериме киришердин алдында Жахабага тиленип, анын Сөзүн окуу үчүн күн сайын эрте турганды эреже кылып алгам. Ушундай күнтартиптин аркасында азыркыга чейин оор жагдайларга туруштук берип келатам»,— дейт. Эгерде дайыма, «күндөн-күнгө», Жахабага тиленип, анын эң сонун касиет-сапаттары менен убадалары тууралуу ой жүгүртсөк, анын бизди өзүнүн күчү менен колдооруна шектенбесек болот.

18. Ыйык Китеп карып калган же денсоолугу начар ишенимдүү биртуугандарыбызды кантип сооротот?

18 Бул, өзгөчө, карылыктан же начар денсоолуктан улам көңүлү чөккөндөргө жардам берет. Кээде Кудайдын андай кызматчыларынын көңүлү өздөрүн башкалар менен салыштыргандыктан эмес, өздөрүнүн мурда кандай болгонун эстегендиктен чөгөт. Жахабанын улгайгандарды баалаарын билүү кандай гана соороторлук! Ыйык Китепте: «Даңктын таажысы — чындык жолу менен жүргөн ак чач»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 16:31). Жахаба алыбыздын эмнеге жетерин билет жана алсыздыктарыбызга карабай жан-дилден кылган кызматыбызды абдан баалайт. Ошондой эле буга чейин кылган жакшы иштерибизди ал эч качан унутпайт. Ыйык Жазма бизди: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт»,— деп ынандырат (Эврейлерге 6:10). Арабызда ондогон жылдардан бери Жахабага берилгендикте кызмат кылып келаткан ишенимдештерибиз бар экенине кандай гана кубанычтабыз!

Жакшылык кылууну токтотпо

19. Жакшылык кылууда активдүү болуу эмнеси менен пайдалуу?

19 Көптөрдүн ой боюнча, үзгүлтүксүз кыймыл-аракет чарчоону азайтат. Анын сыңарындай эле, рухий иштер менен дайым алек болуу эмоциялык же рухий жактан алыбыз такыр калбай калгандай сезилгенде жардам берет. Ыйык Китепте: «Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз. Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы»,— деп айтылат (Галаттыктарга 6:9, 10). «Жакшылык кылып» жана «жакшылык кылалы» деген сөз айкаштарына көңүл бурсаңар. Алар иш-аракет кылуунун зарылдыгын көрсөтүп турат. Башкаларга жакшылык кылуу Жахабага кызмат кылууда алсырабоого жардам берет.

20. Көңүл чөгөттүктү жеңүү үчүн кимдер менен байланышпаганыбыз дурус?

20 Ал эми Кудайдын мыйзамдарын сыйлабагандар менен байланышуу, алар менен бирге иш жүргүзүү оор жүккө айланышы мүмкүн. Ыйык Китеп: «Таш оор жана кумду көтөрүү да жеңил эмес, бирок акылсыздын айынан пайда болгон кырсык менен бактысыздык бул экөөнөн тең оор келет»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 27:3, «БМК»). Көңүл чөгөттүк жана чарчоо менен күрөшүү үчүн пессимистик рух көрсөткөн, кемчилик издөөгө же башкаларды сындоого жакын адамдар менен ынак мамиледе болуудан качканыбыз дурус.

21. Жыйналыш жолугушууларында башкаларды кантип бекемдей алабыз?

21 Жыйналыш жолугушуулары — Жахабанын белеги; алар бизди рухий күчкө толтура алат. Ал жерден бири-бирибизди сергитерлик насааттар жана пикир алышуулар менен бекемдөөгө эң сонун мүмкүнчүлүктөр болот (Эврейлерге 10:25). Жооп бергенде же программанын бөлүктөрүнө катышканыбызда башкаларды бекемдегенге аракеттенишибиз керек. Жыйналыш жолугушуулары кайраттандыргыдай өтүшүнө, негизинен, окутуучу катары жетекчиликти колго алгандар жооптуу (Ышайа 32:1, 2). Акыл айтуу же тыюу салуу керек болгондо да аны сергиткидей маанайда кылуу керек (Галаттыктарга 6:1, 2). Башкаларга болгон сүйүүбүз Жахабага кызмат кылууда чарчабоого сөзсүз көмөк кылат (Забур 132:1; Жакан 13:35).

22. Эмне себептен жеткилеңсиздигибизге карабай чечкиндүү боло алабыз?

22 Азыркы акыркы убактарда Жахабага кызмат кылуу күч-аракетти талап кылат. Акыл-эс жактан чарчоо, жандүйнөнүн кыйналышы жана стресс сыяктуу кыйынчылыктарга Кудайдын кызматчылары да кабылышат. Жеткилеңсиз табиятыбыз чопо идиштей абдан морт. Анткен менен Кудай Сөзүндө: «Бирок кудуреттүү күч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш үчүн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жүрөбүз»,— деп айтылат (2 Корунттуктарга 4:7). Албетте, чарчаган учурларыбыз болбой койбойт, бирок, келгиле, эч качан алсырабайлы жана жакшылык кылууну токтотпойлу. Кайра «„Теңир менин жардамчым...“ — деп, чечкиндүүлүк менен айталы» (Эврейлерге 13:6).

Кыскача кайталоо

• Кандай оор жүктөрдөн арыла алабыз?

• Ишенимдештерибизге кантип «жакшылык кыла» алабыз?

• Чарчаганда же көңүлүбүз чөккөндө, Жахаба бизди кантип колдойт?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Ыйса узакка созулган көңүл чөгөттүк элчилерин тынчсыздандырышы мүмкүн экенин билген.