Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чоочундардын үнүнөн сак болгула

Чоочундардын үнүнөн сак болгула

Чоочундардын үнүнөн сак болгула

«Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт» (ЖАКАН 10:5).

1, 2. а) Ыйсанын Мариямды атынан чакырганы ага кандай таасир эткен жана бул билдирүү Ыйсанын мурунураак айткан кайсы сөздөрүнүн маанисин ачып берет? б) Ыйсанын жолун так жолдоого бизге эмне жардам берет?

ТИРИЛГЕН Ыйса бош мүрзөсүнүн жанында турган аялды карап турат. Ыйса аны жакшы билет. Ал — магдалалык Мариям. Эки жылдай мурун Ыйса аны жин оорусунан айыктырган болчу. Ошондон бери ал Ыйса менен анын элчилеринин күндөлүк керектөөлөрүнө кам көрүп, аларды коштоп жүргөн (Лука 8:1—3). Эми болсо кайгыга батып, ыйлап турат, анткени Ыйсанын өлгөнүн өз көзү менен көргөн эле, а азыр анын сөөгүн таппай жатат! Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» — деп сурайт. Мариям аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгерде Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин»,— дейт. Анан Ыйса: «Мариям»,— деп чакырат. Ошол замат Мариям анын тааныш үнүн угат. Кубанганынан ал: «Устат!» — деп жиберет да, Ыйсаны кучактайт (Жакан 20:11—18).

2 Бул билдирүү Ыйсанын бир канча убакыт мурун айткан сөздөрүнүн маанисин жүрөк козгоорлук түрдө ачып берет. Өзүн койчуга, ал эми жолдоочуларын койлорго салыштырып, Ыйса койчу койлорун атынан чакырарын жана алар анын үнүн тааный турганын айтат (Жакан 10:3, 4, 14, 27, 28). Койлор койчусун тааныгандай, Мариям өзүнүн Койчусу Ыйсаны тааныган. Бүгүн Ыйсанын жолдоочулары жөнүндө да ушуну айтууга болот (Жакан 10:16). Койлордун сактыгы койчусунан алыстап кетпей, анын жанында болууга жардам бергендей эле, рухий жактан кыраакы болуу бизге Жакшы Койчу Ыйса Машайактын изи менен так жүрүүгө жардам берет (Жакан 13:15; 1 Жакан 2:6; 5:20).

3. Ыйсанын кой короо жөнүндөгү мисалын талдоодо кандай суроолорго көңүл бурулат?

3 Ушул эле мисал көрсөтүп тургандай, койлордун адамдын үнүн тааный алгандыгы аларга досту эле эмес, душманды да айырмалай билүүгө жардам берет. Биз үчүн бул өзгөчө мааниге ээ, анткени каршылаштарыбыз митаам жана куу. Алар кимдер жана иш-аракеттерин кантип жүргүзүшөт? Өзүбүздү алардан кантип коргой алабыз? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, Ыйса кой короо жөнүндөгү мисалында дагы эмнелерди айтканына көңүл буралы.

«Эшиктен кирбеген» чоочун

4. Койчу жөнүндөгү мисалга ылайык, койлор кимди ээрчийт да, кимди ээрчибейт?

4 Ыйса мындай дейт: «Ким эшиктен кирсе, ал — койчу. Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат. Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат. Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт» (Жакан 10:2—5). Ыйсанын «үн» деген сөздү үч жолу колдонгонун байкасаңар. Эки жолу ал койчунун үнү жөнүндө, үчүнчүсүндө «чоочундун» үнү тууралуу сөз кылат. Ыйса кайсы чоочун жөнүндө айткан?

5. Эмне үчүн биз Жакан 10-бапта сөз кылынган чоочунга меймандостук көрсөтпөйбүз?

5 Ыйса меймандостук көрсөткүбүз келген чоочун бирөө тууралуу сөз кылган эмес (негизи, меймандостук деген Ыйык Китептин түпнускасы жазылган тилде «чоочундарга көрсөтүлүүчү сүйүү» дегенди билдирет) (Эврейлерге 13:2). Ыйсанын мисалындагы «чоочун» конокко чакырылбаган бирөөнү билдирет. Ал — «кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирген» «ууру жана каракчы» (Жакан 10:1). Кудайдын Сөзүнө ылайык, эң биринчи ууру жана каракчы ким? Шайтан Ибилис. Муну Башталыш китебинен көрүүгө болот.

Чоочундун үнү биринчи жолу качан угулган?

6, 7. Эмне себептен Шайтанды чоочун жана ууру деп атоого болот?

6 Башталыш 3:1—5-аяттарда адамдардын чоочундун үнүн биринчи жолу кантип угушканы көрсөтүлөт. Ал билдирүүдө Шайтандын биринчи аял Обого жылан аркылуу сүйлөп, аны алдап-адаштырганы айтылат. Ал жерде Шайтандын түздөн-түз «чоочун» деп аталбаганы чын. Бирок иш-аракеттеринен анын Жакан 10-бапта жазылган Ыйсанын мисалындагы чоочунга көп жагынан окшош экени көрүнүп турат. Айрым окшоштуктарды карап көрөлү.

7 Ыйса чоочун бирөөнүн кой короодогу «жемине» «эшиктен кирбей, башка жагынан киргенин» айтат. Ошо сыяктуу эле, Шайтан өзүнүн «жемине» түз эмес, жылан аркылуу кайрылган. Бул амалдын колдонулушу Шайтандын чыныгы жүзүн ачып, анын митаам каракчы экенин көрсөткөн. Андан тышкары, чоочун бирөө короонун ээсин койлорунан кол жуудурууга ниеттенет. Ал уурудан да жаман, анткени анын максаты — «өлтүрүү жана жок кылуу» (Жакан 10:10). Анын сыңарындай, Шайтан — ууру. Обону алдап, ал анын Кудайга болгон берилгендигин уурдаган. Ошондой эле Шайтан адамдарга өлүм алып келген. Андыктан ал — киши өлтүргүч.

8. Шайтан Жахабанын сөздөрүн жана ниеттерин кантип бурмалаган?

8 Шайтандын арамзалыгы Жахабанын сөздөрүн жана ниеттерин бурмалаганынан көрүнгөн. Ал Ободон: «Кудай чын эле: „Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле“ деп айтты беле?» — деп сураган. Шайтан өзүн таң калгандай кылып көрсөтүп: «Кудай ушунчалык акылсызбы?» — дегендей мааниде сүйлөгөн. Анан: «Силер алардан ооз тийген күнү көзүңөр ачыларын... Кудай билет»,— деп кошумчалаган. Анын: «Кудай билет»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Мындайча айтканда, Шайтан: «Кудайдын эмнелерди билерин мен билем. Мен анын ниеттерин билем, алар жакшылыкка алып келбейт»,— деген (Башталыш 2:16, 17; 3:1, 5). Тилекке каршы, Обо менен Адам бул чоочундун үнүнөн тескери бурулуп кетишкен эмес. Кайра аны угуп, өздөрүнө жана укум-тукумуна кайгы-касирет алып келишкен (Римдиктерге 5:12, 14).

9. Бүгүн чоочундардын үнү угуларына эмне үчүн шектенбейбиз?

9 Бүгүн Шайтан Кудайдын элин алдап-азгыруу үчүн ошо сыяктуу эле ыкмаларды колдонот (Аян 12:9). Ал — «жалгандын атасы», ал эми ага окшоп Кудайдын кызматчыларын адаштырууга аракеттенгендер — Шайтандын балдары (Жакан 8:44). Келгиле, бул чоочундардын үнү бүгүн кандай жолдор менен угуларын карап көрөлү.

Чоочундардын үнү бүгүн кандай жолдор менен угулат?

10. Чоочундардын үнү угулган жолдордун бири кайсы?

10 Адаштырган ой жүгүртүүлөр. Элчи Пабыл: «Ар кандай, башка окутууларга кызыкпагыла!» — дейт (Эврейлерге 13:9). Ал эмне болгон окутуулар? Алар бизди «кызыктырып» азгыра ала тургандыктан, бул жерде Пабылдын рухий теңсалмактуулугубузду буза алчу окутуулар жөнүндө сөз кылганы айкын. Мындай «башка» же чоочун окутууларды кимдер таратат? Пабыл Ыйсаны жолдогон аксакалдардын тобуна: «Шакирттерди ээрчитип кетүү үчүн, өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп айткан (Элчилер 20:30). Пабылдын убагындагыдай эле, бүгүн да мурун Ыйсанын жолдоочусу болгон кээ бирөөлөр «чындыкты бурмалап сүйлөп», жарым-жартылай чындыкты жана көзкөрүнө жалганды колдонуп, койлорду адаштырууга аракеттенишет. Элчи Петир айткандай, алар «кошомат сөздөрдү» — чындыктай сезилген, бирок чындыгында пайдасы жок сөздөрдү — колдонушат (2 Петир 2:3).

11. Ишенимден чегингендердин ыкмасын жана максатын 2 Петир 2:1, 3-аяттардагы сөздөр кандайча ашкерелейт?

11 Андан ары Петир ишенимден чегингендердин «кыйратуучу жалган окутууларды жайылтышарын» айтып, алардын ыкмаларын ашкере кылат (2 Петир 2:1, 3). Ыйсанын кой короо жөнүндөгү мисалындагы ууру «эшиктен кирбей, башка жагынан киргендей» эле, ишенимден чегингендер да бизге билгизбей келишет (Галаттыктарга 2:4; Жүйүт 4). Алардын максаты эмне? Петир: «Алар... силерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат»,— деп кошумчалайт. Ишенимден чегингендер эмне деп актанышпасын, алардын чыныгы максаты — «өлтүрүү жана жок кылуу» (Жакан 10:10). Мындай чоочундардан сак болгула!

12. а) Кандайча байланыштарыбыз бизди чоочундардын үнүнүн таасирине дуушар кылышы мүмкүн? б) Шайтандын ыкмалары менен бүгүн чоочундар колдонгон ыкмалардын ортосунда кандай окшоштук бар?

12 Залакалуу байланыштар. Чоочундардын үнү биз менен байланышта болгондор аркылуу угулушу мүмкүн. Залакалуу байланыштар, айрыкча, жаштар үчүн коркунучтуу (1 Корунттуктарга 15:33). Шайтандын азгыруу үчүн Обону — биринчи түгөйлөрдүн жашыраагын жана тажрыйбасызыраагын — тандап алганын эстесеңер. Ал Обону Жахаба анын эркиндигин өтө эле чектеп жатканына ынандырган. А чындыгында, баары тескерисинче болчу. Жахаба өзү жараткан адамдарды сүйгөн жана алардын жыргалчылыгын ойлогон (Ышайа 48:17). Бүгүн да чоочундар силерди, жаштар, чындык жолундагы ата-энелериңер эркиндигиңерди өтө эле чектеп жатат дегенге ишендирүүгө аракеттенишет. Алар силерге кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Ыйсаны жолдогон бир кыз: «Классташтарымдын айынан ишенимим бир канча убакка чейин алсырап калган эле. Алар сенин диниң эркиндигиңди чектейт жана акылга сыйбаган дин деп көп айтышчу»,— деп мойнуна алат. А бирок ата-энелериңер силерди жакшы көрүшөт. Ошондуктан классташтарыңар ата-энеңерге ишенбөөгө ынандырууга аракеттенишкенде, Обого окшоп алданбагыла.

13. Дөөт кантип акылмандуулук менен иш кылган жана аны тууроонун бир жолу кайсы?

13 Залакалуу байланыштар жөнүндө кеп кылып, забурчу Дөөт: «Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун»,— дейт (Забур 25:4). Бул жерден чоочундарга дагы кандай өзгөчөлүк мүнөздүү экенин байкадыңарбы? Шайтан жыланды колдонуп өзүнүн ким экенин жашыргандай, чоочундар да экижүздүүлөнүп өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырышат. Бүгүн кээ бир адеп-ахлаксыз адамдар Интернетти колдонууда өздөрүнүн атын жана чыныгы ой-максаттарын жашырышат. «Пикирлешүү бөлмөлөрү» аркылуу арам ойлуу кишилер силерди торго түшүрүү максатында өздөрүн жаш көрсөтүп тааныштырышы да мүмкүн. Жаштар, рухий жактан жабыркап калбаш үчүн, абдан этият болушуңарды өтүнөбүз (Забур 118:101; Накыл сөздөр 22:3).

14. Маалымат каражаттары кээде «чоочундардын» үнүн кантип жарыялашат?

14 Жалган айыптоолор. Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү айрым билдирүүлөр туура болсо да, кээде маалымат каражаттары «чоочундардын» бейкалыс үнүн чагылдырууга колдонулуп калат. Мисалы, бир өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Күбөлөр Гитлердин режимин колдошкон деген жалган маалымат таратылган. Дагы бир өлкөдө Күбөлөр чиркөөлөрдү талкалашат, бузушат деген аңыз айтылган. Бир катар өлкөлөрдө Күбөлөр балдарын дарылоодон баш тартышат, ишенимдештеринин олуттуу күнөөлөрүнө көз жумду мамиле кылышат деген айыптоолор айтылган (Матай 10:22). Бирок бизди жекече тааныган акниет адамдар мындай айыптоолордун жалган экенин билишет.

15. Маалымат каражаттарында айтылгандардын баарына ишене берүү эмне үчүн акылдуулукка жатпайт?

15 Ошол чоочундар аркылуу айтылган айыптоолорду укканда эмне кылышыбыз керек? Андай учурларда Накыл сөздөр 14:15-аяттагы: «Акылсыз адам ар кандай сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деген кеңешке кулак какканыбыз абзел. Маалымат каражаттарында чындыктай көрсөтүлүп айтылгандардын баарына ишене берүү акылдуулукка жатпайт. Билдирүүлөрдүн баарына шек саноо менен карабасак да, «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин» түшүнөбүз (1 Жакан 5:19).

«Шыктандырылган билдирүүлөрдү текшерип көргүлө»

16. а) Койлордун койчунун үнүн таанышы Ыйсанын Жакан 10:4төгү сөздөрүнүн калетсиздигин кандайча көрсөтүп турат? б) Ыйык Китеп бизди эмне кылууга чакырат?

16 Мамилелешкен адамыбыздын дос же душман экенин кантип билебиз? Ыйса айткандай, койлор койчунун артынан ээрчишет, анткени «алар анын үнүн таанышат» (Жакан 10:4). Койлор койчуну сырткы көрүнүшүнө карап эмес, үнүн угуп ээрчишет. Ыйык Жазмада кеп кылынган жерлер тууралуу жазылган бир китепте мындай окуя айтылат: бир жолу башка жактан келген адам койлордун койчуну үнүнөн эмес, кийиминен тааный турганын ырастайт. Койчу болсо койлор аны үнүнөн таанышарын айтат. Муну далилдөө үчүн, ал тиги адамга кийимдерин алмашууну сунуш кылган. Ал койчунун кийимин кийип, койлорду чакырганда, алар жооп кайтарбай коюшкан. Анын үнү койлорго бейтааныш болгон. Ал эми койчу чакырганда (башка кийим кийип алганына карабастан), койлор ошо замат келишкен. Демек, кимдир бирөө койчудай болуп көрүнсө да, койлорго бул анын чынында эле койчу экенин билдирбейт. Алар чакырган адамдын үнүн койчунун үнү менен салыштырып, мындайча айтканда, «текшерип» көрөт. Кудайдын Сөзү бизди да ошентүүгө, «шыктандырылган билдирүүлөрдү Кудайданбы деп текшерип көрүүгө», чакырат (1 Жакан 4:1, «ЖД»; 2 Тиметейге 1:13). Бул жагынан бизге эмне жардам берет?

17. а) Канткенде Жахабанын үнүн жакшы таанып калабыз? б) Жахабаны таанып-билүү эмне кылышыбызга жардам берет?

17 Жахабанын үнүн, тактап айтканда, кабарын канчалык жакшы билсек, чоочундардыкын ошончолук таамай ажырата билерибиз шексиз. Ыйык Китепте мындай билимге кантип ээ боло аларыбыз көрсөтүлөт. Анда: «Сенин кулагың артыңдан: „...жол мына, ушул жол менен жүргүлө“,— деп айтылган сөздү угат»,— деп айтылат (Ышайа 30:21). Артыбыздан угулган ошол «сөз» Кудайдын Сөзүнөн келет. Ыйык Жазманы окуган сайын биз, каймана мааниде айтканда, Улуу Койчу Жахабанын үнүн угабыз (Забур 22:1). Ошондуктан Ыйык Китепти канчалык көп изилдесек, Кудайдын үнүн ошончолук жакшы билип калабыз. Ал эми ошол терең билим чоочун бирөөлөрдүн үнүн заматта ажырата билишибизге жардам берет (Галаттыктарга 1:8).

18. а) Жахабанын үнүн билүүгө эмне кирет? б) Матай 17:5ке ылайык, эмне үчүн Ыйсанын үнүнө баш ийишибиз керек?

18 Жахабанын үнүн билүүгө дагы эмне кирет? Буга аны угуудан тышкары, ага баш ийүү да кирет. Кайрадан Ышайа 30:21ге көңүл бурсаңар. Кудайдын Сөзүндө: «Жол мына»,— деп айтылат. Ооба, Ыйык Китепти изилдөө аркылуу биз Жахабанын көрсөтмөлөрүн уга алабыз. Андан кийин: «Ушул жол менен жүргүлө»,— деген буйрук берилет. Жахаба укканыбызды иш жүзүндө колдонушубузду каалайт. Ошентүү менен биз Жахабанын үнүн угуп эле койбостон, ага тил аларыбызды да көрсөтөбүз (Мыйзам 28:1). Жахабанын үнүнө баш ийүү Ыйсанын үнүнө баш ийүүнү да билдирет, анткени Жахаба өзү бизге ошондой буйрук берген (Матай 17:5). Жакшы Койчу Ыйса бизди эмне кылууга үндөйт? Ал бизди шакирт даярдоого жана «ишенимдүү жана акылдуу кулга» ишенүүгө үйрөтөт (Матай 24:45; 28:18—20). Анын үнүнө баш ийүүдөн биздин түбөлүк өмүрүбүз көзкаранды (Элчилер 3:23).

«Андан качышат»

19. Чоочундардын үнүн «укканда» эмне кылышыбыз керек?

19 Анда чоочундардын үнүн «укканда» эмне кылышыбыз абзел? Койлор эмне кылышкан болсо, биз да ошентишибиз керек. Ыйса: «Чоочун кишини [«эч качан», «ЖД»] ээрчишпейт, андан качышат»,— дейт (Жакан 10:5). Биз эки кадам жасайбыз. Биринчиден, чоочун бирөөнү «эч качан ээрчибейбиз», тескерисинче, аны кескин түрдө четке кагабыз. Ыйык Китеп жазылган байыркы грек тилинде «эч качан» деген сөз четке кагуунун күчтүү маанисин берет (Матай 24:35, «ЖД»; Эврейлерге 13:5, «Мукаддас»). Экинчиден, «андан качабыз», башкача айтканда, алыс болобуз. Окутуулары Жакшы Койчунун үнүнө шайкеш келбеген адамдарга ушундай гана жооп кайтаруу туура.

20. а) Ишенимден чегинген калпычыларга, б) залакалуу байланыштарга, в) маалымат каражаттарында берилген бейкалыс маалыматтарга туш болгондо эмне кылабыз?

20 Андыктан биз ишенимден чегингендердин ой-жорууларын тараткандарды жолуктурганыбызда Кудайдын Сөзүндөгү: «Ортого жик салуучулардан жана өзүңөр үйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула»,— деген сөздөргө ылайык иш кылууну каалайбыз (Римдиктерге 16:17; Титке 3:10). Ошондой эле Ыйсаны жолдогон жаштар залакалуу байланыштардын коркунучуна дуушар болгондо, Пабылдын жаш Тиметейге берген: «Жаштыктын кумарларынан кач»,— деген кеңешин колдонууну каалашат. Маалымат каражаттарынан жалган айыптоолорду укканыбызда же көргөнүбүздө Пабылдын Тиметейге айткан дагы бир кеңешин: «[Чоочундардын үнүнө кулак төшөгөндөр] тамсилдерге кулак төшөп калышат. Бирок сен бардык нерседе кыраакы бол»,— деген сөздөрүн эстейбиз (2 Тиметейге 2:22; 4:3—5). Чоочундардын үнү канчалык жылуу-жумшак угулбасын, биз ишенимибизди кыйрата турган нерселердин баарынан качабыз (Забур 25:5; Накыл сөздөр 7:5, 21; Аян 18:2, 4).

21. Чоочундардын үнүнөн сак болгондорду кандай сыйлык күтүп турат?

21 Чоочундардын үнүн четке кагуу менен Ыйсанын рух менен майланган жолдоочулары Жакшы Койчунун Лука 12:32де жазылган сөздөрүнө ылайык иш кылышат. Ал жерде Ыйса аларга: «Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет»,— дейт. Ошондой эле «башка койлор» Ыйсанын: «Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла»,— деген сөздөрүн угууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Жакан 10:16; Матай 25:34). «Чоочундардын үнүнөн» сак болсок, кандай сонун сыйлыкка жетебиз!

Эсиңердеби?

• Шайтан кандайча Ыйсанын кой короо тууралуу мисалындагы чоочун бирөөгө окшош?

• Чоочундардын үнү бүгүн кандай жолдор менен угулат?

• Чоочундардын үнүн кантип ажырата алабыз?

• Чоочундардын үнүн «укканда» эмне кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Мариям Ыйсаны тааный алган.

[32-беттеги сүрөт]

Чоочундардын үнүн «укканда» эмне кылабыз?