Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эң жакшы кеңештин булагы

Эң жакшы кеңештин булагы

Эң жакшы кеңештин булагы

АДАМДАРДЫН бардыгы жашоодо ийгиликке жетүүнү каалашат. Бул азыркы дүйнөдө оңойго турбаса да, ийгиликке жакшы жетекчиликтин жана ага ылайык иш кылуунун аркасында жетүүгө болот. Бирок адамдар жакшы жетекчиликке, кеңешке көңүл бурууну дайым эле каалай беришпейт. Көптөр адам өз акылы менен жашашы керек дегенге жакын. Ыйык Китепте түпкү ата-энебизге көзкарандысыздыкты Кудайдын эгедерлигине каршы чыккан душман, Шайтан, сунуш кылганы көрсөтүлөт. Башталыш 3:5те анын Обого эмне дегени жазылган. Ал жерден: «Силер алардан [жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен] ооз тийген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды Кудай билет»,— дегенди окуйбуз.

Адам менен Обо өздөрү каалагандай жашап бактылуу боло алышканбы? Кайдан. Алар жаман-жакшыны өз алдынча аныктоо каалоосунун залакасын дароо эле тарта башташкан. Кудайдын жактыруусунан айрылган ал түгөйлөр жеткилеңсиздикке моюн сунуп, өлүм менен аяктай турган жашоо жолуна түшүшкөн (Башталыш 3:16—19, 23). Адамдардын бардыгы ажалдуу. Ыйык Китепте: «Дүйнөгө бир адам [Адам ата] аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти»,— деп айтылат (Римдиктерге 5:12).

Адам менен Обо жасаган тандоонун залакалуу натыйжасына карабай көптөр адамдын Жаратканы болгон Кудайдын кеңештерин колдонуу акылмандыкка жатарына дагы эле шектенип келишет. Бирок Жазма өзүнүн «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганын», ошондой эле бизге «жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болууга» жардам берерин айтат (2 Тиметейге 3:16, 17). Ыйык Китепте камтылган кеңештерге ылайык иш кылсак бактылуураак болорубуз шексиз. Аларды биринчи кезекте үй-бүлөлүк жашоодо колдонуу өзгөчө маанилүү.

Үй-бүлөдө ишенимдүүлүктү сактоо

Ыйык Китепке ылайык, Кудай никенин түбөлүк келишим болушун каалаган (Башталыш 2:22—24; Матай 19:6). Андан сырткары, Жазмада никенин «адал болушу», башкача айтканда, адам жубайынан бөлөк бирөө менен жыныстык катнашта болбошу керектиги айтылат (Эврейлерге 13:4). Бирок азыр көптөгөн үй-бүлөлөрдөгү жагдай бул талапка жооп бербеси силерге маалым болсо керек. Айрымдар бирге иштеген жана өздөрүнүн жубайы эмес адамдарга тийишүүнү адат кылып алышкан. Башкалары ойношу менен убакыт өткөрүү үчүн үй-бүлөсүн алдашат. Дагы кимдир бирөөлөр болсо, мурунку макалада айтылган Верониканын күйөөсүндөй болуп, жашыраак жардын жанында өздөрүн жашыраак жана бактылуураак сезерин айтып жубайларын таштап кетишүүдө.

Кандай болбосун, алды-артын ойлобой өз каалаганын кылуу адамды чындап бактылуу кылбайт. Бул Рональддын турмушунан айкын көрүнүп турат. Ал жашоосун жакшы жакка өзгөртөм деген ишеним менен алты жыл жашыруун жашап келген жана өзүнөн эки балалуу болуп калган ойношу менен жашоо үчүн аялын таштап баса берет. Бирок көп өтпөй эле, ал ойношу Рональддын өзүн таштап кетет! Акыры Рональд ата-энеси менен жашап калат. Ал абалынын аябай жаман экенин мойнуна алат. Бул мындай мисалдардын бири гана. Мындай өзүмчүлдүккө негизделген жүрүм-турум далай адамдарды — чоңдорун да, балдарын да — азапка салган ажырашуулардын жана бузулган үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүнө себеп болууда.

Ал эми ыйык китептик кеңештерди колдонуу чындап бактылуу кылат. Буга Роберто жакшы мисал. Ал: «Ыйык Китептеги кеңештер аялымдан айрылып калбоого жардам берди. Жубайыңдан башка бирөөгө кызыгуу менен, мейли, ал сулуу көрүнсө да, чындап бактылуу болууга мүмкүн эмес. Ыйык Китептен алган билимим ушунча жылдан бери бирге жашап келген аялымды баалоого үйрөттү»,— дейт. Кудай Сөзүндөгү: «Жаш чагыңарда алган аялыңарга жүзү каралык кылбагыла»,— деген кеңеш Робертонун жашоосунда маанилүү роль ойногон (Малахия 2:15). Кудай берген кеңештер дагы кайсы жактардан жардам бере алат?

Балдарды тарбиялоо

Мындан ондогон жылдар мурун ата-энелер балдарына өтө көп чек койбошу керек деген пикир кеңири жайылып кеткен. Өздөрү каалагандай ойлонууга жана жашоого мүмкүндүк берүү жана балдардын өсүшүнө тоскоолдук кылбоо керектей сезилген. Ал турсун, айрым жерлерде эркин окутуу системасы да киргизилген. Ал системага ылайык, сабакка барууну же барбоону, окууга жана эс алууга канча убакыт бөлүүнү чечүүгө окуучулардын өздөрүнө мүмкүндүк берилген. Ошондой мектептердин бири: «Балдарга чоңдордун айыптоосусуз жана кийлигишүүсүсүз бардык сезимдерди туюп көрүүгө мүмкүндүк берүү керек»,— деген принципке карманган. Адамдын жүрүм-турумун изилдеген адистердин айрымдары ата-энелердин балдарын зарыл болгон учурларда сүйүү менен жазалаганы пайда апкелерине азыркыга чейин шектенип келишет.

Бул эмнеге алып келди? Көптөр тарбия берүүнүн мындай ыкмасы, башкача айтканда, бардыгына жол берүүчүлүк балдарга ашыкча эркиндик берди деген ойдо. Алар тарбиялоонун мындай жолу кылмышкерлик менен баңгиликтин дүркүрөп өсүшүнө алып келди деп эсептешет. Кошмо Штаттарда жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70 пайызы балдар жана өспүрүмдөр ата-энелеринен тийиштүү тарбия алышпайт деген ойдо. Көптөр мектептеги атышуулар менен өспүрүмдөр кылып жаткан башка үрөй учурарлык кылмыштар «ата-энелердин көзөмөлүнүн жетишсиздигинен улам жасалат» дешүүдө. Жыйынтыгы мынчалык жаман болбогон күндө да балдар менен ата-энелер натуура тарбиянын залакалуу натыйжаларына дуушар болушууда.

Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылат? Ал китеп ата-энелерди балдарын сүйүү жана чечкиндүүлүк менен тарбиялоого чакырат. Анда: «Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык байланып калды, бирок түзөй турган чыбык андан акылсыздыкты жок кылат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:15). Албетте, жаза кылынган ишке жараша болушу керек. Кандай жол менен жазаласаңар да, жумшактык, өзүн өзү башкара билүү жана эстүүлүк сапаттарын чагылдыргыла. Бул сүйүү көрсөткөндүккө жатат. Балдарын оройлук менен эмес, сүйүү менен тарбиялаган ата-энелер эң сонун натыйжаларга жетүү ыктымалдыгын жогорулатат.

Бул кеңешти колдонуу жакшы жемиш берерин көрсөткөн мисалдар бар. Мексикада жашаган жана жакында эле үйлөнгөн 30 жаштагы Артуро: «Атам мага жана биртуугандарыма үйдө апам экөөнө баш ийишибиз керек экенин ачык көрсөткөн. Зарыл болгондо алар бизди жазалашчу. Ошондой болсо да биз менен сүйлөшүүгө дайым убакыт табышар эле. Азыр жашоого ишеним менен карайм жана бул көбүнесе жакшы тарбиянын натыйжасы экенин билем»,— дейт.

Эң жакшы кеңештерди колдонгула

Кудай Сөзүндө, Ыйык Китепте, адамдар үчүн эң жакшы кеңештер камтылган. Ал кеңештер үй-бүлөлүк жашоодо эле эмес, көп жактардан пайдалуу, анткени алар адамдардын көпчүлүгү жашоолорун эң жогорку акылдын Булагынын жетеги менен өткөрүүнү каалабаган дүйнөдө кандай иш-аракет кылышыбыз керектигин үйрөтөт.

Адамзаттын Жаратканы болгон Жахаба Кудай забурчу Дөөт аркылуу: «Сени акылга келтирем, сени жүрө турган жолуңа салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деп ынандырат (Забур 31:8). Элестетсеңер, ар кыл коркунучтардан сактоо үчүн Жараткан бизге өзү көз салып турат! Ошондой болсо да ар бирибиз: «Жахаба берип жаткан коргоо менен жетекчиликти момундук менен кабыл аламбы?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көргөнүбүз зарыл. Анын Сөзүндө сүйүүнү чагылдырган төмөнкүдөй насаат камтылат: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сени түз жолго салат» (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Жахабаны таанып-билүү үчүн, аракет жана тырышчаактык керек. Аны Ыйык Китептин жардамы менен таанып-билүүгө болот. Кудай сунуш кылып жаткан жашоо жолу «азыркы жана келечектеги жашоого» карата берилген убадалардын аткарылышын көрүүгө мүмкүндүк берет. Мындай жашоо апкеле турган бардык баталарды эске алсак, ал, чынында эле, улуу байлык (1 Тиметейге 4:8; 6:6).

Эгерде силерге Ыйык Китептеги терең ойлор жагып, андагы кеңештерди колдонуудан келген баталар кызыктырса, Кудай Сөзүн окууну жана анын үстүнөн ой жүгүртүүнү жашооңордо биринчи орунга койгула. Ошондо учурдагы жана келечектеги кыйынчылыктардын баарын ийгиликтүү чече аласыңар. Андан сырткары, бардык адамдар Жахабадан таалим алган жана улуу тынчтык өкүм сүргөн Кудайдын жаңы заманында жашоо үмүтүнө ээ болосуңар (Ышайа 54:13).

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик кеңештер никени бекемдейт.

[6-беттеги сүрөт]

Жазмадагы кеңештер жакшы жетекчилик эле болбостон, эс алууга убакыт табууга да жардам берет.

[7-беттеги сүрөт]

Жазмадагы кеңештерди колдонгондор толук кандуу жашоого кубанышат.