Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бириңерди назиктик менен сүйгүлө

Бири-бириңерди назиктик менен сүйгүлө

Бири-бириңерди назиктик менен сүйгүлө

«Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн [«назиктик менен», «Мукаддас»] сүйгүлө» (РИМДИКТЕРГЕ 12:10).

1, 2. Биздин замандагы бир миссионер жана элчи Пабыл ишенимдештери менен кандай мамиледе болушкан?

ЫРААКЫ ЧЫГЫШТА 43 жыл миссионер болуп кызмат кылган Дон башкаларга жылуу мамиле жасаганы менен таанылуу болгон. Ал катуу ооруп, өлүм алдында жатканда, анын жардамы менен Ыйык Китептен билим алган адамдардын айрымдары: «Камсахамнида, камсахамнида!» (корейче «Ырахмат, ырахмат!») — деп айтыш үчүн миңдеген чакырым жол арытып келишкен. Дондун назик сүйүүсү алардын жүрөгүн козгогон.

2 Мындай мисалдар аз эмес. Биринчи кылымда элчи Пабыл өзү жардам берген адамдарга ысык ынактык көрсөткөн. Пабыл алар үчүн өзүн аяган эмес. Ал көзкараштарына бекем карманган адам болсо да, «баласын бөпөлөгөн энедей» жумшак жана камкор да болгон. Пабыл Тесалоникадагы жыйналышка: «Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктарга 2:7, 8). Кийинчерээк ал эфестик биртуугандарына экинчи көрүшпөй турганын айтканда, «бардыгы аябай ыйлап, Пабылды мойнунан кучактап өпкүлөшкөн» (Элчилер 20:25, 37). Ырас, Пабыл менен анын биртуугандарынын ортосундагы мамиле бир динди тутушканы менен эле чектелген эмес. Алар бири-бирин назик сүйүшкөн.

Назиктик жана сүйүү

3. Назиктик менен сүйүүгө карата колдонулган ыйык китептик сөздөр кандайча бири-бири менен байланышта?

3 Ыйык Жазмада назиктик, боорукердик жана боор ооругандык Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү сапаттардын эң негизгиси болгон сүйүү менен тыгыз байланыштырылат (1 Тесалоникалыктарга 2:8; 2 Петир 1:7). Кооз бриллианттын кырлары сыяктуу, Кудайга жаккан бул сапаттардын баары бири-бирин теңсалмактап, толуктап турат. Алардын жардамы менен Ыйсанын жолдоочулары бири-бирине эле эмес, өздөрүнүн асмандагы Атасына да жакындай алышат. Ошондуктан элчи Пабыл ишенимдештерин: «Бири-бириңерди эки жүздүүлөнбөй сүйгүлө... Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн [«назиктик менен», «Мукаддас»] сүйгүлө»,— деп үндөгөн (Римдиктерге 12:9, 10).

4. «Назиктик» деген сөздүн мааниси кандай?

4 Пабыл колдонгон «назиктик» деген грек сөзү эки бөлүктөн турат: бири — достукту, экинчиси табигый ынактыкты билдирет. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу түшүндүргөндөй, бул Ыйсанын жолдоочуларынын «бири-бирин сүйгөн, колдогон ынтымактуу үй-бүлөгө мүнөздүү ынактыгы менен айырмаланып турушу керектигин» билдирет. Силерде рухий биртуугандарыңарга карата ошондой сезим барбы? Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында жылуу атмосфера — жакындык сезими — өкүм сүрүп турушу керек (Галаттыктарга 6:10). Ошондуктан Римдиктерге 12:10 «Мукаддас» котормосунда: «Бириңерди бириңер назиктик менен боордоштордой сүйгүлө»,— деп берилет. Ооба, Ыйсанын жолдоочулары бири-бирин милдеттүү болушкандыктан же андай сезим көрсөтүү акылга сыярлык болгондуктан эле сүйүшпөйт. Биз «дайыма бири-бирибизди чын жүрөктөн» «анткорсуз бир туугандык сүйүү» менен сүйүшүбүз керек (1 Петир 1:22).

Бири-бирин сүйүүнү Кудайдан үйрөнгөндөр

5, 6. а) Кандайча Жахаба эларалык жыйындар аркылуу өзүнүн элин биртуугандык сүйүүгө үйрөтүп келет? б) Биртуугандардын ортосундагы байланыш кандайча убакыттын өтүшү менен бекемделе берет?

5 Бул дүйнөдө «сүйүүнүн ысыгы кайтып» жаткан учурда Жахаба өзүнүн элин «бири-бирин сүйүүгө» үйрөтүп жатат (Матай 24:12; 1 Тесалоникалыктарга 4:9). Буга Жахабанын Күбөлөрүнүн эларалык жыйындары өзгөчө шарт түзөт. Андай жыйындар өткөрүлгөн учурларда жергиликтүү Күбөлөр алыскы өлкөлөрдөн келген биртуугандарын жолуктурушат жана көптөрү аларга өздөрүнүн үйүндө меймандостук көрсөтүшөт. Акыркы жыйындардын биринде коноктордун кээ бирлери, адатта, адамдар сезимдерин ачык билдирбеген өлкөлөрдөн келишкен. «Жаңы келгенде алар өздөрүн оңтойсуз сезип, тартынып жүрүштү,— дейт конокторду жайгаштырууга жардам берип жүргөн бир ишенимдешибиз.— Бирок алты эле күн өткөндөн кийин, коштошуп жатканда, алар жана аларды үйлөрүндө кабыл алгандар бири-бирин кучактап, ыйлап жатышты. Алар эч качан унутулгус биртуугандык сүйүүгө бөлөнүштү». Биртуугандарыбызга тек-тамырына карабай сүйүү көрсөтүүнүн аркасында коноктордун да, меймандостук көрсөткөндөрдүн да эң сонун сапаттары көрүнөт (Римдиктерге 12:13).

6 Мындай жыйындар жүрөктү канчалык алып учпасын, Ыйсанын жолдоочулары бири-бирине карата дагы жакыныраак мамилени Жахабага бир канча убакыт бою чогуу кызмат кылуу менен өрчүтө алышат. Биртуугандарыбызды жакшы билгенибизде алардын сонун сапаттарын: чынчылдыгын, ишеничтүүлүгүн, берилгендигин, аккөңүлдүгүн, кеңпейилдигин, сыпайылыгын, боорукерлигин жана өзүмчүл эместигин ого бетер көбүрөөк баалай баштайбыз (Забур 14:3—5; Накыл сөздөр 19:22). Чыгыш Африкада миссионер болуп кызмат кылган Марк: «Биртуугандарыбыз менен эриш-аркак кызматташуу үзүлгүс байланыштын пайда болушун шарттайт»,— деген.

7. Жыйналышта биртуугандык сүйүү өкүм сүрүшү үчүн, бизден эмне талап кылынат?

7 Жыйналыштагылар менен ушундай тыгыз мамиле өрчүтүп, аны сактоо үчүн, алар менен эриш-аркак болушубуз керек. Жыйналыш жолугушууларына дайыма келүү менен биз рухий биртуугандарыбыз менен болгон ынактыгыбызды чыңдайбыз. Жолугушуу башталганга чейин жана андан кийин пикирлешип, ошондой эле жыйналыш программасына активдүү катышып, биз бири-бирибизди бекемдейбиз да, «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйбүз» (Эврейлерге 10:24, 25). Америкадагы бир аксакал мындай дейт: «Бала кезимде биздин үй-бүлө башкалар менен мазмундуу маектешүүгө мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүп, Падышалык залынан дайыма акыркылардан болуп кетип жүргөнүн жылуу сезим менен эскерем».

«Жүрөгүңөрдү кенен ачышыңар» керек эмеспи?

8. а) Пабыл корунттуктарды «жүрөктөрүн кенен ачууга» үндөө менен эмне айткысы келген? б) Жыйналышта ынактыктын өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн эмне кылсак болот?

8 Мындай ынактыкты толук чагылдыруу үчүн, балким, «жүрөгүбүздү кенен ачышыбыз» керектир. Элчи Пабыл Корунттагы жыйналышка: «Силерге жүрөгүбүздү кенен ачтык. Биз силерди жүрөгүбүзгө батырдык»,— деп жазган. Пабыл аларды да «жүрөктөрүн кенен ачууга» үндөгөн (2 Корунттуктарга 6:11—13). Силер да ынактык көрсөтүү жагынан «жүрөгүңөрдү кенен ача» аласыңарбы? Башкалардын демилгени колго алышын күтүп отурбагыла. Римдиктерге жазган катында Пабыл назиктик менен сүйүүнүн зарылдыгын: «Бири-бириңерди оозунуп урматтагыла»,— деген кеңеш менен коштогон (Римдиктерге 12:10). Башкаларга урмат көрсөтүү үчүн, жолугушууларга келгендер менен саламдашууда демилге көрсөтсөң болот. Ошондой эле аларды чогуу кабар айтууга же жолугушууга даярданууга чакырсаң болот. Мындай иш-аракеттер назик сүйүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

9. Кээ бирөөлөр ишенимдештери менен жакыныраак достошуу үчүн кандай кадамдарды жасашат? (Жергиликтүү мисалдардан да айтып бергиле.)

9 Жыйналыштагы үй-бүлөлөр жана биртуугандар бири-бириникине барып туруу менен, мисалы, чогуу чай ичип же бирге пайдалуу иштер менен алектенип «жүрөктөрүн кенен ача» алышат (Лука 10:42; 14:12—14). Акоп мезгил-мезгили менен чакан топ болуп жаратылышта эс алууну уюштуруп турат. «Эс алууга жаштар, карылар, ошондой эле жалгыз бой ата-энелер барышат,— дейт ал.— Баары тең үйлөрүнө жагымдуу эскерүүлөр менен кайтып, бири-бирине жакыныраак болуп калышканын сезишет». Ыйсанын жолдоочулары катары биз бири-бирибизге ишенимдештер эле эмес, чыныгы достордон да болууга умтулушубуз керек (3 Жакан 14).

10. Башкалар менен тил табыша албай жүрсөк, эмне кылсак болот?

10 Бирок кээде жеткилеңсиздиктин айынан достук мамиле өрчүтүү жана ынактык көрсөтүү оңойго турбашы ыктымал. Мындай учурларда эмне кылууга болот? Биринчиден, биртуугандарыбыз менен жакшы мамиледе болуу жөнүндө тиленсек болот. Кудай өзүнүн кызматчыларынын бири-бири менен жакшы мамиледе болушун каалайт, ошондуктан бул тууралуу чын жүрөктөн айтылган тиленүүлөргө жооп берет (1 Жакан 4:20, 21; 5:14, 15). Ошондой эле тиленүүлөрүбүзгө ылайык иш кылышыбыз керек. Рик, Чыгыш Африкадагы кыдыруучу кызматчы, мүнөзү корс бир биртууган менен тил табышуу оңойго турбаганын эскерет. «Андан оолактабай, аны менен жакшыраак таанышууну чечтим,— деп айтат Рик.— Көрсө, ал биртуугандын атасы катуу киши болгон экен. Ошондон улам калыптанып калган мүнөзү менен аябай күрөшүп келатканын жана бул жагынан кандай ийгиликтерди кылганын түшүнгөнүмдө, ал биртууганга баа бердим. Биз жакшы достордон болуп калдык» (1 Петир 4:8).

Жүрөгүңөрдү ачкыла!

11. а) Жыйналышта сүйүүнүн өркүндөшү үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Адамдын башкалардан обочолонушу эмне себептен ага рухий коркунуч туудурушу мүмкүн?

11 Бүгүн эч ким менен жакын мамиле өрчүтпөй жашап келаткан адамдар аз эмес. Бул абдан өкүнүчтүү! Бирок Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында андай болбошу керек. Биртуугандык чыныгы сүйүү сылык маектешүүнү жана сыпайылыкты эле билдирбейт, ошондой эле ички сезимдерди башкаларга төгүп-чачып көрсөтүүнү да билдирбейт. Пабыл корунттуктарга жүрөгүн ачкандай, биз да жүрөгүбүздү ачууга жана ишенимдештерибизге алардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар экенибизди көрсөтүүгө даяр болушубуз керек. Албетте, баарыбыз эле табиятыбыздан жайдары эмеспиз же сезимдерибизди ачык билдирүүгө көнгөн эмеспиз. Ошентсе да түнт болуу зыяндуу болушу мүмкүн. Ыйык Китепте: «Өз дегенин бербеген [«бөлүнө берген», МАК] адам өзүнүн каалаганын издейт, бардык акылдуу нерсеге каршы чыгат»,— деп эскертилет (Накыл сөздөр 18:1).

12. Жыйналыштагылар менен жакын мамиледе болуу үчүн эмне себептен жакшы пикирлешүү зарыл?

12 Чынчылдык менен пикирлешүү — чыныгы достуктун пайдубалы (Жакан 15:15). Баарыбыз тең жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерибиз менен бөлүшө ала турган досторго муктажбыз. Андан тышкары, бири-бирибизди канчалык жакшы билсек, бири-бирибиздин муктаждыктарыбызды канагаттандыруу ошончолук оңой болот. Ошентип, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды издөө менен жыйналыштын ынак болушуна өбөлгө түзөбүз жана Ыйсанын: «Алганга караганда берген жакшы»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине ынанабыз (Элчилер 20:35; Филипиликтерге 2:1—4).

13. Биртуугандарыбызды назиктик менен сүйөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

13 Ынактыгыбыз көбүрөөк пайда алып келиши үчүн, аны көрсөтө билишибиз зарыл (Накыл сөздөр 27:5). Андай сезимибиз чыныгы болсо, бул жүзүбүздөн көрүнүп турушу жана башкалардын жүрөгүн жооп кайтарууга түрткү бериши ыктымал. «Жарык көз караш жүрөктү кубантат»,— деп жазган бир акылман адам (Накыл сөздөр 15:30). Башкаларга көңүл буруу да назиктик менен сүйүү көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Чыныгы ынактыкты эч ким сатып ала албаса да, чын жүрөктөн берилген белек чоң мааниге ээ болушу мүмкүн. Открытка, кат жана «өз убагында айтылган сөз» — мунун баары терең сүйүүнү чагылдыра алат (Накыл сөздөр 25:11, «ЖД»; 27:9). Башкалардын достугуна татыган соң, ал достукту андан ары да чын ниеттен ынактык көрсөтүү менен сакташыбыз керек. Айрыкча, досторубуз жардамга муктаж болгондо, аларга колдоо көрсөткүбүз келет. «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 17:17).

14. Эгер кимдир бирөө ынактык көрсөткөнүбүзгө жооп кайтарбагандай көрүнсө, эмне кылсак болот?

14 Албетте, биз жыйналыштагылардын ар бири менен жакын мамиледе боло албайбыз. Башкаларга караганда кээ бирөөлөргө көбүрөөк жакын болгонубуз табигый нерсе. Ошондуктан, эгер кимдир бирөө менен жуурулушуу оңой эместей көрүнсө, өзүңөрдүн же ошол адамдын бир жаман жери бар деп тыянак чыгарууга ашыкпагыла. Ошону менен бирге, ал адамга достугуңарды таңуулоого аракеттенбегиле. Эгерде ага өзү туура көргөндөй деңгээлде досторчо мамиле кыла берсеңер, келечекте аны менен жакыныраак мамиледе боло алышыңар ыктымал.

«Мен Сага ыраазымын»

15. Мактоо же мактабоо башкаларга кандай таасир тийгизет?

15 Ыйса чөмүлтүлгөндө асмандан: «Мен Сага ыраазымын»,— деген сөздөрдү укканда абдан эле кубанса керек (Марк 1:11). Бул кубаттоо Ыйсаны Атасынын жакшы көрөрүнө ого бетер ынандырган чыгар (Жакан 5:20). Тилекке каршы, кээ бирөөлөр мындай мактоо сөздөрүн өздөрү урматтаган жана сүйгөн адамдарынан эч качан угушпайт. «Мен сыяктуу көптөгөн жаштардын үйүндөгүлөрү чындыкта эмес,— дейт Энн.— Үйдөн биз жеме гана угабыз. Бул бизди абдан капалантат». Бирок жыйналышка мүчө болушканда, алар бири-бирине колдоо көрсөткөн, кам көргөн рухий үй-бүлөнүн: ишенимдеги аталардын жана энелердин, ага-инилердин жана эже-карындаштардын жылуу мамилесин сезишет (Марк 10:29, 30; Галаттыктарга 6:10).

16. Эмне себептен башкаларга сын көзкараш менен мамиле кылуу пайда алып келбейт?

16 Айрым маданияттарда ата-энелер, улуулар жана мугалимдер жаштарды чын жүрөктөн чанда эле макташат, анткени бул алардын кекирейип же бой көтөрүп кетишине алып келиши мүмкүн деп ойлошот. Мындай ой жүгүртүү Ыйсаны жолдогон үй-бүлөлөр менен жыйналышка да таасир этиши этимал. Жаштардын сүйлөп чыккан сөзүнө же башка аракеттерине баа берүүдө улуулар: «Жакшы эле, бирок сен мындан да жакшыраак кыла аласың!» — деп айтышы мүмкүн. Же болбосо, кандайдыр бир жол менен өздөрүнүн аларга ыраазы эмес экенин билдириши да ыктымал. Көптөр ушундай жол менен жаштарга өздөрүнүн жөндөм-мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга түрткү беребиз деп ойлошот. Бирок бул көп учурда тескери натыйжа берет, себеби жаштар өздөрүн эчтекеге жараксыз сезип же түнт болуп калышы мүмкүн.

17. Эмне үчүн башкаларды мактоого мүмкүнчүлүк издешибиз керек?

17 Бирок мактоо кеңеш берерде гана айтылбашы керек. Чын жүрөктөн чыккан мактоо үй-бүлөдө жана жыйналышта сүйүүнүн назиктик менен көрсөтүлүшүнө өбөлгө түзүп, жаштарга тажрыйбалуу ишенимдештеринен кеңеш издөөгө түрткү берет. Ошондуктан, келгиле, башкаларга мамиле кылууда маданиятка жетектелгендин ордуна, «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамга» кийинели. Жахабаны туурап, башкаларды мактагыла (Эфестиктерге 4:24).

18. а) Жаштар, улуулардын кеңешине кандай карашыңар керек? б) Эмне үчүн улуулар абайлап кеңеш беришет?

18 Ал эми, жаштар, улуулар силерди оңдоп-түзөсө же кеңеш берсе, бул алардын силерди жаман көрөрүн билдирбейт (Насаатчы 7:9). Тескерисинче, силер үчүн тынчсызданышарын жана силерди абдан жакшы көрүшөрүн көрсөтөт. Болбосо, силер менен ошол маселе жөнүндө сүйлөшүүгө күч-аракет жумшоонун аларга эмне зарылдыгы бар? Сөздүн кандай таасир этерин билгендиктен, улуулар, айрыкча, жыйналыш аксакалдары көп учурда кеңеш берердин алдында ойлонууга жана тиленүүгө көп убакыт арнашат, анткени алар жакшылык кылууну гана каалашат (1 Петир 5:5).

«Жахаба сезимдерин зор назиктик менен көрсөтөт»

19. Көңүлү кайт болгондор эмне үчүн Жахабадан колдоо күтө алышат?

19 Жагымсыз жагдайга туш болгондон кийин кээ бирөөлөр назиктик менен сүйүү көрсөтүү артыкбаш көңүл кайттылыкка гана алып келет экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Мындан кийин алар башкаларга өздөрүнүн жүрөгүндөгүнү оңой менен ачып бере албай калышат. Ан үчүн кайраттуулук жана күчтүү ишеним талап кылынып калат. Бирок алар Жахабанын «ар бирибизге жакын» экенин эч убакта унутпашы керек. Ал бизди өзүнө жакындоого чакырат (Элчилер 17:27; Жакып 4:8). Ошондой эле ал жүрөгүбүздү жаралоодон коркорубузду түшүнөт жана бизди колдоп, жардам берерин убадалайт. Забурчу Дөөт бизди: «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, руху менен моюн сунгандарды куткарат»,— деп ынандырат (Забур 33:19).

20, 21. а) Жахаба менен жакын мамиледе боло аларыбызды кайдан билебиз? б) Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу үчүн эмнелер талап кылынат?

20 Жахаба менен достошуу — биз өрчүтө ала турган мамилелердин эң маанилүүсү. Бирок Кудай менен ошондой мамиледе болуу мүмкүнбү? Ооба. Ыйык Китепте өздөрүн асмандагы Атабызга жакын сезишкен адил эркек-аялдар тууралуу айтылат. Алардын чын жүрөктөн айткан сөздөрү биз да Жахабага жакындай аларыбызга бекем ишенишибиз үчүн сакталып калган (Забур 22, 33, 138; Жакан 16:27; Римдиктерге 15:4).

21 Жахаба менен жакын мамиледе болууну каалагандарга коюлган талаптарга ар бир адам жооп бере алат. «Теңир! Ким Сенин турагыңда жашай алат?» — деп сураган Дөөт. «Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүнөн чындыкты сүйлөгөн» адам (Забур 14:1, 2; 24:14). Кудайга кызмат кылуунун жакшы жемиш алып келерин жана бизди анын жетекчилиги менен коргоосуна ээ кыларын көрүп, биз Жахабанын өз «сезимдерин зор назиктик менен көрсөтөрүн» билебиз (Жакып 5:11).

22. Жахаба кызматчыларынын бири-бири менен кандай мамиледе болушун каалайт?

22 Жахабанын жеткилеңсиз адамдар менен ушундай ынак мамиледе болууну каалаганы биз үчүн кандай бата! Анда бири-бирибизге назиктик менен сүйүү көрсөтүшүбүз керек эмеспи? Жахабанын жардамы менен ар бирибиз Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү болгон назик сүйүүнү көрсөтө да, сезе да алабыз. Кудайдын Падышалыгынын тушунда жердегилердин баары бул ынактыкты түбөлүк сезет.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышында кандай атмосфера өкүм сүрүшү керек?

• Кантип ар бирибиз жыйналышта сүйүүнүн назиктик менен көрсөтүлүшүнө өбөлгө түзө алабыз?

• Кандайча чын жүрөктөн чыккан мактоо ынактыктын өсүшүнө өбөлгө түзөт?

• Жахабанын назик сүйүүсү бизди кандайча бекемдейт?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары бири-бирин милдеттүү болушкандыктан эле сүйүшпөйт.