Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүгүн Кудайды кимдер даңктап жатышат?

Бүгүн Кудайды кимдер даңктап жатышат?

Бүгүн Кудайды кимдер даңктап жатышат?

«Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң» (АЯН 4:11).

1, 2. а) Биомиметика деген эмне экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат? б) Буга байланыштуу кандай суроо туулат жана анын жообу кандай?

ЭЛҮҮ жылдан ашык убакыт мурун швейцариялык инженер Жорж де Местраль бир күнү ити менен сейилдеп келгенден кийин, өзүнүн кийимине жана итинин жүнүнө уйгак жабышып калганын байкаган. Ал кызыгуу менен уйгакты микроскопко салып изилдеп, илмектүү нерсенин баарына жабыша берүүчү кымындай илгичтерди көрүп бүйүрү кызыган. Натыйжада ал уйгактын жасалма түрүн — чапталгычты (липучка) — ойлоп тапкан. Табиятты Де Местраль гана туураган эмес. Америка Кошмо Штаттарында ага-ини Райттар чоң куштардын кантип учарын изилдегенден кийин аэропланды ойлоп чыгарышкан. Француз инженери Александр Гюстав Эйфель адамдын кашка жилиги дененин салмагын кантип көтөрүп турарын изилдеп, анын негизинде Парижде өзүнүн ысмы менен аталган мунараны тургузган.

2 Бул мисалдар биомиметика деген эмне экенин жакшы көрсөтүп турат. Илимдин бул тармагы биологиялык структуралардын түзүлүш өзгөчөлүктөрүн тууроо менен алектенет *. Бирок төмөнкүдөй орундуу суроо туулат: ойлоп табуучулар өзүлөрү ойлоп чыгарган нерселерине негиз болуп берген кымындай тикендин, чоң куштардын, адамдын кашка жилигинин жана башка көптөгөн укмуш нерселердин Жаратуучусуна канчалык даңк айтышат? Тилекке каршы, бүгүнкү дүйнөдө Кудайга ал татыктуу болгон урмат-сый же даңк чанда ыйгарылат.

3, 4. «Даңк» деп которулган эврей сөзүнүн мааниси кандай жана Жахабага карата колдонулганда ал сөз эмнени билдирет?

3 Кээ бирөөлөр: «Кудайды эмне үчүн даңктоо керек? Ал ансыз деле даңктуу эмеспи?» — деп сурашы мүмкүн. Ооба, ааламда Жахабадан даңктуу эч ким жок, бирок бул бардык адамдардын аны даңктуу деп эсептешерин билдирбейт. Ыйык Китепте «даңк» деп которулган эврей сөзүнүн негизги мааниси «салмактуулук» дегенди туюнтат. Ал сөз кимдир бирөөнү башкалардын алдында беделдүү же маанилүү кылган нерселердин баарына карата колдонулат. Кудайга карата колдонулганда ал Кудайдын адамды таасирленткен касиет-сапаттарын билдирет.

4 Кудайдын касиет-сапаттарынын чынында эле таасирлентерлик экенин байкагандар бүгүн аз (Забур 9:25; 13:1). Коомдун атактуу инсандары, Кудайга ишенишкен күндө да, көп учурда адамдардын ааламдын даңктуу Жаратканына бейсый мамиле кылышына себепкер болуп келишет. Кандай жолдор менен?

«Актана алышпайт»

5. Табият кереметтеринин жаралышын көптөгөн окумуштуулар кантип түшүндүрүшөт?

5 Көптөгөн окумуштуулар Кудай жок деп ырасташат. Анда табият кереметтеринин, алардын ичинде адамдардын жаралышын кантип түшүндүрүшөт? Алардын айтуусунда, мындай кереметтер эволюциянын, кокустук башкарган сокур күчтүн, аркасында жаралган. Мисалы, эволюционист Стивен Жей Гулд мындай деп жазган: «Биз балыктардын бир өзгөчө тобунун сүзгүч канаттарынын бөтөнчө түзүлүшү жерде жашоочу айбанаттардын туяк-бутуна айланганынан улам барбыз... Балким, мындан „жогорураак“ болгон себепти табууга умтулуп жаткандырбыз, бирок андай себеп жок». Ричард Лики менен Рожер Луин да: «Сыягы, адамзат тукуму — жаратылыш кетирген чоң ката»,— деп жазышкан. Жаратылыштагы нерселердин кооздугу менен түзүлүшүнө баа берген окумуштуулар да алардын бардыгын Кудай жаратканын танышат.

6. Эмнеден улам көптөрдүн Кудайды Жараткан катары даңктагысы келбей калат?

6 Илимпоздор эволюцияны факт деп ырастоо менен ага сабатсыздар гана ишенишпейт деген маанини билдиришет. Андай ырастоолорду көптөр кандай кабыл алышат? Бир канча жыл мурун эволюция теориясын жакшы билген бир адам ага ишенген адамдар менен дилмаек курган. Ал: «Эволюцияга ишенгендердин көбү ага акыл-эстүү адамдардын баары ишенет деп угуп жүрүшкөндүктөн ишенишерин билдим»,— деп айткан. Ооба, билимдүү инсандардын атеисттик көзкараштарын угушканда, башкалардын Кудайды Жараткан катары даңктагысы келбей калат (Накыл сөздөр 14:15, 18).

7. Римдиктерге 1:20га ылайык, көзгө көрүнгөн жаратуу аркылуу эмнени көрүүгө болот жана эмне үчүн?

7 Окумуштуулар эволюцияга байланыштуу чыгарган тыянактарына фактылар менен далилдердин негизинде келишкенби? Албетте, жок. Айлана-тегерегибизде Жараткандын бар экенин көрсөткөн толгон-токой далилдер бар. Элчи Пабыл: «Дүйнө [адамзат] жаратылгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөгөн табияты: түбөлүктүү күчү жана кудайлыгы Анын жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүнөт. Ошондуктан бул адамдар [ишенбегендер] актана алышпайт»,— деп жазган (Римдиктерге 1:20). Жараткандын бар экендигин ал жасаган нерселер далилдеп турат. Жогорудагы сөздөр менен Пабыл адамзат пайда болгондон тартып эле Кудайдын бар экенине көзгө көрүнгөн жаратуу аркылуу далил алууга мүмкүн болгонун көрсөтүп турат. Ал эмне болгон далилдер?

8. а) Кандайча асман Кудайдын күчү менен акылмандыгын күбөлөндүрүп турат? б) Ааламдын Баштапкы Себеби болгонун эмне көрсөтүп турат?

8 Кудайдын бар экенин жылдыздуу асман далилдеп турат. «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат»,— деп айтылат Забур 18:2де. «Асман» — Күн, Ай жана жылдыздар — Кудайдын күчү менен акылмандыгын күбөлөндүрүп турат. Жылдыздардын эсеп жеткис көптүгү бизди укмуштай таң калтырат. Ошондой эле бул асман телолорунун баары космос мейкиндигинде туш келди эмес, физикалык так мыйзамдар боюнча кыймылдап жүрүшөт * (Ышайа 40:26). Мындай тартип кокустуктун натыйжасында пайда болгон деп ырастоо акылдуулукка жатабы? Кызыктуусу, көптөгөн илимпоздор ааламдын чукул башталышы болгон деп айтышат. Мунун маанисин түшүндүрүп, бир профессор: «Аалам түбөлүк турат деген түшүнүк атеисттердин же агностиктердин [көзкарашына] көбүрөөк дал келет. Ошо сыңары эле, ааламдын башталышы болгон деген түшүнүк баштапкы себепти талап кылат көрүнөт; анткени себеп болбосо, мындай натыйжаны ким элестете алмак?» — деп жазган.

9. Кандайча жаныбарлар дүйнөсү Жахабанын акылмандыгынан кабар берет?

9 Жердеги нерселер да Кудайдын бар экенин далилдейт. Забурчу: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сенин чыгармаларыңа толгон»,— деп айткан (Забур 103:24). Жахабанын «чыгармалары», алардын ичинде жаныбарлар дүйнөсү анын даанышмандыгын күбөлөндүрүп турат. Макаланын башында белгиленгендей, жаратылыштагы нерселердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү абдан сапаттуу болгондуктан, илимпоздор көп учурда аларды тууроого аракеттенишет. Дагы бир нече мисалга токтолуп өтөлү. Изилдөөчүлөр бышык туулгаларды жасоо максатында бугунун мүйүзүн иликтеп жатышат, угузуучу аппараттардын сапатын жогорулатуу аракетинде угуу жөндөмү жакшы өрчүгөн чымындын бир түрүнө байкоо жүргүзүшүүдө жана радардан дээрлик байкалбай турган учактардын сапатын жакшыртуу үчүн үкүнүн канатындагы жүндөрдү изилдешүүдө. Бирок, канчалык аракет кылбасын, адам баласы биологиялык жеткилең структуралардын өзгөчөлүктөрүн өзүндөй кылып туурай албайт. Бир китепте: «Жандуу нерселер жер астындагы отундарды ачкөздүк менен пайдаланбай, планетаны булгабай же өздөрүнүн келечегине коркунуч туудурбай эле биз кылгыбыз келгендин баарын кылып келишет»,— деп айтылат («Biomimicry—Innovation Inspired by Nature»). Кандай зор акылмандык!

10. Жараткандын бар экенин тануу эмне үчүн акылга сыйбаган нерсе? Мисал менен түшүндүргүлө.

10 Жогоруда турган асманды карайбызбы же жердеги жаратууларга көз чаптырабызбы, Жараткандын бар экени айкын көрүнүп турат (Жеремия 10:12). Асмандагы жаратуулардын: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деген жар салуусуна чын жүрөктөн кошулганыбыз абзел (Аян 4:11). Бирок көптөгөн илимпоздор жаратылган нерселердин түзүлүшүн кадимки көздөрү менен көрүп суктанышса да, Кудайдын бар экенин айкындаган далилдерди «жүрөктөрүнүн көздөрү» менен көрбөй жатышат (Эфестиктерге 1:19). Муну төмөнкү мисал менен салыштырууга болот: жаратылган нерселердин кооздугуна, түзүлүшүнө суктанып, бирок Жараткандын бар экенин тануу — укмуш сонун сүрөткө суктанып, бирок сүрөт тартылуучу таза кездемени шедеврге айланткан сүрөтчүнүн бар экенин тануу сыяктуу эле акылга сыйбаган нерсе. Андыктан Кудайга ишенүүдөн баш тарткандардын «актана алышпай» турганы таң калыштуу эмес!

«Сокур жол башчылар» көптөрдү адаштырышууда

11, 12. Тагдыр жөнүндөгү окуу кандай божомолго негизделет жана бул окуунун Кудайга даңк алып келбей турганын эмне көрсөтүп турат?

11 Көптөгөн динчил адамдар өздөрүнүн сыйынуу жолу менен Кудайды даңктайбыз деп чын ниеттен ишенишет (Римдиктерге 10:2, 3). Бирок, жалпысынан, дин миллиондогон адамдарга Кудайды даңктоого тоскоолдук кылган коомдун дагы бир бөлүгүн түзүп турат. Кандайча? Келгиле, мунун эки жолун карап көрөлү.

12 Биринчиден, диний жалган окуулардын айынан адамдар Кудайды тийиштүү түрдө даңктабай жатышат. Мисалга тагдыр жөнүндөгү окууну алалы. Бул окуу Кудай келечекти билүүгө кудуреттүү болгон соң бардык нерсенин эмне менен аяктаарын алдын ала билиши керек деген божомолго негизделет. Тагдырга ишенгендер Кудай ар бир адамдын келечегин — жакшысын да, жаманын да — алдын ала белгилеп койгон деп айтышат. Бул түшүнүккө ылайык, дүйнөдөгү азап чегүүнүн жана жамандыктардын баары үчүн Кудай күнөөлүү. Албетте, бул ага даңк алып келбейт, анткени башкы Душманына, Ыйык Китепте «бул дүйнөнүн төрөсү» деп аталган Шайтанга, коюлушу керек болгон айып Кудайга коюлууда! (Жакан 14:30; 1 Жакан 5:19).

13. Кудай келечекти көрө билүү жөндөмдүүлүгүн башкара албайт деп ойлоо эмне үчүн акылсыздык? Мисал менен бышыктагыла.

13 Тагдыр жөнүндөгү окуу Ыйык Китепке дал келбейт жана Кудайга тил тийгизет. Ал окуу Кудайдын эмне кыла аларын анын чынында эмне кылып жатканы менен чаташтырат. Кудайдын келечекти алдын ала биле алары Ыйык Китепте айкын көрсөтүлөт (Ышайа 46:9, 10). Бирок Жахаба келечекти көрө билүү жөндөмдүүлүгүн башкара албайт же ал ар бир окуянын натыйжасы үчүн жооптуу деп ойлоо акылга сыярлык эмес. Мисалы, абдан күчтүү адам көзүнө көрүнгөн оор нерсенин баарын эле көтөрө береби? Албетте, жок. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын келечекти билүүгө жөндөмдүү экени анын бардык нерсени көрө билүүгө же алдын ала белгилеп коюуга тийиш экенин билдирбейт. Ал өзүнүн бул жөндөмүн орду менен колдонот *. Ошентип, жалган окуулардын, анын ичинде тагдыр жөнүндөгү окуунун Кудайга даңк алып келбеси айкын болуп турат.

14. Көп диндер Кудайга кантип акарат келтиришүүдө?

14 Экинчиден, көп диндер өз мүчөлөрүнүн иш-аракеттери аркылуу Кудайга акарат келтиришет. Ыйсанын жолдоочулары анын окуулары боюнча жашоого тийиш. Ыйса өз жолдоочуларын бири-бирин сүйүүгө жана дүйнөдөн болбоого үйрөткөн (Жакан 15:12; 17:14—16). Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери жөнүндө эмне айтууга болот? Алар Ыйсанын үйрөткөндөрүнө ылайык жашайбы?

15. а) Диний жетекчилер элдер ортосундагы согуштарга байланыштуу кандай атка ээ? б) Диний жетекчилердин жүрүм-туруму миллиондогондорго кандай таасир тийгизет?

15 Диний жетекчилердин согуштарга байланыштуу кандай атка ээ экенин карап көрөлү. Алар элдер ортосундагы көптөгөн согуштарды колдоп, аларга көзжумду мамиле кылып, жадагалса демилгечилик кылып келишкен. Алар аскерлерге батасын берип, адам өлтүрүүнү акташкан. Ошондуктан бизде: «Бул диний жетекчилер карама-каршы тараптагы диний жетекчилер деле ошентип жатышканын ойлошпойбу?» — деген табигый суроо туулат. («Кудай ким тарапта?» деген кутучаны карагыла.) Диний жетекчилердин кандуу согуштарда Кудайдын колдоосуна ээбиз деп ырасташканы Кудайга даңк алып келбейт. Алардын Ыйык Китепти эскирип калган деп жарыялашканы жана жыныстык адеп-ахлаксыздыктын кайсы түрүнө болбосун көз жумуп жатышканы да Кудайды даңктабайт. Алар Ыйса «мыйзамсыздар» жана «сокур жол башчылар» деп атаган диний жетекчилерге кандай гана окшош! (Матай 7:15—23; 15:14). Алардын жүрүм-туруму миллиондогон адамдардын Кудайга болгон сүйүүсүнүн сууп калышына себеп болууда (Матай 24:12).

Кудайды кимдер чындап даңктап жатат?

16. Кудайды кимдер чындап даңктап жатканына байланыштуу суроого жооп алуу үчүн эмне себептен Ыйык Китепке кайрылышыбыз керек?

16 Дүйнөнүн көрүнүктүү жана таасирдүү адамдары, жалпы жонунан, Кудайды даңктабаса, анда Аны кимдер чындап даңктап жатат? Бул суроого жооп алуу үчүн, Ыйык Китепке кайрылышыбыз керек. Себеп дегенде Кудай башкалар аны кандайча даңкташы керектигин көрсөтүүгө акылуу жана ал өзүнүн Сөзүндө бул боюнча негизги принциптерди берген (Ышайа 42:8). Келгиле, Кудайды даңктоонун үч жолун карап, ар биринде бүгүн Кудайды кимдер чындап даңктап жатканына токтолуп өтөлү.

17. Кудайдын ысмын даңктоо анын эркинин маанилүү бөлүгү экенин Жахаба өзү кантип көрсөткөн жана бүгүн Кудайдын ысмын жер жүзү боюнча кимдер мактап жатат?

17 Биринчиден, Кудайды анын ысмын даңазалоо менен даңктай алабыз. Бул Кудайдын эркинин маанилүү бөлүгү экенин Жахабанын Ыйсага айткан сөздөрүнөн көрүүгө болот. Өлөрүнө бир нече күн калганда, Ыйса: «Ата! Өз ысымыңды даңкта!» — деп тиленген. Ошондо: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деген үн угулган (Жакан 12:28). Бул сөздөрдү Жахабанын өзү айтканы талашсыз. Кудайдын жообунан анын ысмын даңктоо ал үчүн маанилүү экени айкын көрүнүп турат. Анда бүгүн кимдер Жахабанын ысмын жарыялап, аны бүт жер жүзү боюнча мактап-даңктап жатат? Жахабанын Күбөлөрү! Алар муну 230дан ашык өлкөдө кылып жатышат (Забур 85:11, 12).

18. Кудайга «чындыкта» табынып жаткандарды кантип таанууга болот жана жүз жылдан ашык убактан бери адамдарды Ыйык Китептеги чындыкка кайсы топ үйрөтүп келүүдө?

18 Экинчиден, биз Кудайды башкаларды ал жөнүндөгү чындыкка окутуу менен даңктай алабыз. Ыйса чыныгы кызматчылардын Кудайга «чын жүрөктөн [«чындыкта», «ЖД»] табынышарын» айткан (Жакан 4:24). Кудайга «чындыкта» табынып жаткандарды кантип таанууга болот? Алар Ыйык Китепке негизделбеген жана Кудай менен анын эркин бурмалап көрсөткөн окууларды четке кагышы керек. Ооба, алар башкаларды Кудай Сөзүндөгү таза чындыктарга, алардын ичинде Жахабанын Эң Жогорку Кудай экенине жана ушундай эң жогорку абалды ээлөөгө ал гана татыктуу экенине (Забур 82:19); Ыйса Кудайдын Уулу жана Кудайдын Мессиялык Падышалыгына дайындалган Башкаруучу экенине (1 Корунттуктарга 15:27, 28); Кудайдын Падышалыгы Жахабанын ысмын ыйыктап, жерге жана андагы адамдарга карата ой-ниетин орундатарына (Матай 6:9, 10); Падышалык тууралуу жакшы кабар бүт жер жүзүнө тарашы керектигине үйрөтүшөт (Матай 24:14). Жүз жылдан ашык убактан бери адамдарды ушундай баа жеткис чындыктарга бир гана топ — Жахабанын Күбөлөрү — ишенимдүү окутуп келүүдө!

19, 20. а) Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочусунун жакшы жүрүм-туруму Кудайга даңк алып келе алат? б) Кандай суроолор бизге бүгүн Кудайды кимдер жакшы жүрүм-туруму менен даңктап жатканын билүүгө жардам берет?

19 Үчүнчүдөн, биз Кудайды анын нормаларына ылайык жашоо менен даңктай алабыз. Элчи Петир: «Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын»,— деп жазган (1 Петир 2:12). Ыйсанын жолдоочусунун жүрүм-туруму анын дининин кадыр-баркына таасир тийгизет. Башкалар ошол шайкештикти, башкача айтканда, Ыйсанын жолдоочусунун жүрүм-туруму анын ишениминин түздөн-түз натыйжасы экенин көрсө, бул Кудайга даңк алып келет.

20 Бүгүн кимдер Кудайды жакшы жүрүм-туруму менен даңктап жатышат? Кайсы диндин мүчөлөрү тынчтыкты сүйгөн, мыйзамдарга баш ийген жана салыктарды төлөгөн жарандардан болушкандыгы үчүн көптөгөн бийлик башчылары тарабынан макталып келишет? (Римдиктерге 13:1, 3, 6, 7). Дүйнө жүзү боюнча кимдер ишенимдештеринин ортосундагы ынтымагы — расалык, улуттук жана этникалык айырмачылыктардан жогору турган ынтымагы — менен белгилүү? (Забур 132:1; Элчилер 10:34, 35). Кайсы топ мыйзамдарды, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана адеп-ахлактуулукту жогору баалоого үндөгөн ыйык китептик агартуу ишин бардык жерде жүргүзүп жатат? Ушул жана башка жактардан жакшы жүрүм-туруму менен айырмаланган бир эле топ бар: ал — Жахабанын Күбөлөрү!

Силер Кудайды даңктап жатасыңарбы?

21. Жахабаны даңктап жаткан-жатпаганыбызды эмне үчүн текшерип көрүшүбүз керек?

21 Ар бирибиз өзүбүздөн: «Мен Жахабаны даңктап жатамбы?» — деп сурашыбыз керек. 148-забурга ылайык, Кудайды дээрлик бардык жаратуулары даңкташат. Периштелер, асман, жер жана андагы жаныбарлар дүйнөсү — баары Жахабаны даңазалашууда (1—10-аяттар). Ал эми адамдардын көбүнүн Кудайды даңктабай жатканы кандай өкүнүчтүү! Кудайга даңк алып келгидей жашап, силер Жахабаны даңазалап жаткан жаратууларга шериктеш болосуңар (11—13-аяттар). Жашооңорду арноого татыктуу мындан артык нерсе жок.

22. Жахабаны даңктоо менен кандай баталарды аласыңар жана эмне кылууга чечкиндүү болушуңар керек?

22 Жахабаны даңктап жашасаңар, көптөгөн баталарды аласыңар. Ошондой эле Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү аркылуу асмандагы Атабыз менен элдешип, аны менен тыгыз жана жемиштүү мамиле өрчүтө аласыңар (Римдиктерге 5:10). Жахабаны эмне үчүн даңктап жатканыңар жөнүндө ойлонсоңор, кубанычыңар жана ыраазычылыгыңар дагы да арта берет (Жеремия 31:12). Ошондо башкаларга бактылуу, маңыздуу жашоо өткөрүүгө жардам берип, өзүңөр да бакытка бөлөнөсүңөр (Элчилер 20:35). Эмесе, Жахабаны азыр жана түбөлүк даңктоого чечкиндүү болгондордун катарында болгула!

[Шилтемелер]

^ 2-абз. «Биомиметика» деген сөз биос (тиричилик) жана мимесис (тууроо) деген грек сөздөрүнөн келип чыккан.

^ 8-абз. Кандайча асман Кудайдын акылмандыгы менен күчүнөн кабар берип турары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жахабага жакында» китебинин 5 жана 17-бөлүмдөрүн карагыла.

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» эмгегинин (англ.) 1-томунан 853-бетти карагыла.

Эсиңердеби?

• Илимпоздор, жалпы жонунан, адамдарга Кудайды даңктоого жардам берген жок деп эмне үчүн айта алабыз?

• Көпчүлүк туткан диндер кайсы эки жол менен адамдарга Кудайды даңктоого тоскоолдук кылып келишет?

• Кудайды кантип даңктай алабыз?

• Жахабаны даңктап жаткан-жатпаганыңарды эмне үчүн текшеришиңер керек?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги кутуча]

«Кудай ким тарапта?»

Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Германиянын аскер-аба күчтөрүндө кызмат кылып жүрүп, кийин Жахабанын Күбөсү болгон бир адам мындай деп эскерет:

«Согуш жылдарында дээрлик бардык дин топторунун: католик, лютеран, англикан жана башка диндердин жетекчилеринин өлүм-житим алып келерлик жүктү таштап келүүгө даяр турган учактарга жана алардын экипажына бата бергенин көрүп, айран-таң калчумун. Мен: „Кудай ким тарапта?“ — деп көп ойлонор элем.

Немис жоокерлеринин курунда „Gott mit uns“ („Кудай биз менен“) деген жазуу болгон. Бирок мен өзүмдөн: „Эмне үчүн Кудай ошол эле динди туткан жана ошол эле Кудайга тиленген карама-каршы тараптагы жоокерлер менен болбосун?“ — деп сурачумун».