Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Мыйзамды кайталоо китебиндеги урунттуу ойлор

БИЗДИН заманга чейинки 1473-жыл. Жахаба Ысрайыл уулдарын Мисир кулчулугунан бошоткондон бери кырк жыл өттү. Ушунча жыл чөл кезүүдөн кийин да ысрайылдыктар дагы эле жери жок жүрүшөт. Эми алар Убадаланган жердин босогосунда турушат. Ээлиги боло турган ал жерде аларды эмнелер күтүп турат? Алар кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана аларды кантип чечиши керек?

Ысрайыл эли Иордан дарыясын кечип, Канаан жерине кирердин алдында Муса жамаатты алдыда турган чоң тапшырманы аткарууга даярдайт. Кантип? Ал бир канча жолу элге сөз менен кайрылып, аны бекемдейт жана үндөйт, насааттайт жана эскертет. Ысрайылдыктарга Жахабанын кызганчаак, башкача айтканда, толук берилгендикке татыктуу Кудай экенин жана алар коңшу элдердин жолдору менен жүрбөшү керектигин эскертет. Мусанын элге кайрылып сүйлөгөн ал сөздөрү Ыйык Жазманын Мыйзамды кайталоо (же Мыйзам) китебинин негизги бөлүгүн түзөт. Ал сөздөрдө бүгүн биз муктаж болгон кеңештер камтылат, анткени биз да Жахабага толук берилгендик көрсөтүп жашоо оңойго турбаган дүйнөдө жашап жатабыз (Эврейлерге 4:12).

Акыркы бабынан тышкары, Мыйзам китеби Муса тарабынан жазылган. Анда эки айдан бир аз көбүрөөк убакыттын ичинде болуп өткөн окуялар баяндалат * (Мыйзам 1:3; Жашыя 4:19). Келгиле, ал жерде айтылгандардын бизге Жахаба Кудайды бүт жүрөгүбүз менен сүйүүгө жана ага ишенимдүү кызмат кылууга кандай жардам бере аларын карап көрөлү.

«ӨЗ КӨЗҮҢ МЕНЕН КӨРГӨН ИШТЕРДИ УНУТПА»

(Мыйзам 1:1—4:49)

Биринчи сөзүндө Муса чөлдө болгон окуялардын айрымдарын, айрыкча, Убадаланган жерди ээлөөгө камданып турган ысрайылдыктарга пайдалуу боло тургандарын кеңири айтып берет. Башкаруучулардын дайындалышы тууралуу билдирүү Жахаба өз элин уюштурууда сүйүү жана камкордук көрсөтөрүн эске салган болуш керек. Ошондой эле Муса он чалгынчынын алып келген жаман кабары мурунку муундун убада кылынган жерге кирбей калышына себеп болгонун айтат. Бул эскертме мисал ошол жерди көрүп турган Мусанын угуучуларына кандай таасир эткенин ойлоп көрсөңөр.

Жахабанын Иорданды кечип өткөнгө чейин кандай жеңиштерди бергенин эске түшүрүү дарыянын аркы бетин ээлөөгө даяр турган Ысрайыл уулдарын кыйла эле кайраттандырса керек. Алар ээлей турган жер буркандарга жык толо эле. Мусанын бурканга табынуучулуктан сак болууга карата берген катуу эскертүүсү кандай орундуу болгон!

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

2:4—6, 9, 19, 24, 31—35; 3:1—6 — Эмне үчүн ысрайылдыктар Иордан дарыясынын чыгыш тарабында жашаган кээ бир элдерди кырышкан да, башкаларына тийишкен эмес? Жахаба ысрайыл элине Эйсаптын уулдары менен согушпоону буйруган. Эмне себептен? Себеби алар Жакыптын биртууганынын урпактары эле. Ошондой эле ысрайылдыктар мааптыктар жана амондуктар менен касташпоого же согушпоого тийиш болушкан, анткени алар Ыбрайымдын тууганы Лоттун тукумдары болгон. Бирок Амор падышалары Сихон менен Огдун Ысрайыл менен тууганчылык байланышы болбогондуктан, алар өздөрүнүн карамагындагы жерге ээлик кылууга укуктуу эмес болчу. Андыктан Сихон ысрайылдыктарды өз жеринен өткөрбөй койгондо жана Ог аларды согуш менен тосуп чыкканда, Жахаба ысрайылдыктарга алардын шаарларын талкалоого жана эч кимисин тирүү калтырбоого буйрук берген.

4:15—20, 23, 24 — Сөлөкөттөрдү жасоого тыюу салынганы искусство чыгармаларын жаратуунун туура эмес экенин билдиреби? Жок. Андай тыюу сөлөкөттөрдү сыйынуу максатында жасабоого, аларга «таазим кылып кызмат кылбоого» карата берилген. Ыйык Жазмада искусство чыгармалары катары скульптура жасоого же сүрөт тартууга тыюу салынбайт (1 Падышалар 7:18, 25).

Биз алчу сабактар:

1:2, 19. «Хорептен [Он осуят берилген Синай тоосунун айланасындагы тоолуу аймактан] Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир күндүк жол» болсо да, Ысрайыл уулдары чөлдү 38 жылдай айланып жүрүшкөн. Жахаба Кудайга тил албагандыктын кесепети кандай кайгылуу! (Сандар 14:26—34).

1:16, 17. Кудайдын өкүм чыгарууга байланышкан нормалары өзгөргөн жок. Укук комитетине катышуу жоопкерчилигине ээ болгондор чечим чыгарууда жантартуучулукка же адамдан коркуу сезимине алдырбашы керек.

4:9. Ийгиликке жетүү үчүн ысрайылдыктар «өз көздөрү менен көргөн иштерди унутпашы» керек болгон. Убадаланган жаңы дүйнө жакындап келатканда, биз да Жахабанын Сөзүн дилгирлик менен изилдөө аркылуу анын кереметтүү иштеринен көзүбүздү албашыбыз зарыл.

ЖАХАБАНЫ СҮЙГҮЛӨ ЖАНА АНЫН ОСУЯТТАРЫН АТКАРГЫЛА

(Мыйзам 5:1—26:19)

Экинчи сөзүндө Муса Мыйзамдын Синай тоосунда берилгенин айтып, Он осуяттын сөздөрүн кайталайт. Кайсы жети эл толугу менен кырылышы керектиги айтылат. Ысрайыл уулдары чөлдөн кандай маанилүү сабак алышканын эстеши үчүн, Муса аларга: «Адам нан менен гана эмес, Теңирдин оозунан чыккан сөз менен жашайт»,— деп айтат. Өздөрүнүн жаңы жагдайында алар Кудайдын «бардык осуяттарын аткарышы» керек (Мыйзам 8:3; 11:8).

Убадаланган жерге отурукташканда ысрайылдыктар Кудайга сыйынууга байланыштуу эле эмес, өкүм чыгарууга, башчылык кылууга, согушууга жана жамаатта жашоо менен жеке жашоого байланыштуу мыйзамдарга да муктаж болушат. Муса ал мыйзамдарды кайталап, Жахабаны сүйүүнүн жана анын осуяттарын аткаруунун зарылдыгын баса белгилейт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

8:3, 4 — Кандайча чөлдө жүргөн кездеринде ысрайылдыктардын кийими жыртылган эмес жана буттары шишиген эмес? Дайыма манна менен камсыз болуп турушкандай эле, бул аларга Кудайдын көрсөткөн керемети болгон. Ысрайылдыктар чөл кезип баштаганга чейин кийген кийимдерин жана буткийимдерин дагы деле колдонуп, сыягы, балдары чоңоюп калганда же улуулар каза болгондо, алардын кийимдерин башкаларга берип турушкан. Чөл кезүүнүн башында жана аягында жүргүзүлгөн эки санактан ысрайылдыктардын саны көбөйбөгөнү аныкталганын эске алганда, алардын кийим-кечектеринин баштагы запасы жетиштүү болгон (Сандар 2:32; 26:51).

14:21 — Эмне үчүн ысрайылдыктар өздөрү жебеген жаныбардын тарпын бөтөн жерликке бере же сата алышкан? Ыйык Китепте «бөтөн жерлик» деген сөз айкашы прозелит болгон ысрайылдык эмес адамга же ошол жердин негизги мыйзамдарына ылайык жашаса да, Жахабанын кызматчысы болбогон келгинге карата айтылышы ыктымал. Прозелит болбогон бөтөн жерликтер Мыйзамдын бийлиги астында болбогондуктан, каны чыгарылбаган жаныбарларды ар кандай максатта колдоно алышкан. Аларга андай жаныбарларды берүүгө же сатууга ысрайылдыктарга уруксат берилген. Ал эми прозелит адам Мыйзам келишимине ылайык жашоого тийиш болгон. Лебилер 17:10до көрсөтүлгөндөй, андай адамга жаныбардын канын жегенге тыюу салынган.

24:6 — Эмне себептен «жаргылчактын үстүнкү же астыңкы ташын күрөөгө алуу» «жанды» күрөөгө алуу менен бирдей болгон? Жаргылчактын үстүнкү жана астыңкы ташы адамдын «жанын», башкача айтканда, анын жашоо каражатын символдоштурган. Ошондуктан жаргылчактын үстүнкү же астыңкы ташын күрөөгө алуу бүт үй-бүлөнү күнүмдүк нанынан калтырмак.

25:9 — Левираттык никеге туруудан баш тарткан адамдын өтүгүн чечип алып, бетине жаба түкүрүүнүн мааниси кандай? «Мурун Ысрайыл элинде сатып алууда жана алмашууда... мындай салт болгон: бири өзүнүн бут кийимин чечип, экинчисине берген» (Рут 4:7). Демек, левираттык никеге туруудан баш тарткан адам буткийимин чечип, аны башка бирөөгө берүү менен өз биртууганынын тукумун улоого болгон мүмкүнчүлүгүнөн жана укугунан баш тартканын ырастаган. Бул уят иш болуп саналган (Мыйзам 25:10). Ал адамдын бетине жаба түкүрүү кемсинткендиктин белгиси болгон (Сандар 12:14).

Биз алчу сабактар:

6:6—9. Ысрайылдыктар Мыйзамды билүүгө тийиш болгондой, биз да Кудайдын осуяттарын жакшы билүүгө, аларды дайыма эсибизде сактоого жана аларды балдарыбызга кайра-кайра айтып үйрөтүүгө тийишпиз. Аларды «колубузга байлап» алышыбыз керек, тактап айтканда, колубуз менен символдоштурулган иш-аракеттерибиз Жахабага тил аларыбызды көрсөтүшү керек. Ошондой эле ал осуяттарды «чекебизге таңып алгандай», тил алчаактыгыбыз баарына көрүнүп турууга тийиш.

6:16. Ысрайылдыктар суунун жоктугуна наалып, ишенимсиздик менен Жахабаны Масада сынашкандай, биз Аны эч качан сынабайлы (Чыгуу 17:1—7).

8:11—18. Дүнүйөкорлуктун айынан Жахабаны унутуп коюшубуз мүмкүн.

9:4—6. Өзүбүздү адил көрүүдөн качышыбыз керек.

13:6. Жахабага кылган кызматыбыздан баш тарттырууга эч кимге жол бербешибиз керек.

14:1. Өз денесин майып кылгандык аны баалабагандыкты билдирет жана андай иш жалган дин менен байланыштырылышы мүмкүн; андан качуу керек (1 Падышалар 18:25—28). Тирилүүгө болгон үмүтүбүздү эске алганда, өлгөндөр үчүн ошондой аша чапкандык менен аза күтүү орундуу эмес.

20:5—7; 24:5. Кылып жаткан ишибиз маанилүү болсо да, жагдайы өзгөчө болгон адамдарга алардын абалын эске алуу менен мамиле кылышыбыз керек.

22:23—27. Аял зордукталуу коркунучуна дуушар болгондо, коргонуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири — кыйкыруу.

«ӨМҮРДҮ ТАНДАП АЛ»

(Мыйзам 27:1—34:12)

Үчүнчү сөзүндө Муса ысрайылдыктарды Иордандан өткөндөн кийин Мыйзамды чоң таштарга жазып коюуга жана тил албастык үчүн каргыш, ал эми тил алчаактык үчүн бата берүүгө насааттайт. Төртүнчү сөзү болсо Жахаба менен ысрайыл элинин ортосундагы келишимдин кайрадан кайталанышы менен башталат. Муса дагы бир жолу тил албастыкка каршы эскертүү берип, элди «өмүрдү тандап алууга» чакырат (Мыйзам 30:19).

Муса төрт жолу сөз сүйлөгөндөн тышкары, жолбашчылыктын алмашарын айтат, ошондой эле ысрайылдыктарга ишенимсиздик алып келчү каргыштар жөнүндө эскертилген жана Жахаба даңкталган көркөм ырды үйрөтөт. Ысрайыл урууларына бата бергенден кийин Муса 120 жашында көз жумат жана көргө коюлат. Аза күтүү каадасы 30 күнгө созулат (бул Мыйзам китебинде камтылган мезгилдин дээрлик жарымына барабар).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

32:13, 14 — Ысрайылдыктар эч кандай май жебеши керек болгонун эске алганда, алар кандай мааниде «козулардын майларын» жешкен? «Козулардын майлары» деген сөздөр бул жерде каймана мааниде колдонулат жана отордогу малдын эң мыктысын билдирет. Ал сөздөрдүн көркөм тил менен берилгенин ошол эле аяттагы «семиз буудай» жана «жүзүм мөмөлөрүнүн каны» (СК) деген сөздөрдөн көрүүгө болот.

33:1—29 — Муса Ысрайыл уулдарына бата бергенде, эмне үчүн Шымондун аты аталган эмес? Себеби Шымон жана Леби жаалдануу менен иш кылышкан жана алардын каары «катаал» болгон (Башталыш 34:13—31; 49:5—7). Алардын энчиси башка уруулардыкындай болгон эмес. Лебиге 48 шаар тийген, ал эми Шымондун үлүшү Жүйүттүн аймагында болгон (Жашыя 19:9; 21:41, 42). Ошондуктан Муса Шымонго жекече бата берген эмес. Бирок Шымонго тийген бата Ысрайылга берилген жалпы батанын ичине кирген.

Биз алчу сабактар:

31:12. Жыйналыш жолугушууларында балдар чоңдордун жанында отуруп, угууга жана үйрөнүүгө умтулушу керек.

32:4. Жахабанын бардык иштери жеткилең, анткени ал адилеттигин, акылмандыгын, сүйүүсүн жана күчүн толук теңсалмактуулук менен чагылдырат.

Биз үчүн абдан баалуу китеп

Мыйзам китебинде Жахаба «бир Кудай» деп аталат (Мыйзам 6:4). Ошондой эле анда Кудай менен өзгөчө мамиледе болгон эл жөнүндө айтылат жана бурканга табынуучулукка каршы эскертүү берилип, чыныгы Кудайга толук берилгендик көрсөтүүнүн зарылдыгы баса белгиленет.

Ырас, Мыйзам китеби биз үчүн абдан баалуу! Биз Мусанын мыйзамына баш ийүүгө милдеттүү болбосок да, бул китептен «Кудай-Теңирибизди чын жүрөгүбүз менен, жан-дилибиз менен, бардык күч-кубатыбыз менен сүйүүгө» жардам бере турган көп нерселерге үйрөнө алабыз (Мыйзам 6:5).

[Шилтеме]

^ 5-абз. Мусанын көз жумганы жөнүндөгү билдирүүнү камтыган акыркы бапты, кыязы, Жашыя же башкы ыйык кызмат кылуучу Элазар жазган.

[30-беттеги сүрөт]

Мусанын сүйлөгөн сөздөрү Мыйзам китебинин негизги бөлүгүн түзөт.

СЕИР

Кадеш-Барнейи

Синай т. (Хореп)

Кызыл деңиз

Based on maps copyrighted by Pictorial Archive (Near Eastern History) Est. and Survey of Israel

[32-беттеги сүрөт]

Жахабанын өз элин манна менен камсыз кылганы бизди эмнеге үйрөтөт?

Жаргылчактын үстүнкү же астыңкы ташын күрөөгө алуу «жанды» алуу менен бирдей болгон.