Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле»

«Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле»

«Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле»

«Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле» (ЭФЕСТИКТЕРГЕ 6:11).

1, 2. Ыйсанын жолдоочулары ээ болушу керек болгон рухий жабдыкты өз сөзүңөр менен сүрөттөп бергиле.

БИЗДИН замандын I кылымы Римдин бийлиги гүлдөп турган мезгил болгон. Кубаттуу аскеринин аркасында Рим ошо убакта белгилүү болгон дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн башкарып турган. Бир тарыхчы римдиктердин аскерин «тарыхтагы эң ийгиликтүү аскердик уюм» деп сыпаттаган. Римдин тандалма аскери мыкты даярдыктан өткөн, жакшы машыктырылган жоокерлерден турган, бирок алардын ийгиликтүү согуш жүргүзүүсү соот-шаймандарына да байланыштуу болгон. Элчи Пабыл римдик жоокердин соот-шайманын мисалга алып, Шайтанга каршы ийгиликтүү согушуу үчүн Ыйсанын жолдоочулары ээ болушу керек болгон рухий курал-жабдыктарды сүрөттөгөн.

2 Алардын сүрөттөлүшү Эфестиктерге 6:14—17-аяттарда берилет. Пабыл мындай деп жазган: «Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип, бутуңарды кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула. Баарынан мурун, амалкөйдүн оттуу жебелерин өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди [«чоң», «ЖД»] калкан кылып алгыла. Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзү болгон Рухтун кылычын алгыла». Адамдык көзкараш менен алганда, Пабыл сүрөттөгөн курал-жабдыктар римдик жоокерди аябай эле коргогон. Кылычты болсо ал негизги куралы катары жекеме-жеке кармашта колдонгон.

3. Эмне үчүн Ыйса Машайактын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, анын үлгүсү боюнча жашашыбыз керек?

3 Курал-жабдыгынан жана машыгуусунан тышкары, Рим аскеринин ийгилиги жоокерлердин өздөрүнүн башчысына баш ийгендигинен да көзкаранды болгон. Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын жолдоочулары Ыйык Китепте «элдерге жол башчы» деп сүрөттөлгөн Машайакка баш ийиши керек (Ышайа 55:4). Машайак — «Жыйындын башчысы» (Эфестиктерге 5:23). Ал бизге рухий согушка байланыштуу көрсөтмөлөрдү берет жана рухий соот-шаймандарды кантип кийүү керектигине карата жеткилең үлгү көрсөтөт (1 Петир 2:21). Ыйсанын сапаттары биздин рухий курал-жарагыбызга абдан окшош болгондуктан, Ыйык Жазмада бизге Машайактыкындай ой менен «куралданууга» кеңеш берилет (1 Петир 4:1). Рухий соот-шаймандарыбыздын ар бирин талдоодо биз Ыйсанын үлгүсү аркылуу ошол курал-жарактардын маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрө алабыз.

Белибизди, көкүрөгүбүздү жана бутубузду коргойбуз

4. Жоокердин куру кандай кызмат аткарган жана каймана мааниде ал эмнени билдирет?

4 Чындык менен курчанабыз. Байыркы убакта жоокерлер эндүүлүгү 5—15 сантиметр келген булгаары кур же кемер тагынышкан. Кээ бир котормочулар ал аятты «белди бекем бууган кур сыяктуу чындык менен курчанып» деп берүү керек деп эсептешет. Жоокердин куру белин коргоп турган жана кылычты илип койгонго ыңгайлуу болгон. Жоокердин белин бууганы анын согушка камданганын билдирген. Пабыл курду мисал катары алып, Ыйык Китептеги чындыктын жашообузга канчалык таасир этиши керектигин көрсөткөн. Чындык боюнча жашап, аны бардык учурда коргой алгыдай болушубуз үчүн, рухий мааниде белибизди кур менен бекем буушубуз керек (Забур 42:3; 1 Петир 3:15). Ан үчүн Ыйык Китепти дилгирлик менен изилдеп, окуганыбыздын үстүнөн ой жүгүртүшүбүз зарыл. Ыйса Кудайдын мыйзамын «жүрөгүндө» сактаган (Забур 39:9). Ошондуктан, каршылаштары суроо бергенде, ал Ыйык Жазмадан жатка үзүндү келтирип жооп бере алган (Матай 19:3—6; 22:23—32).

5. Кандайдыр бир азгырыкка же сыноого дуушар болгонубузда, Ыйык Китептеги кеңештер кандай жардам бере аларын түшүндүргүлө.

5 Ыйык Китептеги чындыкка жетектелип жашасак, ал бизди туура эмес ой жүгүртүүлөрдөн коргоп, акылдуу чечим чыгарышыбызга өбөлгө түзөт. Кандайдыр бир азгырыкка же сыноого дуушар болгондо, Ыйык Китептеги жетекчилик жакшы иштерди кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү ого бетер чыңдайт. Каймана мааниде айтканда, көзүбүз «Улуу Насаатчыбыз» («ЖД») Жахабаны көрөт жана кулагыбыз артыбыздан: «Жол мына, ушул жол менен жүргүлө»,— деген сөздөрдү угат (Ышайа 30:20, 21).

6. Каймана жүрөгүбүздү эмне үчүн коргошубуз керек жана аны адилдик кандайча жакшы коргой алат?

6 Адилдиктин сооту. Соот маанилүү органды — жүрөктү — коргогон. Биз каймана жүрөгүбүздү (ички дүйнөбүздү) өзгөчө коргошубуз керек, себеби ал жамандыкка ооп турат (Башталыш 8:21). Андыктан Жахабанын адил нормаларын таанып-билип, аларды сүйгөнүбүз абзел (Забур 118:97, 105). Адилдикти сүйгөндүктөн биз Жахабанын айкын көрсөтмөлөрүн барк албаган же бурмалаган дүйнөлүк ой жүгүртүүнү четке кагабыз. Андан тышкары, жакшылыкты сүйүп, жамандыкты жек көрсөк, бактыбызга балта чабышы мүмкүн болгон жолго түшпөйбүз (Забур 118:99—101; Амос 5:15). Бул жагынан Ыйса бизге сонун үлгү көрсөткөн. Ал тууралуу Ыйык Жазмада: «Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң»,— деп айтылат (Эврейлерге 1:9) *.

7. Эмне үчүн Рим жоокеринин буткийими бышык болушу керек эле жана бул эмнеге мисал болуп саналат?

7 Бутубуз тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга даяр. Согуштук жүрүшкө чыкканда Рим жоокерлери 27 килограммдай курал-жарак, жабдык көтөрүп, адатта, күнүнө 30 чакырымдай жол жүрүшчү. Андыктан буткийимдери бышык болушу керек эле. Пабыл буткийимди мисалга алып, уга тургандардын баарына Падышалык жөнүндөгү кабарды айтууга болгон даярдуулугубузду көрсөткөн. Андай даярдуулук маанилүү, анткени эгер кабар айтууга даяр болбосок жана кабар айтууну каалабасак, анда адамдар Жахабаны кантип таанып-билишет? (Римдиктерге 10:13—15).

8. Жакшы кабар таратууда Ыйсаны кантип туурасак болот?

8 Ыйсанын жашоосунда кайсы иш эң маанилүү болуп эсептелген? Ал Рим өкүмдары Понтий Пилатка: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн... бул дүйнөгө келгем»,— деп айткан. Ыйса кабарды уккусу келген адамдарга ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып күбөлөндүрүү берген жана кызматын ушунчалык жакшы көргөндүктөн аны өзүнүн денелик муктаждыктарынан да жогору койгон (Жакан 4:5—34; 18:37). Ыйсага окшоп, жакшы кабарды жарыялоого дилгир болсок, аны башкалар менен бөлүшүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү табабыз. Андан тышкары, кызматыбызды берилип аткарсак, бул бизге рухий жактан күчтүү бойдон калууга жардам берет (Элчилер 18:5).

Калкан, туулга жана кылыч

9. Чоң калкан Рим жоокерин кандай коргогон?

9 Ишенимдин чоң калканы. «Чоң калкан» деп которулган грек сөзү денени дээрлик бүт жапкан калканды билдирет. Андай калкан адамды Эфестиктерге 6:16да айтылган «оттуу жебелерден» коргогон. Байыркы убакта жоокерлер колдонгон жебелер күйүүчү зат менен толтурула турган кичинекей темир идишчелери бар көңдөй тростниктерден жасалчу. Бир окумуштуу андай жебелерди «илгерки согуштардагы эң коркунучтуу куралдардын бири» деп сыпаттайт. Мындай жебелерден коргоочу чоң калканы болбосо, жоокер катуу жарадар болушу же өлүп калышы да ыктымал эле.

10, 11. а) Ишенимибизди Шайтандын кандай «оттуу жебелери» кыйратышы мүмкүн? б) Ыйсанын үлгүсү сыноо учурунда ишенимдин маанилүү роль ойноорун кандайча көрсөтүп турат?

10 Ишенимибизди кыйратуу үчүн Шайтан кандай «оттуу жебелерди» колдонот? Ал бизди үй-бүлөбүздөн, иштеген же окуган жерибизден куугунтукка же каршылыкка дуушар кылышы мүмкүн. Ошондой эле көбүрөөк байлык топтоону каалоо жана адеп-ахлаксыздыкка азгырылуу да Ыйсанын айрым жолдоочуларынын рухийлигине доо кетирген. Өзүбүздү мындай коркунучтардан коргоо үчүн, баарынан мурун ишенимди чоң калкан кылып алышыбыз керек. Ишеним Жахаба жөнүндө билим алуудан, аны менен тиленүү аркылуу дайыма байланышып туруудан жана анын бизди кантип коргоорун же алкай турганын баамдоодон келет (Жашыя 23:14; Лука 17:5; Римдиктерге 10:17).

11 Жерде жүргөн кезинде Ыйса оор учурларда күчтүү ишенимге ээ болуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн. Ал асмандагы Атасынын чечимдерине толук ишеним арткан жана Анын эркин жан-дилден аткарган (Матай 26:42, 53, 54; Жакан 6:38). Гетсемани багында катуу кыйналып турганда да Ыйса Атасына: «Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун»,— деп айткан (Матай 26:39). Ал берилгендикти сактоонун жана Атасынын жүрөгүн кубантуунун канчалык маанилүү экенин эч качан унуткан эмес (Накыл сөздөр 27:11). Биз да Жахабага ошондой ишеним артсак, сын көзкараштардын же каршылыктын ишенимибизди алсыратышына жол бербейбиз. Тескерисинче, Кудайга таянсак, аны сүйсөк жана осуяттарын аткарсак, ишенимибиз бекемделет (Забур 18:8—12; 1 Жакан 5:3). Эч кандай байлык же кыска мөөнөттүү дене кумарлары Жахабаны сүйгөндөрдү күтүп турган баталарга тең келе албайт (Накыл сөздөр 10:22).

12. Каймана туулга денебиздин кайсы маанилүү бөлүгүн коргойт жана бул эмне үчүн зарыл?

12 Куткарылуунун туулгасы. Туулга жоокердин башын жана мээсин — акыл-эстин казынасын — коргогон. Биздин үмүт туулгага салыштырылат, анткени ал акылыбызды коргойт (1 Тесалоникалыктарга 5:8). Акыл-оюбузду Кудайдын Сөзүндөгү так билим менен жаңылантсак да, биз дагы деле алсыз, жеткилеңсиз адамдарбыз. Акылыбыз оңой эле бузулуп-бурмаланып калышы мүмкүн. Дүйнө сунуш кылган ой-максаттар алаксытып, жадагалса Кудай берген үмүтүбүздүн ордун ээлеп алышы ыктымал (Римдиктерге 7:18; 12:2). Шайтан Ыйсага «дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын» сунуш кылып, аны азгырууга курулай аракет жасаган (Матай 4:8). Ыйса анын сунушун кескин түрдө четке каккан, ошондуктан Пабыл Ыйса тууралуу: «Ал, алдында турган кубанычтын урматына, маскара болгонуна карабай, айкаш жыгачка [«кыйноо мамысына», «ЖД»] чыдап, башынан өткөрдү жана Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алды»,— деп айткан (Эврейлерге 12:2, «Мукаддас»).

13. Алдыбызда турган үмүткө болгон ишенимибизди кантип сактай алабыз?

13 Ыйсанын ишеними өзүнөн өзү эле бекем болуп калган эмес. Эгер акыл-оюбузду алдыбызда турган үмүткө бургандын ордуна дүйнөдөгү ой-максаттар менен алаксытсак, анда Кудайдын убадаларына болгон ишенимибиз алсырай баштайт да, убакыттын өтүшү менен үмүтүбүздөн такыр айрылып калышыбыз мүмкүн. А эгер Кудайдын убадалары тууралуу дайыма ой жүгүртсөк, алдыбызда турган үмүткө андан ары да кубана беребиз (Римдиктерге 12:12).

14, 15. а) Биз кандай каймана кылычка ээбиз жана аны кантип колдонууга болот? б) Рухтун кылычы азгырыкка каршы турууга кандай жардам бере аларын мисал менен көрсөткүлө.

14 Рухтун кылычы. Ыйык Китепте жазылган Кудайдын сөзү, башкача айтканда, анын кабары диний калпты кыя чаап, жүрөгү таза адамдарга рухий эркиндикти табууга жардам бере ала турган кош миздүү зор кылычтай (Жакан 8:32; Эврейлерге 4:12). Ошондой эле ар кандай азгырыктарга кабылганыбызда же ишенимден чегингендер ишенимибизди кыйратууга аракеттенгенде, ошол рухий кылыч бизди коргой алат (2 Корунттуктарга 10:4, 5). «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганына жана... [бизди] бардык жакшы ишке даяр» кылып жатканына кандай ыраазыбыз! (2 Тиметейге 3:16, 17).

15 Чөлдө Шайтан сынаганда, Ыйса рухтун кылычын натыйжалуу колдонуп, жалган ой жүгүртүүгө жана митаам азгырыктарга каршы турган. Шайтандын ар бир азгырыгына Ыйса: «Ыйык Жазууда... жазылып турат»,— деген сөздөр менен жооп берген (Матай 4:1—11). Испаниядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Дэйвид да Ыйык Жазманын азгырыкты жеңүүгө жардам бергенин байкаган. Он тогуз жашында ага чогуу иштеген бир сымбаттуу аял «чогуу көңүл ачууну» сунуш кылган. Дэйвид анын ынакташууга болгон аракеттерин четке кагып, мындай жагдайга экинчи туш болбош үчүн, жетекчисинен башка жерде иштөөнү суранган. Ал мындай дейт: «Мен Жусуптун үлгүсүн эстедим. Ал адеп-ахлаксыз иштен баш тартып, андан ошо замат качкан. Мен да ошенттим» (Башталыш 39:10—12).

16. «Чындык сөзүн туура жеткирүү» үчүн эмне себептен машыгышыбыз керектигин түшүндүргүлө.

16 Ыйса рухтун кылычын башкаларга Шайтандын бийлигинен бошонууга жардам берүү үчүн да колдонгон. «Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы»,— деген ал (Жакан 7:16). Ыйсага окшоп, чебер окутуучулардан болуу үчүн, биз да машыгышыбыз зарыл. Рим жоокерлери тууралуу жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий: «Жоокерлердин баары согушта жүргөндөй күн сайын тырышчаактык менен машыгышат, ошондуктан да жеңишке оңой жетишет»,— деп жазган. Рухий согушта биз Ыйык Китепти колдонушубуз керек. Андан тышкары, «Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенишибиз» кажет (2 Тиметейге 2:15). Ошондо кызыгуучу адамдын чын ыкластан берген суроосуна Ыйык Жазманы колдонуп жооп бергенде кандай гана канааттануу алабыз!

Бардык учурда тиленгиле

17, 18. а) Шайтанга каршы турууда тиленүү кандай роль ойнойт? б) Тиленүүнүн баалуулугун көрсөтүү үчүн мисал келтиргиле.

17 Рухий курал-жарактын бардыгын талдап бүткөн соң Пабыл дагы бир маанилүү кеңеш берген. Ыйсанын жолдоочулары Шайтанга каршы турууда «жалынуу жана сурануу менен» тилениши керек. Кайсы учурда? Пабыл: «Бардык учурда Рух менен сыйынгыла»,— деп жазган (Эфестиктерге 6:18). Азгырыктарга, сыноолорго же көңүл чөгөттүккө кабылганыбызда, тиленүү бизди укмуштай бекемдей алат (Матай 26:41). Ыйса «өлүмдөн алып кала алчу Кудайга катуу үн менен сыйынган, көз жаш менен жалбарган. Кудайдан корккондугу үчүн, Анын сыйынуусу угулган» (Эврейлерге 5:7).

18 Өнөкөт оору менен ооруган күйөөсүнө 15 жылдан ашык убакыттан бери кам көрүп келаткан Милагрос мындай дейт: «Ындыным өчкөндө, Жахабага тиленем. Жахабадай мага эч ким жардам бере албайт. Ачыгын айтканда, кээде алым түгөнгөндөй сезилген учурлар болот. Бирок Жахабага тиленген сайын күчүмдүн жаңырганын жана маанайымдын көтөрүлүп калганын сезем».

19, 20. Шайтанга каршы күрөштө жеңүүчү болуп чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

19 Шайтан убактысынын аз калганын билгендиктен бизди жеңүүгө жасаган аракетин күчөтүп жатат (Аян 12:12, 17). Биз бул күчтүү душманга каршы туруп, «ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөшүшүбүз» керек (1 Тиметейге 6:12). Бул үчүн кудуреттүү күч талап кылынат (2 Корунттуктарга 4:7). Ошондой эле биз Кудайдын ыйык рухунун жардамына муктажбыз, ошондуктан ал жөнүндө да тиленишибиз абзел. Ыйса: «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, андан бетер Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет»,— деп айткан (Лука 11:13).

20 Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Жахабанын бардык курал-жарагын кийүү абдан маанилүү. Бул рухий соот-шаймандарды кийүү үчүн ишеним жана адилдик сыяктуу Кудайга жагарлык сапаттарды өрчүтүшүбүз керек. Ошондой эле чындыкты аны менен курчангандай сүйүшүбүз, жакшы кабарды бардык учурда таратууга даяр болушубуз жана алдыбызда турган үмүттү эсибизде сакташыбыз зарыл. Биз рухтун кылычын чебер колдонууга машыгышыбыз керек. Кудайдын бардык курал-жарагын кийсек, каардуу рухтар менен болгон күрөштө жеңүүчү болуп чыгып, Жахабанын ыйык ысмына даңк алып келе алабыз (Римдиктерге 8:37—39).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Ышайанын пайгамбарлыгында Жахабанын да «чындыкты... соот кылып кийгени» тууралуу айтылат. Ошондуктан ал жыйналыштын көзөмөлчүлөрүнөн адилеттүүлүк жана акыйкаттык менен иш жүргүзүүнү талап кылат (Ышайа 59:14, 15, 17).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Рухий соот-шаймандарды кантип кийүү керектигине карата ким эң сонун үлгү көрсөтөт жана эмне себептен анын үлгүсүнө кылдат көңүл бурушубуз керек?

• Акыл-оюбузду жана каймана жүрөгүбүздү кантип коргой алабыз?

• Рухтун кылычын канткенде чебердик менен колдоно алабыз?

• Эмне үчүн бардык учурда тиленишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти дилгирлик менен изилдөө бизге жакшы кабарды бардык учурда жарыялоого түрткү берет.

[16-беттеги сүрөт]

Бекем үмүт сыноолорго туруштук берүүгө жардам берет.

[17-беттеги сүрөт]

Кызматта «рухтун кылычын» колдоносуңарбы?