Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Момундар жерди мурасташат» Кантип?

«Момундар жерди мурасташат» Кантип?

«Момундар жерди мурасташат» Кантип?

«ЫЙСАНЫН: „Момундар жерди мурасташат“,— деген жагымдуу сөздөрдү айтканын билет чыгарсыңар. Бирок адамдардын бири-бирине жана жерге жасаган мамилесин көргөндө: „Момундар кандай мураска ээ болот?“ — деген суроо туулат» (Матай 5:5; Забур 36:11).

Ушундай суроо менен Мириам аттуу Жахабанын Күбөсү бир кишиге кайрылып, Ыйык Китеп тууралуу сөз баштаган. Ал адам бул убаданы Ыйса өзү берген болсо, анда жер урандылар үйүлгөн жана жашоого мүмкүн болбогон жай эмес, а жакшы мурас болоруна ишенерин айткан.

Анын жообунан оптимисттик көзкарашта экени байкалып турат. Бирок келечекке карата ушундай көзкарашта болууга негиз барбы? Бар, анткени бул убаданын аткарыларына бизди Ыйык Китеп ынандырууда. Анын аткарылышы Кудайдын адамзатка жана жерге карата болгон ой-ниети менен тыгыз байланыштуу. Кудай болсо өз ой-ниеттеринин баарын ишке ашырарын билебиз (Ышайа 55:11). Анын адамдарга байланыштуу баштапкы ой-ниети кандай эле жана ал кантип ишке ашырылат?

Кудайдын жерге байланыштуу өзгөрүлгүс ой-ниети

Жахаба Кудай жерди өзгөчө максат менен жараткан. «Асманды жараткан Теңир ушундай деди. Ал — жерди жараткан, аны жасаган Кудай. Ал аны орнотту, бирок аны бекер жараткан жок. Ал жерди жашоо үчүн жаратты. Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок» (Ышайа 45:18). Демек, жер адамдар жашашы үчүн жаратылган. Андан сырткары, Кудай адамдардын жерде түбөлүк жашашын каалайт. Ал «жерди бекем негизге орноткон. Ал кылымдан кылымга кыймылдабайт» (Забур 103:5; 118:90).

Кудайдын жерге карата кандай ой-ниети бар экени алгачкы түгөйлөргө берген тапшырмасынан да көрүнүп турат. Адам менен Обого Жахаба: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарларга бийлик кылгыла»,— деген буйрук берген (Башталыш 1:28). Кудай аларга ишенип тапшырган жер өзүлөрү жана урпактары үчүн түбөлүк жашай турган жайга айланышы керек эле. Көптөгөн кылымдардан кийин забурчу: «Асман — Теңирдин асманы, ал эми жерди Ал адам баласына берген»,— деп жазган (Забур 113:24).

Келечекте ушул эң сонун үмүт ишке ашышы үчүн, Адам менен Обо Жараткан жана Өмүр Берүүчү болгон Жахаба Кудайды Эгедери катары таанышы жана ага даярдуулук менен баш ийүүсү зарыл эле, бул алардын урпактарынан да талап кылынган. Жахаба Адамга: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан ооз тийген күнү өлүп каласың»,— деген буйрук берген (Башталыш 2:16, 17). Эйден багында жашаш үчүн Адам менен Обо ушул жөнөкөй жана так буйрукту аткарышы керек болчу. Муну менен алар асмандагы Атасынын кылган бардык нерселерине ыраазы экендерин көрсөтө алышмак.

Алгачкы түгөй Кудайга каршы чыгып, ал берген буйрукту билип туруп бузуу менен өздөрүндө болгон нерселердин бардыгын Бергенди четке кагышкан (Башталыш 3:6). Ошентип, бейиш үйүнөн экөө эле айрылбастан, урпактарын да кур калтырышкан (Римдиктерге 5:12). Алгачкы түгөйдүн тил албастыгы Кудайдын жерге карата болгон ой-ниетинин аткарылышына тоскоолдук кылганбы?

Кудай өзгөрүлбөйт

Кудай Малахия пайгамбар аркылуу мындай деп айткан: «Мен Теңирмин, Мен өзгөрбөйм» (Малахия 3:6). Ыйык Китепти изилдеген француз окумуштуусу Л. Фийон бул сөздөрдүн Кудайдын убадаларынын орундатылышы менен тыгыз байланыштуу экенин айткан. Ал: «Жахаба баш ийбеген адамдарды жок кылып сала алмак, бирок ал өз сөзүнө бек туруп өзгөрүлбөгөндүктөн, кандай жагдай болсо да, убадасын аткарат»,— деп жазат. Кудай жеке адамга, улутка же бардык адамзатка берген убадасын унутпайт жана аны өзү туура көргөн убакта аткарат. «Ал Өзүнүн келишимин, миңдеген тукумдарга берген сөзүн түбөлүккө унутпайт» (Забур 104:8).

Бирок Жахаба жерге карата баштапкы ой-ниетин өзгөрткөн жок деп эмне үчүн ишенсек болот? Анткени Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган Жазмада, Ыйык Китепте, анын тил алчаак адамзатка жерди берери тууралуу ой-ниети жөнүндө көп айтылат (Забур 24:13; 36:9, 22, 29, 34). Мындан сырткары, Ыйык Китепте Жахабанын батасына ээ болгондордун коопсуз жашаары айтылат: «ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт» (Михей 4:4; Жезекиел 34:28). Жахаба тандаган адамдар «үйлөр куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет». Алар атүгүл жырткычтар менен ынтымакта жашашат (Ышайа 11:6—9; 65:21, 25).

Ыйык Китепте Кудайдын убадасы кандайча аткарыларын түшүнүүгө жардам берерлик мисал бар. Сулайман падышалык кылган мезгилде ысрайыл эли гүлдөп, тынчтык өкүм сүргөн. «Сулаймандын өмүрү өткөнчө Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашаган» (1 Падышалар 4:25). Ыйык Китепте Ыйсанын «Сулаймандан чоң» экени айтылат жана забурчу Машайактын башкаруусу тууралуу: «Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, асмандагы ай өтүп кеткенче, тынчтык өкүм сүрүп турат»,— деп пайгамбарлык кылат. Ал кезде «жерде да, тоодо да нан мол болот (Лука 11:31; Забур 71:7, 16).

Сөзүнө бек турган Жахаба Кудай адамдарга убада кылган мурасты, жерди, берип эле койбостон, анын алгачкы кооздугун калыбына келтирет. Аян 21:4тө айтылганга ылайык, убадаланган жаңы дүйнөдө Кудай «[адамдардын] көздөрүндөгү бардык жашты аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт». Мына ошондо жер чыныгы Бейишке айланат (Лука 23:43).

Убадаланган мурасты канткенде ала алабыз?

Жер бейишке Ыйса Машайак падышалык кылган жана асмандан башкара турган өкмөттүн же Падышалыктын тушунда айланат (Матай 6:9, 10). Ал Падышалык алгач «жерди кыйраткандарды жок кылат» (Аян 11:18; Даниел 2:44). Андан кийин Ыйса Машайакка, «Тынчтыктын Төрөсүнө», байланыштуу: «Анын үстөмдүк кылуусуна жана тынчтыктын өсүүсүнө чек жок»,— деген пайгамбарлык аткарылат (Ышайа 9:6, 7). Падышалыктын тушунда миллиондогон адамдар, алардын ичинде тирилтилгендер да жерди мурастай алышат (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15).

Бул эң сонун мурасты кандай адамдар ала алат? Ыйсанын: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар (Матай 5:5). Момун болуу деген эмнени билдирет? Бул сөзгө сөздүктөрдө каардуу эмес, ийилчээк, жоош жана ийкемдүү деген аныктамалар берилет. Бирок Ыйык Китепте колдонулган грек сөзү мындан да терең мааниге ээ. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Уильям Баркли айткандай, «бул сөз жумшактыкты билдирет... бирок жумшактыктын артында зор күч катылып жатат» («New Testament Wordbook»). Ал нааразычылык пайда болгондо таарынбоого жана өч алууга умтулбоого жардам берген маанайды билдирет. Буга Кудай менен болгон жакшы мамиленин натыйжасында гана жетүүгө болот (Ышайа 12:2; Филипиликтерге 4:13).

Андай сапатка ээ адам эмне иш болбосун, Кудайдын нормаларына момундук менен карманат; ал өзүнүн же башкалардын көзкарашына ылайык иш кылуу үчүн өжөрлөнбөйт. Ал үйрөнүүгө жөндөмдүү жана Жахабадан таалим алууну каалайт. Забурчу Дөөт Жахаба тууралуу: «Момундарды чындыкка бурат, момундарга Өз жолунда жүргөндү үйрөтөт»,— деп жазган (Забур 24:9; Накыл сөздөр 3:5, 6).

Жерди мурастай турган «момундардын» арасында силер да болосуңарбы? Эгер Жахабанын Сөзүн тырышчаактык менен изилдеп, анын ой-ниети менен таанышып жана үйрөнгөндөрүңөрдү жашооңордо колдонууга аракет кылып жатсаңар, анда бейишке айланган жерди мурастап, анда түбөлүк жашоого үмүттөнсөңөр болот (Жакан 17:3).

[5-беттеги сүрөт]

Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети Адам менен Обого берилген тапшырмадан көрүнөт.

[6-беттеги сүрөт]

Сулаймандын убагындагы тынчтык жана бейкуттук кандай жерди мурастаарыбызды көрсөтөт.

Sheep and background hill: Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.; Arabian oryx: Hai-Bar, Yotvata, Israel; farmer plowing: Garo Nalbandian

[7-беттеги сүрөт]

Адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө силер да болосуңарбы?