Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Силер ээ боло ала турган мурас

Силер ээ боло ала турган мурас

Силер ээ боло ала турган мурас

«ПОЧТА аркылуу „нотариустан“ мураска ээ болгонуңар тууралуу билдирүү алсаңар, сак болгула: жаш баладай алданып калышыңар мүмкүн».

АКШдагы почта инспекциясынын кызматы өзүнүн веб-сайтына ушундай эскертүү жазган. Эмне үчүн? Себеби миңдеген адамдар «каза болгон тууганы мурас калтырып кеткени» тууралуу кат алышкан. Натыйжада «мурас тууралуу маалымкатты» — мураска ээ болууга укуктуу экенин каякка жана кантип билдирсе болору тууралуу жазылган документти — алуу үчүн көптөр 30 же андан да көп доллар жөнөтүшкөн. Тилекке каршы, алардын баары тең көңүл кайттыкка учурашкан, себеби бардыгы бирдей жооп алышкандыктан, эч кимисинин кандайдыр бир мураска ээ болууга мүмкүнчүлүгү жок экени айкын болгон.

Алдамчылар мындай арамза иштерди адамдын мураска ээ болуу табигый каалоосу бар экенин билгендиктен жасашат. Ыйык Китепте: «Ак ниет адам неберелерине да мурас калтырат»,— деп айтылып, мурас тууралуу алдын ала кам көрүү туура экени көрсөтүлөт (Накыл сөздөр 13:22). Атүгүл Ыйса Машайактын өзү Тоодогу насаатында көптөргө белгилүү жана кубандырарлык: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген сөздөрдү айткан (Матай 5:5).

Ыйсанын сөздөрү ага чейин көптөгөн жылдар мурда: «Момундар болсо жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деп жазган байыркы Ысрайыл падышасы Дөөттүн сөздөрүн эске салат (Забур 36:11).

«Жерди мураска алышат» — бул кандай сонун убада! Бирок мунун адамдарды алдоого багытталган кезектеги амал эмес экенине ишенсе болобу? Ооба. Анткени жер — Жахабанын кереметтүү жаратууларынын бири. Жахаба болсо Жараткан жана Ээлик кылуучу катары аны кимге бергиси келсе, ошого берүүгө укуктуу. Ал өзүнүн сүйүктүү Уулу Ыйса Машайакка Дөөт падыша аркылуу: «Менден сурасаң, Мен Сага элдерди мураска берем, бүт жерди энчиңе берем»,— деп убада кылган (Забур 2:8). Ошондуктан элчи Пабыл Ыйса тууралуу: «Кудай... Аны баарына мураскор кылып дайындаган»,— деп айткан (Эврейлерге 1:2). Ыйсанын момундар «жерди мурасташат» дегенде калп айтпаганына жана ал убадасын аткаруу үчүн толук бийликке ээ экенине шектенбесек болот (Матай 28:18).

«Бул убада кандайча аткарылат?» — деген маанилүү суроо туулат. Бүгүн кайсы жерди албайлы, өз дегенин бербеген жана өзү тууралуу жогору ойдогу адамдар ийгиликке жетип, бары-жоктун баарына ээ болуп жатышкандай көрүнөт. Анда момундарга эмне калат? Анын үстүнө, жердин экологиясы да олуттуу түрдө бузулууда жана адамдар анын ресурстарын алды-артын ойлобой жок кылышууда. Андыктан жерди жакшы мурас деп эсептөөгө болобу? Эмки макаланы окуп чыксаңар, ушул жана башка маанилүү суроолорго жооп аласыңар.

[3-беттеги сүрөт]

Чынында эле мураска ээ болосуңарбы?