Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Теңирден күч алгыла

Теңирден күч алгыла

Теңирден күч алгыла

«Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла» (ЭФЕСТИКТЕРГЕ 6:10).

1. а) Үч миң жылдай мурун кандай өзгөчө кармаш болгон? б) Эмне себептен Дөөт жеңишке ээ болгон?

ҮЧ МИҢ жылдай мурун майданда касташып турган эки аскердин ортосуна эки адам жекеме-жеке салгылашууга чыгышкан. Жашыраагы Дөөт аттуу койчу бала эле. Анын каршысында адаттан тыш күчтүү жана бойлуу Голийат турган. Анын соотунун салмагы 57 килограмм, ал эми көтөргөнү килейген найза менен чоң кылыч болгон. Дөөт болсо эч кандай курал-жарак албай, бир гана салмоор менен чыккан. Пелиштилик алп Голийат ысрайылдык атаандашынын жаш бала экенин көрүп, өзүн шылдыңдалып жаткандай сезген (1 Шемуел 17:42—44). Аларды карап тургандарга, сыягы, кармаштын эмне менен аяктаары алдын ала эле белгилүүдөй көрүнгөн. Бирок жеңишке дайыма эле күчтүүлөр жете бербейт (Насаатчы 9:11). Дөөт Жахабанын күчүнө таянып чыккандыктан жеңишке ээ болгон. «Бул Теңирдин согушу»,— деген ал. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Дөөт пелиштиликти «таш жана салмоор менен» жеңген (1 Шемуел 17:47, 50).

2. Ыйсанын жолдоочулары кандай согушка катышып жатышат?

2 Ыйсанын жолдоочулары дүйнөдөгү согуштарга катышпайт. Бирок алар, бардык адамдар менен тынчтыкта болушса да, абдан күчтүү душмандарга каршы рухий согуш жүргүзүп жатышат (Римдиктерге 12:18). Эфестиктерге жазган катынын акыркы бабында Пабыл Ыйсанын ар бир жолдоочусу кандай согушка катышарын айткан. Ал: «Биз адамдарга каршы эмес, асман астындагы жаман рухтарга: башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына каршы күрөшөбүз»,— деп жазган (Эфестиктерге 6:12).

3. Эфестиктерге 6:10го ылайык, ийгиликке жетүү үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

3 Ошол «жаман рухтар» — биздин Жахаба Кудай менен болгон мамилебизди кыйратууну каалаган Шайтан жана анын жин-перилери. Алар бизден алда канча күчтүү болгондуктан, абалыбызды Дөөттүкүнө салыштырууга болот жана Кудайдын күчүнө таянмайын ийгиликке жете албайбыз. Андыктан Пабыл бизди «Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алууга» үндөйт (Эфестиктерге 6:10). Ошол кеңешти бергенден кийин элчи жеңүүчү болуп чыгышыбызга жардам берерлик рухий чаралар жана сапаттар жөнүндө айтып өтөт (Эфестиктерге 6:11—17).

4. Бул макалада кайсы негизги эки ойду карап чыгабыз?

4 Эмесе, адегенде душманыбыздын күчү жана ыкмалары жөнүндө Ыйык Жазмада эмнелер айтылганын карап көрөлү. Анан коргонуу үчүн эмне кылышыбыз керектигине токтолобуз. Эгерде Жахабанын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылсак, душмандарыбыздын жеңе албай турганына күмөн санабасак болот.

Каардуу рухтарга каршы күрөшүү

5. Эфестиктерге 6:12де колдонулган «күрөш» деген сөз Шайтандын ыкмасын билүүгө кандайча жардам берет?

5 Пабыл «асман астындагы жаман рухтарга... каршы күрөшүп» жатканыбызды түшүндүрөт. Башкы каардуу рух, албетте, «жиндердин башчысы» Шайтан Ибилис болуп саналат (Матай 12:24—26). Ыйык Китеп биз катышкан согушту күрөш, башкача айтканда, билектен алышып кармашуу деп сыпаттайт. Байыркы Грецияда күрөш боюнча мелдешке катышкан балбандар атаандашын жыгуу үчүн аны теңсалмактуулугунан тайдырууга аракеттенчү. Анын сыңарындай, Ибилис биздин рухий теңсалмактуулугубузду бузгусу келет. Ан үчүн эмне кылат?

6. Ибилис ишенимибизди алсыратуу максатында ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн экенин Ыйык Жазманын негизинде көрсөткүлө.

6 Ибилис иш-аракетин жыландай, айкырган арстандай, атүгүл жарыктын периштесиндей жүргүзүшү мүмкүн (2 Корунттуктарга 11:3, 14; 1 Петир 5:8). Ал бизди куугунтуктоо же ындыныбызды өчүрүү максатында адамдарды колдонот (Аян 2:10). Шайтан бүт дүйнөнү бийлеп тургандыктан, бизди өзүнүн торуна түшүрүү үчүн дүйнөгө мүнөздүү каалоолор менен азгырыктарды толугу менен колдоно алат (2 Тиметейге 2:26; 1 Жакан 2:16; 5:19). Обону азгыргандай эле, Шайтан бизди алдоо үчүн дүйнөнүн же ишенимден чегингендердин ой жүгүртүүсүн колдонушу ыктымал (1 Тиметейге 2:14).

7. Эмне үчүн жин-перилердин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана биз кандай артыкчылыктарга ээбиз?

7 Шайтан менен анын жин-перилеринин курал-жарагы жана күчү эбегейсиз зор болуп көрүнсө да, алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бул каардуу рухтар бизди асмандагы Атабызга жакпаган жаман иштерди кылууга мажбурлай алышпайт. Эрк боштондугуна ээ болгондуктан, биз өзүбүздүн ой-сезимдерибизди жана иш-аракеттерибизди башкарууга жөндөмдүүбүз. Андан тышкары, биз жалгыз күрөшүп жаткан жокпуз. Элишанын убагындагыдай эле, «тигилердикине караганда, биздикилер көп» (2 Падышалар 6:16). Ыйык Китеп ынандыргандай, Кудайга баш ийип, Шайтанга каршы турсак, ал бизден качат (Жакып 4:7).

Шайтандын арам ойлору бизге белгилүү

8, 9. Аюбду ишенимдүүлүгүнөн тайдыруу үчүн Шайтан кандай сыноолорду жөнөткөн жана бүгүн биздин рухийлигибизге эмнелер коркунуч туудурат?

8 Шайтандын арам ойлору бизге белгилүү, анткени Ыйык Жазмада анын негизги ыкмалары ачык көрсөтүлөт (2 Корунттуктарга 2:11). Адил адам Аюбду Ибилис экономикалык катаал шарттар, жакын адамдарынын өлүмү, үй-бүлөсүндөгү каршылык, денелик азап чегүү жана жалган досторунун негизсиз сындоосу аркылуу кыйнаган. Катуу кайгыга баткан Аюбга Кудай аны таштап койгондой сезилген (Аюб 10:1, 2). Бүгүн андай көйгөйлөр түздөн-түз Шайтандан келбеши мүмкүн болсо да, аларга Ыйсанын көптөгөн жолдоочулары кабылууда, ал эми Ибилис ошол кыйынчылыктарды өзүнүн мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн колдонушу ыктымал.

9 Ушул акыркы мезгилде рухийлигибизге коркунуч туудурган нерселер улам көбөйүүдө. Биз азыр байлыкка умтулуу рухий ой-максаттардан жогору турган дүйнөдө жашап жатабыз. Качан болбосун, маалымат каражаттарында никесиз жыныстык мамилелер азап-кайгы эмес, бакты-таалай алып келе турган нерседей көрсөтүлөт. Ошондой эле басымдуу көпчүлүк «Кудайга караганда, ыракатты сүйөт» (2 Тиметейге 3:1—5). «Ишеним үчүн күрөшүүгө» чечкиндүү болбосок, дүйнөнүн мындай көзкараштары рухий теңсалмактуулугубузга коркунуч туудурушу мүмкүн (Жүйүт 3).

10—12. а) Ыйса себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалында кандай эскертүү берген? б) Рухий баалуулуктар кантип басылып калышы мүмкүн экенин мисал менен көрсөткүлө.

10 Шайтан бизди бул дүйнөгө жана анын дүнүйөкорлук умтулууларына баш-отубуз менен берилүүгө азгырат. Бул — анын эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Ыйса себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалында эскерткендей, айрым учурларда «бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу [Падышалык жөнүндөгү] сөздү басып салат» (Матай 13:18, 22). Бул жерде «басып салуу» деп которулган грек сөзү «муунтуп салуу» дегенди билдирет.

11 Тропик токойлорунан муунткуч фикусту көрүүгө болот. Ал башка дарактын сөңгөгүнө чырмалып, жай өсөт. Бул өсүмдүктүн тамырлары берки даракты акырындык менен ороп отуруп, барган сайын күчтүү боло берет. Муунткуч фикустун көп сандаган тамырлары акырында жердеги азык заттардын көбүн өзүнө сиңирип алат, ал эми калың бутактуу бөлүгү «курмандык»-даракты жарыктан кур калтырат. Акыр-аягы ал дарак өлөт.

12 Ошо сыяктуу эле, бул дүйнөнүн түйшүктөрү жана байлык менен жыргал жашоонун артынан сая түшүү акырындык менен убактыбызды жана күч-кубатыбызды ала бериши мүмкүн. Дүйнөдөгү нерселерге алаксуу менен биз Ыйык Китепти өз алдыбызча изилдебей калышыбыз жана жыйналыш жолугушууларын калтырууну адат кылып алышыбыз ыктымал, а бул бизди рухий азыктан айрылтат. Анан дүнүйө топтоого умтулуу рухий максаттардын ордун ээлеп, акырында оңой эле Шайтанга жем болуп калабыз.

Бекем турушубуз керек

13, 14. Шайтандын каршылыгына дуушар болгондо эмне кылышыбыз керек?

13 Пабыл ишенимдештерин «Шайтандын айла-амалдарына каршы турууга» үндөгөн (Эфестиктерге 6:11). Албетте, биз Шайтанды жана анын жин-перилерин жок кыла албайбыз. Кудай бул тапшырманы Ыйса Машайакка берген (Аян 20:1, 2). Бирок Шайтан жок кылынганга чейин, анын кол салууларына туруштук бере албай калбашыбыз үчүн ага «каршы турушубуз» керек.

14 Шайтанга каршы туруунун зарылдыгын элчи Петир да баса белгилеген. «Эстүү жана сергек болгула,— деп жазган ал.— Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт. Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула, дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыңар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле» (1 Петир 5:8, 9). Чыны менен эле, Шайтан айкырган арстан сыяктуу кол салганда, ага каршы турушубузга рухий биртуугандарыбыздын колдоосу зор өбөлгө түзөт.

15, 16. Ишенимдештерибиздин колдоосу бекем турушубузга кандай жардам бере аларын көрсөтүү үчүн, Ыйык Жазмадан мисал келтиргиле.

15 Африканын саваннасында жакын жерден арстан арылдаганда, антилопа коркунуч артта калгыча алынын болушунча токтобой чуркап кете берет. Ал эми пилдер бири-бирин колдоо жагынан үлгүлүү келишет. Бир китепте: «Пилдердин үйүрү коргонуу үчүн көп учурда мындай чара колдонот: алар айлана болуп туруп, чоңдору коркунучка бет маңдай турушат, ал эми кичинекейлери айлананын ичинде коопсуздукта болушат»,— деп айтылат («Elephants—Gentle Giants of Africa and Asia»). Андай күчтү жана өз ара колдоону көргөндө, арстандар атүгүл жаш пилдерге да сейрек кол салышат.

16 Шайтандын жана анын жин-перилеринин кол салууларына кабылганда, биз да ишеними бекем биртуугандарыбыз менен чогуу болушубуз керек. Пабыл билдиргендей, ал Римде камакта отурганда, айрым ишенимдештери ага «жөлөк» болушкан (Колостуктарга 4:10, 11, «ЖД»). «Жөлөк» деп которулган грек сөзү Грек Жазмаларында бир эле жолу кездешет. Вайндын «Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүнө» ылайык, ал «сөздүн этиштен жасалган формасы дүүлүгүүнү басаңдаткан дары-дармекти билдирет» («Expository Dictionary of New Testament Words»). Сеп алдырма дары май сыяктуу, Жахабанын жетилген кызматчыларынын колдоосу эмоциялык же денелик азап чегүүнү жеңилдете алат.

17. Кудайга ишенимдүү болушубузга эмнелер жардам бере алат?

17 Рухий биртуугандарыбыздын бекемдөөсү Кудайга ишенимдүү кызмат кылууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү чыңдай алат. Айрыкча, Ыйсаны жолдогон аксакалдар рухий жактан жардам берүүгө ынтызар (Жакып 5:13—15). Ишенимдүү бойдон калууга Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө жана жыйналыш жолугушуулары менен жыйындарга катышуу да жардам берет. Кудай менен тыгыз мамиледе болуу ага ишенимдүүлүгүбүздү сакташыбызга өбөлгө түзөт. Ошондуктан «ичсек да, жесек да, эмне кылсак да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылууну» каалаганыбыз абзел (1 Корунттуктарга 10:31). Ошондой эле, мындан ары да Жахаба жактырган жолдо жүрүү үчүн, албетте, ага тиленүү менен таянуу зарыл (Забур 36:5).

18. Жанга баткан жагдай-шарттар күчүбүздү алса да, эмне үчүн жакшы иштерди кылууну токтотпошубуз керек?

18 Арстан алсыз жаныбарга кол салгандай эле, кээде Шайтан бизге рухий жактан алсырап турганыбызда чабуул коёт. Үй-бүлөлүк көйгөйлөр, экономикалык кыйынчылыктар же оору рухий күчүбүздү алышы ыктымал. Бирок Кудайга жаккан нерселерди кылууну токтотпойлу, анткени Пабыл: «Мен алсыз болгондо күчтүүмүн»,— деген (2 Корунттуктарга 12:10; Галаттыктарга 6:9; 2 Тесалоникалыктарга 3:13). Муну менен ал эмне айткысы келген? Ал сөздөрдүн мааниси мындай: эгер Жахабадан күч-кубат сурасак, анын күчү адамдык алсыздыгыбызды толуктай алат. Дөөттүн Голийатты жеңгендиги Кудайдын өзүнүн элин бекемдей аларын жана бекемдээрин көрсөтүп турат. Жахабанын бүгүнкү күндөгү Күбөлөрү Кудайдын бекемдөөчү кудуретин абдан оор учурларда сезип келишкенин тастыктай алышат (Даниел 10:19).

19. Жахаба өз кызматчыларын кантип бекемдей аларына мисал келтиргиле.

19 Кудайдан кандай жардам алышканы тууралуу бир жубайлар мындай деп жазышкан: «Биз үй-бүлө катары Жахабага көп жылдан бери кызмат кылып келатабыз жана көптөгөн баталарды алып, нечендеген жакшы адамдар менен тааныштык. Ошондой эле Жахаба бизди кыйынчылыктарга ийгиликтүү туруштук берүүгө үйрөтүп, бекемдеп келди. Аюбга окшоп, биз кай бир нерселердин эмне үчүн болуп жатканын дайыма эле түшүнө берчү эмеспиз, бирок Жахабанын жардам берүүгө дайым даяр экенин билчүбүз».

20. Жахаба өзүнүн кызматчыларын дайыма колдоп турарына Ыйык Жазмада кандай далил бар?

20 Өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын колдоого жана бекемдөөгө Жахабанын колу кыска эмес (Ышайа 59:1). Забурчу Дөөт: «Теңир жыгылып бара жаткандарды жыкпай кармап калат, кулагандарды тургузат»,— деп ырдаган (Забур 144:14). Ооба, асмандагы Атабыз «ар күнү жүгүбүздү жеңилдетет» жана эмнеге чындап муктаж болсок, ошонун баары менен камсыз кылат (Забур 67:20, «БМК»).

«Кудайдын бардык курал-жарагын» алышыбыз керек

21. Рухий курал-жарактын зарылдыгын Пабыл кантип баса белгилеген?

21 Биз Шайтандын айрым ыкмаларын карап чыктык жана анын кол салуусуна дуушар болгондо бекем турушубуз керектигин көрдүк. Эми ишенимибизди ийгиликтүү коргоого жардам бере турган дагы бир маанилүү чараны карап чыгышыбыз зарыл. Эфестиктерге жазган катында элчи Пабыл Шайтандын айла-амалдарына каршы бекем туруп, каардуу рухтарга каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн өтө зарыл болгон факторду эки жолу белгилеген. Ал: «Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле... Кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла»,— деп жазган (Эфестиктерге 6:11, 13).

22, 23. а) Рухий курал-жарагыбызга эмнелер кирет? б) Эмки макалада эмнелерди карап чыгабыз?

22 Ырас, биз «Кудайдын бардык курал-жарагын» кийишибиз керек. Пабыл эфестиктерге кат жазып жатканда, аны кээде толук соот-шаймандар менен камсыздалган Рим жоокери кайтарып турган. Бирок Жахабанын ар бир кызматчысы үчүн өтө зарыл болгон рухий курал-жарак жөнүндө талкуулоого Пабылды Кудай шыктандырган.

23 Кудайдын бул курак-жарагына Ыйсанын жолдоочусу өрчүтүшү керек болгон сапаттар жана Жахаба уюштуруп жаткан рухий иш-чаралар кирет. Эмки макалада биз рухий курал-жарактардын ар бирине токтолобуз. Бул бизге рухий согушка канчалык деңгээлде куралданганыбызды аныктоого жардам берет. Ошону менен бирге, Ыйса Машайактын эң сонун үлгүсү Шайтан Ибилиске каршы турууга кандай жардам берерин көрөбүз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Ыйсанын бардык жолдоочулары кандай согушка катышып жатышат?

• Шайтандын кандай ыкмаларды колдонорун айтып бергиле.

• Ишенимдештерибиздин колдоосу бизди кандайча бекемдей алат?

• Биз кимдин күчүнө таянышыбыз керек жана эмне себептен?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары каардуу рухтарга каршы күрөшүп жатышат.

[10-беттеги сүрөт]

Дүйнөнүн түйшүктөрү Падышалык жөнүндөгү сөздү басып салышы мүмкүн.

[11-беттеги сүрөт]

Ишенимдештерибиз жөлөк боло алат.

[12-беттеги сүрөт]

Кудайдан күч сурап тиленесиңерби?