Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бейишке болгон үмүтүң негиздүүбү?

Бейишке болгон үмүтүң негиздүүбү?

Бейишке болгон үмүтүң негиздүүбү?

«Машайакка таандык бир адамды билем... Ал адамдын бейишке көтөрүлгөндүгүн билем» (2 КОРУНТТУКТАРГА 12:2—4).

1. Ыйык Китептеги кайсы убадалар көптөрдүн жүрөгүн кубанткан?

БЕЙИШ. Кудайдын жердеги бейиш тууралуу убадасын биринчи жолу укканыңда сени кандай сезимдер чулгаганы эсиңдеби? Сен сокурлардын көздөрү, дүлөйлөрдүн кулактары ачыларын, аксак бугудай секирип, дудук ырдаарын, чөл укмуштай кооз жерге айланарын билгениңди эстейттирсиң. Же карышкыр менен козунун, илбирс менен улактын бирге жашаары тууралуу пайгамбарлык эсиңдеби? Ошондой эле өлгөн жакындарыңдын тирилүүгө жана ошол Бейиште түбөлүк жашоого үмүтү бар экенин окуганыңда кубанган эмес белең? (Ышайа 11:6; 35:5, 6; Жакан 5:28, 29).

2, 3. а) Ыйык Китепке негизделген үмүтүң негизсиз эмес деп эмне үчүн айтууга болот? б) Үмүтүбүздүн негиздүү экенин дагы эмне бышыктайт?

2 Сенин үмүтүң негизсиз эмес. Бейиш жөнүндөгү ыйык китептик убадаларга ишенүүгө сенде негиз бар. Мисалы, сен Ыйсанын асылып турган кылмышкерге: «Сен Мени менен бейиште болосуң»,— деп айткан сөздөрүнө ишенесиң (Лука 23:43). «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асманды жана жаңы жерди күтүп жатабыз»,— деген убаданын аткарыларына да шектенбейсиң. Ошондой эле Кудайдын көз жашыбызды аарчый турганына, өлүм, ый, өкүрүк, оору дегендер болбой турганына байланыштуу убадага ишенесиң. Мунун баары жерде кайрадан бейиш болорун билдирет! (2 Петир 3:13; Аян 21:4).

3 Бейиштин болоруна үмүттөнүүгө дагы бир негиз болуп дүйнө жүзү боюнча Ыйсанын жолдоочулары азыртан эле ээ болгон нерсе саналат. Ал эмне? Рухий бейиш. Кудай өзү жараткан ал бейишке өзүнүн элин алып келген. «Рухий бейиш» деген сөз айкашы түшүнүүгө кыйын абстракттуу түшүнүктөй көрүнүшү мүмкүн, бирок мындай бейиштин болору алдын ала айтылган жана ал азыр чынында эле бар.

Бейиш жөнүндөгү көрүнүш

4. 2 Корунттуктарга 12:2—4-аяттарда кайсы көрүнүш жөнүндө айтылат жана сыягы, ал кимге берилген?

4 Буга байланыштуу элчи Пабылдын эмне деп жазганына көңүл бурсаң. Ал мындай деген: «Машайакка таандык бир адамды билем... ал үчүнчү асманга көтөрүлгөн эле... Денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, муну Кудай билет. Ал адамдын бейишке көтөрүлгөндүгүн билем. Ал жерден ал адам сөз менен айтып жеткиргис, адам айтып бере алгыс сөздөрдү уккан» (2 Корунттуктарга 12:2—4). Бул үзүндү Пабыл өзүнүн элчи экенин коргоо максатында айткан сөздөрдөн кийин эле жазылган. Андан тышкары, мындайды башынан өткөргөн кимдир бирөө тууралуу Ыйык Китептин башка эч бир жеринде айтылбайт, бул жөнүндө Пабыл гана айтып өтөт. Ошондуктан ал көрүнүш, сыягы, Пабылга берилген. Ошол табияттан тыш көрүнүштө Пабыл кайсы «бейишке» кирген? (2 Корунттуктарга 11:5, 23—31).

5. Пабыл көргөн нерсе эмнеге тиешелүү эмес жана ошо себептүү ал көргөн «бейиш» кандай эле?

5 Контекст көрсөтүп тургандай, «үчүнчү асман» жер шарынын тегерегиндеги атмосферага же космос мейкиндигине, же болбосо, айрым астрофизиктер бар деп божомолдогон кайсы бир башка ааламдарга тиешелүү эмес. Ыйык Китепте үч деген сан көп учурда баса белгилөө, күчөтүү максатында колдонулат (Насаатчы 4:12; Ышайа 6:3; Матай 26:34, 75; Аян 4:8). Ошондуктан Пабыл көрүнүш аркылуу улук, бийик жана рухий нерсени көргөн.

6. Пабылдын эмнени көргөнүн түшүнүүгө мурун болуп өткөн кайсы окуялар жардам берет?

6 Бул жөнүндө көбүрөөк түшүнүк алууга Ыйык Китептеги мурунураак жазылган пайгамбарлыктар жардам берет. Ысрайыл эли ишенимсиз болуп калгандан кийин, Кудай бабылдыктардын Жүйүткө жана Иерусалимге каршы көтөрүлүшүнө жол берген. Бул акыр-аягы, ыйык китептик жылнаамага ылайык, б.з.ч. 607-жылы кыйроо менен аяктаган. Пайгамбарлык боюнча, жер 70 жылга ээн калмак, андан кийин Кудай өкүнгөн жүйүттөрдүн мекенине кайтып келип, чыныгы сыйынууну калыбына келтиришине жол бермек. Бул б.з.ч. 537-жылдан баштап аткарылган (Мыйзам 28:15, 62—68; 2 Падышалар 21:10—15; 24:12—16; 25:1—4; Жеремия 29:10—14). Ал эми жердин өзү эмне болгон? Ошол 70 жылдын ичинде ал жапайы өсүмдүктөр өскөн кагыраган жайга, чөөлөрдүн турагына айланган (Жеремия 4:26; 10:22). Ошентсе да ага карата мындай пайгамбарлык айтылган: «Теңир Сионду ушинтип сооротот, анын бүт урандыларын сооротот, анын чөлдөрүн бейиштей кылат, ээн талааларын Теңирдин багындай [«Бейиштей», «Септуагинта»] кылат» (Ышайа 51:3).

7. Жер жетимиш жылга ээн калгандан кийин эмне болушу керек эле?

7 Жетимиш жылдан кийин эмне болгон? Кудай батасын берип, жагдай жакшы жакка өзгөргөн. Төмөндөгүдөй шарттарды элестетип көрсөң: «Чөл менен какшыган жер кайрадан кубанат, эл жашабаган өлкө кайрадан сүйүнөт, нарцисс сыяктуу гүлдөйт. Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат... Ошондо аксак бугудай секирет, дудук ырдайт, анткени чөлдө суулар, талаада өзөндөр атып чыгат. Суунун алдамчы элеси көлгө айланат, суусуз жер суу булагына айланат, чөөлөр жашаган жер камыш, жылгын өскөн жерге айланат» (Ышайа 35:1—7).

Калыбына келген жана өзгөрүлгөн эл

8. Ышайа китебинин 35-бабында кеп адамдар жөнүндө жүрүп жатканын кайдан билебиз?

8 Эмне деген өзгөрүү! Ээн калган жер бейишке айланган. Бирок ушул жана башка ишенүүгө татыктуу пайгамбарлыктарда адамдар кароосуз калгандан кийин түшүмдүү болуп калган жерге салыштырылып, алардын өзгөрүлөрү көрсөтүлгөн. Эмне үчүн антип айта алабыз? Алсак, Ышайа көңүлдү «Теңир куткаргандарга», өздөрүнүн жерине «кубанычтуу кыйкырык менен» кайтып келип, шаттанып кубангандарга бурат (Ышайа 35:10). Бул сөздөр жерге эмес, адамдарга карата айтылган. Андан тышкары, Ышайа Сионго кайтып келген эл жөнүндө дагы бир жерде: «Аларды адилеттүүлүгү менен улуу, Теңир Өзүнүн даңкы үчүн Өзү отургузган дарак деп аташат... анткени жер өзүнүн өсүмдүктөрүн өстүрүп чыгаргандай... Кудай-Теңир да бардык элдердин алдында акыйкаттык менен даңкты көрсөтөт»,— деп пайгамбарчылык кылган. Ошондой эле Кудайдын эли тууралуу: «Теңир ар дайым сенин жол башчың болот... сөөктөрүңдү чыңдайт. Ошондо сен сугарылган бактай... болосуң»,— деп айткан (Ышайа 58:11; 61:3, 11; Жеремия 31:10—12). Демек, жердеги шарттар жакшыргандай эле, калыбына келген жүйүт эли да өзгөрүлмөк.

9. Пабыл кандай «бейишти» көргөн жана ал көрүнүштүн аткарылышы кайсы убакка тиешелүү?

9 Бул тарыхый прообраз бизге Пабыл алган көрүнүштү түшүнүүгө жардам берет. Ал көргөн нерсеге Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы — Пабыл «Кудайдын эгин талаасы» деп атаган жана жемиштүү болушу керек болгон жыйналыш — кирет (1 Корунттуктарга 3:9). Ал көрүнүш качан аткарылышы керек эле? Өзү көргөн нерсени Пабыл «аян» деп атаган; демек, ал келечекте болмок. Пабыл өзү өлгөндөн кийин ишенимден чегингендик күчөй турганын билген (2 Корунттуктарга 12:1; Элчилер 20:29, 30; 2 Тесалоникалыктарга 2:3, 7). Ишенимден чегингендер үстөмдүк кылып, алар тарабынан «басылып» калгандай көрүнгөн Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын гүлдөгөн бакка салыштыруу орунсуз болмок. Бирок чыныгы сыйынуу кайрадан жогорулай турган убак келмек. Кудайдын эли калыбына келип, «адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашмак» (Матай 13:24—30, 36—43). Бул Кудайдын Падышалыгы асманда орнотулгандан бир нече жыл өткөндөн кийин болгон. Ал эми ондогон жылдар өткөндөн кийин Кудайдын элинин Пабыл алган көрүнүштөгү рухий бейиште жашап жатканы айкын-даана болгон.

10, 11. Жеткилең болбосок да, рухий бейиште жашап жатабыз деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Анткен менен, баарыбыз жеткилеңсиз экенибизди билебиз, ошондуктан арабызда мезгил-мезгили менен пайда болгон кыйынчылыктарга таң калбайбыз; андай кыйынчылыктарга Пабылдын убагындагы Ыйсанын жолдоочулары да дуушар болушкан (1 Корунттуктарга 1:10—13; Филипиликтерге 4:2, 3; 2 Тесалоникалыктарга 3:6—14). Бирок азыр кандай рухий бейиште жашап жатканыбызды ойлоп көрсөң: качандыр бир кезде рухий жактан оорукчан болсок, эми айыгып калдык; мурун рухий жактан ачка жүрсөк, азыр токпуз. Кудайдын эли рухий суусуз жерде жашабастан, Анын жактыруусуна ээ болуп, көптөгөн баталарды алып жатат (Ышайа 35:1, 7). Биз рухий караңгылыкта сокур болуп жүргөн жокпуз, тескерисинче, эркиндиктин жана Кудайдын кайрымынын жарыгын көрүп жатабыз. Ыйык китептик пайгамбарлыктарды уга албай келген көп сандаган «дүлөйлөрдүн» кулактары ачылып, Ыйык Жазмада айтылгандардын маанисин түшүнүп жатышат (Ышайа 35:5). Мисалы, дүйнө жүзү боюнча Жахабанын миллиондогон Күбөлөрү Даниелдин пайгамбарлыгын аятма-аят изилдеп чыгышты. Андан кийин Ыйык Жазманын Ышайа китебинин ар бир бабын кылдат карап чыгышты. Ушундай жан сергиткен рухий тамак рухий бейиште жашап жатканыбызга далил эмеспи?

11 Тек-тамыры ар башка болгон жүрөгү таза адамдардын Кудайдын Сөзүн түшүнүүгө жана үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга умтулуп, өздөрүнүн кулк-мүнөзүн өзгөртүп жатышканын да ойлоп көрсөң. Мындайча айтканда, алар мурда өздөрүнө мүнөздүү болгон жырткычтыкындай сапаттарынан арылууга аракеттенип келишет. Сен да бул жагынан аракет жасап, албан ийгиликтерге жетишкендирсиң; рухий биртуугандарың жөнүндө да ушуну айтууга болот (Колостуктарга 3:8—14). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында сен тынчтыкты мурдагыдан көбүрөөк сүйгөн жана жакшы жакка өзгөргөн адамдардын арасында болосуң. Дагы деле жеткилеңсиз болушканы менен, алар азыр айбаттуу арстандарга же жырткыч айбандарга окшобой калышкан (Ышайа 35:9). Арасында тынчтык өкүм сүргөн бул рухий биртуугандык эмнени көрсөтүп турат? Мунун рухий мааниде бейиш экени шексиз. Ошондой эле рухий бейиш Кудайга берилгендигин сактагандар жашай турган жердеги бейиштин кандай болорунан кабар берип турат.

12, 13. Рухий бейиште калуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

12 Ошентсе да баркка албай койбошубуз керек болгон нерсе бар. Кудай ысрайылдыктарга: «Мен бүгүн сага берип жаткан... бардык осуяттарды аткар. Ошондо сен күч алып, ээлегени бара жаткан жериңди ээлеп аласың»,— деп айткан (Мыйзам 11:8). Лебилер 20:22, 24-аяттарда ошол эле жер жөнүндө мындай деп айтылат: «Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла, ошондо Мен силерди жашасын деп берип жаткан жер силерди силкип салбайт. Мен силерге мындай деп айтпадым беле: Алардын жерин ээлейсиңер, анткени сүт менен бал аккан ошол жерди силерге мураска Мен берип жатам». Ооба, Убадаланган жерди алар Жахаба Кудай менен жакшы мамиледе болушса гана ээлешмек. Ысрайылдыктар тил албай койгондуктан, Кудай бабылдыктардын аларды өздөрүнө моюн сундуруп, Бабылга көчүрүп кетишине жол берген.

13 Рухий бейиш бизге көп жагынан жагат. Чөйрөбүз көзүбүздү кубантып, көңүлүбүздү жай алдырат. Биз жырткычтыкындай сапаттарынын үстүнөн иштеп жаткан ишенимдештерибиз менен тынчтыктабыз. Алар аккөңүл болууга жана башкаларга жардам берүүгө умтулушат. Бирок, рухий бейиште калуу үчүн, адамдар менен жакшы мамиледе болуу эле жетишсиз. Ан үчүн Жахаба менен жакшы мамиледе болуп, анын эркин аткарышыбыз керек (Михей 6:8). Биз бул рухий бейишке өз каалообуз менен келгенбиз, бирок Кудай менен болгон мамилебизди сактоого аракеттенбесек, ал бейиштен чыгып калышыбыз мүмкүн.

14. Рухий бейиште калышыбызга эмнелер жардам берет?

14 Бул жагынан бизге жардам бере турган маанилүү нерсе — мындан ары да Кудайдын Сөзү аркылуу бекемделе берүү. Забур 1:1—3-аяттарда каймана тилде жазылган төмөнкү сөздөргө көңүл бурсаң: «Ыймансыздардын кеңешине барбаган... адам бактылуу. Бирок анын эрки Кудайдын мыйзамында, Анын мыйзамы тууралуу ал күнү-түнү ойлонот. Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет». Андан тышкары, рухий бейиште ишенимдүү жана акылдуу кулдун Ыйык Китепке негизделген адабияттары аркылуу рухий тамак берилип жатат (Матай 24:45—47).

Бейиш тууралуу түшүнүгүңдү тереңдет

15. Эмне себептен Муса ысрайылдыктарды Убадаланган жерге алып кирген эмес, бирок ал эмнени көргөн?

15 Бейиштин дагы бир прообразын карап көрөлү. Ысрайыл эли 40 жыл чөл кезгенден кийин, Муса аларды Маап түздүгүнө, Иордан дарыясынын чыгышына алып барган. Мурда Муса олуттуу ката кетиргендиктен, Жахаба анын ысрайылдыктарды Иордандын аркы өйүзүндөгү жерге алып кирбей турганын чечкен (Сандар 20:7—12; 27:12, 13). Муса Кудайга: «Мени Иордандын аркы бетине өткөрүп, жер соорусун... көрсөт»,— деп жалбарган. Ал Убадаланган жерге кирбесе да, Пизги тоосуна чыгып, жердин ар тарабына көз чаптырып көргөндөн кийин анын «жер соорусу» экенине ынанган болуш керек. Ал жер кандай болгон деп ойлойсуң? (Мыйзам 3:25—27).

16, 17. а) Убадаланган жер байыркы убакта кандай болгон, ал эми азыр кандай? б) Убадаланган жердин бир кезде бейиштей болгонуна эмне үчүн ишене алабыз?

16 Эгер сенин түшүнүгүң ал жердин азыркы убактагы абалына негизделсе, көз алдыңа суусу жок кумдуу жер, аскалуу чөл жана мээ кайнаткан күндүн ысыгы тартылышы мүмкүн. Бирок байыркы убакта ал жердин такыр башкача болгонуна ишенүүгө негиз бар. Доктор Уолтер Лаудермилк, жер-суу боюнча адис, «Сайентифик америкэн» журналында ал жердин кыртышы «миң жыл бою туура эмес пайдалануудан улам бузулганын» түшүндүргөн. Ал: «Бир кезде гүлдөгөн жер табият кубулуштарынан улам эмес, адамдын иш-аракетинен улам „чөлгө“ айланды»,— деп жазган. Анын изилдөөлөрү «ал жердин мурда бейиштин төрү болгонун» тастыктаган. Ошентип, «бейиштин төрү» болгон жер адамдардын кыянат пайдалануусунун натыйжасында бүлгүнгө учураган *.

17 Ыйык Китептен окугандарыңдын үстүнөн ой жүгүртүүнүн аркасында Убадаланган жер дээрлик бейиш болгон деген тыянакка келүүнүн жүйөлүү экенин көрө аласың. Жахабанын Муса аркылуу элди: «Сен ээлегени бара жаткан жер — тоолуу, өрөөндүү, жамгыр менен сугарылган жер. Ал жер — Кудай-Теңириң кам көргөн жер»,— деп ынандырганын эстесең (Мыйзам 11:8—12).

18. Ышайа 35:2деги сөздөрдү укканда туткундагы ысрайылдыктар Убадаланган жердин кандай болорун элестетишкен?

18 Убадаланган жерде өсүмдүктөр ушунчалык көп жана түшүмдүү болгондуктан, айрым жерлердин аты айтылганда эле көз алдыга бейиштегидей шарттар тартылчу. Муну Ышайа китебинин 35-бабындагы пайгамбарлыктан көрүүгө болот. Ал пайгамбарлык биринчи жолу ысрайылдыктар Бабылдан кайтып келгенде аткарылган. Ышайа: «Ал сонун болуп гүлдөп, кубанат, салтанат куруп кубанып турат. Ага Лебанондун атагы, Кармел менен Шарондун көркү берилет. Алар Теңирдин даңкын, биздин Кудайдын улуулугун көрүшөт»,— деп алдын ала айткан (Ышайа 35:2). Лебанон, Кармел жана Шарон деген аталыштарды укканда ысрайылдыктар укмуштай кооз жерлерди элестетишсе керек.

19, 20. а) Байыркы Шарон аймагын сүрөттөп бер. б) Бейишке болгон үмүтүбүздү бекемдөөнүн бир жолу кайсы?

19 Мисалга Шаронду, Самария тоолору менен Улуу деңиздин (Жер ортолук деңиздин) ортосундагы деңиз бойлогон түздүктү, алалы. (10-беттеги сүрөттү кара.) Ал өзүнүн кооздугу жана түшүмдүүлүгү менен белгилүү болгон. Жакшы сугарылгандыктан ал жер жайытка ылайыктуу болгон, ал эми түндүк бөлүгүн эмендүү токойлор ээлеген (1 Жылнаама 27:29; Ырдын ыры 2:1; Ышайа 65:10). Ошентип, Ышайа 35:2де калыбына келтирүү жана бейиштей болуп гүлдөй турган жер жөнүндө алдын ала айтылган. Ошондой эле ал пайгамбарлыкта, кийинчерээк Пабыл көрүнүш аркылуу көргөнгө ылайык, эң сонун рухий бейиш көрсөтүлгөн. Андан тышкары, башка пайгамбарлыктар сыяктуу эле ал пайгамбарлык да адамзат жашай турган жер бетиндеги бейишке болгон үмүтүбүздү бекемдейт.

20 Рухий бейиште жашап жатып биз ал үчүн болгон ыраазычылыгыбызды арттырып, жер кайрадан Бейиш болоруна бекем үмүттөнө алабыз. Кантип? Ыйык Китептен окугандарыбыз тууралуу түшүнүгүбүздү тереңдетүү менен. Ыйык Китептеги билдирүүлөр менен пайгамбарлыктарда жер-суулардын аттары так берилген. Алардын каерде жайгашканын жана башка жерлер менен кандай байланышы болгонун жакшыраак билүүнү каалайсыңбы? Эмки макалада кантип ошондой изилдөө жүргүзүүгө болорун карап чыгабыз.

[Шилтеме]

^ 16-абз. «Ыйык Китептин географиясы» деген китепте Денис Бали айткандай, «өсүмдүктөр дүйнөсү байыркы убактан бери, сыягы, кыйла эле өзгөргөн». Эмне себептен? «Адам баласы жыгачты отун катары жана курулушка колдонууга муктаж болгондуктан... бак-дарактарды кыйып, жерди аба ырайынын „чабуулдарына“ дуушар кылган. Айлана-чөйрөгө кийлигишүүнүн натыйжасында климат... бара-бара анын кыйратылышында эң маанилүү факторго айланган» («The Geography of the Bible»).

Эсиңердеби?

• Элчи Пабыл көрүнүштө кандай «бейишти» көргөн?

Ышайа 35-бап биринчи жолу кантип аткарылган жана анын Пабыл алган көрүнүш менен кандай байланышы бар?

• Канткенде рухий бейиш үчүн ыраазычылыгыбызды арттырып, келечектеги бейишке болгон үмүтүбүздү бекемдей алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Шарон түздүгү — Убадаланган жердеги жемиштүү аймак.

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.

[12-беттеги сүрөт]

Муса ал аймактын «жер соорусу» экенине ынанган.