Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын бактылуу кызматчылары

Жахабанын бактылуу кызматчылары

Жахабанын бактылуу кызматчылары

«Руху жакырлар [«рухий муктаждыктарын сезгендер», «ЖД»] бактылуу» (МАТАЙ 5:3).

1. Чыныгы бакыт деген эмне жана ал эмнени көрсөтүп турат?

БАКЫТ — Жахабанын элинин баа жеткис байлыгы. Забурчу Дөөт: «Кудайы Жахаба болгон эл бактылуу»,— деп айткан (Забур 143:15 [144:15], «ЖД»). Бакыт — бул адамдын жыргалчылыкты сезген абалы. Жандүйнөбүздүн тереңине уялаган эң чоң бакыт Жахабанын жактыруусуна ээ экенибизди билүүдөн келет (Накыл сөздөр 10:22). Мындай бакыт асмандагы Атабыз менен жакын мамиледе экенибизди жана анын эркин аткарып жатканыбызды сезерибизди көрсөтүп турат (Забур 111:1; 118:1, 2). Белгилей кетчү кызык нерсе, Ыйса өзүбүздү бактылуу деп эсептөөгө тогуз себеп бар экенин көрсөткөн. Ушул жана кийинки макалада ошол себептерди талдап чыгуу бизге «бактылуу Кудай» Жахабага ишенимдүү кызмат кылсак канчалык бактылуу болорубузду түшүнүүгө жардам берет (1 Тиметейге 1:11, «ЖД»).

Рухий муктаждыгыбызды сезүү

2. Ыйса бакыт тууралуу качан сүйлөгөн жана анын сөздөрү кантип башталат?

2 Ыйса б.з. 31-жылы тарыхтагы эң эле белгилүү баяндамалардын бирин айткан. Ал баяндама Тоодогу насаат деп аталат, анткени Ыйса аны Галилея деңизинин жанындагы тоонун боорунда айткан. Матайдын Инжилинде мындай деп айтылат: «Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал олтургандан кийин, шакирттери жанына келишти. Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады: „Руху жакырлар рухий муктаждыктарын сезгендер», «ЖД»] бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы“». Ооба, сөзмө-сөз которгондо, Ыйсанын насааты: «Руху жакырлар бактылуу»,— деп башталат. Ал эми «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосунун» шилтемесинде ал сөздөр: «Рухту тилемчилегендер бактылуу»,— деп берилет (Матай 5:1—3). Дагы бир котормодо ошол эле сөздөр: «Өздөрүнүн рухий жактан жакыр экенин билгендер бактылуу»,— деп берилген («Today’s English Version»).

3. Кандайча момундук бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт?

3 Тоодогу насаатында Ыйса эгер адам өзүнүн рухий жактан муктаждыгы бар экенин сезсе алда канча бактылуураак болорун көрсөткөн. Ыйсанын момун жолдоочулары өздөрүнүн күнөөкөр абалын толугу менен билип, Машайактын куткаруу курмандыгынын негизинде Жахабадан кечирим сурашат (1 Жакан 1:9). Ошентип, алар чыныгы бакыт жана жандүйнөсүнө тынчтык табышат. «Мыйзамсыз иштери кечирилген жана күнөөлөрү жабылган адам бактылуу!» (Забур 31:1; 118:165).

4. а) Өзүбүздүн жана башкалардын рухий муктаждыгын сезерибизди кантип көрсөтө алабыз? б) Рухий муктаждыгыбызды сезгенде бактылуу болушубузга эмне өбөлгө түзөт?

4 Рухий муктаждыгыбызды сезүү бизге Ыйык Китепти күнүгө окууга, «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан «өз убагында» берилген рухий тамак менен азыктанууга жана жыйналыш жолугушууларына дайыма барууга түрткү берет (Матай 24:45; Забур 1:1, 2; 118:111; Эврейлерге 10:25). Жакыныбызга болгон сүйүүбүз башкалардын рухий муктаждыгын билүүгө, Падышалык тууралуу жакшы кабарды таратууда жана окутууда ынталуу болууга өбөлгө түзөт (Марк 13:10; Римдиктерге 1:14—16). Ыйык Китептеги чындыктарды башкалар менен бөлүшүү бизге бакыт алып келет (Элчилер 20:20, 35). Падышалыкка байланышкан кереметтүү үмүтүбүз жана Падышалык алып келе турган баталар тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө өзүбүздү андан бетер бактылуу сезебиз. Ыйсанын майланган жолдоочуларынан турган «кичине отор» үчүн ал үмүт Машайактын Падышалык өкмөтүнүн мүчөлөрү катары асманда өлбөстүккө ээ болууну билдирет (Лука 12:32, СК; 1 Корунттуктарга 15:50, 54). Ал эми «башка койлорго» ошол Падышалыктын башкаруусу астында жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүүгө негиз берет (Жакан 10:16; Забур 36:11; Матай 25:34, 46).

Ыйлагандар кантип бактылуу боло алышат?

5. а) «Ыйлагандар» деген сөз кимдерди билдирет? б) Алар кантип сооронушат?

5 Андан ары Ыйса бактылуу болуунун кийинки себебин айтат, бирок анын сөздөрү бири-бирине карама-каршы келгендей сезилет. Ал: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат»,— деген (Матай 5:4). Ыйлап жаткан адам кантип бактылуу боло алат? Ыйсанын ал сөздөрүнүн маанисин түшүнүү үчүн, анын ыйдын кандай түрү жөнүндө кеп кылганын карап чыгышыбыз зарыл. Шакирт Жакып күнөөкөр абалыбыздын өзү эле ыйлоого себеп болушу керектигин түшүндүрөт. Ал мындай деп жазган: «Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла! Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла. Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт» (Жакып 4:8—10). Өздөрүнүн күнөөкөр абалы үчүн чындап кайгыргандар Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишенишсе жана Жахабанын эркин аткарып чын жүрөктөн өкүнүшсө, күнөөлөрү кечирилиши мүмкүн экенин билип сооронушат (Жакан 3:16; 2 Корунттуктарга 7:9, 10). Ошентип, алар Жахаба менен баа жеткис мамиледе боло алышат да, ага кызмат кылып жана даңк алып келип түбөлүк жашоого үмүттөнө алышат. Бул аларга зор бакыт тартуулайт (Римдиктерге 4:7, 8).

6. Кээ бирөөлөр кандай мааниде ыйлашат жана алар кантип сооронушат?

6 Ыйсанын сөздөрү жерде өкүм сүрүп жаткан жийиркеничтүү шарттардан улам ыйлагандарга да тиешелүү. Ышайа 61:1, 2-аяттардагы: «Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга... кыйналгандардын [«ыйлагандардын», «ЖД»] бардыгын сооротууга [жиберди]»,— деген пайгамбарлыкты Ыйса өзүнө карата колдонгон. Ошол тапшырма Ыйсанын али жерде жашап жаткан майланган жолдоочуларына да тиешелүү. Алар аны өздөрүнүн шериктеринин, «башка койлордун», жардамы менен аткарышууда. Алардын баары «анын [христиан дүйнөсүн символдоштурган ишенимден чегинген Иерусалимдин] ичинде болуп жаткан жийиркеничтүү иштер жөнүндө кайгырган, үшкүргөн адамдардын чекесине белги коюуга» байланышкан каймана маанидеги ишке катышууда (Жезекиел 9:4). Бул ыйлагандар «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабардан» сооронуч алышат (Матай 24:14). Алар жакында Шайтандын каардуу түзүлүшүн Жахабанын адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөсү алмаштырарын билүүгө кубанычта.

Момундар бактылуу

7. «Момундук» деген эмнени билдирбейт?

7 Ыйса Тоодогу насаатын: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деп уланткан (Матай 5:5). Момундукту кээде алсыздык деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу «момундук» деп которулган сөздүн маанисин түшүндүрүп: «[Момун] адамдын эң көрүнүктүү өзгөчөлүгү өзүн толук башкара билгендигинде. Момундук бошоңдукту, сентименталдуу назиктикти, пассивдүүлүктү билдирбейт. Бул сапат контролго алынган күчтү туюнтат»,— деп жазган. Ыйса өзү жөнүндө: «Мен жоошмун жана момунмун»,— деп айткан (Матай 11:29). Ошол эле учурда Ыйса адил принциптерди коргоодо эржүрөк болгон (Матай 21:12, 13; 23:13—33).

8. Момундук эмне менен тыгыз байланышта жана башкалар менен мамилелешүүдө бул сапат бизге эмне үчүн керек?

8 Момундук өзүн өзү башкара билүү менен тыгыз байланышта. Элчи Пабыл «рухтун жемишин» сыпаттоодо момундук менен өзүн өзү токтото билүүнү удаалаш атап өткөн (Галаттыктарга 5:22, 23). Момундукту ыйык рухтун жардамы менен гана өрчүтө алабыз. Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү бул сапат ишенимдеш эместер жана жыйналыштагылар менен тынчтыкта болууга өбөлгө түзөт. Пабыл: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле. Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле»,— деп жазган (Колостуктарга 3:12, 13).

9. а) Эмне үчүн момундук адамдар менен мамилелешүүдө эле керек эмес? б) Кандайча момундар «жерди мурасташат»?

9 Бирок момундук адамдар менен мамилелешүүдө эле керек эмес. Жахабанын эгедерлигине даярдуулук менен баш ийип, биз момун экенибизди көрсөтөбүз. Бул жагынан Ыйса Машайак эң сонун үлгү калтырган: жерде жүргөндө ал момундук көрсөтүп, Атасынын эркине толугу менен баш ийген (Жакан 5:19, 30). Ыйса жерди биринчи болуп мурастайт, анткени ал анын Башкаруучусу болуп дайындалган (Забур 2:6—8; Даниел 7:13, 14). Ал өзүнүн мурасын «жер үстүндө падышачылык кылуу» үчүн «адамдардын арасынан» тандалып алынган 144000 «мурасташы» менен бөлүшөт (Римдиктерге 8:17; Аян 5:9, 10; 14:1, 3, 4; Даниел 7:27). Машайак менен анын кошо башкаруучулары миллиондогон кой мүнөздүү эркек-аялдардын үстүнөн бийлик жүргүзүшөт. Андай эркек-аялдардын үстүнөн болсо: «Момундар... жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деген пайгамбарлык аткарылат (Забур 36:11; Матай 25:33, 34, 46).

Адилдикке ач болгондор бактылуу

10. «Адилдикке ач болгондордун жана суусагандардын» тоюнушуна шарт түзгөн жолдордун бири кайсы?

10 Галилея тоосунун боорунда сүйлөп жатып, Ыйса бактылуу болуунун андан кийинки себебин: «Адилдикке ач болгондор жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюнушат»,— деген сөздөр менен көрсөткөн (Матай 5:6, «ЖД»). Жахаба Ыйсанын жолдоочулары үчүн адилдик нормаларын бекитет. Демек, адилдикке ач болгондор жана суусагандар Кудайдын жетекчилигине ач болуп суусашат. Алар өздөрүнүн күнөөкөр жана жеткилеңсиз экенин жакшы билишет, ошондуктан Жахабанын алдында жакшы атка ээ болууну самашат. Өкүнүп, Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде кечирим издегендер Кудайдын алдында адил деп эсептелерин Ыйык Китептен билишкенде алар кандай гана кубанышат! (Элчилер 2:38; 10:43; 13:38, 39; Римдиктерге 5:19).

11, 12. а) Ыйсанын майланган жолдоочулары адилдикке кантип жетишет? б) Майлангандардын шериктери өздөрүнүн адилдикке болгон эңсөөсүн кантип канааттандырышат?

11 Ыйса мындай адамдардын бактылуу болорун айткан, анткени алар «канааттанышат» (Матай 5:6). Майлангандар Ыйса менен асманда «падышачылык кылууга» чакырылган жана «өмүргө ээ болуу үчүн» адил деп жарыяланышкан (Римдиктерге 5:1, 9, 16—18). Жахаба аларды рухий балдары катары асырап алган. Алар Машайактын мурасташтары болуп, анын асмандагы Падышалыгында падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар болууга чакырылган (Жакан 3:3; 1 Петир 2:9).

12 Майлангандардын шериктери али адил деп жарыяланыша элек. Бирок алар Ыйсанын төгүлгөн канына ишенишкендиктен, Жахаба аларды кандайдыр бир деңгээлде адил деп эсептейт (Жакып 2:22—25; Аян 7:9, 10). Алар Жахабанын достору катары адил деп саналгандыктан, «улуу кайгынын» учурунда куткарылышат (Аян 7:14). Ал эми «жаңы асмандын» тушунда «адилеттик гана өкүм сүргөн» жаңы жердин бөлүгүн түзүшкөндө, алардын адилдикке болгон эңсөөсү канааттандырылат (2 Петир 3:13; Забур 36:29).

Ырайымдуулар бактылуу

13, 14. Кантип ырайымдуу экенибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек жана бул бизге кандай пайда алып келет?

13 Тоодогу насаатын улантып, Ыйса: «Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат»,— деп айткан (Матай 5:7). Юридикалык мааниде алып караганда, ырайым деген судьянын кылмышкерди мыйзам жол бергендей толук жазалабай, боорукердик көрсөткөнүн билдирет. Ыйык Китепте болсо «ырайым» деп которулган сөздөр, негизинен, жардамга муктаж болгондорго жеңилдик алып келе турган камкордукту же боор ооругандыкты туюнтат. Ошондуктан ырайымдуулар башкаларга боор ооруганын иш жүзүндө көрсөтүшөт. Ыйсанын боорукер самариялык адам жөнүндөгү мисалында жардамга муктаж болгон жакынына «кайрымдуулук кылган» адамдын сонун үлгүсү көрсөтүлөт (Лука 10:29—37).

14 Ырайымдуу болуунун натыйжасында бактылуу болуу үчүн, биз жардамга муктаж болгондорго жакшылык кылышыбыз зарыл (Галаттыктарга 6:10). Ыйса адамдарга жаны ачыган. Ал «көп элди көрүп, аларга боор ооруган. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштаган» (Марк 6:34). Ал адамзаттын эң маанилүү муктаждыгы рухий муктаждыгы экенин билген. Башкалар менен алар баарынан мурда муктаж болгон нерсени — «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» — бөлүшүп, биз да боорукердик жана ырайымдуулук көрсөтө алабыз (Матай 24:14). Ошондой эле улгайган ишенимдештерибизге, жесир-жетимдерге иш жүзүндө жардам берип, «кайгырган жандарды сооротсок» болот (1 Тесалоникалыктарга 5:14; Накыл сөздөр 12:25; Жакып 1:27). Бул бизге бакыт эле алып келбестен, Жахабанын ырайымына ээ болушубузду да шарттайт (Элчилер 20:35; Жакып 2:13).

Жүрөгү тазалар жана тынчтык орнотуучулар

15. Кантип биз жүрөгү таза адамдардан жана тынчтык орнотуучулардан боло алабыз?

15 Бактылуу болуунун алтынчы жана жетинчи себептерин келтирип, Ыйса: «Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт. Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар „Кудайдын уулдары“ деп аталышат»,— деп айткан (Матай 5:8, 9). Таза жүрөк адеп-ахлактык эле эмес, рухий жактан да таза жана Жахабага берилгендик көрсөтүүдө бекем болот (1 Жылнаама 28:9; Забур 85:11). Тынчтыкты сүйгөндөр ишенимдештери менен жана мүмкүн болушунча бардык адамдар менен тынчтыкта жашашат (Римдиктерге 12:17—21). Алар «тынчтыкты издеп, ошого умтулушат» (1 Петир 3:11).

16, 17. а) Эмне үчүн майлангандар «Кудайдын уулдары» деп аталышат жана алар кантип «Кудайды көрө» алышат? б) «Башка койлор» кандай мааниде «Кудайды көрүшөт»? в) «Башка койлор» кантип жана качан толук мааниде «Кудайдын уулдары» болушат?

16 Жүрөгү таза тынчтык орнотуучуларга алардын «„Кудайдын уулдары“ деп аталышары» жана «Кудайды көрүшөрү» убада кылынган. Ыйсанын майланган жолдоочулары рухтан туулушкан жана жерде жүргөндө эле аларды Жахаба «уулдары» катары асырап алган (Римдиктерге 8:14—17). Алар Машайак менен асманда болуу үчүн тирилишкенде Жахабанын алдында кызмат кылышат жана аны көрүшөт (1 Жакан 3:1, 2; Аян 4:9—11).

17 Тынчтыкты сүйгөн «башка койлор» «түбөлүктүн Атасы» болгон Жакшы Койчу Ыйса Машайактын жетекчилиги астында Жахабага кызмат кылып жатышат (Жакан 10:14, 16; Ышайа 9:6). Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунан кийин акыркы сыноодон ийгиликтүү өткөндөр Жахабанын жердеги уулдарынан болуп, «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгышат» (Римдиктерге 8:21; Аян 20:7, 9). Муну күтүү менен бирге алар Жахабага Ата деп кайрылышат, анткени анын Өмүр Берүүчү экенин билип, өздөрүнүн өмүрүн ага арнашат (Ышайа 64:8). Байыркы убактагы Аюб менен Мусага окшоп, алар Кудайды ишеним көзү менен көрө алышат (Аюб 42:5; Эврейлерге 11:27). Алар «жүрөктөрүнүн көздөрү» менен жана Кудай жөнүндөгү так билим аркылуу Жахабанын сонун сапаттарын таанып-билип, эркин аткаруу менен аны тууроого умтулушат (Эфестиктерге 1:19; Римдиктерге 1:19, 20; 3 Жакан 11).

18. Бактылуу болууга өбөлгө түзгөн биринчи жети себеп көрсөтүп тургандай, бүгүн кимдер чындап бактылуу?

18 Жогоруда көрсөтүлгөндөй, рухий муктаждыктарын сезгендер, ыйлагандар, момундар, адилдикке ач болгондор жана суусагандар, ырайымдуулар, жүрөгү таза адамдар жана тынчтык орнотуучулар Жахабага кызмат кылууда чыныгы бакыт табышат. Бирок алар дайыма каршылыкка, атүгүл куугунтукка дуушар болушат. Бул алардын бактысына тоскоол боло алабы? Бул суроо эмки макалада каралат.

Кайталоо үчүн суроолор

• Рухий муктаждыктарын сезгендер кандай бакытка бөлөнүшөт?

• Ыйлагандар кантип сооронушат?

• Кантип момундук көрсөтөбүз?

• Эмне үчүн ырайымдуу, жүрөгү таза жана тынчтык орнотуучу адамдардан болушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

«Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу».

«Ырайымдуулар бактылуу».

«Адилдикке ач болгондор жана суусагандар бактылуу».