Жахабанын момундугу биз үчүн эмнени билдирет?
Жахабанын момундугу биз үчүн эмнени билдирет?
ДӨӨТТҮН жашоосу олуттуу кыйынчылыктар менен коштолгон. Ал көрө албас кайнатасы Шабул падышадан азап көргөн. Шабул аны найза менен өлтүрүүгө үч жолу аракет жасаган жана бир канча жыл бою тынымсыз куугунтуктап, качкын болууга аргасыз кылган (1 Шемуел 18:11; 19:10; 26:20). Бирок Жахаба Дөөт менен болуп, аны Шабулдан эле эмес, башка душмандарынан да сактаган. Ошондуктан биз Дөөттүн: «Теңирим — менин тирегим, сепилим, Куткаруучум. Сен мага Өз сактоочу калканыңды бересиң, Сенин ырайымың [«момундугуң», «ЖД»] мени даңкка бөлөйт»,— деп ыр менен билдирген сезимдерин түшүнөбүз (2 Шемуел 22:2, 36). Акыры Дөөт Ысрайылда даңкка ээ болуп, зоболосу көтөрүлгөн. Буга Жахабанын момундугунун кандай байланышы бар эле?
Ыйык Жазмада Жахаба тууралуу момун деп айтылганда, бул анын кайсы бир жактан чектелүү экенин же башкаларга баш иерин билдирбейт. Тескерисинче, бул сонун сапат Кудайдын анын жактыруусуна ээ болууга чын жүрөктөн умтулган адамдарга боор ооруй турганын жана аларга ырайым кыларын көрсөтүп турат. Забур 112:6, 7-аяттардан биз: «Асман менен жерге көз салып туруш үчүн, Ал бийиктен эңкейет. Алсызды жерден көтөрөт»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Анын «бийиктен эңкейгени» «момундук көрсөткөнүн» билдирет («Young’s Literal Translation of the Holy Bible»). Демек, жеткилеңсиз, бирок Кудайга кызмат кылгысы келген момун адам Дөөткө көңүл буруу үчүн, Жахаба «момундук көрсөтүп», асмандан «эңкейген». Ошондуктан Дөөт бизди: «Теңир эң бийик, Ал момунду... көрөт»,— деп ынандырат (Забур 137:6). Жахабанын Дөөткө ырайымдуулук, чыдамдуулук жана боорукердик менен мамиле кылганы анын эркин аткарууга умтулуп жаткандардын баарын кубаттандырат.
Жахаба Эгедер катары ааламда эң жогорку абалды ээлегенине карабастан ар бирибиз менен тыгыз мамиледе болууну каалайт. Ошол себептүү эң оор жагдайларда да анын бизге берилгендик менен жардам берерине бекем ишене алабыз. Кудай бизди унутуп коёт деп коркууга эч кандай негиз жок. Байыркы ысрайылдыктар Жахаба жөнүндө: «Бизди кордолуп турганда эстеген Кудай... анткени Анын ырайымы түбөлүк»,— деп айтышкан (Забур 135:23).
Жахабанын кызматчылары катары бүгүн биз да, Дөөткө окшоп, олуттуу кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн. Мисалы, Кудайды билбегендердин шылдыңына дуушар болушубуз же кайсы бир оорудан азап тартышыбыз, же жакын адамыбыздан айрылып, орду толгус жоготууга учурашыбыз ыктымал. Кандай гана кырдаалга туш болбойлу, жүрөгүбүз адил болсо, Жахабага тиленүү менен кайрылып, андан ырайым көрсөтүүсүн сурай алабыз. Жахаба бизге көңүл буруу үчүн «эңкейип», тиленүүлөрүбүздү угат. Кудайдын шыктандыруусу менен забурчу: «Теңирдин көздөрү адил адамдарга бурулган, кулагы алардын зар-муңуна бурулган»,— деп жазган (Забур 33:16). Бул бизге Жахабанын сонун сапаты — момундугу — жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү бербейби?