Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Куугунтукталышса да, бактылуу

Куугунтукталышса да, бактылуу

Куугунтукталышса да, бактылуу

«Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар» (МАТАЙ 5:11).

1. Ыйса өзүнүн жолдоочуларын бакыт менен куугунтукка байланыштуу эмнеге ынандырган?

ЫЙСА элчилерин Падышалык тууралуу кабар айтууга биринчи жолу жөнөтүп жатып аларга каршылык көрсөтүлөрүн эскерткен. Ал: «Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар»,— деп айткан (Матай 10:5—18, 22). Бирок мурунураак Тоодогу насаатында Ыйса элчилерин жана башка угуучуларын мындай каршылык алардын жүрөк түпкүрүндөгү бакытка доо кетирбей турганына ынандырган. Кала берсе, ал бактылуу болууну Кудайдын кызматчылары катары куугунтукталуу менен байланыштырган! Куугунтук кандайча бакыт алып келиши мүмкүн?

Адилдик үчүн азап чегүү

2. Ыйсанын жана элчи Петирдин сөздөрүнө ылайык, азап чегүүнүн кандай түрү бакыт алып келет?

2 Бактылуу болуунун сегизинчи себебин келтирип, Ыйса: «Чындык адилдик», «ЖД»] үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы»,— деп айткан (Матай 5:10). Азап чегүүнүн өзүндө мактаарлык эч нерсе жок. Элчи Петир: «Эгерде силер кылмыш кылып, ошон үчүн сабаганга чыдап жатсаңар, мунун эмнеси мактаарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып да, азап чегүүгө чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат»,— деп жазган. Андан ары ал: «Бирок силердин араңардан эч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын. Эгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын»,— деп айткан (1 Петир 2:20; 4:15, 16). Ыйсанын сөздөрүнө ылайык, адам адилдик үчүн азап чегип жатса, анда бул бакыт алып келет.

3. а) Адилдик үчүн куугунтукталуу деген эмнени билдирет? б) Куугунтук Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына кандай таасир тийгизген?

3 Чыныгы адилдик Кудайдын эркине жана анын буйруктарына баш ийүүдөн көрүнөт. Андыктан адилдик үчүн азап чегүү Кудайдын нормаларын же талаптарын бузуу кысымына каршы тургандыктан азап чегүүнү билдирет. Элчилер Ыйсанын атынан кабар айтууну токтотуудан баш тартышканы үчүн жүйүт жолбашчылары тарабынан куугунтукка алынышкан (Элчилер 4:18—20; 5:27—29, 40). Бул алардын кубанычына же кабар айтуусуна терс таасир тийгизгенби? Албетте, жок! Алар «Ыйса... үчүн кордук көрүүгө татыктуу болушканына кубана синедриондон чыгып кетишкен. Ошондон кийин алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө Ыйса Машайак жөнүндө окутууну, Жакшы Кабар таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:41, 42). Бул куугунтук аларга кубаныч алып келген жана алардын кабар айтуу ишиндеги ынтасын жанданткан. Кийинчерээк Ыйсанын алгачкы жолдоочулары императорго табынуудан баш тартышканы үчүн римдиктер тарабынан куугунтукка алынышкан.

4. Ыйсанын жолдоочулары кайсы себептерден улам куугунтукталып келишүүдө?

4 Биздин мезгилде да Жахабанын Күбөлөрү «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» таратууну токтотуудан баш тартышканы үчүн куугунтукталып келишүүдө (Матай 24:14). Жыйналыш жолугушууларын өткөрүүгө тыюу салынганда, алар Ыйык Китептеги чогулуп турууга байланыштуу буйрукту сактоо үчүн азап чегүүгө даяр (Эврейлерге 10:24, 25). Алар бейтараптуулук сакташканы үчүн же канды кыянат пайдалануудан баш тартышканы үчүн да куугунтукталып келишет (Жакан 17:14; Элчилер 15:28, 29). Ошого карабастан адилдик үчүн бек турганы бүгүн Кудайдын элине жандүйнө бейкуттугун жана бакыт тартуулайт (1 Петир 3:14).

Машайак үчүн кордук көргөндөр

5. Бүгүн Жахабанын эли кайсы негизги себеп менен куугунтукталууда?

5 Тоодогу насаатында Ыйса бактылуу болуунун тогузунчу себебин да куугунтук менен байланыштырган. Ал: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар»,— деп айткан (Матай 5:11). Жахабанын элинин куугунтукталып жатканынын негизги себеби алар азыркы каардуу дүйнөдөн эмес. Ыйса өзүнүн шакирттерине мындай деген: «Эгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт» (Жакан 15:19). Ошо сыяктуу эле элчи Петир: «Бутпарастар менен кошо бузуктук кылбай калганыңарга таң калып, алар силерди жамандап жатышат»,— деп айткан (1 Петир 4:4).

6. а) Эмне үчүн калдык жана алардын шериктери кордук көрүп, куугунтукталып жатышат? б) Мындай кордук алардын бактысын кемитеби?

6 Биз Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын анын атынан кабар айтууну токтотуудан баш тартышканы үчүн куугунтукка алынышканын көрдүк. Машайак өзүнүн жолдоочуларына: «Бүт дүйнө жүзүндө Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деп тапшырма берген (Элчилер 1:8). Анын майланган биртуугандарынын ишенимдүү калдыгы өздөрүнүн берилген шериктеринин, «эбегейсиз көп адамдардын», жардамы менен ошол тапшырманы ынталуулук менен аткарып жатат (Аян 7:9). Ошондуктан Шайтан Кудайдын асмандагы уюмун символдоштурган «аялдын» тукуму менен — «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайакты күбөлөндүргөн балдары менен» — согушуп жатат (Аян 12:9, 17). Жахабанын Күбөлөрү катары биз Падышалык өкмөттүн Падышасы болуп бийлик жүргүзүп жаткан Ыйса жөнүндө күбөлөндүрөбүз. Ал өкмөт адамдык өкмөттөрдү кыйратып, Кудайдын жаңы адил дүйнөсүн орнотот (Даниел 2:44; 2 Петир 3:13). Ошол күбөлөндүрүүбүз үчүн биз кордук көрүп, куугунтукталып жатабыз, бирок Машайактын ысмы үчүн кордолуп жатканыбызды билгендиктен өзүбүздү бактылуу эсептейбиз (1 Петир 4:14).

7, 8. Каршылаштар Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына кандай жалган жалааларды жабышкан?

7 Ыйса өзүнүн жолдоочуларына ал үчүн «жалган жалаага калышкан» күндө да өздөрүн бактылуу эсептеши керектигин айткан (Матай 5:11). Анын алгачкы жолдоочулары так ошондой жалган жалааларды угушкан. Элчи Пабыл болжол менен б.з. 59—61-жылдары Римде камакта отурганда, ал жердеги жүйүт жолбашчылары Ыйсанын жолдоочуларынын окутуусу жөнүндө: «Биз бул окутуу жөнүндө бардык жерде талаш-тартыш болуп жатканын билебиз»,— деп айтышкан (Элчилер 28:22). Пабыл менен Сыласты «римдик падышанын буйруктарына каршы чыгып», «бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрүп» жатышат деп айыпташкан (Элчилер 17:6, 7).

8 Рим империясынын тушундагы Ыйсанын жолдоочулары жөнүндө К. С. Латурет мындай деп жазган: «Айыптоолор ар кандай болгон. Ыйсанын жолдоочулары бутпарастык каада-салттарга катышуудан баш тартышкандыктан, аларды атеисттер дешкен. Коомдук жашоонун көп бөлүгүнөн: бутпарастык майрамдардан, элдик той-тамашалардан... алыс болушкандыктан, аларды адамзат тукумун жек көрүүчүлөр деп мазакташкан. [...] Алар эркек-аялдар болуп түндө жолугушуп... башаламан жыныстык катнашта болушат деп айтылган. [...] [Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечесин] майрамдоого ишенимдештер эле катышкандыктан, Ыйсанын жолдоочулары дайыма балдарды курмандыкка чалып, алардын канын ичип, этин жешет деген ушактар тараган». Андан тышкары, Ыйсанын алгачкы жолдоочулары императорго табынуудан баш тартышканы үчүн мамлекеттин душмандары деп айыпталган.

9. Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары жалган айыптоолорго кандай жооп кайтарышкан жана бүгүн жагдай кандай?

9 Ошол жалган айыптоолор Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу тапшырмасын аткарууга тоскоол болгон эмес. Б.з. 60—61-жылдары Пабыл «Жакшы Кабардын» «бүт дүйнөгө тарап... жемиш берип өсүп жатканын» жана «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» айта алган (Колостуктарга 1:5, 6, 23). Бүгүн да ошондой. Жахабанын Күбөлөрү Ыйсанын алгачкы жолдоочуларындай эле жалган айыпталышууда. Ошого карабастан Падышалык тууралуу кабар айтуу иши өркүндөп, ага катышкандарга эбегейсиз зор бакыт алып келип жатат.

Пайгамбарлардай болуп куугунтукталышканы үчүн бактылуу

10, 11. а) Ыйса бактылуу болуунун тогузунчу себебин талкуулоону кантип аяктаган? б) Пайгамбарлар эмне үчүн куугунтукталган? Мисал келтиргиле.

10 Ыйса бактылуу болуунун тогузунчу себебин талкуулоону: «Кубанып шаттангыла, анткени... силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан»,— деп аяктаган (Матай 5:12). Жахабанын ишенимсиз Ысрайылга эскертүү берүү үчүн жөнөткөн пайгамбарларын эл жаман кабыл алып, көп учурда куугунтуктаган (Жеремия 7:25, 26). Элчи Пабыл муну тастыктап: «Дагы эмнени айтайын? ...Башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт. Алар ишенимдери менен... кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан»,— деп жазган (Эврейлерге 11:32—38).

11 Каардуу падыша Ахаптын жана анын аялы Изебелдин башкаруусунун тушунда Жахабанын көптөгөн пайгамбарлары кылычтан өлгөн (1 Падышалар 18:4, 13; 19:10). Жеремия пайгамбар көзөнөк жыгачка отургузулуп, кийинчерээк баткак орго ташталган (Жеремия 20:1, 2; 38:6). Даниел пайгамбар болсо арстандар жаткан орго ташталган (Даниел 6:16, 17). Ыйсанын жолдоочуларына чейин жашаган бул пайгамбарлардын баары Жахабага болгон таза сыйынууну коргогону үчүн куугунтукка алынышкан. Көп пайгамбарлар жүйүттөрдүн диний жетекчилери тарабынан куугунтукталган. Ыйса мыйзам окутуучулар менен фарисейлерди «пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары» деп атаган (Матай 23:31).

12. Байыркы убактагы ишенимдүү пайгамбарларга окшоп куугунтукталып жатканыбызга эмне үчүн сыймыктанабыз?

12 Бүгүн биз Жахабанын Күбөлөрү катары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялап жатканыбыз үчүн көп куугунтукталабыз. Душмандарыбыз жүргүзгөн ишибизди «таңуулоочу прозелитизм» деп айыптап жатышат, бирок биз Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын мурда да ушу сыяктуу эле сындарды угушканын билебиз (Жеремия 11:21; 20:8, 11). Байыркы убакта ишенимдүү пайгамбарлар кандай себеп менен азап чегишсе, биз да ошол себептен азап чегип жатканыбызга сыймыктанабыз. Шакирт Жакып: «Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан. Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү биз бактылуу дейбиз»,— деп жазган (Жакып 5:10, 11).

Бактылуу болуунун орчундуу себептери

13. а) Эмне үчүн биз куугунтуктун ындыныбызды өчүрүшүнө жол бербейбиз? б) Бекем турушубузга эмне өбөлгө түзөт жана бул эмнени далилдеп турат?

13 Куугунтуктун ындыныбызды өчүрүшүнө жол бербей, биз пайгамбарлардын, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын жана Машайак Ыйсанын жолун жолдоп жатканыбызга кубанабыз (1 Петир 2:21). Биз Ыйык Жазмадан, мисалы, элчи Петирдин төмөнкү сөздөрүнөн терең канааттануу алабыз: «Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөп таң калбагыла. Эгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңктын Руху — Кудайдын Руху силерде» (1 Петир 4:12, 14). Бизде Жахабанын руху болуп, бизди бекемдеп тургандыктан куугунтукка туруштук бере аларыбызды тажрыйбабыздан билебиз. Ыйык рухтун колдоосуна ээ болгонубуз бизге Жахабанын батасы тийип жатканын далилдеп турат жана бул бизге чоң бакыт тартуулайт (Забур 5:13; Филипиликтерге 1:27—29).

14. Адилдик үчүн куугунтукталып жатканыбызга кубанууга кандай себептер бар?

14 Адилдик үчүн каршылыкка жана куугунтукка дуушар болуп жатканыбыз Ыйсанын чыныгы жолдоочулары катары Кудайга берилгендикте жашап жатканыбызды далилдеп турат. Бул бактылуу болушубузга дагы бир себеп болуп саналат. Элчи Пабыл: «Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:12). Сыноо учурунда берилгендигибизди сактаганыбыз Жахабанын жаратууларынын баары Ага өз кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн кызмат кылат деген Шайтандын шек келтирүүсүнө жооп болуп саналарына чексиз бактылуубуз (Аюб 1:9—11; 2:3, 4). Биз Жахабанын адил эгедерлигинин акталышына абдан аз өлчөмдө болсо да катышып жатканыбызга кубанычтабыз (Накыл сөздөр 27:11).

Сыйлыкка кубангыла

15, 16. а) Ыйса «кубанып шаттанышыбызга» кандай себеп көрсөткөн? б) Майлангандарды асманда кандай сыйлык күтүп турат жана алардын шериктерине, «башка койлорго», кандай сыйлык берилет?

15 Ыйса байыркы убактагы пайгамбарларга окшоп кордук көрүп куугунтукталганыбызга кубануунун дагы бир себебин көрсөткөн. Бактылуу болуунун тогузунчу себебин келтиргенде, ал акырында: «Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» — деп айткан (Матай 5:12). Элчи Пабыл: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп жазган (Римдиктерге 6:23). Ооба, бериле турган чоң сыйлык — бул өмүр; ага биз татыктуу боло албайбыз. Ал — белек. Ыйса ал сыйлыктын «асманда» экенин айткан, анткени ал Жахабадан келет.

16 Майлангандар «өмүр таажысына», атап айтканда, Машайак менен асманда өлбөс-өчпөс өмүргө ээ болушат (Жакып 1:12, 17). Жерде жашоого үмүтү бар «башка койлор» болсо жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүүнү күтүп жатышат (Жакан 10:16; Аян 21:3—5). Майлангандар да, «башка койлор» да татыктуу болушкандыктан эмес, Жахаба мол ырайым көрсөткөндүктөн сыйлык алышат. Ошондуктан элчи Пабыл: «Сөз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги үчүн Кудайга даңк!» — деп айтууга түрткү алган (2 Корунттуктарга 9:14, 15).

17. Куугунтукка алынганда эмне үчүн бактылуу болуп, шаттана алабыз?

17 Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына, алардын ичинде император Нерон тарабынан ырайымсыз куугунтукка алынганы тургандарга мындай деп жазган: «Кайгылар менен да мактанып жатабыз. Анткени биз кайгы аркылуу чыдамкайлык, чыдамкайлык аркылуу тажрыйбалуулук, тажрыйбалуулук аркылуу үмүт келерин билебиз. Ал эми үмүт уят кылбайт». Ошондой эле ал: «Үмүт менен кубангыла, кыйынчылыкка чыдамкай болгула»,— деп айткан (Римдиктерге 5:3—5; 12:12). Каякта жашоого үмүттөнбөйлү, асмандабы же жердеби, сыноолордо ишенимдүү калганыбыз үчүн ала турган сыйлыгыбыз биз татыктуу болгон нерселердин баарынан алда канча чоң. Падышабыз Ыйса Машайактын жетекчилиги астында мээримдүү Атабыз Жахабага кызмат кылып, аны даңктап түбөлүк жашай аларыбызга биз чексиз кубанабыз, атүгүл шаттанабыз.

18. Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын элдерден эмнени күтүүгө болот жана Жахаба эмне кылат?

18 Кээ бир өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрү куугунтукталып келишкен, азыр деле куугунтукталышууда. Ыйса дүйнөнүн акыры жөнүндөгү пайгамбарлыгында чыныгы жолдоочуларын: «Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Матай 24:9). Бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, Шайтан Жахабанын кызматчыларын элдерге жек көрүндү кыла берет (Жезекиел 38:10—12, 14—16). Бул болсо Жахабанын иш-аракет кылууга убактысы келгенин билдирет. «Өзүмдүн улуулугумду жана ыйыктыгымды көрсөтөм, көп элдерге Өзүмдү таанытып билдирем, ошондо Менин Теңир экенимди билишет» (Жезекиел 38:23). Ошентип, Жахаба өзүнүн улуу ысмын ыйыктайт жана элин куугунтуктан арылтат. Андыктан «сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу» (Жакып 1:12).

19. Жахабанын улуу күнүн күтүүдө эмне кылышыбыз керек?

19 Жахабанын ошол улуу күнү барган сайын жакындап келатканда, Ыйсанын ысмы үчүн «кордук көрүүгө татыктуу болгонубузга» кубаналы (2 Петир 3:10—13; Элчилер 5:41). Жахабанын адил жаңы дүйнөсүндөгү сыйлыгыбызды күтүүдө, келгиле, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, Падышалык өкмөт жана «Машайак жөнүндө окутууну, Жакшы Кабар таратууну» токтотпойлу (Элчилер 5:42; Жакып 5:11).

Кайталоо үчүн суроолор

• Адилдик үчүн азап чегүү деген эмнени билдирет?

• Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына куугунтук кандай таасир тийгизген?

• Жахабанын Күбөлөрү байыркы убактагы пайгамбарлар сыяктуу куугунтукталып жатышат деп эмне үчүн айтууга болот?

• Куугунтукталганыбызга эмне үчүн «кубанып шаттансак» болот?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

«Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар... бактылуусуңар».

[29-беттеги сүрөт]

Group in prison: Chicago Herald-American