Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий баалуулуктардан пайда ал

Рухий баалуулуктардан пайда ал

Рухий баалуулуктардан пайда ал

«Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт» (Насаатчы 5:9).

ЖУМУШТАН өтө чарчаган адам көп учурда стресске кабылат, бул болсо денсоолукка зыян келтирип, ал гана эмес, өлүмгө дуушар кылышы ыктымал. Көптөгөн өлкөлөрдө ажырашуунун айынан үй-бүлөлөр бүлүнүүдө. Мындай бактысыздыктардын болушуна көп учурда материалдык нерселерге чектен чыга умтулуу себеп болот. Байлыктын артынан сая түшкөн адам колунда болгонуна каниет кылбай, кандай жол менен болбосун андан да көпкө ээ болууну каалайт. Америкада басылып чыккан өзүн өзү окутууга арналган бир китепте: «Колунда бар кошуналары 43 жашында инфарктка чалдыгуу коркунучуна көз жумган жана жумуш дегенде жанын берген адамдар болсо да, ошолордой болуп жашоого умтулуу бүтүндөй өлкөнү бийлеп алды»,— деп айтылат.

Колунда бар нерседен көпкө ээ болуу каалоосу адамдын бүт оюн бийлеп алып, кубанычынан айрылтышы ыктымал. Көп учурда адамдын алсыз жактары жарнама сыяктуу күчтүү таасирге кабылат. Телевизор силерге анча деле керек эмес же сатып алууга шартыңар жок нерселер тууралуу жарнамаларга жык толгон. Булардын бардыгы бир топ зыян тийгизиши мүмкүн.

Каалоолорубуздун баарын аткарууга болгон умтулуубуздун денелик жана адеп-ахлактык жактан тийгизген таасири анча байкалбаганы менен, кыйла зыяндуу болушу ыктымал. Маселен, даанышман Сулайман падыша: «Момун жүрөк — денеге өмүр»,— деген (Накыл сөздөр 14:30). Ал эми дүнүйө топтоо максатында чектен чыга аракеттенүү, тынчсыздануу жана түйшүктөнүү денсоолугубузга зыян келтирип, бактысыз кылат. Байлык жашообузда эң негизги орунда турса, адамдар менен болгон мамилебизге да доо кетет. А эгер үй-бүлөдөгүлөрүбүз же айланадагыларыбыз менен болгон мамилебиз начарласа, мунун терс таасири бүтүндөй жашообузга тиет.

Рухий баалуулуктар жогору турат

Элчи Пабыл 2 000 жылдай мурун: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла»,— деп эскерткен (Римдиктерге 12:2). Дүйнө анын баалуулуктарына ортоктош болгондорду жакшы көрөт (Жакан 15:19). Ал биздин сезимибизге таасир этип, материалисттик жашоо өткөрүүгө түрткү берүүгө аракет кылат. Дүйнө биринчи кезекте «көз кумарына» басым коёт (1 Жакан 2:15—17).

Бирок акчадан да, атак-даңктан да, байлыктан да кымбат нерсе бар. Мындан көптөгөн кылымдар мурун жашаган Сулайман падыша каалаганынын баарына ээ болгон. Ал үйлөрдү куруп, бак-дарактарды отургузган, анын кулдары, короо-короо малы, ырчылары, ошондой эле абдан көп алтын менен күмүшү болгон. Сулайман өзүнө чейин жашаган башкаруучулардын баарынан бай эле. Анын кандай атак-даңкка жана байлыкка ээ болгонун сөз менен жеткирүү кыйын. Ошондой болсо да, Сулайман өзүнүн жетишкендиктерине кылчая карап: «Бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу»,— деп айткан (Насаатчы 2:1—11).

Сулайман абдан акылман болгон, ошондуктан рухий нерселерге көңүл койгон адам жашоодон терең канааттануу аларын билген. Ал: «Бардык нерсенин эң негизгисин угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул — адам үчүн эң керектүү нерсе»,— деп жазган (Насаатчы 12:13).

Алтын менен күмүштөн да баалуу кенч Кудай Сөзүндө, Ыйык Китепте, камтылган (Накыл сөздөр 16:16). Ал китепте кенчке салыштырарлык терең чындыктар жазылган. Сен аларды издейсиңби? (Накыл сөздөр 2:1—6). Жаратканыбыз — чыныгы баалуулуктардын Булагы — сени ал кенчти издөөгө чакырат жана бул жагынан сага жардам берет. Кантип?

Жахаба асыл таштарга окшогон чындыктарын өзүнүн Сөзү, руху жана уюму аркылуу ачып келет (Забур 1:1—3; Ышайа 48:17, 18; Матай 24:45—47; 1 Корунттуктарга 2:10). Ушул чанда кезикчү абдан баалуу чындыктарды изилдөөнүн аркасында биз эң мыкты жана үзүрлүү өмүр жолун тандоо мүмкүнчүлүгүн алабыз. Мындай тандоо жасоо оорго деле турбайт, анткени Жаратканыбыз Жахаба биздин чындап бактылуу болушубуз үчүн эмне зарыл экенин билет.

Баалуулуктардын эң мыктысы Ыйык Китепте камтылган

Ыйык Китептеги кеңештер иш жүзүндө колдонорлук болгондон сырткары, аларга теңдеш эч нерсе жок. Андагы адеп-ахлак нормалары эң бийик. Ыйык Китептеги кеңештер убакыт сынагынан өткөн жана ар убак пайда алып келет. Маселен, анда жигердүү эмгектенүү, акчаны акылмандуулук менен пайдалануу жана жалкоолуктан качуу кеңеш кылынат (Накыл сөздөр 6:6—8; 20:23; 31:16).

Ошондой эле Ыйса да: «Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт»,— деп айткан (Матай 6:19, 20).

Андан бери 2 000 жыл өтсө да, бул кеңеш азыр да колдонорлук. Дүнүйө топтоого баш-отубуз менен берилбесек, маңыздуу жашоо өткөрө алабыз. Ал үчүн чыныгы бакыт менен канагаттануу бере турган рухий кенч жыйноо керек. Канткенде ошенте алабыз? Кудай Сөзү болгон Ыйык Китепти окуп, андагы кеңештерди колдонуу менен.

Рухий баалуулуктардын пайдасы

Рухий баалуулуктар денелик, эмоциялык жана рухий жактан пайда алып келет. Озон катмары жердеги тирүү жандын бардыгын күндүн зыяндуу нурларынан коргоп тургандай эле, адеп-ахлактын бийик нормаларына кармануу бизди дүнүйөкорлуктун зыяндуу кесепеттеринен сактайт. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты» (1 Тиметейге 6:9, 10).

Дүнүйөкорлук адамдарды абдан бай болууга, коомдогу көрүнүктүү абалга жана бийликке умтултат. Аларга ээ болуу үчүн адамдар көп учурда башкаларды алдашат. Байлыкка умтулгандар убактысынан, күчүнөн, мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жууйт, ал турсун тынч уйкудан калат (Насаатчы 5:11). Көп нерсеге ээ болуу каалоосу рухий жактан өсүүгө тоскоолдук кылары шексиз. Тарыхтагы эң улуу адам, Ыйса Машайак: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу» — деп, эң жакшы жол кайсы экенин айкын көрсөткөн (Матай 5:3, «ЖД»). Ал рухий байлык түбөлүк бата алып келерин жана материалдык байлыктан алда канча баалуу экенин билген (Лука 12:13—31).

Рухий баалуулуктарга умтулуу чынында эле пайдалуубу?

«Ата-энем мени рухий баалуулуктар пайдасыз дегенге ынандыруу үчүн колдорунан келгендин бардыгын кылышты. Бирок рухийликке көңүл койгонумдан улам ички дүйнөм укмуштуудай тынчтыкка бөлөндү, анткени байлыкка умтулуучулуктун азабын тарткан жокмун»,— дейт Грег.

Рухий баалуулуктар башкалар менен жакшы мамиледе болууга да өбөлгө түзөт. Чыныгы досторуңар силерди байлык-мүлкүңөр үчүн эмес, сапаттарыңар үчүн баалайт. Ыйык Китепте: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 13:20). Андан сырткары, үй-бүлөдөгү бакыт материалдык нерселерден эмес, акылмандык менен сүйүүдөн көзкаранды (Эфестиктерге 5:22—6:4).

Биз чыныгы баалуулук эмне экенин айырмалай билүү шык-жөндөмү менен төрөлбөйбүз. Бул тууралуу көзкарашыбызга айлана-чөйрөдөгүлөр же байлыкка карата болгон көзкарашыбызды түп-тамыры менен өзгөртө ала турган Ыйык Китеп таасир эте алат. Мурун банкир болгон Дон: «Мага баалуулуктарга карата болгон көзкарашымды кайрадан карап чыгууга жардам беришти, ошонун аркасында колумда бар нерселерге каниет кылып жашоого үйрөндүм»,— дейт.

Түбөлүктүү рухий байлыкка ээ болгула

Рухий баалуулуктар убактылуу эле ыракат тартуулабастан, узакка созулган бата алып келет. Пабыл: «Көрүнгөн [материалдык] нерсе убактылуу, көрүнбөгөн [рухий] нерсе болсо түбөлүктүү»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 4:18). Чынында эле, баюуга аракеттенип айрым каалоолорду убактылуу канааттандырууга болот, бирок ачкөз адамдын эч кандай келечеги жок. Рухий баалуулуктар болсо түбөлүктүү (Накыл сөздөр 11:4; 1 Корунттуктарга 6:9, 10).

Ыйык Китеп биздин күндөрдө кеңири таралган дүнүйөкорлукту айыптап, көзүбүздү жөнөкөй сактоо менен өзүмчүлдүк каалоолорубузду ооздуктаганга үйрөтөт. Ошондой эле ал маанилүүрөөк нерсеге, рухий байлыкка, көңүл коюуга жардам берет (Филипиликтерге 1:10). Ыйык Китепте ачкөздүк бурканга табынуучулук же өзүнө өзү сыйынуучулук деп аталат. Кудай Сөзүндөгү билимдерди колдонуунун аркасында бактылуураак болобуз да, алганга эмес, бергенге үйрөнөбүз. Бул баюуга болгон каалоолорубуздан баш тартып, рухий баалуулуктарга көңүл коюуга күчтүү түрткү берет.

Байлык адамды кандайдыр бир деңгээлде коргой аларын айтпай кетүүгө болбойт (Насаатчы 7:12). Бирок Ыйык Китепте байлык тууралуу: «Ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 23:5). Адамдар байлык үчүн денсоолугунан, үй-бүлөлүк мамилелеринен, ал эмес, абийиринен да кечип, кайгылуу натыйжаларга кабылышат. Ал эми рухийликке умтулуу болсо жашообузду маңыздуу кылып, негизги муктаждыктарыбызды — мээримдүү Кудайыбыз Жахабаны сүйүү жана ага кызмат кылуу муктаждыктарыбызды — канааттандырат. Ошондой эле ал бизди жеткилеңдикке жана жер үстүндөгү бейишке багыттайт. Кудай бизге дал ушундай келечекти убадалайт.

Адамдардын гүлдөгөн заман тууралуу ой-тилеги жакында Кудайдын жаңы дүйнөсүндө толугу менен ишке ашат (Забур 144:16). Ал учурда бүт «жер Кудайдын билимине толот» (Ышайа 11:9). Рухий баалуулуктар адамдардын жашоосунда эң негизги орунду ээлеп, дүнүйөкорлук жана анын зыяндуу таасири түп-тамыры менен жок кылынат (2 Петир 3:13). Жеткилең денсоолук, кызыктуу жумуш, эс алуунун пайдалуу түрлөрү, үй-бүлөдөгү жылуу мамилелер жана Кудай менен болгон бекем достук жашоону чынында эле эң сонун кылат. Аз убактан кийин ушунун бардыгы адамдарга түбөлүккө чыныгы бакыт алып келет.

[6-беттеги кутуча]

Акчаны акылмандык менен пайдалан!

Муктаждыктарыңды аныктап ал. Ыйса бизди: «Күндөлүк жашообузга керектүү ырыскыбызды күн сайын бере көр»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Лука 11:3). Бүгүн каалап жаткан нерселериң эртең муктаждыкка айланып кетишине жол бербе. Жашооң колуңдагы мүлктөн көзкаранды эмес экенин унутпа (Лука 12:16—21).

Бюджет түзүп ал. Туш келди нерселерди сатып ала берүүдөн кач. Ыйык Китепте: «Аракетчил кишинин ойлору берекеге умтулат, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Ыйса угуучуларына кайсы бир ишти баштаардын алдында чыгымдарды эсептеп алууну кеңеш кылган (Лука 14:28—30).

Кереги жок карыз алуудан кач. Эгер мүмкүн болсо, бир нерсени кредитке эмес, акча топтоп сатып ал. Бул тууралуу Накыл сөздөрдө: «Карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 22:7). Өзүңдү башкара билип, бюджетиңе кармансаң, чоң нерсе сатып алууга да акча топтой аласың.

Ашык чыгымдардан кач. Колуңда бар буюмдарды жакшы урунуп, көпкө сактаганга аракеттен. Ошондо ашыкча чыгымдар азаят. Ыйса колунда бар нерселерди үнөмдөй билген (Жакан 6:10—13).

Эмнени биринчи орунга коюу керектигин аныктай бил. Акылман адам убакытты маанилүүрөөк нерселерге «пайдаланат» (Эфестиктерге 5:15, 16).

[7-беттеги кутуча]

Жеке тажрыйба эң мыкты окутуучубу?

Жеке тажрыйбабыздан, мейли, ал жакшы болсун же жаман болсун, көп нерсеге үйрөнө алабыз. Айрымдар: «Тажрыйба — эң мыкты окутуучу»,— деп айтышат. Чынында эле ошондойбу? Жок, жетекчиликтин андан мыкты булагы бар. Забурчу муну: «Сенин сөзүң — менин бутума шам, жолума түшкөн жарык»,— деп тиленгенде ырастаган (Забур 118:105).

Жеке тажрыйбадан үйрөнгөнгө караганда Кудай Сөзүнөн билим алуу эмнеси менен артык? Тажрыйбадан эле үйрөнүү улам ката кетирүү дегенди билдирет, андыктан анын залакасы олуттуу болуп, бизди азапка салышы ыктымал. Андан сырткары, тажрыйбадан үйрөнүүнүн зарылдыгы деле жок. Кудай байыркы ысрайыл элине: «О, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» — деген (Ышайа 48:18).

Кудай Сөзү эмне үчүн эң мыкты жетекчилик береринин себеби анда адамзаттын тажрыйбасы тууралуу эң байыркы жана абдан так маалыматтар камтылгандыгында. Башкалардын каталарын кайталап, өзүн азапка салгандан көрө, алардын башынан өткөн жакшы же жаман окуялардан үйрөнгөн артык экенине ар бир адам кошулаттыр (1 Корунттуктарга 10:6—11). Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудай бекиткен мыкты мыйзамдар жана принциптер бар. «Кудайдын мыйзамы жеткилең... Теңирдин аяны туура, ал жөнөкөйлөрдү» же тажрыйбасыздарды акылдуу кылат (Забур 18:8). Ооба, мээримдүү Жаратканыбыздын акылмандуулугунан үйрөнүүдөн өтөр нерсе жок.

[4-беттеги сүрөт]

Дүйнө материалисттик жашоо өткөрүүгө үндөйт.

[5-беттеги сүрөт]

Алтын менен күмүштөн да баалуу кенч Ыйык Китепте камтылган.