Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Топук кылбагандык

Топук кылбагандык

Топук кылбагандык

«Каалаган нерселерибиз абдан көп болсо, анда жетиштүү деген эмне экенин билбейбиз» («Уорлдуотч» институтунун отчётунан).

«БИЗ эмнени каалайбыз? Баарын. Аларга качан ээ болгубуз келет? Азыр». Бул 1960-жылдардагы жогорку окуу жайлардын айрым студенттеринин эң жакшы көргөн урааны болгон. Бүгүн ал анчалык көп айтылбаса да, адамдардын көпчүлүгү жашоосун ага ылайык өткөрүшүүдө. Колдогу нерсеге топук кылбоо биздин күндөргө мүнөздүү өзгөчөлүккө айланып калды окшойт.

Көптөрдүн жашоосу байлык топтоого багытталган. Бир жолу АКШнын мурунку президенти Жимми Картер: «Азыр адамдын кадыр-баркы сиңирген эмгеги менен эмес, байлыгы менен аныкталып калды»,— деп айткан. Бирок байлыктан да баалуу нерсе барбы? Эгер бар болсо, ал эмне жана бизге кандай пайда алып келет?