Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы коопсуздукта жашай турган күн келеби?

Чыныгы коопсуздукта жашай турган күн келеби?

Чыныгы коопсуздукта жашай турган күн келеби?

МЭЭРИМДҮҮ ата-энеси менен ойноп жаткан балдарды көргөндө ким кубанбай коёт? Камкор эне-атасынын жанында алар өздөрүн толук коопсуз сезишет. Тилекке каршы, мындай бактылуу учурлар көптөгөн балдардын көзүнөн учат. Алардын айрымдары күн сайын түнөк издөө менен алек болушат. Андай үй-жайсыз балдар менен өздөрүн коопсуз сезбеген башка адамдар үчүн кандайдыр бир үмүт барбы?

Келечекте эч жакшылык болбочудай көрүнсө да, Кудай Сөзү үмүт үзбөөгө негиз берет. Ышайа пайгамбар ар бир адам өзүн коопсуз сезип жашай турган мезгил келерин айткан. Ал: «Жаңы үйлөр куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн, үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн, жүзүмзар отургузушпайт»,— деп жазган (Ышайа 65:21, 22).

Бирок бул үмүттүн ишке ашарына ишенүүгө болобу? Анткени «үмүт» деген сөз дайыма эле бир нерсенин шексиз аткарыларын туюнта бербейт эмеспи. Мисалы, бразилиялыктардын: «Үмүт акыркы болуп өлөт»,— деген сөзү бар. Бул көптөгөн адамдар негиз жок болсо деле үмүттөнүп жашай беришет дегенди билдирет. Бирок тирүү Кудай берген үмүт андан таптакыр айырмаланат. Элчи Пабыл: «Ага [Кудайга] ишенген адам уятка калбайт»,— деп жазган (Римдиктерге 10:11). Ыйык Китептеги аткарылган пайгамбарлыктар Жахаба Кудайдын келечек тууралуу берген убадаларынын да аткарыларына ишенүүгө негиз берет. Ал убадалар аткарылганда, балдар көчөдө жашаган мезгил өткөндүн ишине айланат.

Ыйык Китептеги кеңештер атүгүл бүгүн да жакшылыктан үмүтүн үзүп койгондорго жашоолорун жакшыртууга жана чыныгы коопсуздукту табууга жардам берүүдө. Кандайча? Силердин аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрү бул суроого кубаныч менен жооп беришет.